Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 158
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2013-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2013-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы № 45 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- 2013-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укуктарынан ажырашкан эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары аскер комиссариаттарына жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздашсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорту, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча райондук (шаардык) чакыруу пункттарында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас шаарларындагы жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылындагы жыйноо пункттарында мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөөр алдында, аларды адис дарыгерлер тарабынан контролдук медициналык кароодон өткөрүүнү уюштурсун;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 158 токтому менен бекитилген |
Керималиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Субанов У.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Шахнабиев М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси; |
Лебедев И.В. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальнигинин орун басары - бөлүм начальниги; |
Абакиров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Кутуев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери; |
Калмурзаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери; |
Жапар уулу А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскерге чакырууга чейинки даярдык бөлүмчөсүнүн начальниги; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын 2-башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси (Бишкек шаары - Чүй облусу); |
Кыргызбаев М.А. | - | 34594-аскер бөлүгүнүн хирургиялык бөлүмүнүн начальниги (Жалал-Абад облусундагы жыйын пункту); |
Муратов А.Э. | - | 34594-аскер бөлүгүнүн терапевт дарыгери (Ош облусундагы жыйын пункту); |
Стамалиев Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-дарыгердик комиссиясынын катчысы (Ысык-Көл облусундагы жыйын пункту); |
Мамытов К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-медициналык башкармалыгынын дарылоо-профилактикалык бөлүмүнүн улук офицери (Талас облусундагы жыйын пункту); |
Абыкеев И.К. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-дарыгердик комиссиясынын аскердик-дарыгердик экспертиза бөлүмүнүн начальниги (Нарын облусундагы жыйын пункту). |