Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-марты № 190
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2014-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2014-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2014-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укуктарынан ажырашкан эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автоунаа менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуучу жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда аскер комиссариаттарына көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздашсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автоунаа транспорту, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча райондук (шаардык) чакыруу пункттарында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөөчү жерине жөнөтөөр алдында аларды контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас шаарларындагы жана Нарын облусунун Кочкор айылындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, көз догдур, отоларинголог, тиш догдур, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талaп кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, мыйзамдуу негиз болгон учурда аларды кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын чакыруу мөөнөтүн узартуу маселеси чечилмейинче, Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектесин.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетнн аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31 - мартындагы № 190 токтомуна тиркеме |
Керималиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын 2-башкармалыганын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | |
Бусурманкулов Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Тологонов Б.Т. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын башкы врачынын орун басары; |
Исаева С.И. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын аскердик-мобилизациялоо иштери жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн бөлүмчөсүнүн улук инспектору; |
Кутуев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Абакиров Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери; |
Калмурзаев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери; |
Жапар уулу Асылбек | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакырууга чейинки даярдык бөлүмчөсүнүн начальниги; |
Барпиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын контракттык кызмат бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Мамбеталиев С.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы алиси, улук дарыгер (Республикалык жыйноо пунктунда); |
Курманбаев Р.К. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик-дарыгердик комиссиясынын терапевт дарыгери; |
Стамалиев Т.Б. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик-дарыгердик комиссиясынын катчысы; |
Абыкеев И.К. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик-дарыгердик комиссиясынын аскердик-дарыгердик экспертиза бөлүмүнүн начальниги; |
Мурзагулов А.М. | - 44549 аскер бөлүгүнүн хирург дарыгери; |
Эралиев Т.К. | - 34594 аскер бөлүгүнүн улук ординатору. |