Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-июлу № 366
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:
24-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.»;
39-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы - тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«Республикалык маанидеги шаардын, райондун чек арасынын чегинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкер жөнүндө маалыматты макулдашуу үчүн республикалык маанидеги шаардын мэрине, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акимине бир жумушчу күндөн кечиктирбестен жиберет.
Республикалык маанидеги шаардын мэри, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акими конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макул болгондугу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө мамлекеттик органдын статс-катчысына (аппарат жетекчисине) эки жумушчу күндүн ичинде жиберет.
Республикалык маанидеги шаардын мэринен, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынан - райондун акиминен конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макулдук алгандан кийин мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) бир жумушчу күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине аны дайындоо жөнүндө сунуштама киргизет.
Республикалык маанидеги шаардын мэри, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акими конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макул болбогон учурда акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кабыл алынат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |