Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 401
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 «Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Саламаттык сактоо системасында жарандарды социалдык коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 «Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө» токтомуна ылайык бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын иши 2012-жылга узартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 «Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында;
- бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «тез» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «шашылыш» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 5-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«- облустук деңгээлдеги стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрү (мындан ары - АДБ).»;
- 8-пункттун 2-пунктчасында:
тогузунчу-он биринчи абзацтардагы «көрсөткүчтөр боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
он экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 9- жана 10-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын;
«9. Ушул МКПнын 8-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралардан сырткары лабораториялык-диагностикалык изилдөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) дарыгердин жолдомосу болгондо акысыз:
- медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укуктары бар жарандардын категорияларынын тизмесинин (мындан ары - Тизме) I жана II бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн жарандарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдү өз алдынча төлөгөндөргө;
- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка жете элек);
- 70 жашка чейинки пенсионерлерге;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар жарандарга;
- социалдык жөлөк пул алган адамдарга;
2) баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтын толук наркын төлөө менен - калган жарандарга.
Медициналык кызматка баалардын прейскуранты саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
10. Шашылыш медициналык жардам - бейтаптарга жашоо көрсөткүчтөрү боюнча тез медициналык кийлигишүү талап кылынган акыбалда (кырсык, кокустук, уулануу, башка ооруларда жана оор акыбалында) төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрү:
- шашылыш медициналык жардам кызматы;
- менчигинин түрүнө карабай дарылоо-алдын алуучу уюмдарга кайрылганда»;
- 14-пунктта:
биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«14. АДБдагы, КДБдагы лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр ушул МКПнын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-чаралардан сырткары жана ушул МКПнын 15-пунктунда келтирилген кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо жолдомо болгондо жүргүзүлөт»;
2-пунктча күчүн жоготту деп табылсын;
- 17-пунктта:
2-пунктчанын бешинчи-жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
3-пунктча төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- пландуу стационардык дарылоого бир жылда үчүнчү жана андан көп жолу түшкөн, Тизменин I бөлүмүндө көрсөтүлгөн (5 жашка чейинки балдарды кошпогондо) жарандарга;».
- 28-пункт «ҮМБнын» деген аббревиатурадан кийин «жана ЖДПБнын» деген сөз жана аббревиатура менен толукталсын.
- 29-пунктта:
үчүнчү абзацтагы «5 жашка чейинки» деген сөз жана сан алып салынсын;
төртүнчү абзацта «5» деген сан «толук 8» деген сөз жана санга алмаштырылсын;
- 32-пункттун экинчи абзацында жана 33-пунктта «тез/»деген сөз алып салынсын;
- 35-пунктта «мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору» деген сөздөр алып салынсын.
- 38-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«Гемофилия менен ооруган 16 жашка чейинки балдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан амбулаториялык деңгээлде ҮМБ/ҮДТ, ЖДПБ аркылуу 3-тиркемеде көрсөтүлгөн берүү нормаларына ылайык VIII, IX кан факторлорунун концентраттары менен акысыз камсыз кылынат.
Керектөө эсепке турган бейтаптардын санына жана белгиленген нормаларга ылайык аныкталат. Кан факторлорунун концентраттарын бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо уюмдары берген өтүнмөлөргө, бейтаптардын арыздарына ылайык жүргүзөт.
Гемофилия менен ооруган бейтап балдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын стационардык бөлүмдөрү аркылуу берүүгө уруксат берилет
- 42-пунктта «39 жана 40» сандары «40 жана 41» сандарына алмаштырылсын;
- 43-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«43. 40, 41-пункттарда көрсөтүлгөн жеңилдиктер категорияларынын рецепттерин жазып берүү, дары-дармек каражаттарын берүү жана аларга төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.»;
- 1-тиркемеде:
1-бөлүктүн 16-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«16. Курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялы; ата-энеси (атасы, энеси) пенсиялык куракка жеткенде, эгерде курман болгон же дайынсыз жоголгон үйлөнбөгөн/күйөөгө чыкпаган болсо; он сегиз жашка чейинки өзүнүн балдары жана асырап алган балдары), ошондой эле 6-апрелде Талас облусунда, 7-апрелде Бишкек шаарында, 13-14-майда Жалал-Абад шаарында жана 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары аларды тастыктаган документтери болгондо.»;
II бөлүмдө:
16-пункттагы «чума, холера,» деген сөздөр алып салынсын;
6, 10, 15, 19-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- 3-тиркемедеги Айрым оорулар учурунда жеңилдетилген шартта дарыканалар аркылуу дары-дармек каражаттарын берүү нормалары ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төмөнкүлөрдү контролдоону камсыздашсын:
- стационардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдары түшкөн бюджеттик каражаттардын жалпы көлөмүнөн 10 пайыздан кем эмес каражаттарды дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга колдонууну;
- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жана калктын кошумча төлөө каражаттарынан жүргүзүлгөн сатып алуулардын толук көлөмүндө калкка диагностикалык жана медициналык жардам көрсөтүүгө дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды колдонууну;
- иштин жыйынтыгы боюнча толук көлөмдө каржылоо болгон шартта саламаттык сактоо уюмдары жыл аягында кредиттик карызды болтурбоону.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
Бирдиктүү төлөө системасында иштеген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм деңгээли
Кошумча төлөмдүн түрлөрү | Стационарлар, республикалыкты кошпогондо (сом) | Республикалык стационарлар (сом) | ||
Терапиялык профилдеги кошумча төлөм | Ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо | Минимум деңгээл | 330 | 330 |
Орточо деңгээл | 840 | 1160 | ||
Максимум деңгээл | 2370 | 2700 | ||
Жолдомосуз | 6410 | 7390 | ||
Хирургиялык профилдеги кошумча төлөм | Ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо | Минимум деңгээл | 430 | 430 |
Орточо деңгээл | 1090 | 1510 | ||
Максимум деңгээл | 3080 | 3510 | ||
Жолдомосуз | 8330 | 9600 | ||
2-тиркеме
Айрым оорулар учурунда жеңилдетилген шартта дарыканалар аркылуу дары-дармек каражаттарын берүү нормалары
Оорунун аталышы | Дары-дармек каражатынын аталышы | Жылына 1 бейтапка берүү нормасы |
Терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар | 1. Кетопрофен, саюу үчүн ампулалар | 36000 мг |
2. Тримеперидин гидрохлориди, саюу үчүн ампулалар | 480& мг | |
же морфин гидрохлориди, саюу үчүн ампулалар | 3000 мг | |
же трамадол, саюу үчүн ампула | 36000 мг | |
Психикалык бузулушу бар бейтаптар (талма, шизофрения, аффективдик бузулуулар) | 1. Галоперидол, таблетка, саюу үчүн ампулалар | 2100 мг |
2. Тригексифенидил, таблетка | 720 мг | |
3. Клозапин, таблетка | 9000 мг | |
же хлорпромазин, таблетка | 9000 мг | |
4. Амитриптилин, таблетка | 13 500 мг | |
5. Клоназепам, таблетка | 360 мг | |
6. Фенобарбитал, таблетка | 21000 мг | |
же карбамазепин, таблетка | 108000 мг | |
Бронхалык астма | 1. Сальбутамол, ингаляция үчүн аэрозоль | 80 мг |
2. Бекламетазон, ингаляция үчүн аэрозоль | 60/150 мг | |
3. Преднизолон, таблетка | 3600 мг |