Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 637
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөр "Коргоо кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |