ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы №347 «Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 6 августундагы № 475 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-июну №347

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук  тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлерди сапаттуу тандоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы "Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде жана башка мамлекеттердин аскердик-окуу жайларында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик кадрларды даярдоо маселелери жөнүндө" № 460 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев