Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №654
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 279, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104, 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитет (мындан ары - Комитет);
- Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо үчүн региондордогу Комитеттин өкүлдөрү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Комитеттин төрагасы болуп саналат;
- укук коргоо органдарынын маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери Комитеттин региондордогу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери болуп саналат;
- Комитет кабыл алган чечимдерди аткаруу мамлекеттик органдар тарабынан, аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында камсыз кылынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Комитет жөнүндө Жобо;
- Комитеттин курамы.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2011-жылдын 28-октябрындагы № 91 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
| Тиркеме 2 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 токтому менен бекитилген |
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын
аналогдорун жана прекурсорлорду контролдоо боюнча
Мамлекеттик координациялык комитеттин
Курамы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги, комитеттин төрагасынын орун басары.
Комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укук коргоо маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти;
жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);
мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин жетекчиси.