Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун каржылоо фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартибин аныктайт.
2. Фонддун каражаттарын каржылоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун тандап алуу жол-жобосу ушул Жободо белгиленген тартипте мамлекеттик өнөктөш тарабынан демилге кылынат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминология колдонулат:
- долбоор жөнүндө маалымкат - алдын ала финансылык көрсөткүчтөрдү, негизги тобокелдиктерди жана долбоорду ишке ашыруунун планын камтыган МЖӨ долбоорунун негиздемеси;
- консультациялык компания - катталган жерине карабастан МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү жана тендердик жол-жоболорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон квалификациялык талаптарга жана иш тажрыйбасына ээ юридикалык жак.
2. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо максатында МЖӨ долбоорлорун даярдоо тартиби
4. МЖӨ долбоорлорун издөө жана демилгелөө мамлекеттик өнөктөш тарабынан ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик өнөктөш төмөнкүдөй документтерди даярдайт:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча МЖӨ долбоору тууралуу маалымкатты;
- консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн бюджеттин долбоорун;
- милдеттүү түрдө фискалдык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү тууралуу талаптарды камтыган консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн техникалык тапшырманын долбоорун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик өнөктөш тарабынан бекитилген документтердин пакети МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга экспертизага жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Ушул Жобонун 6-пунктунда аталган документтердин пакетин экспертизалоо МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн МЖӨ долбоорлорун талдоо критерийлерине ылайык бир айлык мөөнөттө ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалымат толук берилбеген учурда долбоорду жеткире иштеп чыгууга кайра кайтаруу;
- ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн МЖӨ долбоорлорун тандоо критерийлерине долбоор шайкеш келбеген учурда аны четке кагуу;
- долбоорго корутунду түрүндө таризделүүчү жактыруу.
9. МЖӨ долбоору жактырылган учурда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир жумалык мөөнөттө МЖӨ долбоорун каржылоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан аны кароо жол-жобосун демилгелейт.
10. Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу менен МЖӨ долбоору боюнча документтердин пакети берилет.
11. Фонддун Байкоочу кеңеши бир айдан кеч эмес мөөнөттө карайт жана аны жактыруу жана даярдоо үчүн зарыл болгон каржылоо бөлүү же аны четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
12. Фонддун Байкоочу кеңеши МЖӨ долбоорун жактыргандан кийин мамлекеттик өнөктөш МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте бир айлык мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө конкурс жарыялайт.
13. Консультациялык компанияны тандап алуу боюнча конкурс өткөрүлгөндөн кийин мамлекеттик өнөктөш МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзөт.
14. Техникалык тапшырмага ылайык консультациялык компаниянын ишинин жыйынтыктары МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик өнөктөш тарабынан жактырылат.
|
| Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоонун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
МЖӨ долбоору жөнүндө МААЛЫМКАТ
Мамлекеттик өнөктүн аталышы: | |
Долбоорду мамлекеттик өнөктүн бекиткен күнү: | |
Сунушталуучу долбоордун аталышы | |
Долбоор жөнүндө жалпы маалымат |
|
Сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн МЖӨ долбоорлорду колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө |
|
Долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар |
|
Сунушталган долбоорду өзүнө камтыган стратегиялык программалар (концепциялар) |
|
Кандайдыр бир изилдөөлөрдүн (ТЭН, инвестициялык план ж.б.) болушу (болсо тиркөө керек) |
|
Мамлекеттик өнөктөн тышкары башка уюмдардын (мамлекеттик үлүшү менен акционердик коомдор, мамлекеттик ишкана, мекеме же башка чарбалык субъект) болжолдонгон катышуусу. Алардын болжолдонгон ролун жана функциясын баяндоо |
|
Долбоордун жайгашкан орду |
|
ТЭНдин даярдоо наркын алдын ала баалоо |
|
Зарыл болгон капиталдык инвестициялардын жалпы суммасын алдын ала баалоо |
|
Долбоорду ишке ашыруунун болжолдонгон мөөнөтү |
|
Долбоорду ишке ашыруу стадиялары (фазалары) Долбоорду ишке ашыруунун календарлык планы |
|
Төмөнкүлөргө чыгымдарды баалоо: 1) эксплуатациялоого; 2) объектти тейлөөгө |
|
Төмөнкүлөрдүн эсебинен чыгымдардын болжолдонгон ордун толтуруу: 1) кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын төлөмдөрүнүн (эгер колдонулса); 2) мамлекеттин салымынын (эгер колдонулса); 3) инвестицияларды кайтарып берүүнүн башка булагынын |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын күтүлүүчү саны Кызмат көрсөтүүлөргө күтүлүүчү тариф |
|
Алдын ала нарктык баалоону кошкондо болжолдонгон керектөө жана экономикалык жана/же финансылык мамлекеттик колдоонун түрлөрү |
|
Жер участогун сатып алуунун зарылдыгы жана анын базар наркы |
|
Долбоордун терс экологиялык таасирин баалоо: түрлөрү жана алар боюнча күтүлүүчү чыгымдар |
|
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон социалдык маселелерди баалоо, аларды чечүүгө болжолдонгон чыгымдарды кошуу менен |
|
Тобокелдиктерди алдын ала баалоо (5 негизги тобокелдикти көрсөтүү керек) |
|
|
| Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоонун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
МЖӨ долбоорлорун тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Сунушталган долбоордун функционалдуулугун жана мүнөздөмөлөрүн так аныктоо мүмкүндүгү.
2. Сунушталган долбоордун функционалдуулугунун жана мүнөздөмөлөрүнүн негизделгендиги.
3. Сунушталган долбоордун стратегиялык өнүктүрүү программаларына ылайык келүүсү.
4. Сунушталган долбоордун кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен макулдашылышы.
5. Объектти жеке менчик секторго берүү мүмкүндүгү.
6. Объекттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу мүмкүндүгү.
7. Долбоорду даярдоого жана тендердик жол-жоболорду жүргүзүүгө кетүүчү чыгымдар менен инвестициялардын жалпы суммасына карата долбоордун максатка ылайыктуулугу.
8. Инвестицияларды кайра кайтарып берүүнү камсыздоо үчүн жетиштүү болгон түшүүлөр объектисин кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн генерациялоо мүмкүндүгү.
9. Зарыл учурда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоону камсыз кылуу мүмкүндүгү.
10. Ушул сыяктуу ишке ашырылган долбоордун болушу жана анын натыйжалуулугу.
11. Болуучу тобокелдиктерди жеке өнөктүн башкаруу мүмкүндүгү.
12. Долбоорду даярдоо үчүн жетиштүү убакыттын болушу.
13. Мамлекеттик өнөктө долбоорду даярдоо жана башкаруу үчүн зарыл болгон адам ресурстарынын болушу.
14. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жерди өз убагында берүү мүмкүндүгү.
15. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон уруксаттарды өз учурунда алуу мүмкүндүгү.