Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 574
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын кызматкерлеринин кийимдеринин формасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын туусу жана символикасы жөнүндө жободо:
VI бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«VI бөлүк. Погондор жана аларга айырмалоочу белгилер
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жогорку жетекчилик курамынын погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, эни кочкул көк түстөгү галун (кездеме) менен капталган, энинин ортосунан алтын түстүү текстураланган жиптен тилке өтөт.
Погондордо диаметри 22 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат, погондордон үстүнкү жагында формалык топчу жайгашкан.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жогорку жетекчилик курамынын көйнөктөрүнүн, пуловеринин, парка күрмөсүнүн, атайын кийимдеринин погондору (фальшпогондору) - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй (ак түстөгү көйнөктөр үчүн - түсү ак), алтын түсүндө атайын өрүлгөн.
Погондордо диаметри 22 мм болгон алтын (коргоочу) түстөгү сайма беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат.
3. Жылдыздар погондун узунунан кеткен ок сызыгында жайгашкан. Погондордогу жылдыздардын саны:
а) бажы кызматынын генерал-лейтенанты - эки;
б) бажы кызматынын генерал-майору - бир.
4. Улук жана орто жетекчилик курамдын погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, эни кочкул көк түстөгү галун (кездеме) менен капталган, орто жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү бир тилкеси бар, улук жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү эки тилкеси бар.
Погондордо даиметри 22 мм жана 14 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз, жогорку жагында үстүнөн Күндүн нуру менен алкакталган түндүктүн фонунда бүркүт түшүрүлгөн эмблема жана формалык топчу жайгаштырылган.
5. Улук жана орто жетекчилик курамдын көйнөктөрүнүн, пуловеринин, парха күрмөсүнүн, поло футболкасынын жана атайын кийимдеринин погондору (фальшпогондору) - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй (ак түстөгү көйнөктөр үчүн - түсү ак), орто жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү бир тилкеси бар, улук жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү эки тилкеси бар.
Погондордо (фальшпогондордо) диаметри 22 жана 14 мм болгон алтын (коргоочу) түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат. Погондордогу (фальшпогондордогу) жылдыздардын саны атайын наамга туура келет.
6. Кенже жетекчилик курамдын погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө кочкул көк түстөгү галун (кездеме) менен капталган.
Погондордо айырмалоочу белгилердин жайгашуусу:
а) улук прапорщик - диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу үч жылдыз;
б) прапорщик - диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу эки жылдыз;
в) старшина - эки тик бурчтуу алтын түстүү тилке - бирөөнүн эни жазы жана экинчисинин эни ичке. Тилкенин жазылыгы: жазы - 20 мм, ичке - 10 мм. Ичке тилке жазы тилкенин үстүндө 2 мм аралыкта жайгашкан;
г) улук сержант - бир тик бурчтуу алтын түстөгү, жазылыгы 20 мм. тилке;
д) сержант - үч тик бурчтуу алтын түстөгү, жазылыгы 10 мм. тилке. Тилкелердин ортосундагы аралык 2 мм;
е) кенже сержант - эки тик бурчтуу алтын түстөгү, жазылыгы 10 мм. тилке. Тилкелердин ортосундагы аралык 2 мм;
ж) ефрейтор - бир тик бурчтуу алтын түстөгү, жазылыгы 10 мм. тилке. Погондордун жогорку жагында үстүнөн күндүн нуру менен алкакталган түндүктүн фонунда бүркүт түшүрүлгөн эмблема жана формалык топчу жайгаштырылган.
Погондун төмөнкү четинен тилкенин төмөнкү четине чейинки аралыгы 30 мм.
7. Кенже жетекчилик курамдын көйнөктөрүнүн, пуловеринин, парка күрмөсүнүн, поло футболкасынын жана атайын кийимдеринин погондору (фальшпогондору) - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй (ак түстөгү көйнөктөр үчүн - түсү ак).
Погондордо диаметри 14 мм болгон алтын (коргоочу) түстөгү беш бурчтуу жылдыз, жазылыгы 10 жана 20 мм тилкелер жайгаштырылат.»;
- VII бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Жогорку, улук, орто жана кенже жетекчилик курамдын погондорунда жылдыздар төмөнкүдөй тартипте жайгаштырылат:
Атайын наам | Погондордогу Жылдыздардын саны | Жылдыздар-дын диаметри (мм) | Погондордун төмөнкү четинин биринчи жылдыздын борборуна чейинки аралык (мм) | Погондо узата жайгашкан жылдыздардын борборлорунун ортосундагы аралык (мм) | Погондун төмөнкү четинен эмблеманын борборуна чейинки аралык (мм) |
Генерал-лейтенант | 2 | 22 | 25 | 25 | - |
Генерал-майор | 1 | 22 | 50 | - | - |
Полковник | 3 | 22 | 30 | 25 | 100 |
Подполковник | 2 | 22 | 30 | - | 100 |
Майор | 1 | 22 | 45 | - | 100 |
Капитан | 4 | 14 | 30 | 25 | 100 |
Улук лейтенант | 3 | 14 | 30 | 25 | 100 |
Лейтенант | 2 | 14 | 30 | - | 100 |
Кенже лейтенант | 1 | 14 | 45 | - | 100 |
Улук прапорщик | 3 | 14 | 30 | 30 | 100 |
Прапорщик | 2 | 14 | 30 | 40 | 100 |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
| «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобо
Жалпы жоболор
1. Аттестацияланган кызмат адамдары ыйгарылган атайын наамдарына ылайык формалык кийим кийип жүрүүгө укуктуу.
2. Кийимдин формалары төмөнкүчө белгиленет:
1) өкүлдүк;
2) күндөлүк кийилүүчү;
3) атайын.
Форманын ар бир түрү кышкы жана жайкы болуп бөлүнөт.
3. Формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
1) өкүлдүк форма - майрам күндөрүндө, салтанаттуу жыйындарда, расмий кабыл алууларга катышууда;
2) күндөлүк кийилүүчү форма - кызматтык милдеттерди аткарууда;
3) атайын форма - талаа шарттарында сабак өтүүдө, бажы постторунда кызматтык милдеттерин аткарууда.
4. Тыюу салынат:
1) кийимдин формасынын өзгөртүлгөн же аныкталбаган үлгүдөгү предметтерин кийип (тагып) жүрүүгө;
2) формалык кийимдин предметтерин жарандык кийимдин предметтери менен аралаш кийүүгө.
5. Формалык кийимди кийип жүрүү эрежесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары - Бажы кызматы) төрагасы белгилейт.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийим жана бут кийим предметтеринин сүрөттөлүшү
1. Жогорку жетекчилик курам үчүн
6. Жүн кездемеден тигилген фуражка
Жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстүү (өкүлдүк форма үчүн болот түстүү), жашыл түстүү кыюусу бар, лавр бутакчалары түрүндө алтын түстүү жип менен тигилген кокардалуу фуражка. Фуражканын төбөсүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (мындан ары - Мамлекеттик герб) түшүрүлгөн эмблема алтын түстүү жип менен тигилген, үстүнөн лакталган тери менен капталган (өкүлдүк форманын фуражкасынын кырбуусу - териден тигилген), астынан - замша (жүн кездеме) менен капталган кырбоосу бар.
Кырбуунун үстүндөгү алкакка алтын түстүү өрүлгөн боо формалык эки топчуга кадалат. Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү, топчунун диаметри 13 мм.
7. Кулакчындуу тумак
Кулакчындуу тумак каракүлдөн жасалган, алдында, кырбуунун борборунда лавр бутакчалары түрүндө тигилген алтын түстүү кокарда жайгашат.
8. Өкүлчүлүк мундири
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар алты топчуга топчулана турган эки борттуу, болот түсүндөгү диагоналдуу өрүмдөгү жүн костюм кездемесинен (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджактыкындай, өлчөмү орто, орточо раскепи
менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн, Бажы кызматынын
айырмалоочу белгилери менен кооздолгон.
Алдында, сандын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, кооз формалуу, бурчтары бир аз тегеректелген капкалдырыктуу 20-22 см болгон каптама жан чөнтөктөр жайгашкан, чөнтөктүн ортосунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү детал тигилет.
Учасы классикалык түрдө бычылган, борбордук тигиш, капталдагы тигиштердин аягы тилик менен бүтөт.
Жеңдери орнотулма, жогорку жана төмөнкү деталдары бар эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон төрт топчуга топчулана турган тилик менен бүтөт.
Жеңдин төмөн жагы бүгүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган.
Каптама чөнтөктөрдө жана капкалдырыктарда жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жеңде шеврондор жайгаштырылат.
Шым болот түсүндөгү жүн кездемеден (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген, темир илгич жана топчу топчулана турган кайып тигилген кашаты бар. Кашаты ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыктуу чөнтөк салынган. Каптал тигишине чөнтөктөр жана кыюу салынган, кыюунун эки жагында жашыл түстөгү лампастар тигилген. Шымдын алдыңкы астары ичтелген.
9. Күндөлүк кийилүүчү китель
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч топчуга топчулана турган бир борттуу, кочкул көк түстөгү диагоналдуу өрүмдөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген китель. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджактыкындай, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн, Бажы кызматынын айырмалоочу белгилери менен кооздолгон.
Кителдин өңүрүндө Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, бурчтары бир аз тегеректелген кооздолгон капкалдырыктары бар каптама төш чөнтөктөр жайгаштырылган, борборунан жазылыгы 3 см болгон декоративдүү деталь тигилет. Сандардын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган ошондой эле кооздолгон капкалдырыктары бар 20-22 см болгон каптама жан чөнтөктөр жайгаштырылган, борборунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталь тигилет.
Учасы классикалык түрдө бычылган, борбордук тигиши, капталдагы тигиштер тилик менен аяктайт.
Жеңдери орнотулма, жогорку жана төмөнкү деталдары бар эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон төрт топчуга топчулана турган тилик менен бүтөт. Жеңдин төмөн жагы бүгүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган.
Бардык каптама деталдарда, жаканын четинде жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жеңде шеврондор жайгаштырылат.
Шым кочкул көк түстөгү жүн кездемеден (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген, темир илгич жана топчу топчулана турган кайып тигилген кашаты бар. Кашаты ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыктуу чөнтөк салынган. Каптал тигишине чөнтөктөр жана кыюу салынган, кыюунун эки жагында жашыл түстөгү лампастар тигилген. Шымдын алдыңкы астары ичтелген.
10. Пуловер
Мойну V - түрүндө, тегерек ачык, көрүнүшү түз, кочкул көк түстүү, узундугу санга чейин келген, ведомстволук формалык кийимдин тонундай, тор болотнайдан (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген, комбинацияланган кездеме катары кара түстөгү плащ кездемеси колдонулган пуловер. Мойну, кийимдин этеги жана жеңдин учтары «резинка» тор түймөсү менен тигилет.
Өңүрүндө узундугу 18-20 см болгон кайып тигилген кокетка жана узундугу 14-16 см болгон оозу жантык, жалбырак сымал кооздолуп, сыдырма менен бүчүлөнгөн, бурчтары бир-аз тегеректелген кара түстөгү плащ кездемеден каптама чөнтөк жайгашат. Чөнтөктүн кайып тигүүсү кокетканын линиясынан 4-6 см жогору башталат.
Пуловердин жеңи көйнөктүкү сымал бычылган, кайып тигилген. Жеңдин жогору жагынан, каруудан тартып, лекаланын формасы боюнча жазылыгы 14 см болгон, уча тарапка 20-25 см узундукка бурулган, кара түстөгү плащ кездемеден декоративдүү деталь тигилет. Деталдын үстүндө кара түстөгү плащ кездемеден тигилген капкалдырыгы бар каптама чөнтөк жана калем сап үчүн бөлүк каралган. Жеңдин учунун жана манжеттин линиясынан тартып жазылыгы 14 см, узундугу 30-35 см болгон бурчтары тегеректелген кара түстөгү плащ кездемеден декоративдүү деталь тигилет. Бул деталь каптама чөнтөктөр жайгашкан вертикалдуу декоративдүү тигиш менен уланган вертикалдуу линия менен уланат.
Ийиндин линиясы боюнча топчулана турган топчулары бар фальшпагондору менен тигилген пагондор жайгашкан.
Бардык каптама деталдарда, кокеткада жана каптама чөнтөктөрдө 0,1 см болгон кооздогон тигиш каралган, кооздогон деталдарда кийимдин жээги менен 0,1 см болгон декоративдүү кошумча тигиш бар.
Сол жеңде жана өңүрүндө шеврондор жайгашкан.
11. Чолок пальто
Чолок пальто - жаз-күз кийилүүчү/кышкы; көрүнүшү түз, эки борттуу бүчүлөнгөн, узундугу сандын ортосуна чейин, кара түстөгү тыгыз плащ кездемеден тигилген. Мамлекеттик герб түшүрүлгөн үч катар алты топчуга бүчүлөнгөн эки борттуу чолок пальто, тик жака таралгасы бар хлястиктен бүтөт, бурчтары бир аз тегеректелген жаканын кайырмасы, жаканын бир аз тегеректелген лацкандары толук бүчүлөө үчүн тилинген топчулугу бар.
Өңүрүндө Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм топчуга топчуланган, бурчтары бир аз тегеректелген төшкө чейин келген узундуктагы калдыркан кайырма кокетка каралган, жеңдин каруусунда тигиш бар. Кокетка кошумча коргоочу функция аткарат, анткени үстүнөн капталган. Сандардын линиясында бурчтары бир аз тегеректелген жайгашкан Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчуланган кооз капкалдырыгы бар, 24-26 см болгон каптама жан чөнтөктөр жайгашкан.
Учанын ортосунан тилик менен аяктаган тигиш өтөт, анда Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон эки топчуга топчуланган, узундугу төшкө чейин келген калдыркан кокетка жайгашкан. Учанын бел тарабында жазылыгы 6 см болгон, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм эки топчу менен топчуланып денеге кыналуусун белгилеген эки жактуу жарым кур жайгашкан.
Жеңдери орнотулма, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон, тигилген эки топчу менен кыналуусун белгилеген жогорку жана төмөнкү деталдары бар. Жеңдин учу бүгүлүп тигилген, бурчтары бир-аз тегеректелген жазылыгы 3-4 см паталар менен кооздолгон.
Жаканын лацкандарындагы кошумча топчулар менен толук топчуланууга болот, тик жакага тигилген жазылыгы 3-4 см темирден таралыгы бар хлястик жаканын алдынан бүчүлөнөт. Уча жакта, моюнда, сыдырма коюлган, бүктөлгөн баш чүмбөт жайгашкан жашыруун чөнтөк бар, кышында негизги жакага түсү кара жасалма мех жака бүчүлөнөт.
Кышкы көктөмөнүн бел жагында кыналууну белгилеген боолуу тарткыч жайгашкан. Жаз-күз кийилүүчү чолок пальтонун көктөмөсү комбинацияланган, белге чейинки өйдөңкү бөлүгү ноотудан же флистен, ал эми ылдыйкы бөлүгү көктөмө кездемеден тигилген. Бел жагында кыналууну белгилеген боолуу тарткыч жайгашкан. Жылуу көктөмөдө жана жаз-күз кийилүүчү көктөмөдө эки тараптуу ички чөнтөктөр каралган.
Ийинде катуу пагондор жайгашкан.
Бардык декоративдик тигиштерде, каптама деталдарда, жаканын жана баш чүмбөттүн четинде, калдыркан кокеткада жана кийимдин этегенде 0,7 см болгон кооздогон тигиш өтөт.
Кокетканын сол тарабында жана сол жакада шеврондор жайгашкан.
12. Парка күрмө
Парка күрмө (бушлат) - жаз-күз кийилүүчү/кышкы; көрүнүшү түз, узундугу сандын ортосуна чейин бир борттуу бүчүлөмө, жеңдери көйнөктүкүндөй бычылган, алынып коюлуучу ички жылуу каптамасы бар, сыдырма менен бүчүлөнгөн, кара тыгыз плащ кездемесинен тигилген. Тигилген пластрондун супаттык бүчүсү менен жети бастырмасы, жашырылган сыдырмасы бар, эки жакалуу, үстүнкү жака сыдырма менен бүчүлөгөн учурда тик жака формасына келген кара түстөгү ноотудан жасалган.
Алдыңкы жака кара тыгыз кездемеден тигилген, кышкы көктөмө тагылганда бул жакага кышкысын түгү орто кара түстөгү жасалма мехтен өзүнчө тагылуучу жака топчуланат.
Алдыңкы жаканын астында алынып коюлуучу, үч тигиштүү, жылуу баш чүмбөттү бекитүү үчүн кайып тигилген сыдырмасы бар.
Өңүрү түз бычылган, анда төштүн линиясы боюнча узун эңкейип тигилген, эки тигиштүү кокетка каралган (аралыгы 0,7 см, кокетканын четинен 4 см аралыкта жайгашкан). Кокетка жети металл кнопка менен бүчүлөнгөн жазылыгы 7-8 см болгон тигилме бүчүлөнгөн пластронго ортого тигилген, кокетканын алдында оозу 16-18 см болгон сыдырма коюлган жашыруун чөнтөк бар. Алдында вертикалдуу тигиш бар, анда оозу жазылыгы 2 см болгон жалбырак түрүндө декаративдүү тигиш менен кооздолгон жана 19-20 см сыдырма коюлган төш чөнтөктөр жайгашкан, 4-19 см өлчөмүндөгү жалбырактар менен кооздолгон оозу жантык жана ички сыдырмасы бар жазылыгы 19-20 см жан чөнтөктөр жайгашкан.
Белде жана этекте күрмөнүн көктөмөсүнөн ичинен өткөн жашыруун боолуу тарткыч жайгашкан. Түз учасынын ортосунан 0,7 см тигиш өткөн, эки тигиштүү калдыркан кокетка каралган (аралыгы 0,7 см, кокетканын четинен 4 см аралыкта жайгашкан), ортосунан декоративдүү бекиткич менен бекитилген. Кокеткалар кошумча коргоочу функция аткарышат, үстүнөн капталган. Учасында вертикалдуу тигиштер, белде терең бүгүлгөн, тереңдиги 5-6 см болгон, декоративдүү бекиткичтери менен тигиш бар.
Жеңи көйнөктүкүндөй бычылган, эки тигиш менен тигилген, үстүңкү жана төмөнкү деталдар менен, жең оюгунун тигишинде - 0,7 см тигиш бар. Жеңдин учуна манжет тигилип, жеңдин чоңойтуп-кичирейткен кошумча кнопкалар каралган. Билектерде, жеңдерде кнопка бекитилген горизанталдык бүчүлөмөсү бар, калем сап салганга бөлүмчөсү каралган каптама экиден чөнтөк жайгашкан.
Күрмөдө комбинацияланган астар каралган, белге чейинки үстүңкү бөлүгү ноотудан (флис) тигилген, ал эми төмөн жагы көктөөчү кездемеден тигилген. Көктөмөдөгү бүчүлөмөнүн белинде жана этегинде денеге кыналууну белгилеген боолуу тарткыч жайгашкан. Жылуу көктөмөдө жана көктөмөдө эки тараптуу ички чөнтөктөр каралган. Күрмөнүн денеге кыналуусу орточо.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Бардык декоративдүү тигиштерде, каптама деталдарда, жаканын кайырмасында жана баш чүмбөттө, калдыркан кокеткада жана кийимдин этегинде 0,7 см болгон кооздогон тигиш өтөт.
Кокетканын сол тарабына жана сол жеңге шеврондор жайгашат.
13. Жеңи узун формалык көйнөк
Ачык көк түстөгү (күндөлүк кийилүүчү), ак түстөгү (өкүлдүк) көйнөк кездемесинен (кебез кездеме - 80%, синтетика - 20%) тигилген жеңи узун, көрүнүшү түз, алдында жана учасында кесилген кокеткасы бар, бир борттуу туюк бүчүлөмөсү бар жана тик жака формалык көйнөк.
Көйнөктүн алды жагы майда, көйнөктүн түсүнө окшогон көйнөк топчуларына топчуланат. Алдында кийимдин үстүнкү бөлүгүндө кесилген эки кокетка жайгашкан. Төшүндө кокетканын алдында 12-14 см болгон бурчтары бир аз тегеректелген эки көйнөк топчуларына топчуланган капкалдырыктары бар каптама төш чөнтөктөр жайгашкан. Көйнөктүн алдынын сол тарабындагы чөнтөктө калем сап салынуучу бөлүк каралган.
Көйнөктүн учасы эки кокетка менен кооздолгон, алар учанын бел жагында декоративдүү бекиткичтер менен далы тарапта терең бүктөмдү калтырууну эске алуу менен декоративдүү тигиш менен тигилген.
Жеңдери кайып тигилген бир тигиштүү, узун. Жеңдин учу кесилген топчулугу бар бүчүлөмөсү жана топчусу бар кайып тигилген манжет менен кооздолгон. Манжеттин жана жаканын (кайырма) ички бети кочкул-көк көйнөк кездемесинен тигилген. Сол жеңде, карууда калем сап салынуучу бөлүмчөсү бар каптама чөнтөк жайгашкан.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Бардык каптама деталдарда, кокеткада жана каптама чөнтөктөрдө кооздогон тигиш өтөт.
Сол жеңинде жана алдында шеврондор жайгашкан.
14. Жеңи кыска формалык көйнөк
Ачык көк түстөгү (күндөлүк кийилүүчү), ак түстөгү (өкүлдүк) көйнөк кездемесинен (кебез кездеме - 80%, синтетика - 20%) тигилген жеңи узун, көрүнүшү түз, алдында жана учасында кесилген кокеткасы бар, бир борттуу туюк бүчүлөмөсү бар жана тик жака формалык көйнөк ачык көк түстөгү көйнөк кездемесинен тигилген.
Көйнөктүн алды жагы майда, көйнөктүн түсүнө окшогон көйнөк топчуларына топчуланат. Алдында кийимдин үстүнкү бөлүгүндө кесилген эки кокетка жайгашкан. Төшүндө кокетканын алдында 12-14 см болгон бурчтары бир аз тегеректелген эки көйнөк топчуларына топчуланган капкалдырыктары бар каптама төш чөнтөктөр жайгашкан. Көйнөктүн алдынын сол тарабындагы чөнтөктө калем сап салынуучу бөлүк каралган.
Көйнөктүн учасы эки кокетка менен кооздолгон, алар учанын бел жагында декоративдүү бекиткичтер менен далы тарапта терең бүктөмдү калтырууну эске алуу менен декоративдүү тигиш менен тигилген.
Жеңдери кайып тигилген бир тигиштүү, кыска. Сол жеңде, карууда калем сап салынуучу бөлүмчөсү бар каптама чөнтөк жайгашкан. Жеңдин учу кочкул көк түстөгү көйнөк кездемесинен манжет тигилген.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Бардык каптама деталдарда, кокеткада жана каптама чөнтөктөрдө кооздогон тигиш өтөт.
Сол жеңинде жана алдында шеврондор жайгашкан.
15. Күндөлүк кийилүүчү багалеги кенен шым
Жүн кездемеден (жаз-күз кийилүүчү), жайкы костюм кездемесинен (жайкы) (жүн - 80%, синтетика - 20%) тигилген, кочкул көк түстүү, темир илгичке жана топчу топчулана турган кайып тигилген кашаты бар. Кашаты ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыктуу чөнтөгү бар. Каптал тигишинде чөнтөктөр жана кыюу салынган, кыюунун эки жагында жашыл түстүү лампастар тигилген. Шымдардын алдыңкы астары ичтелген.
16. Мех жакалуу, атайын кышкы кебез кездемеден тигилген костюм (күрмө жана шым)
Жылуу, суу өткөрбөй турган, кочкул көгүш түстүү кездемеден тигилген, этегине чейин ичтелген, мех жакалуу, бир топчулуу, чечиле турган капюшону бар күрмө. Өңүрлөрү бел сызыгында жайгашкан ички кулистери менен, үстүңкү жана төмөнкү каптама капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма чыныгы (жасалма) мехтен жасалган. Учасы туташ бычылган, бел сызыгында жайгашкан ички кулисасы бар. Жеңдери орнотулма, бир тигиштүү. Жеңдеринин учтары кайрылган тигиш менен ичтелген жабык кесиктүү.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол жеңинде жана алдында шеврондор жайгашкан.
Шымы суу өткөрбөй турган, кочкул көгүш түстүү кездемеден тигилген. Өткөргүчтөрү бар, топчуга топчулана турган, кайып тигилген кашаттуу, багалегине чейин жылуу ичтелген. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу каптама чөнтөктөрү бар. Шымдын багалеги жабык кесиктүү, бүгүлгөн тигиш менен иштелип, чоюлгуч тасма менен тартылган. Алаа тигиштеринде штрипкалары (бүчүлөрү) бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат.
17. Атайын, кышкы кебез кездемеден тигилген кепкалар
Кочкул көгүш түстөгү кышкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Каптал жактарында блокчо салынган үч желдетүүчү тешикче жайгашкан. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
18. Атайын жайкы костюм (күрмө жана шым)
Түз силуэттүү, бир ачык топчулуу, борбордук жашырын борттук топчуламасы бар, кочкул көгүш түстөгү, кебез кездемеден тигилген күрмө.
Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички кулисасы бар, үстүнкү жана алдыңкы капкалдырыктуу каптама чөнтөктүү. Жакасы кайырма, жакасында коргоочу жашыл түстөгү эмблема кадалган. Учасы бүтүн бычылган, бел сызыгында ички кулисасы бар. Жеңдери орнотулма, бир тигиштүү, манжета салынган.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол жеңинде жана алдында шеврондор жайгашкан. Шымы кочкул көгүш түстүү, кебез кездемеден тигилген. Кур өткөргүчтөрү бар, топчуга топчулана турган кашат салынган. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу каптама чөнтөктөрү бар. Алаа тигиштеринде штрипкалары (бүчүлөрү) бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат.
19. Кебез кездемеден тигилген атайын жайкы кепкалар
Кочкул көгүш түстөгү жайкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Каптал жактарында блокчо салынган үч желдетүүчү тешикче жайгашкан. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
20. Галстук
Кочкул көк түстөгү тыгыз жибек кездемеден тигилген галстук. Ал учтуу, узартылган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн, бир калыптагы туруктуу «Регат» түйүнүнөн жана галстукту көйнөктүн жакасынын алдына кармата турган топчуламасы бар моюнчактан турат. Бажы кызматынын символикасы түшүрүлгөн кыпчыткыч менен толукталат.
21. Узун кончтуу ботинка
Узун кончтуу кара ботинка. Ал башынан, кончунан, тилчелерден, күчөткүчтөн жана апкыттан турат. Кончунун алды жагында байкадан (нооту) боолор үчүн блокчолор бар же ичтелбеген болот. Боо менен байланат. Таманы жана такалары көпшөк резинадан жасалат. Асты жулук-желимдөө ыкмасы менен бекитилет (желимдөө ыкмасы менен да бекитилиши мүмкүн). Ичинде салма батектери бар.
22. Хром кыска ботинка (туфли)
Кара хром кыска ботинка. Ал баштан, кончтон, тилчелерден жана тамандан турат. Кончунун алды жагында боолор үчүн блокчолор (резина болушу мүмкүн) бар. Баштарынын ичи кебез кездемеден, кончтору ичилик тери менен ичтелген. Таманы, батектери, апкыттары тамандык териден жасалган. Тумшугу териден же гранитолдон жасалган. Такалары булгаарыдан, резинадан жасалган формаланган набойкалары менен.
Таманы жасалма жана синтетикалык материалдардан жасалган, асты желим менен чапталган.
23. Кашне
Кочкул көк жана көк түстөгү трикотаж кашне. Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү формалык кийим менен тагынат.
24. Шайман
Шайман кара түстүү, эни 50 мм териден жасалган булгаары бел курдан турат. Инвентардык мүлк катары берилет.
2. Жогорку жетекчилик курамдагы аялдар үчүн
25. Формалык кепа
Кочкул-көк түстөгү костюм кездемеден тигилген формалык кепа, жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Фуражкада алкакта узатасынан жайгашкан жашыл түстөгү ичке эки тилкеден турган бийиктиги 5 см алкак бар, лавр бутакчалары түрүндө алтын түстүү жип менен тигилген кокардалуу. Фуражканын төбөсүндө Мамлекеттик герб түшүрүлгөн эмблема алтын түстүү жип менен тигилген, үстүнөн лакталган тери менен капталган (өкүлдүк форманын фуражкасынын кырбуусу - териден тигилген), астынан - замша (жүн кездеме) менен капталган кырбоосу бар.
Кырбуунун үстүндөгү алкакка алтын түстүү өрүлгөн боо формалык эки топчуга кадалат. Топчу Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү, диаметри 13 мм болот.
Жогорку бөлүгү алты кыйыктан туруп, капталган бир топчу менен кооздолгон, ылдыйкы кесилгени дагы алты кыйыктан турат.
26. Кулакчындуу тумак
Кулакчындуу тумак каракулдөн жасалган, алдында, кырбуунун борборунда лавр бутакчалары түрүндө тигилген алтын түстүү кокарда жайгашат.
27. Берет
Кочкул-көк түстөгү костюм кездемеден тигилген берет, жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Береттин маңдайындагы алкакта - лавр бутакчалары түрүндө алтын түстүү жип менен тигилген кокарда бар.
Жогорку бөлүгү алты кыйыктан туруп, капталган бир топчу менен кооздолгон, ылдыйкы кесилгени дагы алты кыйыктан турат.
Береттин үстүнкү жана ылдыйкы бөлүктөрүнүн ортосунда периметри боюнча жашыл түстөгү кооздолгон ичке тасма тигилет.
28. Өкүлчүлүк мундири
Көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, алты топчулукка алты топчуга топчулана турган эки борттуу мундир, топчулар белдин линиясында, болжолдуу төштүн линиясында, сандын линиясында жайгашкан. Мундирдин этеги түз, узундугу сандын линиясында, болот түсүндөгү диагоналдуу өрүмдөгү жүн костюм кездемесинен (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилет. Астары жасалма жибектен.
Кайырма жака - пиджак тибинде, орточо чоңдукта, эркектердин мундиринин жакасынын формасына окшош, раскеп бийик эмес.
Мундирдин алдында вертикалдуу конструктивдик сызыктар өтөт, учасынан борбордук тигиш жана вертикалдуу конструктивдик сызыктар өтөт, бул тигиштерде калдыркан тиликтер жайгашкан. Ошондой эле алдында жана учасында кесилген 12-14 см кокеткалар жайгашкан.
Алдында, өңүрдүн каптал бөлүктөрүндө, белдин линиясынан ылдыйраак Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган кооз формалуу капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөр жайгашкан, бурчтары бир аз тегеректелген, чөнтөктүн ортосунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталь тигилет.
Жеңи кайып тигилген - эки тигиштүү калдыркан тиликтери менен Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон үч топчуга тигилген.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган.
Вертикалдуу тигиштерден тышкары бардык конструктивдүү тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда, 0,1 см болгон декоративдүү тигиш өтөт.
Сол жеңде шеврондор жайгашкан.
Болот түсүндөгү классикалык, жүн кездемеден (жүн - 80%, лавсан 20%) ичтелген, этек жагы бир аз кууш юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Алдыңкы бетинде вертикалдуу рельефтер бар. Юбканын арткы тигишинде тилик, сыдырма бар. Юбканын узундугу шыйрактын ортосуна чейин. Вертикалдуу тигиштерден тышкары бардык конструктивдүү тигиштерде жана линияларда 0,1 см тигиш өтөт.
29. Күндөлүк кийилүүчү китель
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган китель, этеги түз, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч топчуга топчулана турган бир борттуу, узундугу санга чейин, кочкул көк түстөгү диагоналдуу өрүмдөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн - 80%, лавсан 20%) тигилген. Көктөмөсү жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен. Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар, жантык кайып тигилген кокетка бар. Белдин ылдый жагында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчуланган калдыркан капкалдырыктары бар кесилип тигилген жан чөнтөктөр жайгашкан.
Учасында борбордук тигиш, калдыркан тиликтер менен бүткөн вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан, учасында өтөт чоң эмес, ийиндин линиясы менен кеткен, кесилген, жантык кокетка бар.
Жеңи кайып тигилген - эки тигиштүү, жеңдин учунда бир топчулукка Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчу топчуланып бири-бири менен бүчүлөнгөн декаративдүү 3 см хлястиктер бар.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган. Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш өтөт. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Сол жеңде шеврондор жайгашкан.
Кочкул көк түстөгү жүн кездемеден (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген классикалык, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этеги бир-аз кууш юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Арткы тигишинде сыдырма тигилген. Юбканын арткы тигишинде тилиги бар. Юбканын узундугу шыйракка чейин.
30. Пуловер
Мойну V - түрүндө, тегерек ачык, көрүнүшү түз, кочкул көк түстүү, узундугу санга чейин келген, ведомстволук формалык кийимдин тонундай, тор болотнайдан (жүн - 80%, синтетика - 20%) тигилген, комбинацияланган кездеме катары кара түстөгү плащ кездемеси колдонулган пуловер. Мойну, кийимдин этеги жана жеңдин этектери «резинка» тор түймөсү менен тигилет.
Алдына жана учасына тор кездемеге узундугу 14-16 см болгон декоративдик кокетка тигилет, ошондой эле өңүрдөгү жана учадагы колтук линиялары боюнча жазылыгы 6 см болгон кара түстөгү плащ кездеме декоративдик кайып тигилет.
Пуловердин жеңи кайып тигилген. Арткы бөлүгүнүн чыканагында кара түстөгү плащ кездемеден декоративдүү деталдар жайгашкан.
Сол жеңдеги деталдын үстүнөн кара түстөгү плащ кездемеден капкалдырыгы жана калем сап үчүн бөлүмчөсү бар каптама чөнтөк тигилген.
Ийиндин линиясы боюнча топчулана турган топчулары бар фальшпагондору менен тигилген пагондор жайгашкан.
Бардык каптама деталдарда, кокеткада жана каптама чөнтөктөрдө 0,2 см болгон кооздогон тигиш каралган, кооздогон деталдарда кийимдин учу менен 0,1 см болгон декоративдүү кошумча тигиш бар.
Сол жеңде жана өңүрүндө шеврондор жайгашкан.
31. Пальто
Жаз-күз кийилүүчү/кышкы кара түстөгү тыгыз плащ кездемеден тигилген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 24 мм болгон беш топчуга бүчүлөнгөн бир борттуу бүчүлөмөлүү, узундугу шыйракка чейин болгон, жакасы пиджактыкындай кайырма жакалуу, топчулугу бар лацканы бар пальто.
Пальтонун өңүрүндө денеге кынаган вертикалдуу конструктивдүү тигиштер бар, узундугу төшкө чейин келген кооздолгон калдыркан кокетка бурчтарынан Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчуланат.
Сандардын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчуланган, кооздолгон капкалдырыгы бар 22-24 см болгон, бурчтары бир-аз тегеректелген каптама жан чөнтөктөр жайгашкан.
Учасында вертикалдуу тигиштер бар, ортоңку тигиш тилик менен аяктайт, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга борборунан топчуланган, узундугу төштүн линиясына чейинки калдыркан кокетка жайгашкан.
Белинде, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 см болгон эки бекитилген топчу менен кыналуусу белгиленген эки жагы бар 6 см жарым кашат бар.
Жеңи кайып тигилген, эки тигиштүү, үстүнкү жана алдыңкы деталдары менен. Жеңдин учу бүгүлүп тигилип, 4 см пата менен кооздолгон. Жеңдин кайып тигилген линиясы жеңдин оюугуна тигилген.
Лацкандардагы кошумча алты топчуга жаканы толук бүчүлөө каралган. Учада бүктөлгөн баш чүмбөт жайгашкан, сыдырма коюлган жашыруун чөнтөк бар, кышкысын негизги жакага кара жасалма мех жака тагылат.
Пальтонун жогорку бөлүгүндөгү комбинацияланган астары белге чейин ноотудан (флис), төмөнкү бөлүгү көктөмө кездемеден тигилген. Кышкы астардын белинде кыналуусун белгилеген боолуу тарткыч бар. Жылуу астарда жана астарда эки жактуу ички чөнтөктөр каралган.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган.
Бардык декоративдүү тигиштерде, каптама деталдарда, жаканын кайырмасында жана баш чүмбөттө, калдыркан кокеткада жана кийимдин этегинде 0,5-0,7 см кооздогон тигиш өтөт.
Кокетканын сол тарабында жана сол жеңде шеврондор бар.
32. Парка күрмө
Парка күрмө (бушлат) - жаз-күз кийилүүчү/кышкы; көрүнүшү түз, узундугу сандын ортосуна чейин бир борттуу бүчүлөмө, жеңдери көйнөктүкүндөй бычылган, алынып коюлуучу ички жылуу каптамасы бар, сыдырма менен бүчүлөнгөн, кара тыгыз плащ кездемесинен тигилген. Тигилген пластрондун супаттык бүчүсү менен жети бастырмасы, жашырылган сыдырмасы бар, эки жакалуу, үстүнкү жака сыдырма менен бүчүлөгөн учурда тик жака формасына келген кара түстөгү ноотудан жасалган.
Алдыңкы жака кара тыгыз кездемеден тигилген, кышкы көктөмө тагылганда бул жакага кышкысын түгү орто кара түстөгү жасалма мехтен өзүнчө тагылуучу жака топчуланат.
Алдыңкы жаканын астында алынып коюлуучу, үч тигиштүү, жылуу баш чүмбөттү бекитүү үчүн кайып тигилген сыдырмасы бар.
Алды түз бычылган, анда төштүн линиясы боюнча узун эңкейип тигилген, эки тигиштүү кокетка каралган (аралыгы 0,7 см, кокетканын четинен 4 см аралыкта жайгашкан). Кокетка жети металл кнопка менен бүчүлөнгөн жазылыгы 7-8 см болгон тигилме бүчүлөнгөн пластронго ортого тигилген, кокетканын алдында оозу 16-18 см болгон сыдырма коюлган жашыруун чөнтөк бар. Алдында вертикалдуу тигиш бар, анда оозу жазылыгы 2 см болгон жалбырак түрүндө декоративдүү тигиш менен кооздолгон жана 19-20 см сыдырма коюлган төш чөнтөктөр жайгашкан, 4-19 см өлчөмүндөгү жалбырактар менен кооздолгон оозу жантык жана ички сыдырмасы бар жазылыгы 19-20 см жан чөнтөктөр жайгашкан.
Белде жана этекте күрмөнүн көктөмөсүнөн ичинен өткөн жашыруун боолуу тарткыч жайгашкан. Түз учасынын ортосунан 0,7 см тигиш өткөн, эки тигиштүү калдыркан кокетка каралган (аралыгы 0,7 см, кокетканын четинен 4 см аралыкта жайгашкан), ортосунан декоративдүү бекиткич менен бекитилген. Кокеткалар кошумча коргоочу функция аткарышат, үстүнөн капталган. Учасында вертикалдуу тигиштер, белде терең бүгүлгөн, тереңдиги 5-6 см болгон, декоративдүү бекиткичтери менен тигиш бар.
Жеңи көйнөктүкүндөй бычылган, эки тигиш менен тигилген, үстүңкү жана төмөнкү деталдар менен, жең оюгунун тигишинде - 0,7 см тигиш бар. Жеңдин учуна манжет тигилип, жеңдин чоңойтуп-кичирейткен кошумча кнопкалар каралган. Билектерде, жеңдерде кнопка бекитилген горизанталдык бүчүлөмөсү бар, калем сап салганга бөлүмчөсү каралган каптама экиден чөнтөк жайгашкан.
Жазы-күз кийилүүчү күрмөнүн комбинацияланган көктөмөсүнүн белге чейинки үстүнкү бөлүгү ноотудан (флис) тигилген, ал эми төмөн жагы көктөөчү кездемеден тигилген. Көктөмөдөгү бүчүлөмөнүн белинде жана этегинде денеге кыналууну белгилеген боолуу тарткыч жайгашкан. Жылуу астарда жана астарда эки тараптуу ички чөнтөктөр каралган. Күрмөнүн денеге кыналуусу орточо.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Бардык декоративдүү тигиштерде, каптама деталдарда, жаканын кайырмасында жана баш чүмбөттө, калдыркан кокеткада жана кийимдин этегинде 0,7 см болгон кооздогон тигиш өтөт.
Кокетканын сол тарабына жана сол жеңге шеврондор тигилет.
33. Жеңи узун формалык көйнөк
Ачык көк түстөгү, ак түстөгү (өкүлдүк) көйнөк кездемесинен (кебез кездеме - 80%, синтетика - 20%) тигилген жеңи узун, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, бир борттуу туюк бүчүлөмөсү бар, тик жакалуу көйнөк.
Өңүрүндө жана учасында кесилген горизанталдык эки кокетка жайгашкан, алардан вертикалдуу конструктивдүү линиялар өтөт. Өңүрдүн кокеткасынын алдында калем сап үчүн кошумча бөлүмчөсү бар, бурчтары бир-аз тегеректелген капкалдырыктары бар кайып тигилген каптама төш чөнтөктөр жайгашкан. Кооздолгон капкалдырыктуу төш чөнтөк эки көйнөк топчусуна топчуланат. Борбордук борт бүчүлөмөсү жазылыгы 3 см болгон планкага алты топчуга топчуланат.
Жеңи бир тигиштүү кайып тигилген узун. Жеңдин учунда эки топчулуу кайып тигилген манжет бар. Манжет менен жаканын ички бети кочкул көк түстөгү көйнөк кездемесинен тигилген.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Көйнөктүн этеги кооздолгон, көйнөктүн узундугу сандын линиясына чейин 18-20 см. Капталдагы линияларда узундугу 10 см кошумча кесик бар. Бардык декоративдүү тигиштерден, каптама жана декоративдүү деталдардан 0,1 см болгон декоративдүү тигиш өтөт.
Сол жеңде жана алдында шеврондор жайгашкан.
34. Жеңи кыска формалык көйнөк
Ачык көк түстөгү, ак түстөгү (өкүлдүк) көйнөк кездемесинен (кебез кездеме - 80%, синтетика - 20%) тигилген жеңи кыска, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, бир борттуу туюк бүчүлөмөсү бар, тик жакалуу көйнөк.
Өңүрүндө жана учасында кесилген горизанталдык эки кокетка жайгашкан, алардан вертикалдуу конструктивдүү линиялар өтөт. Өңүрдүн кокеткасынын алдында калем сап үчүн кошумча бөлүмчөсү бар, бурчтары бир-аз тегеректелген капкалдырыктары бар кайып тигилген каптама төш чөнтөктөр жайгашкан. Кооздолгон капкалдырыктуу төш чөнтөк эки көйнөк топчусуна топчуланат. Борбордук борт бүчүлөмөсү жазылыгы 3 см болгон планкага алты топчуга топчуланат.
Жеңи бир тигиштүү кайып тигилген кыска.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Көйнөктүн этеги кооздолгон, көйнөктүн узундугу сандын линиясына чейин 18-20 см. Капталдагы линияларда узундугу 10 см кошумча кесик бар. Бардык декоративдүү тигиштерден, каптама жана декоративдүү деталдардан 0,1 см болгон декоративдүү тигиш өтөт.
Сол жеңде жана алдында шеврондор жайгашкан.
35. Юбка
Жүн (жаз-күз кийилүүчү), жайкы - костюм кездемесинен (жайкы) (жүн - 80%, синтетика - 20%) кочкул көк түстөгү, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этек жагы бир аз кууш юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Арткы тигиштеги бүчүлөмөсү сыдырма. Алдыңкы бетинде вертикалдуу рельефтер бар. Юбканын арткы тигишинде тилик бар. Юбканын узундугу шыйрактын ортосуна чейин. Вертикалдуу тигиштерден тышкары бардык конструктивдүү тигиштерде жана линияларында 0,1 см тигиш өтөт.
36. Күндөлүк кийилүүчү багалеги кенен шым
Жүн (жаз-күз кийилүүчү), жайкы - костюм кездемесинен (жайкы) (жүн - 80%, синтетика - 20%) кочкул көк түстөгү капталдарында резинкасы бар, топчуга топчуланган шым. Кашаты кур өткөргүчү менен. Шымдын алдыңкы бөлүктөрүндө капталынан оюк чөнтөктөрү бар. Каптал тигиштеринде жашыл түстөгү ноотудан кыйма салынган.
37. Мех жакалуу, атайын кышкы кебез кездемеден тигилген костюм (күрмө жана шым)
Жылуу, суу өткөрбөй турган, кочкул көгүш түстүү кездемеден тигилген, этегине чейин ичтелген, мех жакалуу, чечиле турган капюшону бар күрмө. Түз силуэттүү, бир ачык топчулуу, жашырын борттук топчулуктары бар. Өңүрлөрү бел сызыгында жайгашкан ички кулистери менен, үстүнкү жана төмөнкү каптама капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма чыныгы (жасалма) мехтен жасалган. Учасы туташ бычылган, бел сызыгында жайгашкан ички кулисасы бар. Жеңдери орнотулма, бир тигиштүү. Жеңдеринин учтары кайрылган тигиш менен ичтелген жабык кесиктүү.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол жеңинде жана алдында шеврондор жайгашкан. Шымы суу өткөрбөй турган, кочкул көгүш түстүү кездемеден тигилген. Өткөргүчтөрү бар, топчуга топчулана турган, кайып тигилген кашаттуу, багалегине чейин жылуу ичтелген. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу каптама чөнтөктөрү бар. Шымдын багалеги жабык кесиктүү, бүгүлгөн тигиш менен иштелип, чоюлгуч тасма менен тартылган. Алаа тигиштеринде штрипкалары (бүчүлөрү) бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат.
38. Атайын кышкы кебез кездемеден тигилген кепкалар
Кочкул көгүш түстөгү кышкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Каптал жактарында блокчо салынган үч желдетүүчү тешикче жайгашкан. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
39. Атайын жайкы костюм (күрмө жана шым)
Түз силуэттүү, бир ачык топчулуу, борбордук жашырын борттук топчуламасы бар, кочкул көгүш түстөгү, кебез кездемеден тигилген күрмө. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички кулисасы бар, үстүнкү жана алдыңкы капкалдырыктуу каптама чөнтөктүү. Жакасы кайырма, жакасында коргоочу жашыл түстөгү эмблема кадалган. Учасы бүтүн бычылган, бел сызыгында ички кулисасы бар. Жеңдери орнотулма, бир тигиштүү, манжета салынган.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол жеңинде жана алдында шеврондор жайгашкан.
Шымы кочкул көгүш түстүү, кебез кездемеден тигилген. Кур өткөргүчтөрү бар, топчуга топчулана турган кашат салынган. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу каптама чөнтөктөрү бар. Алаа тигиштеринде штрипкалары (бүчүлөрү) бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат.
40. Кебез кездемеден тигилген атайын жайкы кепкалар
Кочкул көгүш түстөгү жайкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Каптал жактарында блокчо салынган үч желдетүүчү тешикче жайгашкан. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
41. Галстук
1) X - түрүндөгү бир топчуга топчуланган галстук;
2) Көк түстөгү кездемеге жаккард сүрөтү түшүрүлгөн атлас, жибек кездемеден тигилген моюнга салынуучу галстук - жоолук.
42. Узун кончтуу ботинка
Узун кончтуу кара ботинка. Ал башынан, кончунан, тилчелерден, күчөткүчтөн жана апкыттан турат. Кончунун алды жагында байкадан (нооту) боолор үчүн блокчолор бар же ичтелбеген болот. Боо менен байланат. Таманы жана такалары көпшөк резинадан жасалат. Асты жулук-желимдөө ыкмасы менен бекитилет (желимдөө ыкмасы менен да бекитилиши мүмкүн). Ичинде салма батектери бар.
43. Туфли
Таш таманы кайыш, такалуу, апкыттуу, желимдөө жолу менен ултарылган кара түстөгү хром туфли. Таканын бийиктиги 5 см көп эмес.
44. Кашне
Кочкул көк жана көк түстөгү трикотаж кашне. Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү формалык кийим менен тагынат.
45. Шайман
Шайман кара түстүү, эни 30 мм териден жасалган булгаары бел курдан турат. Инвентардык мүлк катары берилет.
3. Улук жана орто жетекчилик курам үчүн
46. Жүн кездемеден тигилген фуражка
Кочкул-көк түстөгү костюмдун кездемесинен тигилген жашыл түстөгү ноотудан кыюусу бар фуражка. Фуражканын кырбуусунан узатасынан кеткен жашыл түстөгү эки тилкеси бар, кырбуунун бийиктиги 5 см. Кырбуунун маңдай тарабында Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда, кара түстөгү маңдайча жайгашкан. Төбөсү бийик эмес, каркасталган, көктөмөсү кара түстөгү кебез кездемеден. Фуражкаларынын төбөсүндө ведомстволук символика түшүрүлгөн эмблема бар.
Фуражканын маңдайчасынын үстүнө, кырбууга эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо топчуланат. Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү топчунун диаметри 13 мм.
47. Кепка-бейсболка жайкы
Кепка-бейсболка кочкул-көк жүн костюм кездемесинен тигилген. Четине жашыл үстөгү репс тасмасы тигилген. Маңдайында Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашкан. Желкесинде баш кийимди кеңейтүүчү аспап жайгашкан, маңдайчасы үстүнөн кочкул-көк түстөгү костюм кездемеси менен, алдынан көк түстөгү жүн кездеме менен капталган.
Кепканын маңдайчасынын үстүндө кырбууга эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо топчуланат. Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү топчунун диаметри 13 мм.
48. Тумак
1) Ачык-көк түстөгү мехтен тигилген кулакчындуу тумак. Маңдайынын ортосунда Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
2) Кышкы мех тумак, үстү кара жасалма мехтен кооздолгон кочкул көк түстөгү тыгыз плащ кездемеден тигилет. Маңдайында Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
49. Өкүлчүлүк китель
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, төрт топчуга топчулана турган бир борттуу, кочкул көк түстөгү диагоналдуу өрүмдөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген китель. Астары жасалма жибектен.
Жакасы классикалык пиджактыкындай, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн, Бажы кызматынын айырмалоочу белгилери менен кооздолгон.
Кителдин өңүрүндө Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, бурчтары бир аз тегеректелген кооздолгон капкалдырыктары бар каптама төш чөнтөктөр жайгаштырылган, борборунан жазылыгы 3 см болгон декоративдүү деталь тигилет. Сандардын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, кооздолгон капкалдырыктары бар каптама жан чөнтөктөр жайгаштырылган борборунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталь тигилет.
Учасы классикалык түрдө бычылган, борбордук тигиши, капталдагы тигиштер тилик менен аяктайт.
Жеңдери орнотулма, жогорку жана төмөнкү деталдары бар эки тигиштүү.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган.
Бардык каптама деталдарда, жаканын четинде жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жеңинде шеврондор жайгашкан.
Жүн кездемеден (жүн - 80%, синтетика - 20%) тигилген, кочкул көк түстүү, темир илгичке жана топчу топчулана турган кайып тигилген кашаты бар. Кашаты ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын алды жагында тилик чөнтөктөр бар. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыктуу чөнтөгү бар. Каптал тигишинде жашыл түстүү кыюу салынган.
50. Пуловер
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
51. Чолок пальто
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
52. Парка күрмөсү
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
53. Жеңи узун формалык көйнөк
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
54. Жеңи кыска формалык көйнөк
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
55. Күндөлүк кийилүүчү багалеги кенен шым
Жүн кездемеден (жаз-күз кийилүүчү), жайкысы - костюм (жайкы) кездемеден (жүн - 80%, синтетика - 20%) тигилген, кочкул көк түстүү, топчуга топчулана турган кайып тигилген кашаты бар шым. Кашаты кур үчүн өткөргүчтөрү менен. Шымдын алды жагында тилик чөнтөктөр бар. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыктуу чөнтөгү бар. Каптал тигишинде жашыл түстүү кыюу салынган.
56. Атайын, кышкы костюм (күрмө жана шым)
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
57. Кебез кездемеден, атайын, жайкы костюм (күрмө жана шым)
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
58. Атайын кышкы/жайкы кебез кездемеден тигилген кепкалар
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
59. Классикалык көйнөк - поло
Көйнөк-поло ачык көк түстөгү тор кездемеден (кебез кездеме 80%, синтетика - 20) тигилген, көрүнүшү түз, жеңдери көйнөктүкүндөй бычылып кайып тигилген, алдында жана учасында кесилген кокетка бар, бир борттуу туюк бүчүлөмө жана жакалуу.
Көйнөк-полонун алды планкадагы көйнөктүн түсүндөй майда топчуларга топчуланат. Алдында көйнөктүн жогорку бөлүгүндө көйнөктүн кездемесинен тигилген, учага өткөн кокетка жайгашкан. Алдынын сол тарабында сыдырма коюлган көйнөк кездемесинен тигилген оюк төш чөнтөк жайгашкан.
Көйнөк-полонун учасы классикалык түрдө, декоративдүү тигиш өткөн эки кокетка менен кооздолгон.
Жеңи кайып тигилген, кыска. Жеңдин учу кочкул көк түстөгү көйнөк кездемесинен кайып тигилген манжет менен кооздолгон.
Жакасы, планка, чөнтөк, манжеттер кочкул көк түстөгү тор (көйнөк) кездемеден тигилген.
Ийинде топчулаган фальшпогондорго тигилген погондор жайгашкан.
Бардык каптама деталдарда, кокеткаларда жана каптама чөнтөктөрдө кооздолгон тигиш каралган.
Сол жеңинде жана алдында шеврондор жайгашкан.
60. Галстук
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
61. Узун кончтуу ботинка
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
62. Хром кыска ботинка (туфли)
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
63. Кашне
Кочкул көк жана көк түстөгү трикотаж кашне. Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү формалык кийим менен тагынат.
64. Шайман
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
4. Улук жана орто жетекчилик курамдагы аялдар үчүн
65. Формалык кепа
Кочкул-көк түстөгү костюм кездемеден тигилген формалык кепа, жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Фуражкада алкакта узатасынан жайгашкан жашыл түстөгү ичке эки тилкеден турган бийиктиги 5 см алкак бар. Фуражканын алкагынын маңдайында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан, маңдайчасы кара түстө. Фуражканын төбөсүндө - ведомстволук символикасы түшүрүлгөн эмблема бар.
Кырбуунун үстүндөгү алкакка алтын түстүү өрүлгөн боо формалык эки топчуга кадалат. Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү топчунун диаметри 13 мм.
Жогорку бөлүгү алты кыйыктан туруп, капталган бир топчу менен кооздолгон, ылдыйкы кесилгени дагы алты кыйыктан турат.
66. Кулакчындуу тумак
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
67. Берет
Кочкул-көк түстөгү костюм кездемеден тигилген берет, жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Береттин алкагынын маңдайында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
Жогорку бөлүгү алты кыйыктан туруп, капталган бир топчу менен кооздолгон, ылдыйкы кесилгени дагы алты кыйыктан турат.
Береттин үстүнкү жана ылдыйкы бөлүктөрүнүн ортосунда периметри боюнча жашыл түстөгү кооздолгон ичке тасма тигилет.
68. Өкүлчүлүк китель
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, этеги түз, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч топчуга топчулана турган бир борттуу китель, кочкул көк түстөгү диагоналдуу өрүмдөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен.
Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар, жантык кайып тигилген кокетка бар. Белдин ылдый жагында Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчуланган калдыркан капкалдырыктары бар кесилип тигилген жан чөнтөктөр жайгашкан.
Учасында борбордук тигиш, калдыркан тиликтер менен бүткөн вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан, учасында өтө чоң эмес, ийиндин линиясы менен кеткен, кесилген, жантык кокетка бар.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган.
Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилген. Жеңдин учунда бир топчулукка Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диамерти 13 мм болгон топчу топчуланып, бири-бири менен бүчүлөнгөн декоративдүү 3 см хлястиктер бар.
Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш өтөт. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Сол жеңде шеврондор жайгашкан.
Классикалык, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этеги бир-аз кууш жүндүү кездемеден (жүн - 80%, лавсан - 20%) тигилген юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Арткы тигишинде сыдырма тигилген. Юбканын арткы тигишинде тилиги бар. Юбканын узундугу шыйракка чейин.
69. Пуловер
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
70. Пальто
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
71. Парка күрмө
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
72. Жеңи узун формалык көйнөк
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
73. Жеңи кыска формалык көйнөк
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
74. Юбка
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
75. Күндөлүк кийилүүчү багалеги кенен шым
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
76. Мех жакалуу, атайын, кышкы, кебез кездемеден тигилген костюм (күрмө жана шым)
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
77. Атайын, жайкы, кебез кездемеден тигилген костюм (күрмө жана шым)
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
78. Кебез кездемеден тигилген атайын кышкы/жайкы кепкалар
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
79. Галстук
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
80. Узун кончтуу ботинка
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
81. Туфли
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
82. Кашне
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
83. Шайман
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
5. Кенже жетекчилик курам үчүн
84. Формалык кийимдер, бут кийимдер орто жетекчилик курам үчүн баяндамасына дал келет.
85. Жылдыздардын, тилкелердин саны атайын наамга дал келет.
6. Кышында бийик тоолуу бажы постторунда кызмат өтөп аткан улук жана орто жетекчилик курам үчүн
86. Кой терисинен тышталбаган пальто (инвентардык мүлк катары берилет).
87. Чокой.
88. Кепич.
7. Комплекттердин саны жана форма кийимди кийип жүрүү мөөнөтү
№
| Аталышы
| Комплекттердин саны | Кийип жүрүү мөөнөтү (жыл) |
1 | Жүн фуражка | 1 | 2 |
2 | Атайын жайкы кепка | 1 | 2 |
3 | Берет | 1 | 2 |
4 | Кепка-бейсболка | 1 | 2 |
5 | Кышкы мех тумак | 1 | 2 |
6 | Кулакчындуу тумак | 1 | 5 |
7 | Парка күрмө | 1 | 3 |
8 | Мундир | 1 | 5 |
9 | Китель | 1 | 4 |
10 | Багалеги кенен шым (юбка) | 1 | 1 |
11 | Жеңи узун көйнөк | 2 | 1 |
12 | Жеңи кыска көйнөк | 2 | 1 |
13 | Көйнөк-поло | 1 | 1 |
14 | Пуловер (V - түрүндөгү, мойну тоголок) | 2 | 3 |
15 | Галстук (жоолук) | 1 | 1 |
16 | Кончтуу ботинка | 1 | 2 |
17 | Кыска ботинка (туфли) | 1 | 2 |
18 | Пальто | 1 | 4 |
19 | Чолок пальто | 1 | 4 |
20 | Чокой | 1 | 5 |
21 | Кепич | 1 | 2 |
22 | Атайын кышкы костюм (күрмө менен шым) кепасы менен | 1 | 3 |
23 | Атайын жайкы костюм (күрмө менен шым) кепасы менен | 1 | 2 |
24 | Шайман | 1 | 5 |
25 | Кашне | 1 | 3 |
26 | Галстук кыпчыткыч | 1 | 5 |