Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 162
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментти түзүү жөнүндө
Билим берүү инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү, башкаруу тутумун андан ары өркүндөтүү жана мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарында финансы ресурстарынын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11 -беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, ондоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент түзүлсүн.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, ондоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүң 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүне кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |