Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-июну № 105/1-4
2010-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
2010-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүү, 2006-жылдын 20-январындагы №24 «Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө», 2007-жылдын 3-декабрындагы № 528 «Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоонун кошумча чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-июлундагы № 363-р тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосундагы Башкы макулдашуунун балдарды коргоо, алардын эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыңдоо бөлүгүнө ылайык ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жана Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана профсоюз органдарынын жетекчилери:
- жайкы мезгилде балдардын уюштурулган эс алуусуна көп санда тартылышын камсыз кылсын;
- көп тараптуу макулдашууларда жана түзүлгөн жамааттык келишимдерде балдардын эс алуусунун жана ден соолугун чыңдоонун тутумдарына мамлекеттик жана башка колдоону көрсөтүүнү камсыз кылуучу, балдардын эс алуусунун тармагын сактап калуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу чараларды алдын ала карасын;
- балдардын эс алуу нндустриясын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык жана башка ишкердик ишке ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды, көзөмөлгө жана камкорчулукка алынган, асыранды үй-бүлөлөрдөгү балдарды, жетим балдарды, оорулуу, тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдарды, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн тартипсиздиктердин натыйжасында жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнүн балдарын жайкы мезгилде ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган каражаттарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын;
- балдардын ден соолугун чыңдоого каралган каражаттар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу Кыргызстан профсоюздар федерациясына транзит менен багыттасын.
3. Кыргызстан профсоюздар федерациясы:
- жетим балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын, аз камсыз болгон жана социалдык жактан кемчил балдарды, көзөмөлдөгү жана камкорчулуктагы, асыранды үй-бүлөлөрдөгү балдарды, балдар үйлөрүнүн, жатак мектептердин тарбиялануучуларын, баштапкы кесиптик билим берүү тутумунун окуу мекемелеринин окуучуларын, Ош, Жалал-Абад областтарында жана Ош шаарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарын, ошондой эле Беловодскидеги атайын жатак мектептин балдарын жайкы ден соолукту чыңдоочу эс алуусун республикалык бюджеттин максаттуу каражаттарынын эсебинен камсыз кылсын;
- балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлоруна балдардын топторун ташууда автобустардын колонналарын коштоп жүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматтарына акыны өз убагында төлөөнү жүргүзсүн;
- орун алган жери, алмашуулардын саны, баруунун жана келүүнүн графиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорунун тизмесин аларды педагогдук жана медициналык кадрлар, техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер менен өз убагында комплектөө, ошондой эле балдарды ташуунун коопсуздугун жана зарыл болгон укук тартибин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Саламаттык социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине берсин;
- 2010-жылдын 30-июнуна чейин балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорун паспорттоштуруу жана алардын балдарды кабыл алууга даярдыгы жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын, көзөмөлдөгү жана камкорчулуктагы, асыранды үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын, ошондой эле тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон оорулуу балдардын, ошондой эле Ош, Жалал-Абад областтарында жана Ош шаарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарын жайкы мезгилде ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн чыгымдарга 5,0 (беш) млн. сом карасын;
- билим берүүчү, мектептен тышкаркы жана спорттук уюмдарда тарбиялоо процессинин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү, ошондой эле балдардын дене тарбиясынын деңгээлин жогорулатуу жана спортко, туризмге машыгуу үчүн шарттарды түзүү, сергек жашоо ыңгайынын көндүмдөрүнө окутуп-үйрөтүү максатында мектеп алдында балдар аянтчаларын, мугалимдер менен тарбиячылар үчүн семинарларды уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунун жетекчилери аларды зарыл болгон дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен бекитилген ченемдерге жана талаптарга ылайык камсыз кылып, медициналык пункттарды уюштурсун;
- тейлөөчү кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшү жана алардын санитардык минимумду тапшырышы үчүн, ошондой эле ичүүчү суунун жана тамак-аш азыктарынын сапатын лабораториялык контролду тандап алма жүргүзүүнү камсыз кылсын.
- балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлоруна шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоонун тиешелүү аймактык уюмдарын бекитип берсин;
- ден соолукту чыңдоо борборлоруна жиберүүнүн алдында балдарга жугуштуу оорулар менен байланыш жасоонун жоктугу жөнүндө справкаларды берип, балдар менен өспүрүмдөрдү медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылсын:
- социалдык жактан кооптуу топтогу балдар менен өспүрүмдөрдү токсикоманияга текшерүүнү камсыз кылсын;
балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорунун кызматкерлеринин медициналык комиссиядан акысыз өтүүсүн камсыз кылсын:
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорунун, ошондой эле балдардын мектептерде күндүз болуусу бар мектептер алдындагы лагерлердин санитардык абалы үчүн контролду камсыз кылсын.
6. «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна «Чыгышэлектро», «Ошэлектро», «Жалалабадэлектро» жана «Түндүкэлектро» ачык акционердик коомдорунун бөлүштүрүүчү кампаниялары менен биргелешип, балдардын жайкы эс алуусунун мезгилинде балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорун электр энергиясы менен камсыз кылууда үзгүлтүктөргө жол бербөө боюнча чараларды көрүү сунуш кылынсын.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдардын ден соолукту чыңдоо борборлоруна балдардын эс алуусун уюштуруучулардын билдирмелери боюнча балдарды өз убагында ташып барууну жана ташып келүүнү камсыз кылуу максатында техникалык жактан бузук эмес автотранспорт берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- балдар түшкөн автобустардын уюштурулган колонналарын коштоп жүрүүнүн убагында жол кыймылынын коопсуздугун жана ден соолукту чыңдоочу мекемелердеги укук тартибин камсыз кылсын:
- балдарды ташуу үчүн тажрыйбалуу айдоочуларды тартуу менен автотранспорттун техникалык абалына контролду күчөсүн.
9. «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына балдардын ден соолукту чыңдоо борборлоруна баруусун жана кайра келүүсүн темир жол транспорту менен ташууда жеңилдетилген тарифти белгилөө жана коопсуздукту камсыз кылуу сунуш кылынсын.
10. 2010-жылда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штаб тиркемеге ылайык түзүлсүн.
11. 2010-жылда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штаб ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жана Кыргызстан профсоюздар федерациясына 2010-жылдын 1-ноябрына чейин берсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ѳкмѳтγнγн Тѳрагасы Р.Отунбаева | Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын кенешинин Тѳрагасы К.Осмонов |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн жана Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын кеңешинин 2010-жылдын 28-июнундагы № 105/1-4 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Социалдык саясат боюнча координатору, штабдын жетекчиси;
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.