Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 253 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну № 328
Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңешти түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 25 марта 2022 года № 160 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу максаттарында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жободо:
- 11-пунктунда:
- 11-пунктунун үчүнчү-алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директору.".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 25 марта 2022 года № 160 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) иш процессин белгилейт жана жөнгө салат.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (мындан ары - МЖӨ) өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрле Кабинетинин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин курамы
4. Кеңештин курамына кызмат орундары боюнча төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кеңештин мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин директору, Кеңештин мүчөсү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кеңештин милдеттери
5. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО), ишкердик субъекттеринин, коммерциялык эмес жана МЖӨнүн долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча илимий-изилдөө уюмдарынын ишин натыйжалуу координациялоо жана өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу;
- МЖӨ чөйрөсүндө бирдиктүү макулдашылган мамлекеттик саясатты түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- МЖӨнүн саясатын ишке ашыруу жана механизмдерин колдонуу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- МЖӨ чөйрөсүндө комплекстүү жана талаш-тартыш маселелерди чечүү,
4. Кеңештин функциялары
6. Кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- МЖӨнүн долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, ЖӨБ органдарынын, ишкердик субъекттеринин, коммерциялык эмес жана илимий-изилдөө уюмдарынын ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу;
- МЖӨнү өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын пландарын бекитүү;
- Кыргыз Республикасындагы МЖӨнү өнүктүрүү маселелери боюнча концепциялардын, стратегиялардын, программалардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- МЖӨ чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- МЖӨнү өнүктүрүүгө дем берүү боюнча болгон жана сунушталган чараларды талдоо;
- МЖӨнүн долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү;
- МЖӨнүн долбоорлорун демилгелөө үчүн артыкчылыктуу тармактарды жана багыттарды аныктоо;
- Кыргыз Республикасындагы МЖӨнү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон башка функциялар.
5. Кеңештин укугу
7. Кеңеш төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүнүн маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишкердик субъекттеринен, коммерциялык эмес жана илимий-изилдөө уюмдарынан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик субъекттеринин, коммерциялык эмес жана илимий-изилдөө уюмдарынын өкүлдөрүн жана тийиштүү маселелер боюнча эксперттерди белгиленген тартипте Кеңештин жыйынына чакырууга;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча ишти жүргүзүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топторду түзүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кеңештин ишин уюштуруу
8. Кеңештин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башкалар менен камсыз кылууну МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
9. Кеңештин жыйыны зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйын өтө турган жер жана убактысы Кеңештин Төрагасы тарабынан белгиленет.
10. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына орун алмаштыруу укугусуз катышат.
11. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталыштарда катышат.
12. Кеңештин жыйыны Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта укук ченемдүү болуп эсептелет.
13. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин жыйыны боло тургандыгы жөнүндө башталганга чейин 7 күн мурда билдирет. Жыйындын күн тартиби жана материалдар электрондук почта аркылуу берилиши мүмкүн.
14. Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү жөнүндө сунуштар анын мүчөлөрү тарабынан жазуу жүзүндө алар Кеңештин жыйынын өткөрүүнү сунуштаган датага чейин 15 күн мурда киргизилет.
Шашылыш маселелер пайда болгон учурларда кезексиз жыйын Кеңештин Төрагасы тарабынан билдирүү жөнөтүү (телефонограмма, телефон аркылуу кабарландыруу) аркылуу чакырылышы мүмкүн.
15. Кеңештин жыйынында Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басары төрагалык кылат.
16. Каралып жаткан маселелер боюнча Кеңештин чечими катышып жаткан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө таризделет.
Добуштар тең болуп калган учурда жыйынга төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
17. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда Кеңештин каалаган мүчөсү Кеңештин жыйынынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш болгон өз пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу.
18. Кеңештин чечими кызыкдар мамлекеттик органдарга Кеңештин жыйындарынын протоколунан көчүрмө түрүндө берилет.
19. Кеңеш зарыл болгон учурда жыйындын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоого катышуусу керек деп эсептеген жактарды добуш берүү укугусуз чакыра алат.
20. Кеңештин мүчөлөрүндө же Кеңештин жыйынына катышуучу жактарда кандайдыр-бир маселелерди кароодо кызыкчылыктардын кагылышы болсо, алар жыйын башталганга чейин ушул абалды ачыкка чыгарууга милдеттүү.
Көрсөтүлгөн жактар кызыкчылыктардын кагылышын пайда кылган маселелерди кароого катышпашы керек, ошондой эле ушул маселелер боюнча добуш берүүгө катыша алышпайт.