Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 277 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу концепциясы төмөнкүлөргө ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 "Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтому менен бекитилген 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясына;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясына;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун биринчи үч жылдык планы катары 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына.
Концепциянын максаты экономикалык жана билим берүү саясаты, эмгек рыногунун керектөөлөрү менен макулдашылган, кеңири академиялык жана чарбалык өз алдынчалыкка ээ болгон жана көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатына жооп берген менчиктин ар кандай формасындагы жогорку окуу жайларынын натыйжалуу иштеген тарамын түзүү боюнча мамилелерди калыптандыруу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары - жогорку окуу жайлары) тарамын оптималдаштыруу зарылчылыгы төмөнкү көйгөйлөрдү чечүү жана төмөнкү терс тенденцияларды жеңүү менен байланыштуу:
- республикалык деңгээлде да, региондук деңгээлде да билим берүү жана экономикалык саясаттын ортосундагы өз ара байланыштын жетишсиздиги, экономиканын эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрүнө объективдүү баа берүүнүн жоктугу;
- жогорку окуу жайларынын кадрдык, илимий-методикалык, материалдык-техникалык жана финансылык ресурстарын жетишсиз натыйжалуу пайдалануу;
- башкаруунун жетишсиз натыйжалуу модели.
Жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- окуу жайынын тибине жана менчигинин формасына карабастан бардык жогорку окуу жайларын камтууну камсыз кылуучу тутумдуулук;
- жогорку окуу жайларынын ишине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде бирдиктүү критерийлик жана методикалык негизи бар логикалык жактан өз ара байланышкан иш-чараларды ишке ашыруу жолу аркылуу камсыз кылынуучу ырааттуулук;
- белгилүү бир мөөнөттөрдө ырааттуу иш-чаралар менен камсыз кылынуучу этаптуулук;
- ар бир адамдын жөндөмүнө жана муктаждыгына жараша жогорку билим алууга бирдей жеткиликтуүлүк;
- жогорку билими бар кадрларды даярдоодогу өлкөлүк артыкчылыктар жана региондордун экономикалык стратегиялары;
- таланттуу жаштарды өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнүн маанилүү ресурсу катары колдоо;
- окутуу шарттарына дифференциялдуу мамилени эске алуу менен жогорку билим берүү тутумунда финансылык каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүү.
Оптималдаштыруунун милдеттери:
- өлкөнү, анын региондорун өнүктүрүү келечектерине, эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берген жогорку окуу жайларынын тарамынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;
- болгон билим берүү ресурстарын топтоо жана түзүү механизмдерин иштеп чыгуу, билим берүү кызматтарынын жогорку сапатын камсыз кылган жогорку окуу жайларынын жаңы заманбап сапаттуу инфратүзүмүн, илимий-методикалык базаны, кадрдык дараметти натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү;
- туруктуу өнүктүрүү үчүн жогорку окуу жайларынын ишине мониторинг жүргүзүү механизмдерин түзүү;
- ар кандай типтеги жогорку окуу жайларынын натыйжалуу моделин түзүү.
Кадрдык, материалдык-техникалык жана бюджеттик ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берген жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруунун негизги механизмдери болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Жогорку билим берүүнүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына интеллектуалдык, материалдык-техникалык, финансылык каражаттарды топтоо, кайталоону болтурбоо жана эмгек рыногу менен байланышты күчөтүү үчүн ири профилдик университеттик комплекстерди түзүү жолу аркылуу жогорку окуу жайларын профилдештирүү.
2. Чоң эмес же натыйжасыз иштеген жогорку окуу жайларын (алардын филиалдарын) кыйла ири, натыйжалуу иштеген профилдик жогорку окуу жайларынын түзүмүнө кошуу, ошондой эле ири жогорку окуу жайларынын курамына илим-изилдөө уюмдарын кошуу жолу аркылуу горизонталдуу интеграциялоо (жогорку окуу жайларын ирилештирүү).
3. Бир деңгээлдеги (бакалавриат), эки деңгээлдеги гана (бакалавриат жана магистратура) билим берүү программаларын же билим берүү программаларынын толук циклин (РhD программаларын, аспирантураны, докторантураны кошкондо), ошондой эле орто кесиптик билим берүүнүн программаларын гана ишке ашырууга уруксааттама берүү/аккредитациялоо жолу менен жогорку окуу жайларынын макамын өзгөртүү.
4. Финансылык жана башка ресурстарды тартуунун көп каналдуу схемаларын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берген мамлекеттик башкаруу методдорун жана өнүктүрүүнүн рыноктук механизмдерин айкалыштырууга негизделген жогорку билим берүүнүн менчигин жана финансылык ресурстарын пайдалануу жолу менен жогорку окуу жайларын өзүн-өзү каржылоого которуу.
5. Ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу үчүн кайталоочу түзүмдүк бөлүнүштөрдү болтурбоо жолу менен жогорку окуу жайларынын ички уюштуруу-башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу.
6. Жогорку билим берүү тутуму үчүн мамлекеттик тапшырыкты каржылоо, анын ичинде бир студентти даярдоого минималдык чыгымдарды белгилөө (даярдоо/адистик багыттарынын топтору боюнча), студенттерди гранттык колдоону белгилөө жана жан башына каржылоого өтүү стандарттарын түзүүгө мамилелерди өзгөртүү.
7. Уруксаттама берүү жана көз карандысыз аккредитациялоо инструменттерин натыйжалуу жана ырааттуу колдонуу.
Жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруунун негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Төмөнкүлөрдү камтыган уруксаттамалык/аккредитациялык талаптарга шайкештик:
- билим берүү ишин;
- илим-изилдөө ишин;
- кадрдык дарамети;
- эл аралык ишти;
- финансылык-экономикалык ишти;
- инфратүзүмдү.
2. Өнүктүрүүнүн өлкөлүк/региондук стратегиялык артыкчылыктарына, ошондой эле тышкы жана ички эмгек рыногунун талаптарына шайкештик.
3. Жогорку окуу жайларын башкаруу боюнча мамлекеттин уюштуруучулук жана финансылык чыгымдарынын деңгээли, бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик менчикти пайдалануунун таасирдүүлүгү.
4. Жогорку окуу жайлары тарабынан колдонулуучу башкаруу моделдеринин натыйжалуулугу.
Жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу концепциясы этап-этабы менен ишке ашырылат.
Биринчи этап (2014-жылдын июну-декабры):
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайлары үчүн оптималдаштыруу критерийлерин жана механизмдерин тактоо;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайларына мониторинг жүргүзүү. Ар бир жогорку окуу жайы үчүн такталган критерийлердин жана механизмдердин негизинде аны кайра уюштуруу жол-жобосу аныкталат;
- ар кандай механизмдерди колдонуу менен жогорку окуу жайларын оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- жогорку окуу жайларынын уюштуруу-башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу.
Күтүлүүчү натыйжа:
- өлкөлүк/региондук артыкчылыктарга, улуттук эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык билим берүү кызматтарынын натыйжалуу иштешин жана жогорку сапатын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайлары оптималдаштырылган;
- ченемдик-укуктук база жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишине мониторинг жүргүзүү механизми түзүлгөн;
- республикалык/региондук деңгээлдеги мамлекеттик жогорку окуу жайларын башкаруунун натыйжалуу модели иштелип чыккан;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын уюштуруу-башкаруу тутумдары кайра уюштурулган.
Экинчи этап (2015-жылдын январы-майы):
- башка министрликтердин жана ведомстволордун баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайларына, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларына, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларына мониторинг жүргүзүү;
- башка министрликтердин жана ведомстволордун баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын уюштуруу-башкаруу түзүмүн кайра уюштуруу;
- мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларын бул макулдашууларга ылайык оптималдаштыруу боюнча, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу.
Күтүлүүчү натыйжа:
- өлкөлүк артыкчылыктарга, улуттук жана тышкы эмгек рыногунун талаптарына ылайык билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун баш ийүүсүндө турган жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу жүргүзүлдү;
- мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларын, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларын оптималдаштыруу боюнча сунуштамалар иштелип чыккан;
- түрдүү типтеги жогорку окуу жайларынын ишине мониторинг жүргүзүү механизми түзүлдү;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун баш ийүүсүндө турган жогорку окуу жайларын, мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында түзүлгөн жогорку окуу жайларын башкаруунун натыйжалуу моделдери, ошондой эле мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларын башкаруу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты;
- башка министрликтердин жана ведомстволордун баш ийүүсүндө турган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын уюштуруу-башкаруу түзүмү кайра уюштурулду.
Үчүнчү этап (2016-жылдан тартып):
- мониторингдин жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу боюнча иштерди улантуу.
Күтүлүүчү натыйжа:
- билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуучу, өлкөнү, анын региондорун өнүктүрүү келечектерине, эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын натыйжалуу иштеген тарамы;
- туруктуу өркүндөтүү үчүн ченемдик укуктук база жана жогорку окуу жайларынын ишине мониторинг жүргүзүү механизмдери түзүлдү;
- Кыргыз Республикасында ар түрдүү типтеги жогорку окуу жайларын башкаруунун натыйжалуу моделдери иштелип чыкты.