Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736, 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2022-жылдын 25-мартындагы № 160, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарын түзүү, пайдалануу жана эсепке алуу тартибин аныктайт.
2. Фонддун бардык каражаттары казыначылык тутумунун эсептеринде эске алынат. Фонддун эсептеринде Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун колдоо жана даярдоону каржылоо үчүн каражаттарды топтоо ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фонддун каражаттарын ушул Жободо каралбаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
2. Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары, пайдалануу жана эсепке алуу тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарынын.
5. Каражаттар Фонддун эсептерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшөт. Фонддун акча каражаттарын жылдыруу боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга же МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышына башка комплекстүү баалоо жүргүзүүгө, ошондой эле аларга кийин мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каржылоо зарылдыгына;
- башка булактардан каржылануучу МЖӨ долбоорлору боюнча жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдү тең каржылоого, ошондой эле кызыкдар тараптар демилгелеген МЖӨ долбоорлорун жеткире иштеп чыгууну тең каржылоого.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. МЖӨ долбоорун даярдоого каражаттардын орду МЖӨ жөнүндө макулдашууда аныкталган тартипте жеке өнөктөш тарабынан толтурулат.
Эгер МЖӨ жөнүндө макулдашуу МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарына көз каранды болбогон себептер боюнча жеке өнөктөш менен кол коюлушу мүмкүн болбосо (жеке өнөктөштү тандоо конкурсуна өтүнмөлөрдүн жоктугу, түзүмүнүн же активдердин, тарифтердин наркынын, мамлекеттик колдоонун же саясаттын өзгөрүшү жана башка ушул сыяктуу себептер), анда мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбооруна керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча каржылоону алуу жана жаңы конкурсту жарыялоо үчүн Фондго кайрыла алат. Башка учурларда мамлекеттик өнөктөш каржылоонун башка булактарынын эсебинен МЖӨ долбоорун даярдоого сарпталган каражаттардын кайтарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фонддун каражаттарын башкаруу
10. Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун каражаттарын башкаруу жана акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын мониторингдөөнү ишке ашырат.
11. Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет:
- бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы;
- экономикалык саясат боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
- бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук негизде катышат.
13. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү отурумдарга алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү келе албай калганда ал каралуучу маселе боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берет.
14. Фонддун Байкоочу кеңешинин отурумдары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
15. Фонддун Байкоочу кеңешинин отурумдарына МЖӨ долбоорлорун демилге кылган мамлекеттик өнөктөштөр долбоорго түшүндүрмө берүү жана илгерилетүү үчүн милдеттүү түрдө катышат.
16. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими бир добуштан кабыл алынат.
17. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- Фонддун каражаттарынан каржылоо үчүн МЖӨ долбоорун жактыруу же жактырбоо;
- МЖӨ долбоорун даярдоого техникалык тапшырманы бекитүү же ал боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды киргизүү;
- МЖӨ долбоорун даярдоого бюджетти бекитүү же ал боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды киргизүү;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу планын бекитүү же ал боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды киргизүү.
- Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоону МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган ишке ашырат.
Мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруу планы аткарылбаса же аткаруу артыкчылыгы төмөндөтүлсө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган Байкоочу кеңештин кароосуна консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга бөлүнгөн акча каражаттарды кайтарып алуу маселесин киргизүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)