Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-майы № 279
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "облустук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |