Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 354
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Курал жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасында куралдарды жүгүртүүнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы жана 1-пункту "аскерлештирилген уюмдарында" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын кызматтарында" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун эрежесинде:
Эреженин аталышы "аскерлештирилген уюмдарда" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын кызматтарда" деген сөздөр менен толукталсын;
аталган Эреженин 3, 4, 10, 11, 14, 15 жана 27-пункттарынан тышкары, бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аскерлештирилген уюмдар" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "жана атайын кызматтар" деген сөздөр менен толукталсын;
1-пунктунун экинчи абзацы:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын аскердик бөлүктөрүндө жана уюмдарында" деген сөздөрдөн кийин
", атайын байланыш кызматтарында" деген сөздөр менен толукталсын;
"мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын кызматтар" деген сөздөр менен толукталсын;
5, 12-пункттарындагы "тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын нормативдик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16-пунктунун экинчи абзацындагы, 20, 24, 25-пункттарындагы "мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын нормативдик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"18. "Жоголгон курал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан маалымкат алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жана атайын кызматтардын эсебинен чыгарылат.";
27-пунктунун үчүнчү абзацындагы "аскерлештирилген уюмдардын" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын кызматтардын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |