Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 токтомуна 4-тиркеме
Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестринин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) максатын, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикалары жөнүндө маалыматтарды (мындан ары - методикалар) камтыйт.
3. Мамлекеттик реестр соттук-эксперттик мекемелерди соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикалары жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо максатында түзүлөт.
2. Мамлекеттик реестрди түзүү тартиби
4. Мамлекеттик реестрди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик соттук-эксперттик мекеме (мындан ары - мекеме) жүргүзөт.
5. Мамлекеттик реестрдин жүргүзүлүшүн маалыматтык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы соттук-эксперттик мекемелер, укук коргоо органдарынын соттук-экспертизалык бөлүктөрү (мындан ары - соттук экспертиза органдары) тарабынан иштелип чыккан методикалар жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен ишке ашырылат.
6. Мамлекеттик реестрге төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- методиканын шифри;
- методиканын аталышы;
- методика иштелип чыккан жыл;
- методика бекитилген күн;
- методиканын автору (түзүүчү).
7. Методика жөнүндө маалыматтарды соттук экспертиза органдары мекемеге бир нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз сактагычта жана электрондук түрдө, соттук экспертиза органдары тийиштүү методиканы бекитүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин беш иш күндүн ичинде жиберишет.
8. Методика жөнүндө маалыматтар мамлекеттик реестрге алар мекемеге келип түшкөн учурдан баштап беш иш күндүн ичинде киргизилет.
9. Мамлекеттик реестр кагаз сактагычта жана электрондук түрдө, мамлекеттик жана расмий тилдерде, ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт.
10. Мамлекеттик реестрдин кагаз варианты боо менен көктөлөт, номерленет жана мекеменин мөөрү менен бекитилет. Беттерди номерлөө өтмө болот. Карандаш менен жазууга, чийип оңдоого, кырып өчүрүүгө, оңдоого, барактарды алып коюуга болбойт.
11. Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болгондо соттук экспертиза органдары тийиштүү маалыматты мекемеге (бир нускада), мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз сактагычта жана электрондук түрдө, соттук экспертиза органдары бекитилген методикалардын тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышкан күндөн баштап беш иш күндүн ичинде жиберишет.
Мекеме Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду ушул пунктта көрсөтүлгөн маалымат түшкөн учурдан баштап беш иш күндүн ичинде киргизет.
12. Мамлекеттик реестрдин электрондук варианты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.
3. Мамлекеттик реестрди пайдалануунун тартиби
13. Соттук эксперттер сот экспертизасын жүргүзүүдө Мамлекеттик реестрге киргизилген методикалар жөнүндө маалыматтарды пайдаланышат.
14. Методикалар жөнүндө маалымат алыш үчүн мекеменин дарегине жазуу жүзүндө сурам жиберилет.
15. Мекеме Мамлекеттик реестрден көчүрмөнү жазуу жүзүндө, сурам келип түшкөн күндөн баштап беш иш күндүн ичинде жетекчинин же аны алмаштыруучу адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүп берет.
16. Ал көчүрмө сурамды тариздеген адамдын дарегине жиберилет.
|
| Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестри
№ | Методиканын шифри | Методиканын аталышы | Методика иштелип чыккан жыл | Методика бекитилген күн | Методиканын автору (түзүүчү) | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|