Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 17-февралындагы № 99 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2009-жылдын 14-августу №532
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637, 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши сунуш кылган, Кыргыз Реслубликасынын Стратегиялык объекттеринин тиркелген тизмеси бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча ишин координациялоону жана контролдоону жүргүзсүн.
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы №525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы №201 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-ноябрындагы №530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №532 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин ТИЗМЕСИ
┌──┬───────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ │ Ишканалар жана объекттер │ Эскертүү │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын Куралдуу│Кыргыз Республикасынын Коргоо │
│ │Күчтөрү пайдалануучу мүлк, анын│министрлигинин борбордук аппараты;│
│ │ичинде аскердик техника жана │Кыргыз Республикасынын Куралдуу │
│ │жабдуулар │Күчтөрүнүн Башкы штабы; аскер │
│ │ │бөлүктөрү; аскердик окуу жайлары; │
│ │ │"Тамга" аскердик санаториясы; Кант│
│ │ │шаарындагы Россия Федерациясынын │
│ │ │авиабазасынын аэродрому; Кыргыз │
│ │ │Республикасынын Коргоо │
│ │ │министрлигинин окуу-машыктыруучу │
│ │ │борбору; аскердик госпиталдар жана│
│ │ │бейтапкана; аскердик │
│ │ │комендатуралар; облустук, райондук│
│ │ │жана шаардык комиссариаттар жана │
│ │ │жыйын пункттары │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын │ │
│ │мамлекеттик уюмдары │ │
│ │пайдалануучу имараттар жана │ │
│ │жайлар │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын Улуттук │ │
│ │банкынын жана анын облустук │ │
│ │башкармалыктарынын имараттары │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4 │Кыргыз Республикасынын чет │ │
│ │өлкөлөрдө жайгашкан объекттери │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5 │Кыргыз Республикасынын Улуттук │ │
│ │илимдер академиясы жана анын │ │
│ │илимий лабораториялары жана │ │
│ │станциялары │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6 │Улуттук архив фонду │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7 │"Түндүк электр" ачык │Чүй, Талас облустарынын жана │
│ │акционердик коому │Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө │
│ │ │электр энергиясын бөлүштүрөт, │
│ │ │балансында электр бөлүштүрүү │
│ │ │тармактары бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8 │"Чыгыш электр" ачык акционердик│Ысык-Көл жана Нарын облустарынын │
│ │коому │керектөөчүлөрүнө электр энергиясын│
│ │ │бөлүштүрөт, балансында электр │
│ │ │бөлүштүрүү тармактары бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9 │"Ош электр" ачык акционердик │Ош жана Баткен облустарынын │
│ │коому │керектөөчүлөрүнө электр энергиясын│
│ │ │бөлүштүрөт, балансында электр │
│ │ │бөлүштүрүү тармактары бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10│"Жалал-Абад электр" ачык │Жалал-Абад облусунун │
│ │акционердик коому │керектөөчүлөрүнө электр энергиясын│
│ │ │бөлүштүрөт, балансында электр │
│ │ │бөлүштүрүү тармактары бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│11│"Бишкек жылуулук тармагы" ачык │Бишкек шаарынын тургундарына │
│ │акционердик коому │жылуулук энергияны жана ысык сууну│
│ │ │бөлүштүрөт │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│12│"Кыргызгаз" ачык акционердик │Балансында магистралдык газ │
│ │коому │түтүктөрү бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│13│"Кыргызнефтгаз" ачык │Нефт продукттарын жана газ өндүрөт│
│ │акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│14│"Кыргызтелеком" ачык │Балансында байланыштын │
│ │акционердик коому │магистралдык линиялары жана │
│ │ │Республикалык теле жана радио │
│ │ │берүүнүн радиореле │
│ │ │магистралдарынын өндүрүш бирикмеси│
│ │ │бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│15│"Кыргызстан" авиакомпаниясы" │Жүргүнчүлөрдү авиаташуу, анын │
│ │ачык акционердик коому │ичинде Кыргыз Республикасынын │
│ │ │жогорку кызматтагы адамдарын ташуу│
│ │ │боюнча литердик рейстерди │
│ │ │камсыздайт │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│16│"Манас" эл аралык аэропорту" │Балансында республиканын эл аралык│
│ │ачык акционердик коому │жана ички аэропорттору бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│17│"Кыргызалтын" ачык акционердик │Алтын өндүрөт │
│ │коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│18│"Кумтор Голд Компани" жабык │Алтын өндүрөт │
│ │акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│19│"Жеруй алтын" жабык акционердик│Алтын өндүрөт │
│ │коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│20│"Андаш Майнинг Компани" │Алтын өндүрөт │
│ │жоопкерчилиги чектелген коом │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│21│"Бишкек машина куруу заводу" │Машина куруу продукцияларын │
│ │ачык акционердик коому │чыгарат жана курал-жарак чыгарчу │
│ │ │жана сыноочу ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│22│"Бишкек штамптоо заводу" │Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу │
│ │мамлекеттик ишканасы │ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│23│"Дастан"ТУК" ачык акционердик │Машина куруу продукцияларын │
│ │коому │чыгарат жана курал-жарак чыгарчу │
│ │ │жана сыноочу ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│24│"Озеро" бириккен ишкана │Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу │
│ │жоопкерчилиги чектелген коом │ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│25│"Улан" ачык акционердик коому │Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу │
│ │ │ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│26│"Полигон" жабык акционердик │Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу │
│ │коом │ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│27│"Нур" ачык акционердик коому │Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу │
│ │ │ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│28│"Кара-Балта" кен иштетүү │Радиоактивдүү материалдарды кайта │
│ │комбинаты" ачык акционердик │иштетүүчү ишкана │
│ │коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│29│"Кадамжай сурьма комбинаты" │Шаар түзүүчү ишкана │
│ │акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│30│"Хайдаркан сымап" акционердик │Шаар түзүүчү ишкана │
│ │коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│31│"КХМЗ - Астра" жоопкерчилиги │Шаар түзүүчү ишкана │
│ │чектелген коом │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│32│"Кант цемент заводу" │Цемент чыгаруучу ири ишкана │
│ │акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│33│"Интерглас" жоопкерчилиги │Айнек чыгаруучу ири ишкана │
│ │чектелген коом │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│34│"Майлуу-Суу электр лампа │Шаар түзүүчү ишкана │
│ │заводу" ачык акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│35│"Кайыңды кант заводу" │ │
│ │акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│36│"Кыргызтамекиси" акционердик │ │
│ │коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│37│"Учкун" ачык акционердик коому │Гезит-журналдардын көпчүлүгүнүн │
│ │ │басып чыгарылышын камсыздайт │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│38│"Айнур" ачык акционердик коому │Аскердик-техникалык багыттагы │
│ │ │продукцияларды жасап чыгаруучу │
│ │ │ишкана │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│39│"Аалам" ачык акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│40│"Кристалл" акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│41│"РСК Банк" ачык акционердик │ │
│ │коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│42│"Айыл Банк" ачык акционердик │ │
│ │коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│43│"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" │ │
│ │микрокредиттик компаниясы" ачык│ │
│ │акционердик коому │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│44│"Кыргызаэрогавигация" │Аба жолун башкарууну ишке ашырат │
│ │мамлекеттик ишканасы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│45│"Кыргыз почтасы" мамлекеттик │Балансында улуттук почта тармагы │
│ │ишканасы │бар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│46│"Өкмөт байланышы" мамлекеттик │ │
│ │ишканасы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│47│"Кыргыз темир жолу" улуттук │Балансында магистралдык темир жол │
│ │компаниясы" мамлекеттик │тармактары бар │
│ │ишканасы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│48│"Көмүр" мамлекеттик ишканасы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│49│"Кара-Балта спирт заводу" │ │
│ │мамлекеттик ишканасы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│50│Кыргыз Республикасынын Улуттук │ │
│ │теле радио корпорациясы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│51│"ЭлТР коомдук телеберүү" Кыргыз│ │
│ │Республикасынын теле радио │ │
│ │компаниясы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│52│Магистралдык байланыш линиялары│ │
│ │жана телекоммуникациялардын │ │
│ │тармагы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│53│"Кыргыз Туусу" басма үйү │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│54│"Эркин Тоо" гезитинин │ │
│ │редакциясы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│55│"Слово Кыргызстана" басма үйү │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│56│Гидрометеорологиялык жана │Анын ичинде Кыргыз Республикасынын│
│ │экологиялык кызматтар │Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин │
│ │пайдалануучу мүлк │алдындагы Гидрометеорология боюнча│
│ │ │агенттиктин облустук түзүмдөрүнүн │
│ │ │посттору жана станциялары │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│57│Тоо-кен металлургия өндүрүшүнүн│Майлуу-Суу жана Кара-Балта │
│ │калдык сактоочу жайлары │шаарларындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, │
│ │ │Ак-Туз, Орловка, Советский жана │
│ │ │Сумсар шаарчаларындагы калдык │
│ │ │сактоочу жайлар │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│58│Суу комплекси жана суу чарбалык│Суу чыгаруучу жана шаарды суу │
│ │курулмалар объекттери, анын │менен жабдуу тармагы. Суу │
│ │ичинде мөңгүлөр, табигый │сактагычтар: Төрт-Күл, Найман, │
│ │көлдөр, дарыялар, суу │Базар-Коргон, Сокулук, Төмөнкү │
│ │техникалык курулмалар, суу │Аларча толтурулуучу, Төмөнкү │
│ │сактагычтардын коллекторлору, │Аларча суунун нугу, Чумыш, Папан, │
│ │суу чыгаруучу жана суу соруучу │Киров, Орто-Токой, Баткен, │
│ │станциялар │Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана │
│ │ │Чүй бассейндик суу чарба │
│ │ │башкармалыгынын насостук │
│ │ │станциялары жана каналдары │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│59│Облустук бириккен ооруканалар, │ │
│ │Кыргыз Республикасынын улуттук │ │
│ │статусу бар саламаттыкты сактоо│ │
│ │уюмдарынын объекттери │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│60│Санитардык-эпидемологиялык жана│ │
│ │карантиндик кызматтары │ │
│ │пайдалануучу мүлк │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│61│Вакцина жана жабдууларды сактоо│ │
│ │үчүн кампа катары пайдалануучу │ │
│ │имараттар. Мамлекеттик │ │
│ │санитардык-эпидемологиялык │ │
│ │көзөмөл жана профилактикалык- │ │
│ │дарылоо борборунун үчүнчү │ │
│ │деңгээлиндеги лабораториянын │ │
│ │мүлкү │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│62│Айлана чөйрөнү экологиялык │Бишкек шаардык экологиялык │
│ │мониторинг жүргүзүү уюмдары │мониторинг башкармалыгы; Айлана │
│ │ │чөйрөнү коргоонун региондор аралык│
│ │ │башкармалыгы │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│63│Токой фонду, токой чарбасынын │Жалпы аянты 3275,5 миң га келген │
│ │улуттук коруктар, заказниктер, │токой фонду, анын ичинде: │
│ │жаратылыш парктары, өзгөчө │- токой чарбалык ишканалар - │
│ │биосфералык аймактары деген │2753,0 миң га; │
│ │статусу бар объекттери │- мамлекеттик коруктар - 259,7 │
│ │ │миң га; │
│ │ │- мамлекеттик улуттук жаратылыш │
│ │ │парктары - 262,1 миңга. │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│64│Жалпы пайдалануудагы │Автожол Бишкек-Ош - 672 км; │
│ │автомобилдик жолдор │Автожол Ош-Баткен-Исфана - │
│ │ │385 км; автожол Бишкек-Нарын- │
│ │ │Торугарт - 539 км; автожол │
│ │ │Ош-Сарыташ-Иркештам - 258 км; │
│ │ │автожол Балыкчы-Каракол (айланма);│
│ │ │автожол Талас-Суусамыр Өтмөк │
│ │ │ашуусу аркылуу; Бишкек-Ош │
│ │ │автожолунун Нарын дарыясынын │
│ │ │318 км, 428 км жана 435 км │
│ │ │белгилериндеги көпүрөлөр; │
│ │ │Бишкек-Ош автожолундагы тоннель │
│ │ │(4 аталышта) │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│65│Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан │Кеме жүрө турган жолдордун │
│ │маяктар │навигациясы үчүн арналган 9 пост │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│66│Автовокзалдар │Облустук автовокзалдар жана │
│ │ │автостанциялар мамлекеттик ишкана │
│ │ │катары; Чолпон-Ата автовокзалы; │
│ │ │"Автовокзалдардын жана │
│ │ │автостанциялардын Чүй ишканасы" │
│ │ │мамлекеттик ишканасы; "Чыгыш │
│ │ │автовокзал" мамлекеттик ишканасы │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│67│Тарыхый-маданий мурастын │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│ │объекттери │2002-жылдын 20-августундагы № 568 │
│ │ │токтому менен бекитилген Кыргыз │
│ │ │Республикасынын республикалык │
│ │ │маанидеги тарыхый жана маданий │
│ │ │эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси│
└──┴───────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘