Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 токтому менен
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 377
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө жоболорду “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” жана “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-апрелиндеги № 165 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө” токтомунун 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |