КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-январы № 20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381
"Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо
чараларын киргизүүнү баштоо женүндө" токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
Ата мекендик өндүрүүчүлердү колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 "Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй езгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттагы "бул токтомдун 1-пунктунда" деген сөздөр жана цифра "бул токтомдун тиркемесинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом 2013-жылдын 26-ноябрынан тартып күчүне кирсин.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер - министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 20 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү, аларга карата териштирүү жол – жобосу
демилгеленген жана убактылуу коргоо алымдары киргизилип жаткан товарлардын
ТИЗМЕГИ
Продукциянын аталышы | ЕврАзЭКтин ТЭИ ТН боюнча коду | Убактылуу коргоочу Алымдардын ставкасы (бажылык наркынан % менен же сом менен) |
Буудай уну: |
|
|
- катуу буудайдан жана | 1101 00 110 0 | 1 кг үчүн 3 сом |
- жумшак буудайдан жана спельтадан | 1101 00 150 0 | 1 кг үчүн 3 сом |