Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-июлу № 391
"Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 43 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 98 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 43 токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын төлөөнүн тартибинде:
- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы № 20 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" жана 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 98 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө" жарлыктарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өмүр бою берилүүчү 3000 (үч миң) сом өлчөмүндөгү стипендия (мындан ары - стипендия) жана Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынын эсебинен өмүр бою берилүүчү стипендияга 3000 (үч миң) сом өлчөмүндөгү үстөк (мындан ары - үстөк) төлөнөт:";
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Стипендия алуучулардын бардыгына стипендияга үстөк дайындоо жана төлөө 2014-жылдын 1-майынан тартып республиканын бүткүл региондорунда жүргүзүлөт.";
- 3-14-пункттары түрдүү жөндөмөдөгү "стипендия" деген сөздөн кийин тийиштүү жөндөмөдө "жана үстөк" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынын эсебинен республикалык бюджетке которуу жолу аркылуу төлөнөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк төлөө үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн кошумча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин чыгымдар сметасында жыл сайын карасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |