Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген
Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Нускама этил спиртин жана алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын аталган тармактагы мыйзамдарын сактоону камсыздоо максатында этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү ишкер субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүдө колдонуу үчүн арналган.
2. Ишкер субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте катталган жана киреше алуу максатында өзүнүн мүлкүн тобокелдикке салып мыйзам менен тыюу салынбаган ишкердикти уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар болуп эсептелет (мындан ары - ишкердик субъекттери).
3. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ишкердик субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилелер төмөндөгү принциптерде ишке ашырылат:
1) Мыйзамдуулук, айкындык жана ачыктык:
а) ишкердик субъекттерине коюла турган бардык милдеттүү талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гана белгиленет;
б) текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиптерине жана жол-жоболоруна коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында бирдей болуп саналат жана негиздөөчүлөрдүн (катышуучулардын, мүчөлөрдүн), кызматкер жактардын жашаган жерине, социалдык абалына жана улутуна, жарандыгына, ишкердик субъектинин уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан бардык ишкер субъектилерине бирдей колдонулат;
в) текшерүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболору регламенттелген, текшерүү предмети боюнча субъекттерге коюлган талаптар бирдей мааниде, аныкталган, эки түшүнүктө эмес болууга тийиш;
г) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары жактары ишкер субъекттерине текшерилүүгө таандык милдеттүү талаптарды белгилөөчү ченемдик-укуктук актылар жөнүндө маалымдашат;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүлөрү республикалык бюджеттин эсебинен гана каржыланат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын кызмат адамдарына текшерүүлөрдү жүргүзүүдө субъекттерден акчалай айыптарды жана башка төлөмдөрдү алууга тыюу салынат. Бардык эсептешүүлөр тийиштүү банктык эсептешүү эсеби жана кредиттик-касса мекемелери аркылуу гана жүргүзүлөт;
3) ишкер субъекттеринин чынчылдык презумпциясы;
4) текшерүүлөрдү жүргүзүүдө контролдун жана көзөмөлдүн кайталануусуна жол берилбейт;
5) ишкер субъекттерин текшерүүлөр белгиленген мөөнөттө, мыйзамда белгиленбеген себептер менен текшерүү мөөнөтүн бузуусуз үзгүлтүксүз жана ыкчам арада жүргүзүлөт.
4. Ишкер субъекттерин текшерүүлөр пландагы, планда жок, көзөмөлдөөчү жана мурдагы текшерүүлөрдү кайрадан текшерүү болуп бөлүнөт.
5. Пландагы текшерүү - текшерүүлөрдү өткөрүүнүн жылдык планына ылайык текшериле турган ишкер субъекттеринин жайгашкан жери, катталганы же экономикалык ишин жүргүзгөн жайы боюнча жүргүзүлгөн текшерүү.
Текшерүүлөрдү жүргүзүү планы мыйзамда белгиленген тартипте бекитилет.
Ишкер субъекттин текшерүүлөрдү жүргүзүү планына киргизүүгө мурунку текшерүү аяктагандан тартып 12 календарлык айдын өтүшү негиз болуп берет.
Пландагы текшерүү ишкер субъектинин мурунку пландагы текшерүү камтыган убакыт аяктаган күндөн кийинки мезгилди камтыйт.
6. Плансыз текшерүү - текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитилген планынан тышкары өткөрүлгөн текшерүү.
Плансыз текшерүүгө төмөнкүлөр негиз болуп берет:
1) ишкер субъектинин плансыз текшерүү жүргүзүү жөнүндө кат түрүндөгү арызы;
2) ишкер субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысы жөнүндө маалыматты алышы;
3) ишкер субъектинин технологиялык процессти бузушу, имараттардын, жабдуулардын иштен чыгышы, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө зыян келтире турган авариялык абалдын болушу;
4) жеке жана юридикалык жактын ишкердик субъект тарабынан укуктарын жана кызыкчылыктарын бузганы жөнүндөгү маалыматтарды ырастаган документтердин, материалдарды жана башка кабарларды камтыган кат жүзүндөгү арызы.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын аныктоого мүмкүндүк бербей турган арыздар текшерүүнү жүргүзүүгө негиз боло албайт.
6. Контролдук текшерүү - мурунку пландагы жана плансыз текшерүүлөрдөгү ишкер субъектисинин мыйзам бузууларын жоюу үчүн жүргүзүлөт.
Контролдук текшерүү мурунку текшерүүдө табылган ишкер субъектисинин мыйзам бузууларын аныктоо максатында жүргүзүлөт жана өз милдетинин алкагынан чыкпоого тийиш.
Контролдоо текшерүүлөрү белгиленген мыйзам бузууларды жоюу үчүн ишкер субъектине берилген мөөнөт аяктаган соң жүргүзүлөт жана текшерүү алдын ала эскертүүсүз (кабарландыруусуз) эле башталат.
Контролдоо текшерүүсүн жүргүзүүдө мыйзам бузуулар оңдолбогон болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан Администрациялык жоопкерчилик кодексинин талаптарына ылайык белгиленген мөөнөттө чаралар колдонулат.
7. Кайталап текшерүү - ишкер субъектинин текшерүү актысында көрсөтүлбөгөн же түшүнүксүз көрсөтүлгөн өткөрүлгөн пландык текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча арыздануусунун негизинде жүргүзүлөт.
Кайталап текшерүүгө ишкер субъектисинин текшерүүнүн жыйынтыктарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануусу негиз болуп берет.
Кайталап текшерүүнү жүргүзүүдө пландык текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат, мында мурунку текшерүүнүн даттанган жыйынтыктары гана текшерилет.
Кайталап текшерүү арызды кароого жана негизделген чечимди кабыл алууга белгиленген 30 күндүн ичинде өткөрүлөт.
8. Текшерүүнүн субъектиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү болот.
9. Ишкер субъектиси тарабынан Кыргыз Республикасынын этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сакталганын текшерүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары ишке ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары жетекчи, анын орун басары жана ишкер субъектилерин текшерүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлери болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын иш-аракеттери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын колу коюлган документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-аракети жана анын документтери болуп саналат.
10. Текшерүү объекти текшерилип жаткан ишкер субъектинин Кыргыз Республикасынын этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоосу болуп саналат.
Текшерүүгө текшерилип жаткан ишкер субъектисинен текшерүү актысына кол коюуга ыйгарым укуктуу кызматкер адамдары катышат.
Текшерилип жаткан ишкер субъектисинин кызмат адамы анын жетекчиси же жетекчинин орун басары, же болбосо текшерүү актысына кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамы болуп эсептелет.
Текшерилип жаткан ишкер субъектисинин кызмат адамы тарабынан кол коюлган кандай болбосун документ же иш-аракет аталган ишкер субъектинин документи жана иш аракети болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерилип жаткан ишкер субъектинин кызматкер адамынын катышуусуз өткөрүлгөн текшерүүсү мыйзамсыз болуп саналат.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
- текшерилип жаткан ишкер субъектинен же анын кызмат адамынан текшерүү предметине тиешелүү маселелер боюнча документтерди, түшүндүрүүлөрдү, маалыматтарды талап кылууга жана алууга;
- зарыл учурда документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
- эгер текшерүү жүргүзүү менен байланышкан болсо, имаратка, жабдууларга, башка мүлктөргө (анын ичинде кампаларга) кароо жүргүзүүгө;
- эгер текшерүү технологиялык талаптардын сакталышын контролдоого байланыштуу болсо, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө;
- текшерүүчү адамдын мыйзамдуу талаптары аткарылбаган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурларда ишкер субъекти жана анын кызмат адамын жоопко тартуу боюнча чараларды көрүүгө;
- этил спиртин, алкоголь жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы тууралуу актыларды жана протоколдорду ушул Нускаманын 1-тиркемесиндеги формада түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине ылайык чараларды көрүүгө.
Эгерде администрациялык ишти кароодо сот (судья) же кызмат адамы мыйзам бузууларда кылмыш иштеринин болушун белгилесе, ал материалды укук коргоо органдарына берет;
- этил спиртин, алкоголь жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды жоюу жөнүндөгү эскертүүлөрдү берүүгө;
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- текшерүүнү баштаганга чейин ишкердик субъектине же анын кызмат адамына кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө тапшырманын бир нускасын берүүгө, аны текшерүү предметинин маселелери менен тааныштырууга;
- текшерүүнү текшерүү предметинин маселелерине, "Ишкер субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Нускамага ылайык жүргүзүүгө;
- текшерүүнү ишкер субъектинин иш убактысында анын кызмат адамынын катышуусу менен жүргүзүүгө;
- алкоголдук жана спирттүү азыктарды сактоо жана сатып өткөрүү менен алектенген ишкер субъектилерин текшерүүдө төмөндөгү уруксат берүүчү документтердин болушу текшерилет:
1) алкоголдук жана спирттүү азыктарды сактоого жана сатып өткөрүүгө укук берүүчү лицензия, анын берилген күнү жана иш-аракет мөөнөтү, лицензияда көрсөтүлгөн даректе соода жайынын туруусу;
2) сатылуучу алкоголь азыктарынын ар бир түрүнө шайкештик сертификаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулганы, коргоочу голограмманын болушу, иш-аракет мөөнөтү;
3) алкоголь азыктарынын чыгарылган жерин ырастоочу документтер товардык-транспорттук накладной, тапшыруу келишими, счет-фактура жана товардык чек;
4) акциздик маркалардын түп нускалыгы жана алардын сатылуучу вино-арак чыгарылыштарына туура келүүсү;
5) этикетканын, капкагынын аталган алкоголь азыктарын чыгарган өндүрүүчүгө таандык экени жана жарамдуулук мөөнөтү;
6) кафе-барлардын менюсунда кошумча сатылуучу алкоголь азыктарынын аталыштарынын болушу;
7) өлчөм приборлорун жана жабдууларды улуттук стандарттарга ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө күбөлүктүн болушу;
- алкоголдук азыктын экспертизасын жүргүзүү кубаттуулугунун жана толук куюлганын тийиштүү Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн зарыл учурда үлгүлөрдү алуу;
- алкоголдук азыктарды тышкы түрү боюнча текшерүү:
1) ликерарактарды - тунуктугун, башка заттардын жоктугун;
2) вино, шампандарды, пивону - түбүнө тунбаганын, башка заттардын аралашмасынын жоктугун, тунуктугун жана жарамдуулук мөөнөтүнүн тууралыгын;
- импорттук азыкты текшерүүдө шайкештик сертификаттары менен, бажылык жүк декларациясы менен, тапшыруу келишими жана лицензиялары менен таанышуу. Кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын этил спиртин жана алкоголдук азыкты өндүрүүгө жана импорттоону лицензиялоо жана контролдоо бөлүмүнөн алынган маалыматтар боюнча аталган азыкты Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө лицензия берилгенин аныктоо;
- имаратты карап чыгуу (анын ичинде кампаларды);
- текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл үлгүлөрдү минимум өлчөмдө тандап алууга;
- ишкер субъектинин же анын кызмат адамынын талабы боюнча текшерүү жүргүзүүгө негиз болгон ченемдик укуктук актыларды көрсөтүүгө;
- текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын конкреттүү ченемдерин көрсөтүү менен негиздөөгө;
- жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө Инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китебине жазып калтырууга жана кол коюуга;
8) текшерүү предметине тиешелүү документтерди жана башка материалдарды талап кылууга;
- объективдүү болуп, текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтерди сактоону жана кайра берүүнү камсыз кылууга;
- ушул Жободо каралган башка милдеттерди аткарууга.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына төмөнкүлөр тыюу салынат:
- текшерилип жаткан ишкер субъектинен же анын кызмат адамынан текшерүү предметине тиешеси жок документтерди, маалыматтарды суроо;
- ишкер субъектинен же анын кызмат адамынан текшерүү өткөргөнү үчүн кандайдыр бир сыйлыктарды алуу же кызматтарды пайдалануу;
- мыйзамдарда каралгандан башка учурларда ишкер субъектисинин ишине кийлигишүүгө, ишин чектөөгө же токтотууга;
- текшерилип жаткан ишкер субъектинин иши жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен катып алууга же пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан тышкары учурларда, текшерилип жаткан ишкер субъектинин же анын кызматкер жагынын уруксаты жок текшерүүдө алынган мыйзам менен корголгон мамлекеттик, коммерциялык жана башка сырларын жайылтуу;
- текшерилип жаткан ишкер субъектинин мыйзам бузуу фактыларын анын ишине кийлигишүү үчүн пайдалануу;
- ушул Нускамада каралбаган, текшерүүнү жүргүзүү тартибине жана жол-жоболоруна тиешелүү башка кошумча талаптарды белгилөө.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- текшерүү жүргүзүү менен байланышкан бардык чыгымдарды мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржылоого;
- текшерүүлөрдү ишкер субъекттин жайгашкан орду же ишкер жүргүзгөн орду боюнча жүргүзүүгө;
- ишкер субъектине же анын кызмат адамына текшерүүгө жата турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын туура аткаруусу боюнча түшүндүрмө берүүгө;
- зыян келтирүүнү болтурбоо үчүн чара көрүүгө жана керектөөчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон коркунучтуу товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө кардарларга кандай жол менен болсо да маалымдоого;
- ушул Жободо каралган башка милдеттерди аткарууга.
15. Ишкер субъекти төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынан кызматтык күбөлүгүн, текшерүү жүргүзүү жөнүндө тапшырманы, текшерүүгө алынчу ишкер субъектиге карата милдеттүү талаптарды аныктаган ченемдик укуктук актыларды көрсөтүүнү талап кылууга;
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок адамдарды текшерүүгө киргизбөөгө;
- эгер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын талаптары текшерүүнүн предметине тиешеси жок болсо, анда анын талаптарын аткарбаганга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынан жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө Текшерүүлөрдү каттоо китебине жазып калтырууну талап кылууга;
- текшерүүчү кызмат адамынан текшерүү жүргүзүү жөнүндө тапшырманын бир нускасын, ошондой эле текшерүү актысынын бир нускасын алууга;
- текшерүүнүн натыйжаларына даттанууга.
16. Ишкер субъекти төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- текшерүүчү кызмат адамынын мыйзамдуу талабы боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл документтерди, маалыматтарды, түшүндүрүүлөрдү берүүгө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын талабы боюнча текшериле турган ишкер субъекти лицензиянын түп нускасын көргөзүүгө тийиш. Эгерде ишкер субъекти дубликат алууга, кайра каттоого же мөөнөтүн узартууга арыз берген болсо, лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтсө болот.
- текшерүүчү кызмат адамына көмөк көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болочок текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планын бир кварталдан кем эмес убакытка түзүүгө милдеттүү.
18. Планда каралган мөөнөт башталганга чейин 30 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүлөрдүн планын ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү милдеттерин аткара турган Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ЫУМО) берүүгө тийиш.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүлөр планы ЫУМОго кат жана электрондук түрдө ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же анын орун басары кол койгон коштоочу кат менен жиберилет.
20. Текшерүүлөр планы милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Планга киргизилген ишкер субъектилеринин толук реквизиттери жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы;
2) салык төлөөчүнүн жеке номери (ИИН);
3) патентинин номери;
4) менчиктин формасы;
5) ишкер субъектинин юридикалык дареги;
6) мурдагы текшерүүнүн күнү;
7) эскертүүлөр.
21. ЫУМО менен плансыз текшерүүлөрдү макулдашуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталган Нускамада көрсөтүлгөн плансыз текшерүүнү өткөрүүгө негизи болсо, анын суроосу боюнча ыкчам тартипте жүргүзүлөт.
ЫУМО тарабынан плансыз текшерүүнү жүргүзүүгө макулдугун берүүсү же негизделген баш тартуусу суроосун алгандан кийин бир иш күнүндө берилиши керек.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын плансыз текшерүүнү өткөрүүгө суроосуна ишкер субъектинин реквизиттери, текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон документтердин көчүрмөлөрү кирет.
22. Текшерүү планын макулдашкандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 иш күндүн ичинде атайы Текшерүүлөрдү каттоо китепчесине планга ылайык эскертүүлөр бланктарын каттайт жана аны ЫУМОго берет.
23. ЫУМО эскертүү бланкасына каттоо номерин берет жана ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен ырасталат.
24. Ырасталган эскертүү бланктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекем сактоодогу жана отчетко берилүүчү документи болуп саналат.
25. Эскертүү бланктары текшерүүлөр планындагы текшерүү башталган айдан тартып 3 календарлык айдын ичинде күчкө ээ болот. Текшерүү башталган айы мурунку пландык текшерүү бүткөн айдан мурда белгилениши мүмкүн эмес.
26. Текшерүү планын тууралоодо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЫУМО менен өзгөрүлгөн планды макулдашкан соң 3 иш күндүн ичинде өз Каттоо текшерүү китепчесинде колдонулбаган эскертүүлөр сабында бланктарды пайдаланбоо жөнүндө белгилейт.
Өткөрүп берүү жана алуу актылары боюнча пайдаланылбаган эскертүүлөр бланктары ЫУМОго 3 иш күндөн кечиктирилбестен берилет.
27. Текшерүүдөн өтпөгөн ишкер субъектилерине жаңы көрсөтмөлөрдү эскертүүлөрдү каттоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды ЫУМого ырастоо үчүн берүү менен кезектеги тартипте жүргүзөт.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык түзүмдөрү айдын 15 күнүнөн кечиктирбестен ЫУМО тарабынан бекитилген формадагы текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту ЫУМОго берүүгө тийиш. Отчетко пайдаланылган көрсөтмөнүн үчүнчү нускасы берилет.
29. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 30 календарлык күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин кат түрүндөгү чечими боюнча бир жолудан ашык эмес 10 календарлык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
30. Текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим ишкер субъекти тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
31. Текшерүү мөөнөтүнүн аякталышы деп ишкер субъектине текшерүү жүргүзүлгөнү жөнүндө акты тапшырылган күн же эгер ал күнгө чейин акт тапшырылбаса тапшырмада көрсөтүлгөн текшерүүнү аяктоо күнү эсептелет.
32. Ишкер субъекти пландуу текшерүү жүргүзүлүшү жөнүндө текшерүү башталган күнгө чейин кеминде 10 календарлык күндөн мурдатан кат жүзүндө кабарлоо менен эскертилүүгө тийиш.
Ишкер субъекти текшерүү белгиленген мөөнөттө жүргүзүүнү камсыз кылууга же бул мөөнөттө текшерүү жүргүзүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө (жүйөөлүү себептер болгон шартта) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого жана текшерүүнүн башталышы жөнүндө кабарландыруу алынган күндөн 5 күндөн ашык эмес мөөнөттө текшерүү жүргүзүүнүн башка күнүн макулдашууга милдеттүү. Текшерүүнү баштоо мөөнөтүн бир жолу гана которууга жол берилет.
33. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 3 иш күндөн ашык эмес.
34. Контролдоочу текшерүүлөр ишкер субъектине мыйзам бузууларды оңдоого берилген мөөнөт аяктагандан кийин гана жүргүзүлөт.
35. Кайталап текшерүү арызды кароого жана негизделген чечимди кабыл алууга берилген 30 күндүн ичинде өткөрүлөт.
36. Текшерүүнүн башталган дата эскертүүдө көрсөтүлгөн күн болуп эсептелет.
37. Ишкер субъектинин ишин текшерүү көрсөтмөнүн негизинде жүргүзүлөт.
Текшерүүгө эскертүүдө көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары гана киргизилет.
38. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүчү адамдардын курамын өзгөртө турган болсо, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары үч нускадагы көрсөтмөгө тиешелүү жерин толтуруп кол коюп, мөөр басып жиберет, анда көрсөтмөдө көрсөтүлгөн адамдарды алмаштыруучу кызмат адамдары көрсөтүлөт.
39. Текшерүүнүн мөөнөтүн узартууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары үч нускадагы көрсөтмөнүн тиешелүү жерин толтуруп, кол коюп, мөөр басып жиберет.
40. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы текшерилүүчү ишкер субъектинин кызмат адамына көрсөтмөнүн биринчи нускасын берет.
Көрсөтмөнүн экинчи нускасында ишкер субъектинин кызмат адамы көрсөтмөнү алганы жөнүндө белгилеп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына кайтарып берет.
Көрсөтмөнүн үчүнчү нускасы толтурулган берки бети менен өткөрүлгөн текшерүүлөр жөнүндөгү отчетко тиркелип, ЫУМОго жөнөтүлөт.
41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкү учурларда текшерүүгө катышпайт же өзү текшерүүдөн баш тартууга милдеттүү:
1) ишкер субъектинин, уюштуруучунун (акционеринин, катышуучусунун, мүчөсүнүн) же ишкер субъектинин кызмат адамынын жакын тууганы болсо;
2) текшерүү башталаардан үч жылдан ашык эмес мөөнөттө ишкер субъектинин мурдагы кызмат адамы болсо;
3) ишкер субъектинин негиздөөчүсү (акционер, катышуучу, мүчөсү) болсо;
4) текшерүүнүн жыйынтыктарына түз же кыйыр кызыгууну туудурган башка жагдайлар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер бар болуп туруп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы баш тартуусун билдирбей бул ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан укук бузуу болуп саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер бар болсо баш тартуу ишкер субъекти тарабынан билдирилүүгө тийиш.
42. Баш тартуу же өзү баш тартуу текшерүү башталганга чейин же текшерүүнүн жүрүшүндө кайсы убакта болбосун кат түрүндө негизделиши жана билдирилиши керек.
43. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги себептер болуп туруп кызмат адамынын баш тартуу же өзү баш тартуусу жөнүндөгү суранычынан баш тартууга укугу жок.
44. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын ишкер субъектинин аймагына же жайына кирүүсү бул адамдар кызматтык күбөлүктү жана текшерүүгө тапшырманы көрсөткөндө жүргүзүлөт.
45. Ишкер субъекти төмөндөгү учурларда текшерүүчү кызмат адамдарын аймакка же имаратка текшерүү үчүн киргизбей коюуга укуктуу:
- эгер көрсөтмө белгиленген тартипте толтурулбаса;
- эгер ишкер субъекти алдыдагы текшерүү жөнүндө кабарланбаса (плансыз текшерүүдөн тышкары);
- эгер пландуу текшерүү жүргүзүүдө мурдагы пландуу текшерүү аяктаган айдан тартып 12 календарлык ай өтпөсө;
- эгер көрсөтмөдөгү белгиленген текшерүү мөөнөтү жете элек же өтүп кеткен болсо;
- эгер текшерүү жүргүзүү убактысы ишкер субъектинин иштебеген күндөрүнө туш келсе.
46. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамын ишкер субъектинин аймагына же имаратына мыйзамсыз киргизилбеген учурда анын кызмат адамы ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык акт түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
Ишкер субъект актыга кол коюудан баш тартса ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы актыга калыс күбөлөрдү тартуу менен ал жөнүндө тиешелүү жазуу жазат.
47. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүүчү кызмат адамынын текшерилүүчү ишкер субъектинин аймагына же имаратына кирүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылуу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.
47-1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамын алкоголдук продукция сакталган жайга мыйзамсыз киргизбеген учурда же «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузуулар менен сатканда жана сактаганда алкоголдук продукция көп өлчөмдө болгондуктан аны алып коюуга мүмкүн болбогон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча аталган жайды мөөр басып бекитүү жөнүндө акт түзүлөт. Сактоочу жай мөөр басылып бекитилет жана алкоголдук продукция жооптуу сактоого ишкер субьектинин кызмат адамына өткөрүлүп берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Ишкер субъекттин колдонулчу технологиялардын, өндүрүш каражаттарынын, чыгарылчу продукциянын, ишмердиктин калдыктарынын мыйзамда белгиленген стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкеш келүүсүнө байланышкан мыйзамдардын милдеттүү талаптарын сакташын текшерүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өндүрүштүн жогоруда көрсөтүлгөн факторлорунун шайкештигине экспертиза жүргүзөт.
49. Экспертиза алынган үлгүлөрдү лабораториялык анализден өткөрүү жолу менен жүргүзүшү мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экспертиза жөнүндө көз карандысыз эксперттик уюмга же өзү тандаган экспертке кайрылууга укуктуу.
Сураныч тиешелүү документтерди тиркөө менен кат жүзүндө жөнөтүлөт. Экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражатынын эсебинен жарандык-укуктук келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эксперттик корутундунун бир нускасы текшерүү актына тиркелет.
50. Текшерүүнүн жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына макул болбогон ишкер субъекти көз карандысыз эксперттик уюмга же өзү тандаган экспертке үлгүлөрдү берүү менен өз эсебинен кайрылууга укуктуу. Алынган эксперттик корутунду даттануу материалдарына же текшерүү актысына тиркелет.
51. Текшерүүнүн жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык формада текшерүү жөнүндө акт (мындан ары текст боюнча - Акт) түзөт.
Актынын бир нускасы ишкер субъектине же анын кызмат адамына тапшырылат.
Актыны алып жатканда ишкер субъекти же анын кызмат адамы актынын экинчи нускасына аны алганы тууралуу жазат.
Ишкер субъектинин кызмат адамы актыга кол коюудан баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы күбөлөрдүн катышуусу менен актыга ал тууралуу тиешелүү жазуу жазат.
52. Актыда көрсөтүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул болбогон учурда ишкер субъекти же анын кызмат адамы актыга кол коюуга милдеттүү жана каршы пикирлерин жазууга укуктуу.
Каршы чыгуунун себебин түшүндүргөн кат түрүндөгү түшүндүрүүлөр жана документтер актыга тиркелиши мүмкүн, же ишкер субъекти тарабынан актыны алган учурдан 10 календарлык күн өткөнгө чейин тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлсө болот.
53. Эгер ишкер субъекти же анын кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга жата турган мыйзамдын талаптары бузулганы аныкталса, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык администрациялык тартип бузуу жөнүндө протокол түзөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы акт жана администрациялык тартип бузуу жөнүндө протокол түзүүдө ишкер субъектине жол берилген тартип бузуулардын предметин жана мазмунун түшүндүрүүгө милдеттүү.
54. Актынын экинчи нускасы тиркелген документтери менен кошо текшерүү аяктагандан 10 календарлык күндөн эрте эмес ушул Нускаманын 50-пунктуна ылайык ишкер субъектинен келип түшкөн документтер менен бирдикте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же орун басары тарабынан каралат.
55. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (же кызмат адамы) актыны тиркелген документтери менен кароонун жыйынтыгы боюнча субъекттердин аткаруусу үчүн милдетүү төмөнкү чечимдердин бирин чыгарууга тийиш:
1) актыны жана текшерүүнүн жыйынтыгын бекитүү жөнүндө;
2) ишкер субъекти же анын кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
3) администрациялык тартип бузуу тутуму жоктугунан улам ишкер субъекти же анын кызмат адамын жоопкерчиликке тартуудан баш тартуу жөнүндө;
4) ишкер субъектинин ишин аныкталган укук бузуулар ал тарабынан жоюлганга чейинки мөөнөткө токтото туруу жөнүндө;
5) текшерүүнүн материалдарынын көчүрмөлөрүн укук коргоо органдарына жиберүү жөнүндө.
56. Ишкер субъектин же анын кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) жол берилген укук бузуулардын маңызы жана жагдайы баяндалышы;
2) бузулган мыйзамдын жана мыйзам алдындагы ченемдик актылардын конкреттүү нормалары көрсөтүлүшү;
3) көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтерге шилтеме жасоо;
4) ишкер субъектинин өзүн коргоого далилдерин жана ал далилдерди текшерүүнүн жыйынтыктарын көрсөтүү;
5) колдонула турган администрациялык чараларды көрсөтүү.
57. Ишкер субъекти тарабынан мыйзамдардын талаптары тиешелүү түрдө аткарылбаса жана/же мыйзамдарга ылайык милдеттүү деп эсептеле турган маалыматтарды жана отчетту белгиленген мөөнөттө бербесе ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (же анын орун басары) төмөндөгү мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө белгиленген формадагы талаптарды ишкер субъектине жөнөтөт:
1) 3 календарлык күндүн ичинде - жоюлбаган мыйзам бузуулар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизсе.
2) 30 календарлык күндүн ичинде - калган учурларда.
58. Ишкер субъектине мыйзам бузууларды жоюуга берилген мөөнөт аяктаган соң контролдоо текшерүүсү жүргүзүлөт.
59. Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген мыйзам бузууларда сапатсыз жана кооптуу алкоголь азыктарын өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн алдын алуу максатында шашылыш түрдөгү плансыз текшерүүлөр жүргүзүлөт.
60. Шашылыш түрдөгү плансыз текшерүүлөргө төмөндөгүлөр негиз болот:
- тамак болбой турган заттан даярдалган этил спиртин жана спирттүү тамак-аш азыктарын, элдин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтире турган алкоголдук жана спирттүү азыктарды пайдалануу;
- денатуралуу заттарды жоготуу максатында денатурат этил спиртин же денатурат спирттүү азыктарды кайра иштетүү боюнча ар кандай технологиялык процесстерди же операцияларды жүргүзүү;
61. Шашылыш түрдөгү плансыз текшерүү чечими ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
62. Шашылыш түрдөгү плансыз текшерүүлөр кокусунан башталган мүнөзгө ээ болот жана кат жүзүндөгү арызсыз ЫУМОнын макулдугусуз тез арада жүргүзүлөт.
63. Эгерде текшерүүнү жүргүзүүдө үлгүлөрдү лабораториялык шарттарда изилдөө талап кылынса, текшерүү мөөнөтү изилдөөгө ылайык убакытка токтотулат, бирок 15 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
63-1. «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүндөгү талаптарды бузуу менен сатылган этил спирти жана алкоголдук продукция жүгүртүүдөн алынууга тийиш. Мындай учурда ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча акциздик товарларды убактылуу алуу актысы түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Администрациялык укук бузуунун жарагы же объектиси болуп эсептелген буюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып коюулат, ушул иш боюнча соттун чечими күчүнө киргенче кампаларда сакталууга өткөрүлөт.
65. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызмат адамдарынын чечимдерине, иш-аракетине (же аракетсиздигине) даттануу укуктары, даттанууга байланыштуу коопсуздукту кепилдөө, даттануулардын ведомстволугу, даттануу берүүнүн жана кайтарып алуунун мөөнөттөрү, тартиптери, даттануунун кароо иштерин уюштуруу, анын мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген "Ишкердик субъекттерине текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобого ылайык белгиленет.
66. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары текшерүү жүргүзүүдө өз милдеттерин жана кызматтык иштерин тиешелүү түрдө аткарбаган учурда, мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дисциплинардык, администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызмат адамдарынын төмөндөгү иш-аракеттери (же аракетсиздиги) мыйзамсыз болуп эсептелет:
1) ыйгарым укуктары мыйзамда аныкталбаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү;
2) "Ишкер субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларсыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүүсү;
3) "Ишкер субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген текшерүүлөрдү жүргүзүү принциптерин сактабагандык;
4) текшерүү жүргүзүү учурунда айыптардын жана башка төлөмдөрдүн суммаларын накталай акча түрүндө алуу;
5) эсептешүүлөрдү тиешелүү банктык алыш-бериш эсеби жана кредиттик-кассалык мекеме аркылуу жүргүзбөгөндүк;
6) текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттин кирешесине түшүүчү каржылык жана администрациялык санкциялардын жана башка төлөмдөрдүн суммаларынан чегерүүлөрдү алуу;
7) текшерүүнүн предметине тиешеси жок документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кылуу;
8) ишкер субъекти жөнүндө мыйзамды бузуу менен алынган маалыматтарды чогултуу, сактоо, пайдалануу жана таркатуу;
9) мыйзамда каралгандан башка учурларда, текшерүүнүн жыйынтыгында алынган, мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды ишкер субъектинин макулдугусуз таркатуу;
10) текшерүү жүргүзүү планынын жоктугу;
11) бекитилген планы жок пландуу текшерүүнү жүргүзүү;
12) пландуу текшерүүлөрдү жылына бир жолудан ашык жүргүзүү;
13) мурунку пландуу текшерүүдө камтылган иштин мезгилин боло турган пландуу текшерүүгө кошуу;
14) пландуу текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө ишкер субъектиге жазуу түрүндө билдирүүнү аткарбагандык;
15) текшерүү жөнүндө эскертүүнүн мөөнөттөрүн бузгандык;
16) пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү боюнча талаптардын бузулушу;
17) текшерүү жөнүндө мыйзамда каралган негиздерсиз, же тоголок арыздын негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү;
18) пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрүн бузуу;
19) зарылчылыгы жок учурда ишкер субъект менен байланышкан үчүнчү тараптан маалыматтарды жана/же документтердин көчүрмөлөрүн талап кылуу;
20) текшерилип жаткан ишкер субъектинин ишине тиешеси жок үчүнчү тараптан маалыматтарды жана/же документтердин көчүрмөсүн талап кылуу;
21) көзөмөлдүк текшерүүнү анын максатын бузуу менен жүргүзүү мурдагы текшерүүдө белгиленген тартип бузуулардын жоюлушун эле эмес, башка дагы кошумча маселелерди камтуу (негизги максаттын чегинен чыгуу) менен жүргүзүлсө;
22) белгиленген тартип бузууларды жоюу үчүн ишкер субъектине берилген мөөнөт аяктай электе көзөмөлдүк текшерүү жүргүзүү;
23) негизсиз - текшерилип жаткан ишкердик субъекти тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу болбосо деле кайта текшерүү жүргүзүү;
24) даттанууну кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу мөөнөттөрүн бузуу;
25) даттануу боюнча негизделбеген чечим кабыл алуу;
26) кайра текшерүү жөнүндө тапшырманы тариздөө боюнча талаптарды бузуу;
27) кайта текшерүүнү пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча жүргүзүү - кайта текшерүүгө пландуу текшерүүнүн даттанылган жыйынтыгы гана таандык;
28) текшерүү жүргүзүү тартибин бузуу;
29) ишкердик субъект Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган талаптарды аткаруусун контролдоо;
30) тартип бузуунун предметин жана маңызын ишкер субъектине түшүндүрүү боюнча милдетти аткарбагандык;
31) тартип бузууларды жоюу тууралуу билдирүүнү жөнөтүү мөөнөттөрүн бузуу;
32) контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө тартип бузууларды жойбогон фактылар аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан ишкер субъектиге мыйзамга ылайык таасир этүү чараларын аныктабагандык;
33) ишкер субъектине ар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүнүн бир эле предмети боюнча текшерүү жүргүзүү;
34) ишкер субъектин кезектеги пландуу текшерүү башталган датага карай 3 жылдан ашкан иш мезгилин текшерүүгө алуу;
35) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы болуп эсептелбеген же эскертүүдө көрсөтүлбөгөн адамдар тарабынан текшерүү жүргүзүү;
36) көрсөтмөнү толтуруу боюнча талаптарды бузуу;
37) текшерүү жүргүзүүнүн аныкталган мөөнөттөрүн бузуу;
38) текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди сотко даттанууга тоскоолдук кылуу;
39) Текшерүүнү каттоо китебине, ал жок учурда протоколго же текшерүү актыга текшерүү жөнүндө жазууну жүргүзбөө же жазууну толук эмес жүргүзүү;
40) кызмат адамы тарабынан кызматтык күбөлүгүн, текшерүү жөнүндө эскертүүнү көрсөтпөгөндүк;
41) кызмат адамынын ишкер субъектинин иш эмес убагында аймагына же жайына кириши;
42) текшерүү жөнүндө актыны түзбөгөндүк;
43) актыны белгиленген форманы бузуп түзүү (нускалардын саны, каралган маалыматтарды көрсөтпөө же толук эмес көрсөтүү);
44) актыга кошумча документтерди, анын ичинде үлгүлөрдүн (пробалардын) алынганын, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн материалдарын, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана экспертизалардын протоколдорун тиркебей коюу;
45) ишкер субъектине же анын кызмат адамына тил кат алуу менен тиркемелердин көчүрмөлөрү менен актынын бир нускасын бербөө, же тапшыруу жөнүндө билдирүү менен почта байланышы аркылуу жөнөтпөй коюу;
46) ишкер субъектине же анын кызмат адамына актыга кол коюуга жана актыга макул эместик жөнүндө жазууга мүмкүнчүлүк бербей коюу;
47) администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду түзбөй коюу же администрациялык жоопкерчилик тууралуу мыйзамда каралган тартипти бузуу менен түзүү;
48) текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөөдө мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырлар жөнүндө мыйзамда каралган талаптарды сактабагандык.
67. Ишкер субъектинин төмөнкүдөй аракеттери (аракетсиздиги) мыйзамсыз деп эсептелет:
1) мыйзамдын талаптарын тийиштүү түрдө аткарбоо;
2) текшерүү жөнүндө мыйзамдын жол-жобосуна ылайык милдеттүү болуп эсептелген маалыматтарды жана отчетту белгиленген мөөнөттө бербегендик;
3) администрациялык укук бузуу;
4) каттоодон өтпөстөн ишкердик иш жүргүзүү;
5) лицензиялануучу ишти лицензиясыз жүргүзүү;
6) мыйзамда аныкталган уруксат документтерди албастан ишкердик жүргүзүү;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылуу.
68. Ишкер субъектинин иши төмөндөгү учурларда токтотула турушу мүмкүн:
1) лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу;
2) лицензиялык иштин лицензиясы жок аткаруу;
3) ишкерлик ишин каттоосуз жүргүзүү;
4) акциздик товарларды акциздик маркасыз же жасалма акциздик маркаларды пайдалануу менен чыгаруу жана сатуу.
69. Ушул Жободо жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген "Ишкердик субъекттерине текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо менен регламенттелет.
Форма 1-тиркеме
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну текшерүү
АКТЫсы
20___-жылдын «____» __________ ______________
Актты түзгөн _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин кызмат орду)
_________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________ тарабынан
(ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
20___-жылдын «_____»___________ №_____ жазма эскертүүсүнүн негизинде берилген
_____________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________катышуусунда
(чарбакер субъекттин жооптуу адамынын аты-жөнү, жашаган жеринин дареги)
__________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
дареги боюнча жайгашкан _________________________________________________________
(текшерилүүчү объекттин аталышы)
___________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________караштуу
_____________________________________________________ дареги боюнча жашоочу
Салыктык катталган жери ____________________________ ИСН ___________________
Экономикалык ишти жүргүзүүгө укук берүүчү документтеринин болушу _____________________________________________________________
(Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн же патенттин сериясы жана номери, уруксатты ким жана качан берген)
___________________________________________________________________________
Инспектордук текшерүү китебинин болушу _____________________________________
ТЕКШЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАСЫНДА АНЫКТАЛДЫ:
1. Лицензия № _____________, 20___-ж. «____»________ 20__- ж «____»________. чейин_____________________________________________________________ берилген
(ким тарабынан берилген)
2. Иштин түрү ______________________________________________________________
3. КНС боюнча эсеп-фактуранын (коштомонун) болушу жана аларды туура тариздөө ___________________________________________________________________________
(№№, күнү, жеткирүүчүнүн аталышы, товарлардын түрлөрү, алардын саны, баасы, кызмат адамдарынын колдору, уюмдун штампы жана мөөрү)
4. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайык келүүсүн далилдеген документтердин көчүрмөлөрүнүн болушу ___________________________________________________________________________
5. Жүктүн бажы декларациясынын көчүрмөсүнүн болушу ___________________________________________________________________________
6. Акциздик маркалардын болушу жана ылайык келүүсү ___________________________________________________________________________
7. Контролдук пломбалардын болушу жана ылайык келүүсү ___________________________________________________________________________
8. Текшерүү учурунда аныкталган фактылар:_________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
9. Жооптуу сактоого убактылуу алынган, (калтырылган):_______________________ ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
10. Лабораториялык анализдерди жүргүзүү үчүн тандап алынды жана мөөр басып бекитилди: _________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
11. Текшерилүүчү ишкердик субъекттин ыйгарым укуктуу адамына жана күбөлөргө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 570 жана 575-беренелеринде каралган алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
12. Текшерүүчүлөрдүн сунушу: _______________________ дареги боюнча 20 ___-ж. «___»___________ саат ____ Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүүсүн жана жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келсин.
Төмөнкүдөй документтерди көрсөтүшү керек ____________________________________
___________________________________________________________________________
Күбөлөр:
1) аты-жөнү ________________________________________ /колу/ _________________
жашаган жеринин дареги _____________________________________________________
2) аты-жөнү ________________________________________ /колу/ _________________
жашаган жеринин дареги ____________________________________________________
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат
адамы: ____________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
_____________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
____________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Чарбакер субъекттин
жооптуу адамы _____________________________________________________________
(колу, аты-жөнү)
Актынын бир нускасын алдым: ________________________________________________
(күнү, аты-жөнү, ээлеген кызматы, колу)
Текшерүү актысы 2 нускада түзүлдү
2-тиркеме
Форма «2тиркеме
ТОСКООЛДУК КӨРСӨТҮҮ АКТЫСЫ
20_____-ж «_____»_____________ ________________________
(акт түзүлгөн жер)
Протоколду түзгөн ______________________________________________________
________________________________________________________________________
(мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин аты-жөнү, кызматы)
20___- ж. «____» _____________ № _______________ жазма эскертүүнүн негизинде
___________________________________________________ текшерүүнү жүргүзүүдө
(текшерүүнүн түрү)
_________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан
(району, көчөсү, номери)
_______________________________________________________________ караштуу
(юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)
________________________________________________________________________
(чарбакер субъекттин же соода объектинин аталышы)
текшерилүүчү объекттин аймагына жана имаратына киргизбөө, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти жүргүзүү укугун ырастоочу документтерин бербөө жолу менен тоскоолдук көрсөтүлдү.
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(чарбакер субъекттин жетекчисинин же жооптуу адамынын аты-жөнү)
________________________________________________________________________
(жашаган дареги)
Текшерилүүчү ишкердик субъекттин жооптуу адамына Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 4101-беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылуусу тууралуу эскертилди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 570 жана 575-беренелеринде каралган алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
Күбөлөр:
1) аты-жөнү _____________________________________ /колу/ __________________
________________________________________________________________________
жашаган дареги
2) аты-жөнү _____________________________________ /колу/ __________________
________________________________________________________________________
жашаган дареги
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы:
___________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
___________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Чарбакер субъекттин
жооптуу адамы: __________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Актынын көчүрмөсүн алдым:_____________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Тиркеме 3
Форма 3-тиркеме
МӨӨР БАСЫП БЕКИТҮҮ АКТЫСЫ
20____- ж. «_____»_____________ ______________________
(акт түзүлгөн жер)
Актты түзгөн _______________________________________________________________
___________________________________________________________________________
(текшерүүчүнүн аты-жөнү, кызматы)
____________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан
(району, көчөсү, номери)
__________________________________________________________________ караштуу
(юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)
_________________________________________ 20___-ж. «____»_________ № ________ жазма эскертүүнүн негизинде _________________________________________________
(чарбакер субъекттин же соода объектинин аталышы) ______________________________________________________ текшерүүнү жүргүзүүдө
(текшерүүнүн түрү)
__________________________________________________________________________
(чарбакер субъекттин жетекчисинин же жооптуу адамынын аты-жөнү)
_____________________________________ катышуусунда №____________ мөөр басып
бекитилди (пломбаланды) ________________________________________________
(жай, буюмдар)
Текшерилүүчү ишкердик субъекттин ыйгарым укуктуу адамына Кыргыз Республикасынын Кылмыш–жаза кодексинин 335-беренеси боюнча тизмелөөгө же камакка алынган же болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер боюнча жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертилди, мындан тышкары, текшерилүүчү ишкердик субъекттин ыйгарым укуктуу адамына жана күбөлөргө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 570 жана 575-беренелеринде каралган укуктар жана милдеттер түшүндүрүлдү.
Күбөлөр:
1) аты-жөнү __________________________________________ (колу)________________
___________________________________________________________________________
жашаган дареги
2) аты-жөнү __________________________________________ (колу) ________________
___________________________________________________________________________
жашаган дареги
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы:
___________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
___________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Чарбакер субъекттин
жооптуу адамы _____________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Актынын бир нускасын алдым: ________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Тиркеме 4
Форма 4-тиркеме
АКЦИЗ ТОБУНДАГЫ ТОВАРЛАРДЫ УБАКТЫЛУУ АЛУУ
АКТЫСЫ
20____-ж. «___» ___________ | _______________ |
Мен (биз) тарабынан ___________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
(текшерүүчүнүн аты-жөнү, кызматы)
чарбакер субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда: ____________________________
_____________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
___________________________________________________________________ текшерилди
(объекттин аталышы)
__________________________ аймагында ______________________________ районундагы
(шаар, облус)
_____________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан
кимге караштуу _______________________________________________________________
( чарбакер субъекттин аталышы, ишкердин аты-жөнү, жашаган дареги)
______________________________________________ району боюнча МСКБда катталган
ИСН _________________________
Текшерилүүчү ишкердик субъекттин ыйгарым укуктуу адамына жана күбөлөргө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 570 жана 575-беренелеринде каралган алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
Текшерүүнүн натыйжасында төмөнкү акциздик товарлар алынды (жооптуу сактоого калтырылды):
№ | Товардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Бирөөсүнүн баасы, сом | Суммасы | Эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
|
8 | Баардыгы |
|
|
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү дареги боюнча ___________________ _____________________________________ 20 ___ -ж., «____»________ саат ____ келсин.
Чарбакер субъекттин жооптуу адамына Кыргыз Республикасынын Кылмыш–жаза кодексинин 335-беренеси боюнча тизмелөөгө же камакка алынган же болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертилди.
Ыйгарым укуктуу органдын
кызмат адамы:_________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Чарбакер субъекттин жооптуу адамы _____________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Актынын көчүрмөсүн алдым: ___________________________________________________
(аты-жөнү, колу)