Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 569
Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды жана кыргыз республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун 2013-2017-жылдарга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суу-саз жерлер жөнүндө БУУнун Конвенциясына (Рамсар Конвенциясы) кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-апрелиндеги Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттар жана Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун 2013-2017-жылдарга карата иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жыл сайын 10-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине Иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Иш-аракеттер планынын ишке ашырылышын координацияласын жана мониторингдесин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 569 токтомуна 1-тиркеме |
Киришүү
Суулуу-саздак жерлер суу ресурстарын сактоочу жана камсыз кылуучу баа жеткис жаратылыштык булак болуп эсептелет. Алар адамдардын ден соолугун жана бардарлыгын камсыздоочу кеңири чөйрөдөгү кызматтарды аткарышат, ошондой эле айлана-чөйрөнүн жана табигый процесстердин функцияларын камсыздоодо маанилүү ролду аткарышат.
Суулуу-саздак жерлердин жок болуу коркунучу эл аралык коомчулукта аларды сактап калуу боюнча иш-чаралардын узак мөөнөттүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл экендигин түшүнүүгө мажбурлады. Ушундан улам 1971-жылы бир топ мамлекеттер Иран Ислам Республикасынын Рамсар шаарында Суулуу-саздак жерлер жөнүндө конвенцияны (мындан ары - Рамсар конвенциясы) кабыл алышкан, ал негизинен суу канаттууларынын жашоочу жери катары эл аралык мааниге ээ.
Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет жана эл аралык укуктун субъектиси ка1ары Рамсар конвенциясына Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 54 «Кыргыз Республикасынын негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суу-саз жерлер жөнүндө БУУнун Конвенциясына (Рамсар Конвенциясы) кошулуусу тууралуу» Мыйзамына ылайык кошулган,
Кыргыз Республикасы Рамсар Конвенциясынын 3-беренесинин талаптарына ылайык өзүнүн пландарын суулуу-саздак жерлерди коргоого жана аларды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзүлгүдөй иштеп чыгууга жана аткарууга тийиш. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органы кызыкдар тараптарды тартуу менен Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды (мындан ары - Артыкчылыктуу багыттар) иштеп чыккан, аны ишке ашыруу убактысы биологиялык түрлөрдүн өзгөрүү динамикасына, сууда жашоочу канаттуулардын санына жана Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлеринин абалына жараша орто (он жылдык) мөөнөттүү.
Артыкчылыктуу багыттар эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлерди сактоо жана суу канаттууларынын санын көбөйтүү жагынан Кыргыз Республикасынын стратегиясын, принциптерин жана негизги багыттарын аныктайт. Алардын негизинде Иш-аракеттердин планы - Кыргыз Республикасында суулуу-саздак жерлерди сактоо боюнча этаптуу иш-чаралардын комплекси жүзөгө ашырылат.
Артыкчылыктуу багыттардын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасындагы эл аралык мааниге ээ болгон суулуу-саздак жерлерди сактоо жана суу канаттууларынын санын көбөйтүү эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлери
Суулуу-саздак жерлер (мындан ары - ССЖ) кургакчылдыгы менен белгилүү болгон Борбордук Азия регионунда суу ресурсу катары маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз Республикасынын ССЖ дарыялардан, көлдөрдөн, саздардан жана жасалма көлмөлөрдөн турат. Алардын ичинен эн ирилери Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл, ошондой эле 100гө жакын майда көлдөр бар, алардын жалпы аянты 66750 чарчы километрден ашат. Республиканын көлдөрү негизинен деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын дарыялары негизинен тоодогу шар суулардан турат жана өрөөндөргө агып чыкканда гана өрөөндөгү жай аккан мүнөзгө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын аймагында 3 миңге жакын табигый агын суулар бар, алар Арал, Балхаш, Ысык-Көл көлдөрүнүн бассейндерине жана Чүй, Тарим дарыяларынын агып чыкпай жок болуучу бассейндерине таандык. Агын суулардын көпчүлүк бөлүгү дениз денгээлинен 3000 метрден ашык бийиктиктен башталган майда өзөн-суулар, алар бири бирине кошулуп Борбордук Азиянын ири дарыяларынын башатын түзөт. Алардын жалпы узундугу 150 миң километрге жакын, Кыргызстандын баардык дарыяларынын жылдык орточо агымы 48 км3га жакынды түзөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында суу сактагычтар курулган, алардын суулары негизинен сугатка пайдаланылат. Нарын дарыясында гидроэлектр станциялар курулган. Жасалма көлмөлөрдүн жалпы аянты 440 чарчы километрден ашат.
Кыргызстанда экологиялык жактан ССЖ менен байланышкан куштардын 126 түрү кездешет; алардын ичинен 66 түрү уялашат жана 59 түрү сезондук миграция учурунда кездешет. ССЖ менен байланышкан куштардын 50гө жакын түрү кыштоолордо жолугат. Суу жээктеринин боюндагы камыштарда жана бадалдарда куштардын дагы 11 түрү уялайт, сайлардагы токойлордо куштардын 24 түрү уя салат. Куштардын 100гө жакын түрүнүн уя салышы Кыргызстандын ССЖсы менен байланышкан.
Кыргызстандын ССЖсында сүт эмүүчүлөрдүн 4 түрү: суу чычкан, кундуз, америка норкасы жана ондатра жашайт. Кийинки эки түрү XX кылымда климатташтырылган. Ошондой эле сууда-кургакта жашаган 4 түр жолугат, алар: жашыл бака, Певцов бакасы, көл бакасы жана Борбордук Азия бакасы.
Кыргызстандын көлмө-сууларында абориген балыктарынын 68 түрү бар, алардын ичинен 12 түрү эндемиктер жана балыктардын 7 түрү климатташтырылган.
Саздар. Борбордук Тянь-Шанда саздар көбүнчө бийик тоолордо жайгашкан. Мындай көрүнүштүн себеби бийик тоолордо түздүктүү сырт мейкиндиктер бар экендигинде, ал жерлерде суулар жай агат да, өйдө көтөрүлгөн кыртыш астындагы суулар токтоп калып саздын пайда болушуна алып келет. Мындан тышкары, Борбордук Тянь-Шандын бийик тоолорунда муз доорунда эбегейсиз зор муздар пайда болуп, алар да саздын пайда болушуна түрткү болгон.
Сазга айланган участоктор Чүй, Суусамыр дарыяларынын жана өрөөндүү аймактарда аккан айрым башка дарыялардын сайларында да бар, бирок бул участоктордун аянты көп эмес.
Кыйла чоң саздар Ысык-Көл кылаасынын түштүк жагында, Ала-Башы өрөөнүндө, ал жерде сазга айланган участоктордун аянты 15-16 чарчы километрге чейин жетет.
Сазга айланган жерлердин чоң участоктору Кара-Саз суусунун Нарын дарыясына куйган бассейнинде, анын аянты 10 чарчы километрге жакын.
Көлдөр. Ысык-Көл - Кыргызстандын эн чоң көлү, ал Ысык-Көл ойдуңунда, деңиз деңгээлинен 1608 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан, кендик багытта 275 километрге созулат, түндүгүнөн Күңгөй Ала-Too жана түштүгүнөн Тескей Ала-Too тоо кыркалары менен чектелет, бул тоолор чыгыштан барып биригет; көлдүн туурасы - 60 километрге чейин, тереңдиги 700 метрге чейин. Түштүк жагынын көп бөлүгү терең, ал эми чыгыш, батыш бөлүктөрүндө жана түндүк жээгинде кеңири тайыз жерлери бар.
Ысык-Көл акваториясы 6206 чарчы километр болгон, агып чыкпаган көл. Суу топтоо бассейнинин аянты 15500 чарчы километр. Көлгө 80ге жакын суу агып келет. Орточо жылдык температура январда - 6°С, июлда + 17°С. Көлдүн чыгыш бөлүгүндөгү кууш булуңдарда гана муз тоңот жана батыш жээктин тайыз жерлери кыш катуу болгондо гана тоңот.
Ысык-Көл кылаасынын батыш бөлүгүндө чел зона бар. Ысык-Көлдүн жээкке жакын зоналарына кыртыш алдындагы суулардын чыгышы мүнөздүү, алар түштүк жээктин орто бөлүгүнөн башка дээрлик бүткүл жээк боюнча саз участокторду жаратат. Чөлдүү участоктордо караган, чиңгил, чекенди, селитрянка өсөт.
Көлдүн айланасында бир нече ондогон метрден тартып бир нече жүздөгөн метрге чейин тилкеде чычырканак, бөрү карагат, ит мурун, табылгы, жылгын, шилби, ар кандай мажүрүм талдар жана камыш өсөт, ошондой эле агайын отургузулган теректин, кара жыгачтын, кайындын, ольханын аянттары бар.
Ысык-Көлдө жана суу боюндагы караган-черде куштардын 100гө жакын түрү уялайт, алардын ичинен 42си - суулуу-саздак комплекске кирет. Сууда жашоочу 50-80 миң куштун ичинен 33 түрү кыштоолордо жолугат, дагы 56 түрү келгин куштар.
Мындан тышкары, көлдө балыктын 31 түрү жана түрдүн ичиндеги ар кандай түрлөрү, жогорку өсүмдүктөрдүн 50дөн ашык түрү, омурткасыз жаныбарлардын 510 түрү жашайт.
Ысык-Көл 1976-жылдан тартып Эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлердин тизмесине, негизинен сууда сүзүүчү куштардын жашаган жери катары киргизилген (мындан ары - Рамсар тизмеси).
Буга байланыштуу Ысык-Көлдө суунун жана акваториянын 12 участогу Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактары (мындан ары - ӨКЖА) болуп саналат жана Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун карамагында турат.
Соң-Көл - тузсуз кол, деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте, Соң-Көл ойдуңунда жайгашкан жана бийиктиги 4000 метрге чейинки кыркалар менен курчалган. Көлдүн жээктери корук жеринде жантык жана тоо этектеринен 3-6 км аралыкта. Көлдүн аянты 288 чарчы км, узундугу - 29,9 км, туурасы - 16,4 км, эң терең жери 22 м.
Көлдүн январдагы орточо температурасы - 20°С, июлда 11°С. Жылдын 180-200 күнүндө кар жатат. Жайында да кар жаап коюшу мүмкүн, мөндүр же шыбыргактаган кар адаттагы көрүнүш болсо да, суук болбогон күндөр 50-60. Көл октябрдын ортосунда тоңот, жээктери апрелдин ортосунда же аягында эрий баштайт. Муз майдын аягында, ал эми суук жылдарда июндун ортосунда толук эрип бүтөт.
Соң-Көл агып чыгуучу кол, Сыр-Дарыянын бассейнине кирет. Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун корук участогу колдун чыгыш жагында. Бул жерде сазга айланган участоктор - «саздар» көп, ал эми тайыз жерлерде өлөң чөптөр өскөн. Бийик участкаларда тоо шалбаалары өсөт. Бак-бадал өсүмдүктөрү жок.
Соң-Көл - Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, республикадагы тоо казы уялаган көлдөрдүн бири.
XX кылымдын 90-жылдарынан тартып Соң-Көлдө тоо казынын саны азая баштаган. Эгер 1996-жылдын июлунда көлдө 133 каз кездешип, алардын ичинен 41и балапан (11и жөжө) болсо, 2007-жылга карата көлдө тоо казынын 10 гана уясы жолуккан. Соңку 5 жылдын ичинде колдо тоо казы дээрлик жолукпайт.
Too казынын саны мынчалык тез азайышынын себеби көлдүн айланасында мал жаюуга, алар толдой баштаган мезгилде (апрелдин аягы - май) тийиштүү коруктун жана контролдун жоктугуна байланышкан күчтүү антропогендик таасирде турат; ошондой эле бул жерде балыкты мыйзамсыз кармоо күчөгөн. Иштин абалы балык уулаган көп сандаган бригадалар көлдө жыл бою жүргөндүгү менен да татаалданды.
1969-жылга чейин Соң-Көлдө балык болгон эмес, кийин бул жерде балыктын бир нече түрүн байыр алдыруу аракеттери жасалган. Көлдүн түбүндө урути, кырлуу рдест, харадан турган суу астындагы шалбаалар жана башка балырлар өсөт.
Каздардын балапандары жана чоң каздар июнь-августта көлдүн корук аймак болуп саналбаган батыш бөлүгүнө көчөт. Түлөгөн мезгилде чоң каздар эки апта бою уча албай калышат. Бул мезгилде алар казды кайык менен кармаган браконьерлердин оңой олжосуна айланат. Каздар ошондой эле балыкчылардын көп сандаган торлоруна түшүп өлөт. Көлдө тоо казынын жоголушунун негизги себеби браконьерликте, ошол эле учурда алда канча сак жана көбүрөөк жашынып жашаган боз каздардын саны өзгөргөн жок.
Мындан тышкары, Соң-Көлдө сууда сүзүүчү куштардын 28 түрү уялайт жана миграция учурунда 60ка жакын түрү жолугат. Алардын ичинен сейрек жана жок болуп кетүү чегинде турган жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген куштар: кара илегилек, ак куу, кооз турна.
Соң-Көл куштар үчүн түлөгөн учурунда, төлдөгөндөн кийин жер которууда жана миграция учурунда өргүүсү жана эс алуусу үчүн маанилүү пункт, ошондой эле алардын сакталышы үчүн чоң мааниге ээ.
Ушуга байланыштуу Соң-Көл 2011-жылы дүйнөлүк Рамсар тизмесине киргизилген жана эл аралык мааниге ээ.
Чатыр-Көл Ак-Сай өрөөнүнүн батыш жагында, 3530 м абсолюттук бийиктикте жайгашкан. Акваториянын аянты 170 чарчы км, колдун узундугу 23 км, туурасы - 11 км, тереңдиги 19 метрге чейин.
Чөлкөмдүн климаты кескин континенталдык, эн жылуу айлар июль менен август, бул учурда аба 15-18°С чейин жылыйт, бирок түнкүсүн үшүк жүрөт. Кышкысын температура - 40°С чейин жана андан да төмөн түшөт. Жайында да кар, мөндүр жана шыбыргак түрүндө жаан-чачын болот. Октябрдын ортосунда көлдү муз каптайт, жээкке жакын тайыз жерлер апрелдин аягында жана майдын башында эрий баштайт. Көлдөгү муз июндун экинчи жарымында гана толук эрийт.
Өсүмдүкгөр өтө аз, жээкке жакын тилкенин көп бөлүгүн саздуу участоктор жана шорлуу чөл-талаа ассоциациялары ээлейт. Тайыз участокторунда суу үстүндө өсүмдүктөр жок, бирок урут, рдест жана харадан турган суу астындагы өсүмдүктөргө бай.
Чатыр-Көлдө балык жок, ага куйган сууларда гана осман кездешет. Көлдө сууда сүзүүчү куштардын 9 түрү жыл сайын уялайт.
Көл аңырдын азиялык популяциясынын жашоосунда зор роль ойнойт; бул жерде 15000ден ашык аңыр түлөө жана эс алуу үчүн топтолот. Жайында, түлөө жана уялагандан кийинки миграция мезгилинде бул жерде 20 миңге чейинки огарь топтолот. Күзгү миграция учурунда 50гө жакын түр кездешет.
Бул мезгилде көл өзөн сууларда жашачу Anas (15000гө жакын баш) өрдөктөрүнүн жана кашкалдактын жашоосунда олуттуу роль ойнойт. Aythya түрүндөгү өрдөктөр алда канча аз байкалган.
Августтун экинчи жарымында сууда сүзүүчү куштардын көпчүлүгүнүн миграциясы жаңыдан гана башталат жана алардын миграциясы күчөгөн мезгилде - сентябрь жана октябрда куштардын Азия континентинин түштүгүнө бараткан жолундагы миграция мезгилинде орто жолдогу стация катары көлдүн ролу талашсыз.
Чатыр-Көл тоо казынын жашоого байымдуу популяциясы сакталган республикадагы жападан жалгыз жер. Too каздарынын уя салган популяциясы 70-75 түгөйдү түзөт жана канааттанарлык абалда турат.
Чатыр-Көл 2005-жылы Рамсар тизмесине киргизилген. Ысык-Көл жана Соң-Көл менен катар эл аралык мааниге ээ.
Чатыр-Көлдүн акваториясы жана көлдүн өзү Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун корук участкасы болуп саналат.
Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл көлдөрүнөн тышкары, Кыргыз Республикасында салыштырмалуу ири болгон дагы бир нече көл бар: Сары-Челек - аянты 486 га, Кара-Суу - 417 га, Көл-Үкөк - 120 га, ошондой эле негизинен бийик тоолордо жайгашкан дагы жүздөгөн майда көлдөр бар.
Дарыялар. Кыргыз Республикасынын аймагында 3 миңге жакын табигый агын суулар бар. Агын суулардын көпчүлүк бөлүгү майда суулар жана өзөндөр, алар деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте башталышат, бири-бирине кошулуп олтуруп Борбордук Азиянын ири дарыяларына башат берет. Алардын жалпы узундугу 150 миң километрге жакын, Кыргызстандын бардык сууларынын жылдык орточо агымы 48 км3ди түзөт.
Ички муктаждыктарга (негизинен сугат үчүн) агын суунун 20% га жакыны пайдаланылат, ал эми калган бөлүгү Өзбекстанда жана Казакстанда керектелет. Алда канча ири дарыя - Нарын дарыясы (узундугу 535 км), куймалары Ат-Башы, Суусамыр, Кара-Дарыя. Республиканын түштүк чыгышында Ак-Сай жана Сары-Жаз дарыялары Тарим дарыясынын бассейнинин бир бөлүгүн түзүшөт жана алардын суулары Батыш Кытайга агын барат.
Көпчүлүк ири дарыялар бөксө тоолордогу жана андан төмөнкү агымдарында сазга айланган участкаларды жана сайлардагы токойлорду - тугайларды пайда кылышат. Бул Чүй, Талас, Ат-Башы, Нарын, Суусамыр, Чаткал, Кызыл-Суу дарыяларына жана башка алда канча майда сууларга мүнөздүү.
Жасалма көлмөлөр. Сугат жана гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн республикада жасалма көлмөлөрдүн бүтүндөй тармагы түзүлгөн, алардын жалпы аянты 440 чарчы километрди түзөт.
Суу сактагычтар трансчегаралык, эл аралык мүнөздө жана Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн пайдаланылат.
Алардын эн ириси Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясында, Анжиян суу сактагычы Кара-Дарыя суусунда, Киров суу сактагычы Талас дарыясында жана Орто-Токой суу сактагычы Чүй дарыясында. Эреже катары, күздөн тартып жай башталганга чейин бул жерлерде суу топтолот, ал эми жай мезгилинде суу сактагычтардын деңгээли төмөндөйт.
Суу сактагычтар көптөгөн суу канаттууларынын миграциясынын жана кыштоосунун мезгилинде алардын эс алуучу жана тамактануучу жери болот. Суу сактагычтарда суу канаттууларынын популяциясынын санына мониторинг иш жүзүндө жүргүзүлбөйт.
Кыргызстандын аймагында куштарды илимий изилдөөнү биринчи жолу Н.А.Северцов 1867-жылы баштаган. Кийин куштарды коллекциялык чогултууну Н.М.Пржевальский, Г.Алмаши, Б.П.Кореев, 20-кылымдын башында Г.Мерцбахер, В.В.Сапожников, В.И.Шитников, В.В.Чернавин жүргүзгөн. Бул жылдары зор фауналык материал топтолгон.
1925-жылы Д.Н.Кашкаров Сары-Челек көлүнө барган, ал эми 1934-жылы Борбордук Тянь-Шанга экспедиция жасаган. 1927-жылдан тартып Д.П.Дементьев республиканын бүткүл аймагы боюнча туруктуу изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган.
XX кылымдын кыркынчы жылдарынын ортосунда Ысык-Көлдө Ф.Ф.Пятков изилдөөлөрдү жүргүзүп, ал ушул көлдө куштардын кыштоосун биринчи жолу изилдеген. Ошол эле учурда негизги көңүл куштардын таралышына жана систематикасына бурулган.
Куштардын биологиясы жана экологиясы боюнча план ченемдүү изилдөөлөр XX кылымдын 50-жылдарында А.И.Янушевичтин жетекчилиги астында башталган. Куштарды изилдөөнүн ушул мезгилинин жыйынтыгында анын жетекчилиги астында «Птицы Киргизии» деген үч томдуу монография 1959-1960-жылдары чыгарылган.
1971-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-топурак таануу институту (мындан ары - УИА БТИ) куштардын миграциясы боюнча иштей баштады. Натыйжада XX кылымдын 80-жылдарынын ортосуна чейин куштардын миграциясы боюнча фактылуу чобн материал топтолду; албетте, бул изилдөөлөр суу канаттууларын да камтыды.
Байкоо жүргүзүүнүн жана шакек тагуунун натыйжасында суу канаттууларынын миграциясынын мөөнөтү менен жыштыгы жана географиялык байланыштары боюнча кыйла материал топтолгон. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бир катар макалаларда жана «Миграции птиц в Киргизии» монографиясында жарыяланды.
XX кылымдын 60-жылдарынын ортосунан тартып А.К.Кыдыралиев суу канаттууларын план ченемдүү изилдеп баштады, ал негизинен Түндүк Кыргызстанда Ысык-Көл, Чатыр-Көл жана Соң-Көл көлдөрү боюнча изилдөөлөрдү жүргүздү. Бул изилдөөлөрдүн натыйжасы А.К.Кыдыралиевдин «Кыргызстандын көлдөрүндөгү жана дарыяларындагы куштар» монографиясы болду, ал 1990-жылы жарыяланды. Бул эмгекте Кыргызстандын ССЖсы менен экологиялык жактан байланышкан куштардын 111 түрүнүн таралышы, уя салуу биологиясы, экологиясы жана миграциясы боюнча маалыматтар келтирилет.
XX кылымдын 90-жылдарынын башынан тартып каржылоонун жоктугунан улам көлмө-суулардагы куштарды туруктуу изилдөө иш жүзүндө токтоп калды.
Бүгүнкү күндө УИА БТИнин, академиялык жождордун жана башка айрым илимий мекемелер менен уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында суу канаттууларынын түрдүк курамын корук участоктордо гана аныктап жатышат.
Экосистемалардын деңгээлинде мониторинг Кыргызстандын ССЖсын сактоо жана туруктуу .пайдалануу үчүн өзгөчө кызыктуу жана маанилүү экосистемалар боюнча гана жүргүзүлүп жатат. Биринчи иретте булар - ири көлдөр, алар өлкөнүн аянтынын 4,32 %ын ээлейт.
Мониторинг жүргүзүү - бул коруу ишиндеги башкы милдеттердин бири. Республикада биологиялык түрлөрдүн, анын ичинде суу канаттууларынын абалынын системалуу түрдө жөнгө салынган мамлекеттик мониторинги жок. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органынын экологиялык мониторинг боюнча түзүмдүк бөлүмү кыртыштын, суунун жана атмосфералык абанын абалына гана мониторинг жүргүзөт, ал эми ССЖнын жана биологиялык түрлөрдүн абалына мониторинг боюнча иш-чаралар жүргүзүлбөйт.
Флоранын жана фаунанын айрым түрлөрүнүн популяцияларынын абалын мониторингдөөнүн жана тикелей индикаторлордун айрым ыкмалары иштелип чыккан. Алардын айрымдары жарыяланган: «Экологиялык индикаторлор» (Бишкек, 1997-ж.), Давлетбаков А.Т., Шүкүров Э.Д. «Сүт эмүүчүлөр жана куштар - Батыш Тянь-Шандын экосистемаларынын абалынын индикаторлору: Методикалык колдонмо» (ЦАТГП СБЗТШ, Бишкек, 2003), Ионов Р.Н., Лебедева Л.П. «Өсүмдүктөр - Батыш Тянь-Шандын экосистемаларынын абалынын индикаторлору: Методикалык колдонмо» (ЦАТГН СБЗТШ. Бишкек, 2003), Милько Д.А. «Байдамтал» заказнигинин фаунасын түгөлдөө. 2-бөлүк. Мониторинг үчүн индикаторлорду тандоого жана биотанын жалпы абалынын мүнөздөмөсүнө тезистер» // «Ысык-Көл» биосфералык аймагы», 3-чыгарылышы. GTZ, Бишкек. 2005) жана башкалар.
Кыргыз Республикасы Евразиянын чордонунда, Борбордук Азиянын ариддик жана экстраариддик түздүктөрүнүн ортосунда жайгашкан. Жаратылыш чөйрөсү чыгыш жарым шарда Сахарадан тартып Гобиге чейин созулган чөл зонасынын катаал таасирине дуушарланып турат. Жакынкы океанга чейинки аралык - 3 миң километрге жакын жана өлкөнүн климатынын жалпы кургакчылыгын жана континенталдуулугун шарттап турат. Бийиктиктин амплитудасы деңиз деңгээлинен 500 метрден 7134 метрге чейин.
Өлкөдөгү биологиялык түрлөрдүн мүнөзү аймактын кыйла бөлүгү бийик экенин чагылдырып турат жана бул жерде орточо жана бийик тоолуу түрлөр басымдуулук кылат.
Кыргыз Республикасында биологиялык ресурстардын - түрлөрдүн жана экосистемалардын бай түрлөрү топтолгон. Аймактын чакан экенине карабастан Кыргыз Республикасында түрлөр кыйла көп - Жер бетинин 0,13%да баардык белгилүү түрлөрдүн 1%га жакыны бар.
Флоранын жана фаунанын көпчүлүк түрлөрүнүн абалы кооптондурат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 токтому менен бекитилген (2009-жылдын 25-июлундагы № 471 токтомундагы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен) Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесине жок болуу коркунучунда турган канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 түрү, балыктын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү, ошондой эле жогорку өсүмдүктөр менен козу-карындардын 87 түрү киргизилген.
Жашоо чөйрөсү кескин өзгөргөндүктөн жана жаратылыштан өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды аёосуз алып туруунун кесепетинен 11 түр жок болуп кетти жана айрымдары жок болуу коркунучуна дуушарланды. Ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн фаунасы: 3 түрү жок болуп кетти, 15 түрү жок болуу коркунучунда турат; канаттуулардын фаунасы - 4 түрү жок болуп кетти, 26 түрү жок болуу коркунучунда турат; дары өсүмдүктөр, ошондой эле декорациялык жана техникалык мааниге ээ өсүмдүктөр, - 3 түрү дээрлик жок болуп кетти, 54 түрү жок болуу коркунучунда турат.
Кыргыз Республикасындагы табигый экосистемалардын 20 классынын ичинен 3өөн бир аз бузулган десе болот, 8и - орто бузулгандарга, 2өөн - орто жана катуу бузулгандарга, 7өө - катуу бузулгандарга кошсо болот. Өзгөчө тоо түбүндөгү өрөөндөрдө, орто тоолордогу ойдуңдарда жана деңиз деңгээлинен 1500 метрден 2000 метрге чейинки тоо этектеринде экосистемалар катуу бузулган. Бул жерлерде табигый экосистемалардын олуттуу бөлүгү антропогендик экосистемалар менен алмаштырылган (айдоо жерлер, калктуу конуштар, өнөр жайлык зоналар, коммуникациялар ж.б.). Жайыттык экосистемалар XX кылымдын экинчи бөлүгүндөгү ашыкча мал жаюунун кесепетинен ушул кезге чейин кайра калыбына келе элек.
Биологиялык түрлөрдүн, анын ичинде ССЖдын жана суу канаттууларынын абалы кыйла даражада Кыргыз Республикасынын тоо экосистемаларынын туруктуулугуна байланыштуу. Too экосистемалары топурак кыртышынын пайда болушунда, дарыялардын бассейндеринин суу чогулуучу бөлүгүндөгү агымдардын жөнгө салынышында, жер кыртышын эрозиядан коргоодо, жер бетинин тазаланып турушунда, ошондой эле миллиондогон сомго жеткен экономикалык чоң зыяндарга дуушарлантуучу, айрыкча республиканын түштүгүндө өсүмдүктөрдү катуу жабыркатып жаткам сел жана ташкындардын болтурулбашында олуттуу ролду ойнойт.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагындагы мамлекеттик саясаттын негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 599 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ; иш-чаралардын 2011-2015-жылдарга карата комплексинде камтылган.
Суулуу-саздак жерлерди жана суу канаттууларын сактоо жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Жер, Суу жана Токой кодекстери, Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамдары жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, токой жана аңчылык чарбаны өнүктүрүү жана өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлгөн.
Биологиялык түрлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин жана суу канаттууларын сактоо жагындагы абалды талдоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өнөктөштүк бошон экенин, алардын арасында жоопкерчилик так аныкталбаганын көрсөттү, бул экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алууда өз учурунда жана толук кандуу өз ара аракеттенүүгө тоскоолдук кылууда.
Буга байланыштуу Артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу глобалдык биологиялык түрлөрдү сактоонун контекстинде суулуу-саздак жерлерди жана суу канаттууларын сактоо маселелерин биргелешип иштеп жана комплекстүү чечүүгө багытталган.
ССЖ сактоодо Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактары чоң мааниге ээ экенин белгилей кетүү керек, алардын иши биологиялык түрлөрдү сактоого багытталган. Кыргыз Республикасында соңку жылдарда өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын аянты көбөйүп жаткан жакшы көрүнүш бар. Бирок аларды өнүктүрүү терең, коп тараптуу жана стратегиялык пландаштырууну талап кылат.
ССЖ жана суу канаттууларын сактоо көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүү үчүн кызыкдар ар түрдүү жактардын чөйрөсүнүн: мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, коомчулуктун, академиялык институттардын жана жождордун, ошондой эле жаратылышты пайдалануучулардын өздөрүнүн тыгыз өз ара байланышта иштешүүсү зарыл.
Жергиликтүү, региондук жана республикалык деңгээлдерде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагынан маалымдоо жана адамда экологиялык ой жүгүртүүнү калыптандыруу маселесине чоң роль бөлүнүүгө тийиш.
Сектордук жана сектор аралык өз ара байланышта иштешүү кызыкчылыктардын ар кандай топтору иштиктүү диалог жүргүзүшүн, алардын тогошкон тоомдорун аныктоону, өнөктөштүктөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн баардык тараптардын потенциалын баалоону талап кылат.
Жалпысынан ССЖ коргоо үчүн институттук камсыздоо иш жүзүндө жок. Бир дагы орган же кызмат адамы жергиликтүү же улуттук деңгээлде ССЖнын абалы үчүн конкреттүү жоопкерчилик тартпайт.
Суу сактагычтарды куруунун натыйжасында Чүй (Орто-Токой суу сактагычы) жана Нарын (Токтогул суу сактагычы) дарыяларынын бассейндериндеги тугай өсүмдүктөрүн суу басып калып, алар жок болду.
Сууну сугаттык максатта пайдалануу дарыялардын фауналарына терс таасирин тийгизип жатат, атап айтканда, Ысык-Көл ойдуңундагы, Чүй жана Талас өрөөндөрүндөгү дыйканчылык зоналардагы кичи дарыялар жай мезгилинде суусу дээрлик жок калат. Ири дарыялардын агымдарын жөнгө салып коюунун натыйжасында сайлар деградацияга учурап, саздар кургап, тугай өсүмдүктөр жок болуп баратат, катуу жамгырдан жана мөңгүлөрдүн бат эришинен улам дарыялардын нугу жырылып, жай мезгилинде эч нерсе менен тосулбаган ташкындар көп бүлгүндөргө дуушарлантууда.
Көлмө-сууларга балыктардын бөтөн түрлөрүн коё берүү балыктын жергиликтүү түрлөрүнүн жок болуу коркунучун жаратууда.
Мыйзамда суу бойлорундагы токойлорду жыгач алуу үчүн кыюуга тыюу салынганына карабай, бактардын жана бадалдардын мыйзамсыз кыйылышы жана малдын жайылышы аларды жок кылууда.
Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда суулар өндүрүштөн жана тиричиликтен чыккан саркындылар менен булганып жагат, алар сууларга эч бир тазалоосуз кетип жатат, же тазалоочу курулмалар тазалоонун ойдогудай сапатын камсыз кыла албайт.
Кыргыз Республикасынын дээрлик баардык суу бассейндери XX кылымдын экинчи жарымында уран кендерин иштетүүдөн пайда болгон радиоактивдүү калдыктарды сактагычтардан булгануу коркунучунда турушат.
Адам тарабынан куугунтуктоонун же кыйыр антропогендик таасирдин натыйжасында болгон ССЖнын деградациясынын кесепетинен сүт эмүүчүлөрдүн 2 түрү, канаттуулардын 20 түрү, сууда-кургакта жашаган жаныбарлардын 2 түрү жана балыктын 6 түрү жок болуп кетти же жок болуу коркунучунда турат. Көлмө-сууларда балыктар азайды, көпчүлүк ССЖ өзүнүн рекреациялык маанисин жоготушту.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында ССЖны жана суу канаттууларын коргоо боюнча атайын чаралар ишке ашырылбайт. Ысык-Көл (Ысык-Көлдүн акваториясынын 12 участогу) жана Каратал-Жапырык (Чатыр-Көл жана Соң-Көл участоктору) мамлекеттик жаратылыштык коруктар ССЖнын туруктуулугун сактоо үчүн жетиштүү аянтка ээ. Бирок, бул ӨКЖАлардын жабдылышы жана материалдык-техникалык базасы, кадрлык потенциалы жетик эмес.
Чарбакер субъекттер жана ишкердиктин субъекттери жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткарышы үчүн биологиялык түрлөрдүн, анын ичинде ССЖ жана суу канаттууларынын абалына мамлекеттик экологиялык контроль ишке ашырылууда.
2012-жылы жаратылыштык ресурстардын пайдаланылышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүлгөн.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында ССЖ жана суу канаттууларын коргоо боюнча чараларды натыйжалуу ишке ашырууга төмөнкүдөй факторлор тоскоолдук кылууда:
- биологиялык түрлөрдүн, анын ичинде ССЖ жана суу канаттууларынын абалын мамлекеттик мониторингдөө жана изилдөө тутумунун жоктугу;
- мыйзамдардын натыйжалуу аткарылбай жатышы. «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын базалык Мыйзамын ишке ашыруу мамлекеттик органдын функцияларынын бөлүндүлүгүнөн, жер-жерлерде жаратылышты коргоо инспекторлорунун жетишсиздигинен, алардын техникалык жабдылышы начардыгынан, материалдык кызыгуунун жоктугунан улам татаалданууда, бул браконьерлерге каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн натыйжасын азайтууда;
- трансчегаралык кызматташтыктын жоктугу; ушул мезгилге чейин региондордогу өлкөлөрдө бүткүл Борбордук Азия ареалы боюнча ССЖ сактоо маселесинде макулдашылган иш-аракет жана стратегия жок;
- жергиликтүү калкта маалыматтын жетишсиздиги; ушул кезге чейин жергиликтүү калктын көпчүлүгү, анын ичинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын ССЖ жана суу канаттуулары жөнүндө так маалыматка ээ эмес. Ошондуктан жергиликтүү калк коп учурда пассивдүү абалда;
- Кыргыз Республикасынын ССЖ жана суу канаттууларын сактоонун мыйзамдык жана институттук негиздеринин жетик эместиги.
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистери эл аралык эксперттердин жана консультанттардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын ССЖ, анын ичинде эл аралык мааниге ээ, экосистемаларды сактап турган ССЖ жүргүзүшкөн талдоонун жыйынтыгына таянуу менен Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталган:
- ССЖ абалын изилдөө жана мониторингдөө боюнча программаларды өнүктүрүү;
- ССЖ, анын ичинде эл аралык мааниге ээ болгон ССЖ сактоо боюнча мыйзамдык, институттук жана экономикалык базаны өркүндөтүү;
- ССЖ жана суу канаттууларын коргоо үчүн ӨКЖА тармагын кеңейтүү, алардын миграциясын жана учуп өтүүсүн камсыздоо үчүн экологиялык коридорлорду түзүү;
- бийик тоолуу экосистемаларды сактоо жана калыбына келтирүү;
- бийик тоолордогу жайыттарды пайдаланууну жөнгө салуу жана алардын ССЖга тийгизген терс таасирин азайтуу;
- эл аралык мааниге ээ ССЖ, анын ичинде суу канаттууларын сактоонун мааниси жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Бул Артыкчылыктуу багыттар төмөнкү негизги принциптерге негизделген:
- көрүлүүчү чаралардын таасир берүүчү объектиге болушунча ылайык келишинин зарылдыгы;
- жумшалган күч-каражаттардан максимум жана туруктуу натыйжа алуу үчүн иш-аракеттердин сарамжалдуу ырааттуулугу.
Бул принциптердин аткарылышы үчүн экосистемалык ыкма кыйла ылайыктуу. Кыргыз Республикасынын шартында ССЖ жана суу канаттуулар бийик тоолуу экосистемалардын бир бөлүгү болуп саналат, ал экосистемалар азыркы учурда ашыкча антропогендик таасирден улам орчундуу бузулган.
Кыргыз Республикасы биологиялык түрлөрдү сактоо тармагындагы трансчегаралык көйгөйлөрдү чечүү, Кыргыз Республикасы катышкан жаратылышты коргоочу конвенциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруу, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык жардамды тартуу максатында көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу үчүн чет өлкөлөр менен натыйжалуу иштешүүгө багытталган эл аралык кызматташтык маселесине өзгөчө көңүл бурат.
Жүргүзүлгөн иш-чаралар комплексинин жана илимий изилдөөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин жана суу канаттууларын мониторингдөөнүн туруктуу иштөөчү системасы иштелип чыккан жана анда:
- Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин жана суу канаттууларын сактоо боюнча негизги чаралар аныкталды;
- Ысык-Көл, Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыштык коруктарынын чек аралары такталды;
- суу канаттууларынын реалдуу тизмелери такталды;
- суулуу-саздак жерлерди жана суу канаттууларын сактоо жана аларга жөнгө салынбаган антропогендик таасирди азайтуу үчүн ченемдик укуктук актылар өркүндөтүлдү;
- жаратылыштык экосистемаларды, чөйрөнү пайда кылуучу функцияларды, экологиялык жактан балансташкан табигый-маданий комплекстерди жана ландшафттарды сактоо жана калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлдү.
Артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун негизги багыттары мамлекеттик органдардын, илимдин, окуу жайлардын, коомчулуктун жана бизнес-структуралардын өнөктөштүгүнө негизделген.
Артыкчылыктуу багыттардын жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык, Иш-аракеттердин планын этаптуу аткаруу менен ишке ашырылат: 2013-2017-жылдар - биринчи этап; 2017- 2020-жылдар - экинчи этап жана 2020-2023-жылдар - үчүнчү этап.
Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча иш-аракеттердин планы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органына тийиштүү жылга карата республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын жана эл аралык донор уюмдардын грант каражаттарынын эсебинен каржыланат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 569 токтомуна 2-тиркеме |
№ | Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Каражаттын жалпы суммасы, сом | Каржылоо булактары | Ишке ашыруунун формасы | Күтүлгөн натыйжа |
1 |
| 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1. Суулуу-саз жерлердин абалы к изилдөө жана мониторингдөө боюнча программаларды иштеп чыгуу | |||||||
1. | Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлеринин абалын (мындан ары - ССЖ) изилдөө | 2014-2015-жылдар | Токой агенттиги, Этностор агенттиги, МКК, УИА | 900000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен биргелешкен жумушчу топторду- түзүү | ССЖга мониторинг жүргүзүүнүн туруктуу иштөөчү системасы иштелип чыкты |
2. | Ысык-Көлдө, Соң-Көлдө жана Чатыр-Көлдө, ошондой эле башка көлмө-сууларда суу канаттууларынын санын изилдөө | 2014-2016-жылдар | Токой агенттиги, УИА | 750000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен биргелешкен мониторингдик топторду түзүү | Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу канаттууларынын саны жана аларды коргоонун чаралары аныкталды |
3. | Стационар участокторду түзүү менен суу канаттууларынын миграцияларын аныктоо, негизги миграция жолдорун жана коридорлорду тактоо | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА | 130000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен жумушчу топ түзүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу | Суу канаттууларынын миграция жолдорунун жана коридорлорунун схема-картасы бекитилди |
4. | Жергиликтүү калк арасында суу канаттуулары жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөлүк масштабда жоголуу коркунучундагылар боюнча маалыматтарды чогултуу, анкета жана сурамжылоо жүргүзүү | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА | 250000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен жумушчу топ түзүү, Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу | Коргоо боюнча чараларды көрүү үчүн суу канаттуулары уялоочу жана топтолуучу негизги жерлер аныкталды |
5. | Кыргыз Республикасынын суу канаттуулары боюнча маалыматтык база түзүү | 2017-жыл | Токой агенттиги, УИА | 25000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде | Токой агенттигинин буйругу менен жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республикасынын суу канаттууларынын саны боюнча статистикалык маалыматтар такталды |
6. | Кыргыз Республикасынын ССЖ жана суу канаттуулары жөнүндө кыска метраждуу фильм тартуу | 2014-2015- жылдар | Токой агенттиги, КТРК, УИА | 2000000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республикасынын ССЖ жана суу канаттуулары жөнүндө фильмди телекөрсөтүү аркылуу жана Рамсар конвенциясынын кезектеги конференциясында көрсөтүү |
7. | Кыргыз Республикасынын Жер, Суу жана Токой кодекстерине, «Айлана- чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамдарына «суулуу- саздак жерлер» түшүнүгүн киргизүү | 2014-2016-жылдар | Токой агенттиги, Этностор агенттиги, Геология агенттиги, МКК, УИА | 100000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООНдун каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен жумушчу топ түзүү, консультанттарды тартуу, долбоорду ишке ашыруу | «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жана тийиштүү долбоор иштелип чыкты |
Баардыгы: |
|
| 4155000 |
|
|
| |
2. Суулуу-саздак жерлерди сактоонун мыйзамдык, институттук жана экономикалык базасын өркүндөтүү | |||||||
1. | Ысык-Көл жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коруктарынын чек араларын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү | 2013-2014-жылдар | Токой агенттиги, МКК, Этностор агенттиги, УИА | 450000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООНдун, эл аралык донор уюмдардын каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен жумушчу топ түзүү | «Ысык-Көл жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коруктарынын чек араларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты |
2. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин арасында суу канаттууларына мониторинг жүргүзүү боюнча окутуучу тренингдерди өткөрүү | 2014-2015-жылдар | Токой агенттиги, УИА | 650000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган . каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын каражаттары | Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында окутуучу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү | Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын кызматкерлеринин кадрдык потенциалы күчтөндүрүлдү |
3. | Экологиялык коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн тренингдерди жана тегерек үстөлдөрдү өткөрүү | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, Этностор агенттиги | 212850 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын каражаттары | Токой агенттигинин буйругу менен жумушчу топ түзүү | Экологиялык коммерциялык эмес уюмдардын, жергиликтүү элдин, жергиликтүү өз алдынча Башкаруу органдарынын ССЖ жана суу канаттууларын коргоо боюнча маалымдуулугун күчөтүү |
4. | Эл аралык уюмдар, программалар жана долбоорлор менен биргелешкен иш- чараларды өткөрүү | 2013-2017-жылдар | Токой агенттиги, ТИМ | - | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде | Токой агенттигинин буйругу менен координациялык жумушчу топ түзүү | Ички жана эл аралык уюмдар, программалар жана долбоорлор менен ССЖ жана суу канаттууларын сактоо боюнча байланыштар күчөдү |
Баардыгы: |
|
| 1312850 |
|
| ||
Жалпысынан: |
|
| 5467850 |
|
| ||
Кыскартуулардын тизмеси
ТИМ | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
Токой агенттиги | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
ГМРМА | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги |
Этностор агенттиги | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
МКК | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
УИА | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
КТРК | - Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио корпорациясы |
ӨКЖА | - өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар |
Рамсар конвенциясы | - Суу канаттууларынын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суулуу-саздак жерлер жөнүндө БУУнун Конвенциясы |
ССЖ | - суулуу-саздак жерлер |
БУУӨП | - Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы (ПРООН) |
|
|