Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-январы № 59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ЖАКтын төрагасынын:
- орун басары болот, ал ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат;
- башкы окумуштуу катчысы болот, ал ЖАКтын төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 12-пунктунун биринчи абзацындагы "ЖАКтын төрагасы (кызмат орду боюнча) жана төраганын орун басары - ЖАКтын башкы окумуштуу катчысы (кызмат орду боюнча)" деген сөздөр "ЖАКтын төрагасы (кызмат орду боюнча), ЖАКтын төрагасынын орун басары (кызмат орду боюнча) жана башкы окумуштуу катчысы (кызмат орду боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктта:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- ЖАКтын, ЖАКтын президиумунун жана аппаратынын ишин уюштурат, ЖАКтын төрагасынын орун басарынын жана башкы окумуштуу катчысынын милдеттерин аныктайт;";
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ЖАКтын төрагасынын орун басары жана башкы окумуштуу катчысы түздөн-түз төрагага баш иет жана өз ишин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чектеринде жүзөгө ашырышат.";
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 59 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".