Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578, 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213, 2014-жылдын 29-январындагы № 59, 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 2017-жылдын 8-декабрындагы № 795, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. ЖАКтын милдеттери
3. ЖАКтын функциялары
4. ЖАКтын укуктары
5. ЖАКтын ишин уюштуруу
6. ЖАКтын мүлкү жана аны каржылоо
7. ЖАКтын ишин токтотуу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (мындан ары -ЖАК) бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий педагогикалык кадрларды аттестациялоочу, аларга окумуштуулук даражаларды берүүнү, окумуштуулук наамдарды ыйгарууну ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, мамлекеттик коллегиялуу илимий-эксперттик орган болуп эсептелет.
2. ЖАК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
21. ЖАКтын ишинин негизги принциптери көз карандысыздык, компетентүүлүк, объективдүүлүк жана кесиптик этиканын ченемдерин сактоо болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. ЖАК уюштуруучулук-укуктук формадагы мекеме катары юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, эсеп-кысабы, ага бекитилип берген мүлкү, расмий бланкы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү бар:
- мамлекеттик тилде толук аталышы "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы", кыскартылганы "КР ЖАК";
- расмий тилде толук аталышы "Высшая аттестационная комиссия Кыргызской Республики", кыскартылганы "ВАК КР".
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
4. ЖАКтын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 2.
2. ЖАКтын милдеттери
5. ЖАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо;
- Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык дараметин калыптандыруу, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын сапаттык курамын жакшыртууга, аларды даярдоонун натыйжалуулугун жана коом менен мамлекеттин керектөөлөрүн, илимди, билим берүүнү, техниканы жана маданиятты өнүктүрүү келечегин эске алуу менен пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты уюштуруу жана өнүктүрүү, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин, Евразиялык экономикалык коомго мүчө- мамлекеттердин бирдиктүү билим берүү жана илимий мейкиндигин түзүүгө катышуу;
- ЖАКтын ишинде маалымат технологияларын колдонууну кеңейтүү, ЖАКтын маалымат торчосун түзүү, "Антиплагиат" программасын өркүндөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ЖАКтын функциялары
6. ЖАК өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ишти контролдоону жана координациялоону ишке ашырат;
- диссертациялык жана эксперттик кеңештердин ишин уюштурат;
- докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештерди түзөт, ушул кеңештердин жекече курамын бекитет;
- диссертацияларды коргоого кабыл алуу укугу берилүүчү адистиктердин тизмегин президиумдун бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет;
- диссертациялык кеңештердин ишин токтото турат же токтотот;
- эксперттик кеңештердин курамын түзөт жана бекитет;
- илимдин кандидаты, илимдин доктору окумуштуулук даражаларын ыйгарат же диввертациялык кеңештердин окумуштуулук даражаларын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катын четке кагат;
- тийиштүү окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин сунушу боюнча профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын ыйгарат же тиешелүү өтүнүч катты четке кагат;
- белгиленген тартипте жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо маселелери боюнча нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыгууга катышат;
- кызыкдар министрликтер, ведомстволор жана уюмдар менен бирдикте илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасын өркүндөтүү боюнча иш жүргүзөт;
- билим берүү жана илим жаатындагы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен бирдикте өз компетенциясынын чегинде жождордун жогорку окуу жайлардагы билим алуудан кийинки программаларды жүзөгө ашыруусуна (докторантуранын, аспирантуранын, изденүүчүлүк) укук берүүчү статусун аныктоо боюнча аккредитацияга катышат;
- белгиленген тартипте илимдин докторунун жана илимдин кандидатынын дипломдорун философиянын доктору дипломунун (РhD) , профессордун, доценттин жана ага илимий кызматкердин аттестаттарын тариздейт жана белгиленген тартипте берет;
- диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүн ЖАК тарабынан сунушталган илимий журналдардын жана басылмалардын тизмесин аныктайт;
- окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтердин формаларын иштеп чыгат;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселеси боюнча эл аралык уюмдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын таламдарын көздөйт;
- белгиленген тартипте ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзөт жана ЖАКтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жана Евразиялык экономикалык коомго мүчө - мамлекеттердин бирдиктүү илимий-билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максатында мамлекеттер аралык диссертациялык кеңештерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- чет мамлекеттерде алынган окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу тартибин аныктайт, көрсөтүлгөн документтердин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берет;
- (жыйырманчы абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырма биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча чет мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдерден, эл аралык кызматташтык программаларынан, ошондой эле ведомстволор аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат;
- окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгарууга байланыштуу ЖАКтын президиумунун жана диссертациялык кеңештердин чечимдерине болгон аппеляцияларды карайт;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында азыркы маалыматтык технологияларды өркүндөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- ЖАКтын ишин маалыматташтыруу жана КР ЖАКтын маалымат торчосун түзүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- ЖАКынын иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт;
- республикада корголгон диссертациялардын эсебин алат, аларга талдоо жүргүзөт жана алар боюнча белгиленген тартипте кызыкдар уюмдарга тийиштүү маалыматтарды берет;
- "Антиплагиат" программасын ишке киргизүү жана аны авторефераттарды жана диссертацияларды экспертизалоого колдонуу боюнча иштерди жүргүзөт.
- кандидаттык сынактардын тизмегин аныктайт;
- изденүүчүгө окумуштуулук наам ыйгарууну сунуштаган окумуштуулар кеңешинин, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке адамдардын өтүнүч каттары боюнча профессорду, доцентти, улук илимий кызматкерди окумуштуулук наамдарынан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- окумуштуулук даражалары берилген жана окумуштуулук наамдары ыйгарылган күндөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин ЖАК окумуштуулук даражаларынан жана наамдарынан ажыратуу жөнүндө өтүнүч каттарды карабайт;
- илим-изилдөө институттарын мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон) өткөрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578, 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213, 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. ЖАКтын укуктары
7. ЖАК төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- диссертациялык жана эксперттик кеңештердин жетекчилеринин отчетторун алардын иш тажрыйбасын текшерүү жана жалпылоо максатында угат;
- диссертацияларды коргоонун аныкталган тартибин одоно бузган учурда диссертациялык кеңештерди диссертацияларды коргоого алуу укугунан ажыратууга жана алардын ишин токтотууга;
- зарыл болгон учурда расмий оппоненттерди дайындоого, диссертациялык иштерди экспертизалоо жана диссертациялык кеңештердин ишин текшерүү үчүн жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга;
- ведомстволук таандыктыгына карабастан диссертацияларды коргоо боюнча кеңештер жана илимий (илимий-техникалык) кеңештер иштеген уюмдар менен мекемелерден ар жылдык илимий-уюштуруу жана статистикалык отчетторду жана зарыл учурларда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жекече мүнөздөгү маалыматтарды белгилеген тартипте суроого жана алууга;
- жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын өркүндөтүү, диссертациялардын илимий деңгээлин жана колдонуу баалуулуктарын жогорулатуу менен байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча белгиленген тартипте кеңешмелерди чакырууга;
- өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк аттестациялык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө, жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселеси боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышууга;
- ЖАКтын бюллетенин басып чыгарууга жана таратууга, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого байланыштуу башка материалдарды жарыялоо үчүн даярдоого;
- ЖАКтын ишин демократташтыруу боюнча чараларды ишке ашырууга.
- илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы ыйгарылгандан кийин 3 жылдын ичинде изденүүчүнүн диссертациялык ишинен плагиат аныкталган учурда, окумуштуулук даражасынан ажыратуу жөнүндө маселени кароого.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. ЖАКтын ишин уюштуруу
8. ЖАКты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат.
ЖАКтын төрагасынын:
- орун басары болот, ал ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат;
- башкы окумуштуу катчысы болот, ал ЖАКтын төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
ЖАКтын төрагасы ЖАКка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана анын ишине жетекчилик кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 213, 2014-жылдын 29-январындагы № 59, 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2017-жылдын 8-декабрындагы № 795 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. ЖАКтын курамы республикадагы алдыңкы окумуштуулардын ичинен ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча түзүлөт жана төрагадан тышкары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен 4 жылдык мөөнөткө бекитилет, анын курамы кийин ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча 50дөн кем эмес пайызга жаңыртылат. Мында ЖАКтын курамынын мүчөсү өзүнүн функцияларын катары менен эки мөөнөттөн ашык аткара албайт. ЖАКтын курамы өзүнүн ишин коомдук негизде ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. ЖАКтын курамынын иш формасы болуп жыйын эсептелет. КР ЖАКтын жыйыны зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. ЖАКтын жыйыны ЖАКтын төрагасы тарабынан чакырылат жана анын курамынын жарымынан көбүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. ЖАКтын чечими жыйынга катышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11. ЖАКтын жыйынында төмөндөгүлөр каралат:
- ЖАКтын башкы окумуштуу катчысынын ЖАКтын иши тууралуу жылдык отчету угулат, талкууланат жана бекитилет;
- ЖАКтын ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштар киргизилет;
- ЖАКтын андан ары өнүгүү жолдору жөнүндө маселелер талкууланат.
12. ЖАКтын функциясын аткаруу жана ЖАКтын курамынын жыйындарынын аралыгында аттестациялоонун учурдагы маселелерин ыкчам чечүү үчүн ЖАКтын президиуму ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык иш алып барат. ЖАКтын президиуму 15 мүчөдөн, анын ичинде: ЖАКтын төрагасы (кызмат орду боюнча), ЖАКтын төрагасынын орун басары (кызмат орду боюнча), башка көрүнүктүү окумуштуулар, илимдин, техниканын, билим берүүнүн, маданияттын негизги багыттарынын адистери, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону активдүү ишке ашырып жатышкан министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турат.
ЖАКтын президиумунун жекече курамы ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. ЖАКтын президиумунун курамы, Президиумдун мүчөлөрүнүн жалпы санынын 1/3 ротациялоо аркылуу эки жылда бир жолу жаңыртылат.
- ЖАКтын президиумунун курамы 2 жылдык мөөнөткө бекитилет жана ротациялоо жолу менен президиумдун мүчөлөрүнүн жалпы санынын 1/3ү жаңыртылат. Профессор наамы бар илимдин докторлору гана ЖАКтын президиумунун мүчөлөрү боло алат.
Жашырын добуш берүү талаш маселелер боюнча чечим кабыл алуу учурунда жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 59, 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Диссертациялык кеңештерди түзүү (кайра бекитүү, ишин токтотуу же токтото туруу) жөнүндө ЖАКтын президиумунун чечими ЖАКтын төрагасынын буйругу менен таризделет.
14. ЖАКтын төрагасы:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ЖАКтын системасындагы иштерди каржылоонун көлөмү жана тартиби боюнча сунуштарды даярдайт, ЖАКтын аппаратынын кызматкерлеринин белгиленген санынын жана эмгек акы фондунун чегинде ЖАКтын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону, ошондой эле тиешелүү мезгилге бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде аны күтүүгө чыгымдардын сметасын бекитет;
- ЖАКтын, ЖАКтын президиумунун жана аппаратынын ишин уюштурат, ЖАКтын төрагасынын орун басарынын жана башкы окумуштуу катчысынын милдеттерин аныктайт;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо, окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу маселелери менен байланышкан нускамаларды чыгарат. Алардын аткарылышына контролду жана текшерүүнү ишке ашырат, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде ЖАКтын курамынын (мүчөлөрүнүн), президиумдун жыйындарында кабыл алынган чечимдерге, окумуштуулук даражалардын берилгендиги жөнүндөгү дипломдорго жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү аттестаттарга кол коет;
- Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык ЖАКтын аппаратынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызматынан алат;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара байланыш түзүү маселелери боюнча ЖАКтын атынан чыгат.
ЖАКтын төрагасынын орун басары жана башкы окумуштуу катчысы түздөн-түз төрагага баш иет жана өз ишин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чектеринде жүзөгө ашырышат.
Төрага жок болгон учурда төраганын орун басары анын милдеттерин аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 59, 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Диссертациялардын илимий деңгээлине, алардын илимий жана практикалык баалуулугуна, ЖАКтын диссертациялык жана эксперттик кеңештердин ишине, аттестация жүргүзүүдөгү талаптардын бирдиктүүлүгүнө контролдукту камсыздоо максатында, ошондой эле ЖАК үчүн рекомендацияларды даярдоо ЖАКтын президиуму илим, техника, билим берүү жана маданият жаатындагы көрүнүктүү илимпоздордун жана адистердин ичинен эксперттик кеңештерди түзөт, алар жогорку окуу жайлардын, академиялык жана тармактык илим-изилдөө институттарынын, илимий жана илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, башка уюмдардын сунуштарын эске алуу менен түзүлөт, алардын курамы ЖАКтын төрагасынын буйруктары менен бекитилет.
Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасынын ишине окумуштуулардын жана адистердин катышуусу алардын коомдук-илимий ишинин маанилүү жагы катары каралат жана эсепке алынат.
16. ЖАКтын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо, диссертациялардын жана аттестациялык иштердин экспертизасын камсыз кылуу жана уюштуруу, ЖАКтын президиумунун жыйындарында иштерди кароого даярдоо маселелери боюнча ЖАКтын ишин уюштуруу жана техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдөрдү камтыган өз аппараты бар, алар илимдин, техниканын, билим берүүнүн жана маданияттын тиешелүү багыттары боюнча аттестациялоо жүргүзүүнүн сапаты үчүн жоопкерчиликтүү болот.
ЖАКтын аппаратынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетектөөчү кызматкерлеринин кызмат орундарын илимий даражасы бар адистер гана ээлей алат.
6. ЖАКтын мүлкү жана аны каржылоо
17. ЖАКтын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ЖАКка оперативдүү башкаруу укугунда бекитилет.
18. ЖАКтын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана каржылоо республикалык бюджеттен, атайын каражаттардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбей турган каржылоонун башка булактарынан жүргүзүлөт.
7. ЖАКтын ишин токтотуу
19. ЖАКты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
20. ЖАКты кайра уюштуруу учурунда мүлк, материалдар жана жабдуулар анын укугун мурастоочуга берилет.
21. ЖАКты жойгон учурда ал иштеп жаткан мезгилде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.