Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-июлу №392
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-февралындагы 2022-жылдын № 94 , 2022-жылдын 11-мартындагы, 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренелерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого:
- 28-главада:
8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- лицензиар этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берүү маселеси боюнча лицензиялык комиссияны түзөт. Лицензиялык комиссия жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Комиссия эгерде жыйынга анын мүчөлөрүнөн кеминде үчтөн экиси катышса чечим кабыл алууга укуктуу.";
11-пункттун "а" пунктчасынын жетинчи абзацындагы "жана ликер арак азыктары" деген сөздөр алып салынсын;
12-пункттун төртүнчү абзацындагы "1 жыл" деген сөз "3 жыл" деген сөзгө алмаштырылсын.
14-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу тийиштүү лицензия берилген датадан тартып үч күндүк мөөнөттө жыйымды (акчалай төгүмдү) төлөбөө же толук эмес көлөмдө төлөө;
- алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн көлөмдөрү боюнча экономикалык болжолдун лицензиар аныктаган көрсөткүчтөрүн аткарбоо, ошондой эле өндүрүүнүн бул көлөмүнө акциз салыгынын контролдук суммасын төлөбөө".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94, 2022-жылдын 11-мартындагы токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |