Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 393
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитеттин ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, преамбуласы, 1-пункт "психотроптук заттарды" деген сөздөрдөн кийин ", алардын аналогдорун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Комитеттин төрагасы болуп саналат;
- укук коргоо органдарынын маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери Комитеттин региондордогу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери болуп саналат;
- Комитет кабыл алган чечимдерди аткаруу мамлекеттик органдар тарабынан, аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында камсыз кылынат.";
3) 4, 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитет жөнүндө жободо:
- аталышы, 1-пункт "психотроптук заттарды" деген сөздөрдөн кийин ", алардын аналогдорун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.";
- 5-пунктта:
бешинчи абзацта "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- жаңы синтетикалык баңги заттардын, психоактивдүү заттардын, прекурсорлорго жакын жана прекурсорлорду алмаштыруучу заттардын пайда болушу жөнүндө эрте алдын алуунун улуттук механизминин алкагында Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги зат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун улуттук тизмесине (тизмегине) киргизүү боюнча сунуштарды карайт;";
- 6-пунктта:
үчүнчү абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзац "мамлекеттик органдар," деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацтагы "администрациялык жана дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга," деген сөздөр "дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган чараларды көрүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он экинчи абзацта "Премьер-министрине" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Комитеттин төрагасы болуп баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары саналат. Комитеттин төрагасынын орун басарлары болуп тейлеген багыттарына жараша Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги саналат.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Комитет өз ишин Комитеттин төрагасы бекиткен регламентке ылайык пландуу негизде жүзөгө ашырат. Комитеттин жыйналыштары анын иш планына ылайык, бирок жылына экиден кем эмес жолу өткөрүлөт жана Комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп саналат.
Кызыкдар мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана Комитеттин төрагасынын же маселенин предметин жүргүзүү тиешелүү болгон орун басарынын чечими боюнча Комитеттин кезексиз жыйналыштары өткөрүлүшү мүмкүн.
Комитеттин жыйналыштары Комитеттин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда - жыйналыштын күн тартибине ылайык маселенин предметин жүргүзүү тиешелүү болгон Комитеттин төрагасынын орун басарлары тарабынан өткөрүлөт.
Комитеттин жыйналыштары аралыктан (онлайн) режимде өткөрүлүшү мүмкүн.";
- 12-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комитеттин чечими протокол менен таризделет, ага Комитеттин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган анын орун басарларынын бири жана Комитеттин жооптуу катчысы кол коет.
Жооптуу катчы Комитеттин чечими менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин же жумушчуларынын ичинен дайындалат.";
- 14-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Комитеттин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи-төртүнчү, сегизинчи-он биринчи, он үчүнчү-жыйырма биринчи абзацтары.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-августундагы № 65 (3514) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
"Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын
аналогдорун жана прекурсорлорду контролдоо боюнча
Мамлекеттик координациялык комитеттин
курамы
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги, комитеттин төрагасынын орун басары.
Комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укук коргоо маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти;
жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);
мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин жетекчиси.".