Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 83/41/5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу № 493/35/9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 12-июнундагы № 396 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» токтому менен жактырылган, 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө башкы макулдашууга карата кошумча макулдашуунун долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсептерин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 12-июнундагы № 396 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» токтому менен жактырылган, 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө башкы макулдашууга карата кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри М.Т.Мамбетжановго бул токтомдун 1-пунктунда аталган Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 114 «2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Башкы макулдашууга карата кошумча макулдашуунун долбоору тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Улуттук банкынын төрагасы |
З. Асанкожоева |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-августундагы № 493/35/9 биргелешкен токтомун аткаруу үчүн мындан ары «КРФМ» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын финансы министри М.Т.Мамбетжанов атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мындан ары «КРУБ» деп аталуучу, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштеген башкармалыктын төрагасы З.М.Асанкожоева атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мындан ары бирге айтууда «Тараптар» деп аталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Башкы макулдашуунун (мындан ары текст боюнча «Башкы макулдашуу») 4.7-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсептерин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында Башкы макулдашууга карата төмөнкүлөр жөнүндө бул Кошумча макулдашууну түзүштү:
1. Тараптар Башкы макулдашууга төмөнкү өзгөртүүнү киргизүүнү макулдашышты:
- 4.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«4.2. КРУБдагы Өкмөттүн депозиттерине кошуп эсептелүүчү пайыздар, ошондой эле КРУБдун пайдасынын бюджетке которулууга тийиш болгон бөлүгү карызды тейлөө эсебине (КТЭ) чегерилет. КТЭге чегерилген каражаттар ушул Макулдашуу менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын тындыруу максаттары үчүн пайдаланылат. КРФМ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КРУБдун алдындагы ар жылдык чыгымдарын жабуу үчүн керектүү сумманы КТЭде кармап турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы милдеттенмелери боюнча ар жылдык чыгымдарын жаап туруу үчүн зарыл суммадан ашкан каражаттар Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы мамлекеттик карызын пландуу жана мөөнөтүнөн мурда тындырууга пайдаланылышы мүмкүн». Ушул Кошумча макулдашуу Башкы макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Ушул Кошумча макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул Кошумча макулдашуу мамлекеттик жана расмий тилдерде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
М. Мамбетжанов | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үчүн
З. Асанкожоева |