ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы №377 «Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция08.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 8-июлу №377

Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 9-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобо;

- Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү жобо.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 56 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев