Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 360
Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
Тармактарда жана байланыш каналдарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү кылмыштуу кол салууларды аныктоо, болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 жана 211-статьяларына, "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 219-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ошондой эле электр байланышы чөйрөсүндө иштеген мамлекеттик органдар:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2014-жылдын 30-июнунда № 11-12 (464-465) жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |