Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 572
2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин туруктуу иштөөсүн камсыздоо, анын потенциалын жогорулатуу жана республиканын экономика, коргонуу тармактарын жана калкты гидрометеорологиялык жактан камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программасы;
- 2011- 2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Программаны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигине жыл сайын республикалык бюджеттен акча каражатын (баалардын индексацияланышын эске алуу менен) бөлүүнү карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 572 токтому менен бекитилген |
Жалпы жоболор
Аба-ырайы, климат жана суу ресурстары Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет. Кыргызстандын аймагынын 80 пайыздан ашыгы сел коркунучу, 42 пайызга жакыны көчкү түшүү коркунучу бар тилкелерге туура келет, өлкөнүн түштүгүндө көпчүлүк учурда гидрометеорологиялык процесстер (мол жааган жаан, кар, абанын жогорку температурасы) менен байланышкан жер көчкүлөр жылыга активдешүүдө.
Ушуга байланыштуу, мамлекеттик башкаруу органдары, экономика тармактары жана калк табигый кырсыктарга жана аномалдуу аба-ырайы-климаттык шарттарга убагында даярдык көрүшү үчүн колдонулуучу гидрометеорологиялык так байкоолор жана болжолдоолор, кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндө алдын ала эскертүүлөр чоң мааниге ээ болот. Алардын керектүү маалыматка ээ болуусу өмүрдү жана мүлктү, ресурстарды, айлана-чөйрөнү сактоого, социалдык-экономикалык жоготууларды болтурбоо же азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
БУУнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун эксперттеринин маалыматы боюнча гидрометеорологиялык кызматтардын экономикалык натыйжалуулугу аларды кармоого жылдык сарптоолордон 10-15 эсе ашат. Кыргыз Республикасында экономикалык натыйжа, анын ичинде экономиканын түрдүү тармагындагы (транспорт, энергетика, айыл жана суу чарбасы ж.б.) экономикалык натыйжадагы гидрометеорологиялык продукцияны алууга кеткен сарптоодон кыйла жогору.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги (мындан ары - Кыргызгидромет) өлкөнүн мамлекеттик башкаруу органдарына, экономикалык секторго жана калкка коопсуздукту, тынчтыкты жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн метеорологиялык жана гидрологиялык маалыматтарды, күтүлүүчү табигый гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндө эскертүүлөрдү толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.
1. Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиялык иштердин абалы
Кыргызгидрометти акыркы жыйырма жылда жетишсиз жана үзгүлтүк менен каржылоо техникалык жана кадрлык дареметин кыйла төмөндөттү, байкоо тармагы кыскарды, ошондуктан Кыргызгидромет өзүнүн функциясын толук аткара албай калды: сел жүрүүчү аймактарга, суу ташкындарына, кар көчкүлөрүнө, бийик тоодогу көлдөргө, мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү, атмосферага зонддорду учуруу үзгүлтүккө учурады, болжолдорду түзүүдө заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошондуктан шашылыш эскертүүлөр болоор жери такталбай фондук мүнөзгө ээ болуп, болжолдоолор баардык убакта эле керектүү тактыкта болбойт.
Кыргызгидрометтин потенциалын жогорулатуу гидрометеорологиялык табигый кубулуштардан экономикалык жоготууларды кыскартууга алып келет.
2. Программанын максаты жана милдети
2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программасы (мындан ары - Программа) бийлик органдарын, экономика тармактарын, калкты гидрометеорологиялык маалыматтар жана курчап турган чөйрөнүн булгануусу жөнүндө маалыматтар менен толук жана сапаттуу гидрометеорологиялык камсыздоо максатында, идрометеорология жана ага тутумдаш тармактар (метеорология, климатология, агрометеорология, гидрология), айлана-чөйрөнүн мониторинги, анын булгануусу, жаратылыштын коркунучтуу кубулуштары жаатындагы ишин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана Кыргызгидрометтин техникалык жана технологиялык базасын күчтөндүрүүгө багытталган.
Программанын максатына жетиш үчүн айлана-чөйрөнүн абалы жана анын булгануусу жөнүндө маалыматтарды алуунун, маалыматтарды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуунун, аларды топтоонун жана архивдештирүүнүн, ошондой эле, маалымат продукциясын түзүүнүн жана аны керектөөчүлөргө жеткирүүнүн бири-бири менен тыкыс байланышкан тутумунун баардык элементтерин жаңылоо, техникалык кайра жабдуу жана заманбап дүйнөлүк технологиялык деңгээлге чыгаруу маселелерин чечүү зарыл. Мындан башка гидрометеорологиялык кызматтын ишин институттук өнүктүрүү, илимий-усулдук жана кадрлык камсыздоосун өркүндөтүү жана ушул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелерин чечүү маанилүү.
Программанын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматын институттук чыңдоо, анын кадрлык жана финансалык туруктуулугун жогорулатуу;
- табигый жана коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндө өз убагында эскертүүнү камсыздоо жана суу ресурстарын башкаруу кызыкчылыгында гидрометеорологиялык мониторинг тутумун өркүндөтүү;
- айлана-чөйрөнүн жана анын булгануусун мониторингдөө тутумун өркүндөтүү;
- кызмат көрсөтүү тутумун жакшыртуу.
Программаны турмушка ашыруу максатында аны турмушка ашыруу боюнча иш-чаралар Планы бекитилген.
Программаны турмушка ашыруу боюнча Пландын максаттары жана милдеттери калкты жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо, жаратылыш чөйрөсүн сактоо жана коргоо, аба-ырайынан көз каранды болгон экономикалык тармактардын (суу жана айыл чарбасы, транспорт, энергетика жана башка тармактар) ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну маалыматтык камсыздоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 25 «2011-2013 жылдарда Кыргаз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө» токтомуна ылайык келет.
3. Программаны турмушка ашыруу боюнча негизги иш-чаралар
Коюлган милдеттерге жетүү үчүн төмөнкү маанилүү иш-чараларды аткаруу зарыл:
1. Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык ишти институттук бекемдөө үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- Гидрометеорология ишин өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу;
- Кыргызгидрометтин ченемдик-укуктук жана усулдук базасын оптималдаштырууну ишке ашыруу;
- гидрометеорологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу.
2. Кыргызгидрометтин кадрлык жана финансылык туруктуулугун жогорулатуу үчүн кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тутумунун техникалык жана окуу-усулдук базасын бекемдөө керек.
3. Учурдагы талапка жооп бере турган гидрометеорологиялык байкоолордун жер бетиндеги тутумун түзүү үчүн төмөнкү иш-чараларды аткаруу керек:
- метеорологиялык байкоо тармагын калыбына келтирүү жана техникалык кайра жабдуу;
- гидрологиялык тармактын маанилүү байкоо пункттарын калыбына келтирүү жана гидрологиялык багыттагы жабдууларды орнотуу;
- агрометеорологиялык байкоолорду жакшыртуу;
- кар көчкү байкоо тармагын калыбына келтирүү;
- Чаткал жана Чаек метеорологиялык станцияларында кызматтык-турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу;
- Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолундагы Чапчыма жана Бишкек-Торугарт автожолундагы Долон ашууларынын аймактарына эки кар көчкү станцияларын уюштуруу;
- байкоо тармаганын, биринчи кезекте бийик тоолордогу станциялардын иштешин камсыздоо үчүн жогорку өтүмдүү автотранспорт каражаттарын алуу;
- стационардык жана мобилдик текшергич комплектилерин алууну кошкондо, метрологиялык жана техникалык колдоо борборун түзүү.
4. Азыркы талапка жооп берүүчү курчап турган чөйрөнүн булгануусунун мониторинг тутумун түзүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
- Кыргызгидрометтин иштеп жаткан байкоо пункттарын жана лабораторияларын техникалык кайра жабдуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- атмосфералык абанын булгануусуна байкоо жүргүзүүчү ПОСТ тибиндеги комплекстүү лабораторияны алуу жана орнотуу;
- жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусуна байкоо жүргүзүүчү башкармалык үчүн лабораториялык корпус долбоорлоо жана куруу;
- Ысык-Көлдө гидрологиялык жана гидрохимиялык сүрөткө тартуу иштерин аткаруу максатында эки илимий-изилдөө кемесин оңдоо.
5. Кыргызгидрометтин маалыматык-технологиялык базасын бекемдөө үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
- гидрометеорологиялык маалыматты кабыл алуучу башкы борборду жана облусттук борборлорду жаңылоо;
- гидрометеорология боюнча облустук борборлордун жана Кыргызгидрометти Архивдештирүү үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча Гидрометеорологиялык борборунун технологиялык базасын чыңдоо;
- Кыргызгидрометтин Гидрометеорологиялык борборунда маалыматтарды иштеп чыгуу тутумун ишке киргизүү;
- тоо сууларынын агымынын узак мөөнөттүү автоматташтырылган болжолдоо тутумунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
6. Керектөөчүлөрдү гидрометеорологиялык камсыздоо тутумун жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- керектөөчүлөрдү жана потенциалдуу өнөктөштөрдү Кыргызгидромет менен өз ара иштешүүгө тартуу;
- байкоонун маалыматтарына жана маалымат продукцияларына керектөөчүлөрдүн кеңири жетүүсүн камсыздоо;
- климаттык өзгөрүүлөрдү баалоо үчүн анын ичинде архивдик маалыматтарга тез жетүүнү камсыздоо жана гидрометеорологиялык маалыматтар менен тейлөө үчүн технологиялык мүмкүнчүлүктү түзүү, улуттук климат кызматын өркүндөтүү.
4. Программаны финансылык камсыздоо жана ишке ашыруу механизми
Программаны каржылоонун негизги булагы эл аралык уюмдардын каражаттары болуп саналат.
Гидрометеорология тармагында жана ага тутумдаш тармактарда ишти өнүктүрүүдөгү өзгөчө татаалдыкты жана көп максаттуу багытталгандыгын эске алуу менен, Программаны ишке ашыруу мөөнөтүн 2 этапка бөлүү сунушталууда: биринчи этап - 2011-2013-жылдар; экинчи этап - 2014-2015- жылдар.
Биринчи этаптагы негизги милдеттер Рават жана Долон кар көчкү станцияларын ишке киргизүү, иштеп жаткан мамлекеттик байкоо тармагын, эсептөөчү каражаттарды, архивдештирүү каражаттарын жана байланыш тутумун жаңылоо болуп саналат. Гидрометеорологиялык борбор (Бишкек ш.), облусттук гидрометеорологиялык борборлор (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Каракол ш.), жаратылыш чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгы жана байланыш жана маалымат башкармалыгы жаңылоонун башкы объектилери болуп саналат.
Экинчи этапта Чаткал жана Чаек метеорологиялык станцияларындагы кызматтык турак үйлөрдүн курулушун аяктоо, лабораториялык комплексти куруу, кызматкерлерди жаңы өлчөөчү приборлор жана жабдуулар менен иштөөгө окутуу зарыл.
2011-ж. бюджети 7,4 млн. АКШ долл. болгон Дүйнөлүк банктын «Кыргызстандагы аба-ырайы, климат жана суу ресурстары менен байланышкан кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү» долбоорун ишке ашырууну баштоо болжолдонууда. Анын ичинен 282 млн. сомду же 6 млн. АКШ долларын Программаны ишке ашырууга, 65800 миң сомду же 1,4 млн. АКШ долларын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «КРнын Өзгөчө кырдаалдар министлигинин болжолдоо, алдын алуу, ыкчам чара көрүү тутумун жана эрте кабарлоо тутумун жакшыртуу» компонентин ишке ашыруу пландалууда.
5. Тобокелдиктерди баалоо
Программаны ишке ашыруу, пландалган жыйынтыктарга жетүүгө тоскоол боло турган тобокелдиктер менен байланышкан. Мындай тобокелдиктерге төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
- экономиканын өсүү темпинин жана инвестициялык активдүүлүктүн деңгээлинин төмөндөөсү, ошондой эле банк тутумундагы каатчылык жана бюджеттин тартыштыгынын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланышкан макроэкономикалык тобокелдиктер. Бул тобокелдиктер байкоо тутумун жаңылоо, маалыматтарды иштеп чыгуу, аларды берүү, топтоо жана архивдөө тутумунун иштешин камсыз кылуучу эсептөөчү жана телекоммуникациялык каражаттарды өнүктүрүү, ошондой эле болжолдоолор тутуму боюнча пландарды ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн;
- башкаруу тутумунун өркүндөтүлбөгөндүгү, Программаны жеткиликсиз техникалык, финансылык жана ченемдик укуктук колдоо менен байланышкан операциялык тобокелдиктер. Бул тобокелдиктер иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүн жана пландалган жыйынтыктарга жетүүнүн бузулуусуна алып келиши мүмкүн;
- гидрометеорология тармагы жана ага тутумдаш тармактарда эл аралык мамилелердин начарлоо тобокелдиктери. Бул тобокелдиктер, эл аралык алмашуудан алынган маалыматтардын көлөмүнүн кескин түрдө кыскарышына алып келиши мүмкүн;
- ири техногендик же экологиялык кырсыктын пайда болушуна байланышкан техногендик жана экологиялык тобокелдиктер. Бул тобокелдиктер олуттуу кошумча финансылык чыгымды талап кылышы мүмкүн жана гидрометеорологиялык камсыздоо тутумун өнүктүрүүдөн каражатты алагды кылууга алып келет.
Кыйыр кесепеттердин ичинен инвестициялык жагымдуулуктун жана аба-ырайынан көз каранды экономика секторлорунда иштеген уюмдар, кредиттик уюмдар жана эл аралык финансы институттары тарабынан гидрометеорологиялык кызматтын ишине ишеним рейтингинин төмөндөшүн күтүүгө болот.
6. Программаны мониторинг кылуу жана ишке ашырууну контролдоо
Стратегиялык максатка жетүү жана Программаны аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, аны аткаруунун мониторинг тутуму түзүлөт, ал төмөнкүлөрдү болжолдойт:
- Программаны ишке ашыруунун ар бир этабы үчүн пландалган көрсөткүчтөргө жетишүүнү эске алуу менен иш-чаралардын планын түзүүнү;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү артыкчылыктары менен анын шайкеш келүүсүн камсыздоо максатында Программанын жоболоруна оңдоо киргизүүнү;
- иш-чараларды аткаруучулардын отчёт тутумдарын түзүүнү кошкондо Программаны ишке ашыруу мониторингинин механизмин түзүүнү.
Программаны ишке ашыруу иш-чараларынын планын аткаруу үчүн жооптуу болгон, мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ишинин белгиленген чөйрөсүндөгү ыйгарым укугуна ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары, иш-чаралардын аткарылышына жана максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү, көйгөйлөр жана тобокелдиктер жөнүндө, ошондой эле аларга байланышкан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө отчёт берүүгө жеке жоопкерчилик жүктөлгөн кызмат адамдарынынын тизмесин аныктайт.
Акыркы натыйжаларга жетишүү, иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн сактоо, бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалуу Программаны аткаруунун негизги критерийлери болуп саналат.
| Кыргыз Республикасыныу Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 572 токтому менен бекитилген |
№ | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Наркын баалоо (миң сом) | Каржылоо булагы | Аткаруу мөөнөтү | |
Кыргызгидрометти институттук бекемдөө, анын кадрлык жана финансылык туруктуулугун жогорулатуу | ||||||
Институттук бекемдөө | ||||||
1. | Кыргызгидрометтин өнүгүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу | Кыргызгидромет | 3290 | Дүйнөлүк банк долбоору* | 2011-2012-ж. | |
2. | Гидрометеорологиялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | Кыргызгидромет | 4700 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2011-2013-ж. | |
3. | Кыргызгидрометте институттук жана технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алган ченемдик укуктук жана усулдук базаны оптималдаштыруу (Колдонмолорду, нускамаларды, насааттарды ж.б. иштеп чыгуу) | Кыргызгидромет | 3760 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
Кыргызгидрометтин кадрлык жана финансылык туруктуулугун жогорулатуу | ||||||
4. | Кыргызгидрометтин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо тутумунун техникалык жана окуу-усулдук базасын чыңдоо. | Кыргызгидромет | 11280 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
5. | Кыргызгидрометгин кызматкерлерин окутуу жана логистикалык колдоо | Кыргызгидромет | 11750 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
6. | Жеке консултанттарды тартуу | Кыргызгидромет | 4935 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
Табигый жана коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндө өз убагында эскертүүнү жана суу ресурстарын башкарууну камсыздоо кызыкчылыгында гидрометеорлогиялык мониторинг жана курчап турган чөйрөнүн булгануусунун мониторинг тугумун өркүндөтүү | ||||||
Байкоо тармагын техникалык кайра жабдуу | ||||||
7. | Гидрологиялык тармактын маанилүү байкоо пункттарын калыбына келтирүү жана гидрологиялык багыттагы жабдууларды орнотуу | Кыргызгидромет | 46060 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
8. | Метеорологиялык байкоо тармагын калыбына келтирүү жана техникалык кайра жабдуу | Кыргызгидромет | 65800 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
9. | Чаткал жана Чаек метеостанцияларындагы кызматтык турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу | Финмин, Кыргызгидромет | 28000 | Республикалык бюджет | 2012-2015-ж. | |
10. | Агрометеорологиялык байкоолорду калыбына келтирүү | Кыргызгидромет | 10810 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
11. | Байкоо тармагынын, биринчи кезекте бийик тоолордогу станциялардын иштешин камсыздоо үчүн жогорку өтүмдүү автранспорт каражаттарын алуу | Кыргызгидромет | 7520 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
12. | Кар көчкү байкоо тармагын калыбына келтирүү | Кыргызгидромет | 8460 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
13. | Ала-Бука - Каныш-Кыя жолундагы Чапчама жана Бишкек - Торугарт жолундагы Долон ашууларынын аймактарына кар көчкү станцияларын ачуу | Финмин, Кыргызгидромет, | 31349 | Республикалык бюджет | 2011-2013-ж. | |
14. | Рават жана Долон кар көчкү станцияларын кармоо (1000 миң сом /жылына бир станцияга) | Финмин, Кыргызгидромет | 8000 | Республикалык бюджет | 2012-2015-ж. | |
15. | Курчап турган чөйрөнүн булгануусунун мониторинг тутумун техникалык кайра жабдуу (атмосфералык абанын жана жер бетиндеги суулардын булгануусунун мониторинги үчүн өлчөөчү приборлорду жана жабдууларды алуу) | Финмин, Кыргызгадромет | 18285 | Республикалык бюджет | 2014-2015-ж. | |
16. | Атмосфералык абанын булгануусуна байкоо жүргүзүүчү ПОСТ тибиндеги комплестүү лабораториясын алуу жана орнотуу | Финимин, Кыргызгидромет | 5000 | Республикалык бюджет | 2015-ж. | |
17. | Курчап турган чөйрөнүн булгануусуна байкоо жүргүзүүчү башкармалыктын лабораториялык корпусун долбоорлоо жана куруу | Финмин, Кыргызгидромет | 30000 | Республикалык бюджет | 2012-2015-ж. | |
18. | Ысык-Көлдөгү эки илим-изилдөө кемелерин оңдоо | Фимин, Кыргызгидромет | 250 | Республикалык бюджет | 2011-ж. | |
19. | Ысык-Көлде гидрологиялык жана гидрохимиялык сүрөткө тартуу (1000 миң сом/бир жылга) | Финмин, Кыргызгидромет | 5000 | Республикалык бюджет | 2012-2015-ж. | |
20. | Стационардык жана мобилдик текшерүү комплекттерин алууну кошкондо улуттук метрологиялык жана техникалык колдоо борборун түзүү | Кыргызгидромет | 17390 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
Кыргызгидрометтин мааалымат-технологиялык базасын чыңдоо | ||||||
21. | Метеорологиялык мааалыматтарды кабыл алуучу башкы борборду жана облусттук борборлорду модернизациялоо | Кыргызгидромет | 7520 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж | |
22. | Архивдештирүү үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча облусттук ГМБ жана Гидрометборбордун технологиялык базаларын чыңдоо | Кыргызгидромет | 4230 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
23. | Гидрометборбордо маалыматтарды иштеп чыгуу тутумун кийирүү | Кыргызгидромет | 8460 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2015-ж. | |
24. | Агымды узак мөөнөттүү болжолдоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | Кыргызгидромет | 2350 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2012-2013-ж. | |
Кызмат көрсөтүү тутумун жакшыртуу | ||||||
Керектөөчүлөрдү гидрометеорологиялык камсыздоо тутумун жакшыртуу | ||||||
25. | Керектөөчүлөр жана потенциалдуу өнөктөштөрдү Кыргызгидромет менен өз ара аракеттенүүгө тартуу | Кыргызгидромет | 2820 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
26. | Архивдик маалыматтарды кошкондо, байкоолордун маалыматтарына жана маалыматтык продукцияларга ички жана сырткы керектөөчүлөрдүн кеңири жетүүсүн камсыздоо | Кыргызгидромет | 11750 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
27. | Архивдик маалыматтарга тез жетүүнү камсыздоо жана гидрометеорологиялык маалыматтар менен тейлөөнү кошкондо, климаттык өзгөрүүлөрдү баалоо үчүн технологиялык мүмкүнчүлүктү түзүү | Кыргызгидромет | 23500 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
28. | Улуттук климат кызматын өркүндөтүү | Кыргызгидромет | 3290 | Дүйнөлүк банк долбоору | 2014-2015-ж. | |
Дүйнөлүк банк долбоорунан алынган каражат | 259675 |
|
| |||
Республикалык бюджеттен алынган каражат | 125884 |
|
| |||
Жыйынтыгы: | 385559 |
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: *Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасында метеорологиялык, климаттык жана гидрологиялык тейлөөнү жакшыртуу» долбоору.