Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме, өз алдынча балансы болот, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар. Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
4. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти";
расмий тилде: "Департамент лесных экосистем и особо охраняемых природных территорий Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, М.Горький көчөсү, 142.
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин максаты токой экосистемаларын сактоо, токой өскөн аянтты көбөйтүү үчүн мамлекеттик токой фондунун аймагында токой чарбаны сарамжалдуу жүргүзүү жана токойду кайрадан калыбына келтирүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- токой экосистемаларынын тиешелүү сапаттуу абалын камсыз кылуу, республиканын аймагында токойлорду көбөйтүү, токой тармагында башкаруунун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүү;
- токой ресурстарын эсепке алууну, алардын абалына баа берүүнү, токой ресурстарын пайдаланууну жөнгө салууну камсыз кылуу;
- пландаштырылып жаткан башкаруу, чарбалык жана башка иштердин экосистемаларга мүмкүн болгон терс натыйжаларынын таасирин болтурбоо;
- токой пайдалануучулар токойду өрттөн жана токой эрежелерин бузушунан коргоого, токойду зыянкечтерден жана ылаңдан коргоого, токой экосистемаларын өнүктүрүүгө жана токойдун жыгач жана жыгач эмес ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган токой чарба иш-чараларын жүргүзүүсүн колдоону камсыз кылуу;
- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алууда жана турмушка ашырууда маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусун камсыз кылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департаменттин функциялары
9. Алдыга коюлган милдеттерди турмушка ашыруу үчүн Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты турмушка ашыруу чөйрөсүндө:
- төмөнкүдөй сунуштарды иштеп чыгат жана Агенттикке киргизет:
токой тармагын комплекстүү башкаруу жана токойду сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча сунуштарды;
токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын сактоо, кайрадан өндүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу, жагындагы мамлекеттик программалардын долбоорлору боюнча сунуштарды;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди турмушка ашырууга Департаменттин максатына жана милдеттерине ылайык катышат;
- токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын коруу, пайдалануу жана кайрадан калыбына келтирүү, токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюудан коруу, токойду зыянкечтерден, илдеттерден жана токойго зыян келтирүүчү башка иштерден коргоо боюнча иштерди уюштурат, ошондой эле токойлордун күрдүүлүгүн арттыруу, социалдык токойлорду өстүрүүнү өнүктүрүү, коргоочу жана эрозияга каршы токой аянттарын түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- токой фондун эсепке алат, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзөт;
- төмөнкү маселелерди координациялайт:
токой фондунун участокторун рекреациялык жана башка максаттарга пайдалануу менен, токой жайыттарын сарамжалдуу пайдаланууну;
(9-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жапайы жаныбарлардын санын эсепке алат;
- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (12-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (13-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарын бузууну токтотуу жана болтурбоо боюнча өз ара байланышта иштешет;
- мыйзам бузгандардан жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон объекттерин, продукцияны, буюмдарды жана жабдыктарды белгиленген тартипте сактоо жана сатуу үчүн алып коет;
- Агенттикке токой экосистемаларын өнүктүрүү жагынан инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте берет;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалымат системаларынын алкагында маалымат чогултат жана алмашат;
- айлана-чөйрө, жаратылыш жана токой жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана таратууну уюштурат, токой экосистемаларын өнүктүрүү, токой чарбасын жүргүзүүнүн инновациялык формаларын жана ыкмаларын киргизүү боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, башка коммуникациялык иш-чараларды өткөрөт;
- коомдук (штаттан тышкаркы) кызматкерлердин тармагын түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Агенттиктин коллегиясынын жыйналыштарында аймактык башкармалардын, токой чарбалардын, токойчулуктардын, токой-аңчылык чарбалардын, токойду коруу жана сактоо станцияларынын токой өстүрүү, токойду калыбына келтирүү, жаратылыш комплекстерин коруу жана токойду сактоо, токой ресурстарын, токой жайыттарын сактоо жана пайдалануу, технологияларды киргизүү маселелери жана башкалар боюнча милдеттерди жана функцияларды аткаруу жөнүндө отчетторун угуу жөнүндө сунуштарды Агенттикке киргизүүгө;
- илимий уюмдар менен макулдашуу боюнча республиканын токой фондунун аймагында жашаган (өскөн) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян тийгизиши же адамдардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып чыгууга, чыгарууга, жайгаштырууга жана байыр алдырууга жол бербөө үчүн чара көрүүгө;
- аңчылык чарбаларын уюштуруу үчүн аңчылык жерлерди бекитип берүүгө, ошондой эле мамлекеттик токой фондунун жана ӨКЖАнын аймагында токойду жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө, мыйзамдарда белгиленген тартипте токойду жайгаштыруу материалдарын бекитүүгө;
- аймактык башкармалардан, токой чарбалардан, токойчулуктардан, токой-аңчылык чарбалардан, токойду коруу жана сактоо станцияларынан жазгы жана күзгү кыдырып текшерип чыгуу, токой өстүрүү иштерин техникалык кабыл алуу, токой өсүмдүктөрүн жана питомниктерди инвентаризациялоо боюнча жыйынтык маалыматтарды, иштин натыйжалары боюнча ар кварталдагы финансылык-чарбалык отчетторду алууга;
- токойду пайдалануунун эрежелерин бузууга, токой ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгоонун кесепетинен токойдун бузулушуна жана жок кылынышына байланыштуу токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишканаларга (бирикмелерге), уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле жеке адамдарга жана юридикалык жактарга доо коюуга;
- токойду пайдаланган юридикалык жана жеке жактардан токой экосистемаларынын абалы, токой өстүрүү, токойду калыбына келтирүү, токойду коруу жана сактоо боюнча иштердин аткарылганы жөнүндө зарыл маалыматтарды, информацияны алууга;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү жагынан илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөөчү институттарын, ведомстволук институттарды жана жогорку окуу жайларды ишке тартууга;
- жаратылышты коргоо боюнча илимпоздордун, коомдук ишмерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, окуу жайлардын, басма сөздүн өкүлдөрүнөн жана жарандардан түзүлүүчү консультациялык, коомдук кеңештерди түзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментке директор башчылык кылат, ал Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Департаменттин директорунун орун басары, түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн (бөлүмдөрдүн/секторлордун) башчылары, токой чарбалардын, токойчулуктардын, токой-аңчылык чарбалардын, токойду коруу жана сактоо станцияларынын жетекчилери Департаменттин директорунун сунушу боюнча Агенттиктин директору тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп берет;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен болгон мамиледе Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде түзүмүн жана штаттык санын Агенттикке бекитүүгө сунуш кылат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрү, анын ичинде аймактык башкармалар, токой чарбалар, токойчулуктар, токой-аңчылык чарбалар, токойду коруу жана сактоо станциялары жөнүндө жоболорду Агенттикке бекитүүгө киргизет;
- Департаменттин, токой чарбалардын, токойчулуктардын, токой-аңчылык чарбалардын, токойду коруу жана сактоо станцияларынын Агенттиктин номенклатурасына кирген кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Департаменттин, аймактык башкармалардын, токой чарбалардын, токойчулуктардын, токой-аңчылык чарбалардын, токойду коруу жана сактоо станцияларынын Директор кызматка дайындоочу кызматкерлерине карата сыйлоонун жана тартиптик жазанын мыйзамдарда белгиленген түрлөрүн колдонот;
- буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин системасындагы кызматкерлерди Агенттиктин ведомстволук сыйлыктары жана төш белгилери, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлоо жөнүндө Агенттикке сунуш киргизет;
- Департаменттин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө белгиленген тартипте Агенттикке сунуш киргизет;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү боюнча коомдук кеңештердин персоналдык курамын жана алар жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Департаменттин директору жокто анын функцияларын орун басары аткарат.
15. Токой чарбалар, токойчулуктар, токой-аңчылык чарбалары, токойду коруу жана сактоо станциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт, өзгөртүп түзүлөт жана жоюлат.
16. Департаментте Илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) түзүлөт, анын курамына 5 адам кирет. ИТКнын мүчөлөрүнүн персоналдык курамын Департаменттин директорунун сунушу боюнча Агенттиктин директору бекитет.
ИТК жөнүндө жобо Агенттиктин буйругу менен бекитилет.
7. Эсеп жана отчет
17. Департамент бухгалтердик, статистикалык эсепти жана отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
18. Департамент квартал сайын Агенттикке Департаменттин жана анын бөлүнүштөрүнүн негизги жана финансылык иши жөнүндө отчет берет.
8. Департаменттин ишинин токтотулушу
19. Департаменттин иши өзгөртүп түзүү же жоюу жолу менен токтотулат.
20. Департаментти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
21. Департаменттин ишинин процессинде жаралган документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.