Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-январындагы № 2 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору (мындан ары - Борбор) үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-диагностикалык, билим берүү жана илим-изилдөө уюму болуп эсептелет, жогорку технологиялык жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу жана жогорку квалификациялуу медицина кадрларын тартуу менен фтизиатрия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтөт, фундаменталдык жана колдонмо медицина жаатында дарылоо-профилактикалык, билим берүү ишин, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.
2. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, саламаттык сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга тийиш.
6. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска ээ болгон, финансылык-насыялык мекемелерде эсептешүү жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар юридикалык жак болуп эсептелет.
7. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланат, Борбор аларга карата жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашып жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары жана милдеттери бар.
9. Дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө, билим берүү ишин жүргүзүүдө Борбор Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик жана жеке менчик түзүмдөр, илимий жана коммерциялык эмес уюмдар менен түздөн-түз иштешет, ошондой эле башка өлкөлөрдүн илимий-практикалык мекемелери менен өз ара аракеттенет.
10. Борбордун юридикалык дареги: 720020, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 90 а.
11. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору";
- расмий тилде - "Национальный центр фтизиатрии при Министерстве здравохранения Кыргызской Республики";
кыскартылган аталыштары:
- мамлекеттик тилде - "УФБ";
- расмий тилде - "НЦФ".
12. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбордун максаттары жана милдеттери
13. Борбордун максаты калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардамды көрсөтүү, ошондой эле ушул Уставга ылайык Борбордун багыты боюнча илим-изилдөө жана билим берүү ишин жүргүзүү болуп саналат.
14. Борбордун максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- калкка фтизиатрия жаатында жогорку адистешкен, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын калкынын кургак учук менен ооруусун, майып болуусун жана өлүмгө учуроосун азайтууга багытталган медицинанын далилдүү принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасында аныкталган саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- кургак учуктун алгачкы жана экинчи деңгээлдеги профилактикасынын натыйжалуу тутумун түзүүдө илимий-практикалык жардам көрсөтүү жана сапаттуу медициналык жардам берүү;
- кургак учук бейтаптын профилактикасынын, диагностикасынын, дарылоосунун жана реабилитациялоосунун жаңы жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялуу, анын ичинде медикаменттик эмес методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- фтизиатрия боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялоо.
3. Борбордун функциялары
15. Борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- республикада кургак учукка каршы кызматтын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын калкынын кургак учук менен ооруусун, майып болуусун жана өлүмгө учуроосун азайтууга багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- кургак учукту диагностикалоонун инвазивдүү эмес жана инвазивдүү методдорун колдонот, калкка жогорку адистешкен, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык фтизиатриялык, ошондой эле кечиктирилгис жана паллиативдик жардам көрсөтөт;
- фтизиатрия жаатындагы программаларга жана изилдөөлөрдүн натыйжаларына баа берүү боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- изилдөөлөрдүн жана практикалык иштердин багыттары боюнча маалыматтардын региондук маалымдама банктарын түзөт;
- Борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдайт жана өнүктүрөт;
- калктын саламаттыгын сактоонун мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде тапшырыктарды аткарат;
- фтизиатрия боюнча илим-изилдөөлөрдүн координацияланышын камсыз кылат.
- Борбордун багыты боюнча илимий-практикалык кадрларды даярдоого катышат;
- Борбордун багыты боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- Билим жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүү, илим жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдайт;
- дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө, билим берүү жана инновациялык иштин багыттарын аныктайт;
- Борбордун багыты боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда адистер менен алмашууну, кызматташууну, маалымат алмашууну, эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрөт;
- кургак учукту диагностикалоо, профилактикалоо жана дарылоо маселелери боюнча республикалык жана эл аралык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурат жана өткөрөт.
4. Борбордун укуктары жана милдеттенмелери
16. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Уставга ылайык иш жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо тармагында улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам сурап кайрылган жарандардан ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашырган башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жараксыздык баракчаларын, каза болгондугу тууралуу күбөлүк, оору баянынан көчүрмөнү, маалымкатты, эксперттик корутундуларды берүүгө;
- Борбордун тематикасы менен байланышкан айрым милдеттерди чечүү же иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илим-изилдөө топторун (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөр менен) түзүүгө;
- Борбор үчүн каралган саламаттык сактоонун бириккен бюджетинин каражаттары боюнча чыгашалардын сметасын иштеп чыгууга жана аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо тармагындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарды жана чыгымдоочу материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууга;
- борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттин каражаттарына сатып алынган, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам түрүндө түшкөн дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды Борбордун багыты боюнча бейтаптарды дарылоо үчүн алууга;
- ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралыктарына кирүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алган кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфраструктураны кармоого, илимий изилдөөлөргө колдоо көрсөтүүгө, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн багыттоого;
- жумуштарды аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- илимий мекемелер жана ишканалар менен Борбордун багыты боюнча байланыштарды өнүктүрүүгө;
- бул Уставда каралган тартипте, Борбордун алдында турган милдеттерге негизденип, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана Борбордун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында өзүнүн уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун филиалдарын, илим-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүнүштөрүн түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Борбордун багытына ылайык адистиктер боюнча медициналык кызматкерлердин (врачтардын, медициналык айымдардын) аттестациялоосуна катышууга;
- тең аткаруучу-мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды илим-изилдөө иштерине тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
17. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Борбордун багыты жана деңгээли боюнча зарыл көлөмдөгү жеткиликтүү, өз убагында берилүүчү, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
- экстремалдуу шарттарда иштөөгө даяр болууга (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана коркунучтуу шарттарда иштөө);
- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- саламаттык сактоонун жакын, чектеш кызматтарынын өз ара аракеттенишин камсыз кылууга;
- жашоонун сергек үлгүсүн жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоону пропагандалоого;
- студенттерди практикалык окутуу, келишимдик негизде кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик атайын окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун регламентин аткарууга жана отчет берүүгө;
- саламаттык сактоо уюмдары үчүн бекитилген тартипке ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишин уюштурууну, координациялоону жана контролдоону жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо жана илим системаларын башкаруунун жогору турган органдарынын чечимдерин аткарууга;
- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берип турууга;
- Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга.
5. Борбордун жоопкерчилиги
18. Борбор Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
19. Борбордун жоопкерчилиги калкка медициналык жана профилактикалык кызматтарын көрсөтүүгө байланыштуу иш-чараларга багытталган акчалай каражаттарга жана мүлккө карата жайылтылбайт.
6. Борбордун түзүмү
20. Борбордун түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча илимий кеңештин чечими боюнча анын директору тарабынан бекитилет.
21. Борбордун түзүмүнө анын илимий кеңеши, Борбордун дирекциясы, Борбордун илимий, клиникалык, лабораториялык жана башка бөлүнүштөрү, амбулаториялык-диагностикалык бөлүмү, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Төбө айылында жайгашкан шаар четиндеги клиникалык база кирет.
7. Борбордун ишин башкаруу
22. Борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүндө турат.
23. Борбордун медициналык ишин жөнгө салууну, координациялоону, ошондой эле контролдоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү ишин - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырат.
24. Борборго Директор жетекчилик кылат.
25. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
26. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
27. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Борбордун директору
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын жана нускамаларын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башкаруу принцибинде Борборду башкарат жана Борбордун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу, финансылык тартиптин сакталышы, бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук, Борбордун оперативдүү башкаруусунда болгон мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сактыгы, Борбордун кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик таасир берүү чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде эсептерди жана улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
29. Борбордун илимий иштер боюнча директорунун орун басарлары Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат, клиникалык иш боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча дайындалат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырат.
30. Борбордун кызмат адамдары мыйзамдарды жана ушул Уставды бузганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Борбордун илимий кеңеши
31. Илимий кеңеш Борбордун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик органы болуп эсептелет.
Илимий кеңештин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, Борбордун директорунун көрсөтүүсү боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин, администрациялык-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга толук укуктуу болот.
Илимий кеңештин курамына Борбордо иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
32. Эгерде отурумга анын курамынын үчтөн экиси катышса, илимий кеңеш чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде илимий кеңештин чечимин жактап илимий кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
33. Борбордун директору илимий кеңештин төрагасы болуп эсептелет.
9. Борборду каржылоо жана материалдык жактан камсыз кылуу булактары
34. Борборду каржылоо булактары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан;
- атайын каражаттардан;
- эл аралык уюмдардын гранттарынан;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнөн жана салымдарынан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
35. Борбордун илим-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- Борбор тарабынан жүргүзүлүп жаткан фундаменталдуу изилдөөлөргө колдоо көрсөтүү каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
36. Гранттар боюнча алынган илим-изилдөө иштери боюнча финансылык каражаттарды тескөөнү Борбордун директору жүргүзөт.
37. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылып жаткан илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоо таламдаш тараптар жагынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
38. Мамлекеттик илимий мекеменин ишин контролдоо бул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
10. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдук
39. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчетуулукту жүргүзөт, анын толуктугу жана тактыга үчүн жоопкерчилик тартат.
40. Борбордун финансылык-чарбалык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
11. Борбордун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
41. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлганда токтотулушу мүмкүн.
Борборду кайра уюштуруу (кошуу, биригүү, бөлүнүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
43. Борбор жана анын региондук түзүмдөрү жоюлган учурда мүлк жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.