Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-августу № 448
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, тышкы соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономиканын экспортко арналган негизги багыттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартиби төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баштапкы документтик контролдоо, жүк ташуучу транспорттук каражаттардын эсебин алуу жана мамлекеттик чек аранын периметри боюнча өткөрүү пункттарында салмак-габариттик контролдоо жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак-габариттик контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2-2 пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-2. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Бажылык тариздөөнүн жана контролдоонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутуму колдонулган өткөрмө пункттарда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча, баштапкы контролдоонун жыйынтыктары боюнча маалыматтык кабарлоону колдонуу аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга андан ары маалымат берүү менен транспорттук, санитардык-карантиндик жана фитосанитардык контролдоонун түрлөрү жүргүзүлөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
6-пунктта:
"а" пунктчасы төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарында салмак - габариттик контролдоону жүргүзөт;";
"г" пунктчасы төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- бажы органдарынын кадрдык ресурстарынын керектөө болжолун ишке ашырат;";
7-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
бажы айланасындагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрлерге киргизүүгө жана алардан чыгарууга; квалификациялык күбөлүктү берүүгө, колдонууну токтотууга жана чакыртып алууга;";
9-пунктта:
"а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"борбордук аппараттын жана бажы органдарынын түзүмүн, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын дайындалышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;";
"в" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
- "борбордук аппараттын, бажы органдарынын штаттык ырааттамасын жана алар жөнүндө жоболорду;";
10-пункттун биринчи абзацындагы "экономикалык жөнгө салуу" деген сөздөр "экономика" деген сөзгө алмаштырылсын".
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик органдар ортосунда иш-милдеттерди бөлүштүрүү маселелерин чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары бөлүмүнө ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 448 токтомуна тиркеме |
┌──┬─────────────────────────┬──────────────┬───────────┬─────────────┐
│1 │Алматы - Ташкент - Термез│Чүй облусу, │Бишкек - │"Ак-Жол"(**) │
│ │Чымкент, Самарканд │Аламүдүн │Алматы │ │
│ │аркылуу (Казакстан │району │автожолунун│ │
│ │Республикасы менен │ │18-чакырымы│ │
│ │мамлекеттик чек ара - │ │ │ │
│ │Кара-Балта - Чалдыбар) │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│2 │Алматы - Ташкент - Термез│Чүй облусу, │Бишкек - │"Чалдыбар" │
│ │Чымкент, Самарканд │Панфилов │Ташкент │(**) │
│ │аркылуу (Казакстан │району │автожолунун│ │
│ │Республикасы менен │ │98-чакырымы│ │
│ │мамлекеттик чек ара- │ │ │ │
│ │Кара-Балта - Чалдыбар) │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│3 │Түп-Кеген (Казакстан │Ысык-Көл │Каркыра │"Каркыра"(**)│
│ │Республикасы менен │облусу, Түп │жери │ │
│ │мамлекеттик чек ара) │району │ │ │
│ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│4 │Бишкек - Балыкчы - Нарын │Нарын облусу │ │"Торугарт"(*)│
│ │- Торугарт (Кытай Эл │ │ │ │
│ │Республикасы менен │ │ │ │
│ │мамлекеттик чек ара) │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│5 │Ош - Ташкент Кокон, │Ош облусу, │Ош - Анжиян│"Достук"(**) │
│ │Анжиян аркылуу │Кара-Суу │автожолунун│ │
│ │ │району │5-чакырымы,│ │
│ │ │ │Достук │ │
│ │ │ │айылы │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│6 │Кант - Кара суу │Ысык-Ата │Кант-Чүй │"Ак-Тилек"(*)│
│ │(Казакстан Республикасы │району, Чүй │көпүрөсү │ │
│ │менен мамлекеттик чек │облусу │автожолунун│ │
│ │ара) │ │13-чакырымы│ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│7 │Кара-Балта - Ош - │Ош облусу, │Ош - │"Эркеч- │
│ │Сары-Таш - Эркеч-Там │Чоң-Алай │Сары-Таш - │Там"(*) │
│ │(Кытай Эл Республикасы │району │Эркеч-Там │ │
│ │менен мамлекеттик чек │ │автожолунун│ │
│ │ара) │ │257-чакыры-│ │
│ │ │ │мы │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│8 │Сары-Таш - Дароот-Коргон │Ош облусу, │Сары-Таш - │"Карамык"(**)│
│ │- Жекенди (Тажикстан │Чоң-Алай │Комсомол- │ │
│ │Республикасы менен │району │абад │ │
│ │мамлекеттик чек ара) │ │автожолунун│ │
│ │ │ │130-чакыры-│ │
│ │ │ │мы │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│9 │Кызыл-Бел айылынын түштүк│Баткен облусу,│ │"Кызыл- │
│ │чети (Тажикстан │Баткен району │ │Бел"(*) │
│ │Республикасы менен │ │ │ │
│ │мамлекеттик чек ара) │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│10│Чон-Капка айылы │Талас облусу, │ │"Чон-Капка" │
│ │(Казакстан Республикасы │Манас району │ │(*) │
│ │менен мамлекеттик │ │ │ │
│ │чек ара) │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│11│Раззаков атындагы айылдан│Баткен облусу,│ │"Кайрагач"(*)│
│ │0,5 км батышыраак │Лейлек району │ │ │
│ │(Тажикстан Республикасы │ │ │ │
│ │менен мамлекеттик │ │ │ │
│ │чек ара) │ │ │ │
└──┴─────────────────────────┴──────────────┴───────────┴─────────────┘
Эскертүү:
(*) бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баштапкы транспорттук жана салмак-габариттик контролдоонун жыйынтыктары боюнча маалыматтык кабарлоону колдонуу аркылуу транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга андан ары маалымат берүү менен салмак-габариттик контролдоо жүргүзүлөт;
(**) бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таразалоочу жабдуунун орнотулушуна жараша салмак-габариттик контролдоо жүргүзүлөт;
а/ж - автомобиль жолу.