Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры № 721
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу
Ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары бекитилсин.
2. "2008-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит системасын түзүү жана өнүктүрүү Программасын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудит Стандарттарын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 341 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудиттин стандарттарында:
- 3-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- IV бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры № 721
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
Ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |