Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-ноябры № 706
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин күчүнө кириши тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пунктунун бешинчи абзацы, 2 жана 4-пункттар, ошондой эле жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- тамеки буюмдарынын маркалары (аталышы) - төмөндөгү бир же бир нече белгилери менен башка маркалардан айырмаланган тамекинин ассортименттик позициясы - жекече белгилениши (аталышы), рецептурасы, өлчөмү, чыпкасынын болушу же болбошу, ошондой эле өндүрүүчүлөр тарабынан белгиленген башка керектелүүчү касиеттери менен;
- тамеки буюмдарына эң жогорку чекене баа жөнүндө билдирүү - чыпкалуу жана/же чыпкасыз сигареттердин ар бир маркасы (ар бир аталышы) боюнча тамеки буюмдарынын керектөөчү таңгагынын (кутусунун) бирдигине өзүнчө салык төлөөчү тарабынан эң жогорку чекене баасын (мындан ары ЭЧБ) белгилөө жана акциз салыгынын суммасын эсептөө үчүн акциз салыгынын комбинацияланган ставкаларын аныктоо тууралуу чыпкалуу жана/же чыпкасыз сигаретти өндүрүүчү жана/же импортер тарабынан билдирилген, белгилүү мезгилге салык органына берилүүчү маалымат.";
- 6-пунктунун төртүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 6-1, 6-2, 6-3-пунктчалар менен толукталсын:
"6-1. Тамеки буюмдарынын кутусунда Салык кодексинин 153-беренесинин 31-пунктуна ылайык милдеттүү түрдө ЭЧБ жана тамеки буюмдарынын даярдалган айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары - даярдалган күнү) көрсөтүлөт. Атайын целлофан менен таңгакталган кутусу бар тамеки буюмдарынын целлофан таңгагынын алдына акциз маркасынын наклейкасы жана ЭЧБ жөнүндө маалымат жана даярдалган күнү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
6-2. ЭЧБ жана тамеки буюмдарынын даярдалган күнү жөнүндө маалыматтардан тышкары таңгагына (кутусуна) кандайдыр бир элементтерди же акциз маркасын жабыштырууга жол берилбейт.
6-3. ЭЧБ жана тамеки буюмдарынын даярдалган күнү тууралуу маалыматтарды көрсөтүүгө төмөнкү талаптар коюлат:
1) жазуу так жана окууга жеңил болушу керек;
2) тамеки буюмдарынын таңгагын (кутусун) ачканда жазуулардын толуктугун камсыздоо үчүн жазуу туура ылайыкталышы керек;
3) жазуу тунук оромо пленкага же кандайдыр бир башка сырткы таңгактоочу материалга жазылбашы керек;
4) ЭЧБ араб сандары менен улуттук валютада жүз сомго чейин тегеректөө менен (шрифттин бийиктиги 3 ммдан кем болбойт), пробел коюлбастан жазылат (хх.ххсом). Мисалы: 20-00с;
5) тамеки буюмдарынын даярдалган күнү тууралуу маалымат араб сандары менен көрсөтүлөт (шрифттин бийиктиги 3 ммдан кем болбойт), пробел коюлбастан: айы, жылы жазылат (хх.хххх). Мисалы: 10.2010";
- 15-пунктта:
төртүнчү абзацында:
"келишим" деген сөз "түп нуска жана келишимдин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"лицензия" деген сөз "лицензиянын түп нускасы жана көчүрмөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Акциздик маркаларды алууга билдирме-эсеп, квитанция жана билдирүү (тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр үчүн) акциздик маркаларды берүүнү эсепке алуу китебинде салык органы тарабынан катталууга жатат, анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.";
төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Тамеки буюмдарына акциз маркаларын алуу үчүн Салык кодексинин 286-1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү милдеттүү түрдө салык органына 4-тиркемеге ылайык тамеки буюмдарынын эң жогорку чекене баасы жөнүндө билдирмени (мындан ары - билдирме) 2 нускада берет. Биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы кабыл алынган күнү, билдирмени кабыл алган салык органынын кызматкеринин аты-жөнү көрсөтүлүп жана колу, салык органынын мөөрү коюлуу менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
Билдирмеде көрсөтүлгөн убакыттын ичинде кайрадан билдирме бербестен эле акциз маркаларын алууга салык төлөөчүнүн укугу бар.";
- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-1, 15-2 жана 15-3-пунктчалар менен толукталсын:
"15-1. ЭЧБ жөнүндө билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле тамеки буюмдарынын даярдалган күнү билдирме берилген күндөн кийинки айдын 1инен тартып тамеки буюмдарынын керектөө таңгагынын (кутусунун) ар бир бирдигине жазылууга тийиш жана билдирүүнүн жарактуулук мөөнөтүндө колдонулат. Салык төлөөчү төмөнкү билдирүүлөрдү берүү жолу менен тамеки буюмдарынын бардык маркаларына (аталыштарына) же бир нече маркасына (аталыштарына) ЭЧБны өзгөртүүгө укугу бар. Кийинки билдирмеде көрсөтүлгөн ЭЧБ билдирме берилген күндөн кийинки айдын 1инен тартып, бирок мурунку билдирүүнүн жарактуулук мөөнөтү бүтө электе тамеки буюмдарынын керектөө таңгагынын (кутусунун) ар бир бирдигине жазылууга тийиш.
15-2. Эгерде бир салык мезгилинин ичинде керектелүүчү таңгагынын (кутусунун) бирдигинде көрсөтүлгөн түрдүү ЭЧБ менен бир маркадагы (аталыштагы) тамеки буюмдары салык төлөөчү тарабынан өндүрүлсө жана/же импорттолсо эсептик наркы тамеки буюмдарынын керектөө таңгагынын (кутусунун) бирдигинде көрсөтүлгөн ар бир ЭЧБнын жана керектөө таңгагынын (кутусунун) тиешелүү ЭЧБ көрсөтүлгөн сатылган (өткөрүлүп берилген) же алынып келинген бирдигинин көбөйтүндүсү катары аныкталат.
15-3. Сигареттерге акциз салыгынын айкалыштырылган ставкасы Салык кодексинин 287-беренесинде көрсөтүлгөн адвалордук жана өзүнчө элементтерди бир мезгилде колдонуу менен эсептелет жана төмөнкү формула боюнча тамеки буюмдарынын ар бир маркасына (ар бир аталышына) өзүнчө аныкталат:
Кс = (МРЦ х Кп) х Аэ + Сэ,
Мында Кс - сигаретке акциз салыгынын айкалыштырылган ставкасы, ЭЧБ - билдирмеде көрсөтүлгөн эң жогорку чекене баа, Кп - таңгактын (кутунун) саны (жеке катары аныкталат - 1000 даана, таңгактагы (кутудагы) сигареттин даанасынын санына бөлүнгөн, Аэ - пайыз менен адвалордук элемент, Сэ - сом менен атайын элемент.
Мисалы: бир кутуга 24 сом ЭЧБ белгиленген учурда "ААА" тамеки буюмунун маркасындагы сигаретке акциз салыгынын айкалыштырылган ставкасы 1000 даанасына 164 сомду түзөт (24 сом (ЭЧБ) х 50 куту (1000 даана/кутуда 20 даана) х 7 пайыз (Аэ) + 80 сом (Сэ) = 164 сом)";
- 16-пункт "№ 1 тиркемеге" деген сөздөрдөн кийин "жана 4-тиркемеге (тамеки буюмдарын импорттоочулар үчүн)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 34-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки буюмдарына ЭЧБны колдонуунун тууралыгын контролдоо салык жана бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.";
- 36-пункт "жана тамеки продукциялары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле импорттолуучу тамеки буюмдарына ЭЧБ жөнүндө маалымат" деген сөздөр менен толукталсын;
- Жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Тиркеме
"4-тиркеме
________________________________
________________________________
(Салык органынын аталышы)
Тамеки буюмдарына эң жогорку чекене баа жөнүндө
БИЛДИРМЕ
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ │
├─────────────────────┬───────────────────────────────────────────────┤
│Салык төлөөчүнүн │ │
│аталышы │ │
├─────────────────────┼───────────────────────────────────────────────┤
│Юридикалык дареги │ │
│жана телефону │ │
├─────────────────────┼───────────────────────────────────────────────┤
│ЖСН │ │
│ │ │
└─────────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘
20__-жылдын "__" ______ тартып 20__-жылдын "__" ______ чейин тамеки буюмдарына төмөнкү эң жогорку чекене бааны белгилөө тууралуу билдирет:
┌──┬──────────────────────┬────────────┬──────────────┬───────────────┐
│№ │ Тамеки буюмдарынын │ Бир кутуга │ Керектөө │ 1000 даанага │
│ │ маркасы (аталышы) │ эң жогорку │ кутусунун │акциз салыгынын│
│ │ │ чекене баа │ бирдигиндеги │ ставкасы │
│ │ │ (сом) │сигареттердин │ │
│ │ │ │ саны (даана) │ │
├──┼──────────────────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤
├──┼──────────────────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤
├──┼──────────────────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤
├──┼──────────────────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤
└──┴──────────────────────┴────────────┴──────────────┴───────────────┘
Билдирме ______ баракта берилген.
М.О. Уюмдун жетекчиси __________________________ _______________
(Салык төлөөчүнүн аталышы) (колу)
Күнү
_______________________
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Салык органы тарабынан толтурулат │
├────────────────────┬─────────────────────┬──────────────────────────┤
│МО │Күнү │20__-жылдын "__" ________ │
│ ├─────────────────────┼──────────────────────────┤
│ │Инспектордун аты-жөнү│ │
│ │жана колу │ │
└────────────────────┴─────────────────────┴──────────────────────────┘".