Загрузка документа…
Кыргыз республикасынын 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 377 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору (мындан ары – Борбор) жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен онкология, радиология жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат.
3. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, саламаттык сактоонун илимий уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жетекчиликке алат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга жатат.
6. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, финансылык-насыялык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы жана фирмалык бланктары бар.
7. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырган мүлктү ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
8. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. Борбор дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө ишин жүргүзүүдө Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик, эл аралык жана жеке менчик уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
10. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору”;
- расмий тилде – “Национальный центр онкологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики”;
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде – “КР ССМ УОБ”;
- расмий тилде – “НЦО МЗ КР”.
11. Борбордун юридикалык дареги: 720064, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 92.
12. Борбордун ишинин максаттары болуп калкка сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү, ошондой эле ушул Уставга ылайык Борбордун профили боюнча илим-изилдөө ишин жүргүзүү саналат.
13. Борбор төмөнкү милдеттерди аткарат:
- калкка онкология, радиология жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу жардамдарды көрсөтүү;
- онкологиялык, шишик алдындагы оорулардын алгачкы жана экинчи жолу алдын алуунун натыйжалуу тутумун түзүүдө илимий-практикалык жардам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү;
- онкологиялык, шишик алдындагы оорулуулардын алдын алуунун, аныктоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы, жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык, анын ичинде дары-дармексиз методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- онкология жана ядролук медицина боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялоо.
14. Борбор жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын калкынын онкологиялык, шишик алдындагы ооруларга чалдыгуусун, каза болуусун жана майып болушун азайтууга багытталган саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу боюнча жооптуу уюм болуп саналат;
- онкология, радиология боюнча илимий изилдөөлөрдү, республикадагы рак оорусуна каршы кызматтын ишин координациялайт;
- шишик алдындагы, шишик орууларын өз убагында аныктоону жүргүзөт, калкка жогорку квалификациялуу жана жогорку натыйжалуу адистештирилген жардам көрсөтөт;
- онкологиялык оорулар менен ооругандарга паллиативдик жардам программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- онкология, радиология жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат;
- басма ишин жүзөгө ашырат;
- калктын саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык келишимдик негизде тапшырыктарды аткарат;
- Борбордун максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.
15. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам алууга кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш алып барган башка кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, оорунун баянынан көчүрмө бөлүк, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- башка саламаттык сактоо уюмдары менен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү келишимдерди түзүүгө;
- Борбордун тематикасы менен байланышкан айрым маселелерди чечүү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илим-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөр менен) уюштурууга;
- бириктирилген бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды, дары-дармек каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга;
- Борбордун профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражатына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам катары келүүчү дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
- дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө жана инновациялык иштердин багытын аныктоого;
- эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууну, кесиптик кызматташууларды, өлкөлөрдүн жана региондордун ортосунда адистерди жиберишүүнү өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана түшкөн кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдөрдү күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
- мамлекеттик, менчик жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун филиалдарын, илим-изилдөө, консультативдик, дарылоо-дарт аныктоо бөлүнүштөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Борбордун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- онкология, ядролук медицина жана башка чектеш адистиктер боюнча окууларды, анын ичинде диплом алгандан кийинки окууларды өткөрүүгө;
- кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды маанилүү илимий изилдөө иштерин аткарууга тартууга;
- эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
16. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- калкка Борбордун профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
- экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана кооптуу шарттарда) иштөөгө даяр болууга;
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
- калкты сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөөгө жана санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
- келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
- бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаргандыгы үчүн эсептешүүлөр боюнча бирдиктүү төлөөчүнүн агенти болгон банктагы учурдагы бирдиктүү эсепти пайдаланууга;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды ишке ашырууга.
17. Борбордун түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордун окумуштуулар кеңешинин чечими менен Борбордун директору тарабынан бекитилет.
18. Борбор Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүндө турат.
19. Борбордун медициналык иши Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү иши - Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жөнгө салынат, координацияланат, ошондой эле контролго алынат.
20. Борбордун ишин директор жетектейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Борбордун директорунун ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын кеминде үчтөн экиси тарабынан демилгеленип чакыртып алуунун негизинде;
- оорусунан улам кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калганда;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- каза болгон учурда.
23. Борбордун директорунун кызмат орду бош болгон учурда анын милдетин аткаруу Борбордун директорунун орун басарына алтымыш календардык күндөн ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.
24. Борбордун директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башчылык принциптеринде Борборду башкарат жана Борбордун максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышы, финансылык тартиптин сакталышы, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун жүргүзүлүшү, Борбордун ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын, Борбордун кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Борбордун милдеттеринин, функцияларынын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
25. Борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми клиникалык иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
26. Борбордун окумуштуулар кеңеши сунуштама берүүчү коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет. Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, Борбордун директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Борбордо иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
27. Окумуштуулар кеңеши эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин чечими, эгерде аларга добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
28. Борбордун директору окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
29. Борборду каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
- кошо төлөөдөн түшкөн каражаттардын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
30. Борбордун илим-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- Борбор тарабынан жүргүзүлгөн фундаменталдык изилдөөлөрдү колдоо каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар тутуму боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
31. Илим-изилдөө иштери, гранттар аркылуу алынган финансылык каражаттарды Борбордун директору тескейт.
32. Мамлекеттер жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде кызыкдар тараптар жүргүзүшү мүмкүн.
33. Борбордун ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
34. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
Борборду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
35. Борбордун документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.