Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 443 токтому менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, Д. Бекешев, А. Режавалиев жана Н. Алимбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 2-главасын баланын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча ченемдерди караштырган берене менен толуктоо сунуш кылынган. Атап айтканда, мамлекеттик каттого алынуучу, бала менчик ээси болуп эсептелген мүлктү ээликтен ажыратуу, күрөөгө берүү, аны менен тең эле баланын интеллектуалдык менчиги дагы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары –Граждандык кодекс) 61-статьясына ылайык он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электер бүтүмдү өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн - ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордукка алган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жасашат. Жогоруда аталган адамдар ата-энелеринин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын макулдугусуз өз алдынча өзүнүн тапкан акысын, стипендиясын жана башка кирешелерин тескөөгө; илимий, адабий же көркөм өнөр, көркөм сүрөт же өзүнүн интеллектуалдык ишмердигинин мыйзам менен корголуучу натыйжаларына автордук укугун жүзөгө ашырууга; мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге салым салып жана аны тескөөгө; ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда каралган майда турмуш-тиричилик келишимдерин жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
Граждандык кодекстин 63-статьясына ылайык он төрт жашка чыга элек жашы жете элек балдар (жаш балдар) үчүн алардын атынан ал балдардын мыйзамдуу өкүлү болуп саналган ата-энелери, асырап же камкордукка алгандар гана бүтүм түзө алат.
Мында ушул Кодекстин 72-статьясында көзөмөлдүк кылуучу адам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксатысыз, ал эми камкордукка алуучу адам көзөмөлдүккө алынган адамды мүлкүнөн ажыратуу, мунун ичинде мүлктү алмашуу же белекке берүү, аны жалдоого (арендага), акысыз пайдаланууга же күрөөгө берүү боюнча бүтүм чыгарууга, камкордуктагы адамга таандык укуктардан баш тартууга алып келүүчү бүтүм чыгарууга, анын мүлкүн бөлүштүрүүгө же андан үлүштөрдү бөлүп чыгарууга, ошондой эле камкордуктагы адамдын мүлкүн азайтууга алып келүүчү башка кандай гана болбосун бүтүм чыгарууга макулдук берүүгө укуксуз,-деп айтылган.
Мындан тышкары, Граждандык кодекстин 62-статьясына ылайык эгерде он алты жашка толгон жашы жете элек бала эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштесе, же ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен ишкердик жүргүзсө, ал аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланышы мүмкүн экендигин көңүлгө алуу зарыл.
Ошентип, долбоор менен сунушталган толуктоолор Граждандык кодекстин ченемдерине ылайык келбейт.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө бүтүмдөрдү жараксыз (арзыбаган бүтүм) деп табууга тийиштүү жоболор каралган.
Муну менен бирге бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын негиздери Граждандык кодекс менен дагы белгиленген. Атап айтканда, аталган Кодекстин 190 жана 191-статьяларына ылайык, он төрт жашка толбогон (жаш) өспүрүмдүн жасаган бүтүмү эч нерсеге арзыбаган бүтүм деп аталат. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр өз ата-энелеринин, асыроочуларынын же камкордукка алуучуларынын макулдугусуз жасаган бүтүм, бул макулдук ушул Кодекске ылайык талап кылынса, сот тарабынан ата-энелердин, асыроочулардын же камкордукка алуучулардын доолору боюнча жараксыз катары таанылышы мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандын негизинде белгилей кетсек, граждандык мыйзамдар граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалын, менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын (интеллектуалдык менчик) натыйжаларына болгон укуктардын пайда болушунун негиздерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт, келишимдик же башка милдеттенмелерди, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат. Мында граждандык мыйзамдар Граждандык кодекстен, мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, жогоруда аталган мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерден турат. Граждандык мыйзамдардын башка ченемдик укуктук актыларда камтылган ченемдери аталган Кодекстин ченемдерине ылайык келиши керек.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, бирдей юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон жана алардын эч бири юридикалык жактан жогору турган күчкө ээ актыга каршы келбеген учурда укуктук мамилелердин ушул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жоболору колдонулат.
Андан ары долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, толукталып жаткан 13-1-беренесинин 2, 3, 4, жана 5-бөлүктөрү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетим балдардын жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардын мүлкүн табуу, ушул мүлктөрдү коргоо боюнча чараларды көрүү, ошондой эле аны башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын регламенттейт.
Буга байланыштуу белгилей кетсек, Граждандык кодекстин 87-статьясына ылайык юридикалык жак уставдын же уюштуруу келишиминин жана уставынын, же уюштуруу келишиминин гана негизинде аракеттенет. Юридикалык жактын ишинин предмети жана максаты уюштуруу документтеринде аныкталууга тийиш.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасындагы аткаруучу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылат жана анын ишин жетектейт. Аталган Мыйзамга ылайык Өкмөт мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун бекитет, ошондой эле өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын мыйзам деңгээлинде бекитүүнү ылайыксыз деп эсептейбиз.
Мында, Мыйзам долбоорунун 1-бөлүгүнө ылайык жетим баланын жана ата-энесинин камкордугусуз калган баланын мүлкүн коргоо жана башкаруу тартиби Өкмөт тарабынан аныкталаарын көңүлгө алып, жогоруда аталган маселелерди мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салууну максатка ылайык келет деп ойлойбуз.
Ошондой эле белгилей кетсек, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгүнө толуктоо киргизүүнү караштырган, мүлктү ээликтен ажыратууга балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндө макулдугун алуу зарылдыгын көрсөткөн Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин акыркыдан мурунку абзацы мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына дал келбейт, мунун өзү бир эле ченемдик укуктук актынын ортосундагы ички карама-каршылыкка алып келет.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин (мындан ары - Турак жай кодекси) 6-главасын турак жайда убактылуу жок болгон жалдоочуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө сактоону аныктаган учурлар менен толуктоо сунушталууда.
Тактап айтканда сунушталган толуктоого ылайык убактылуу жок болгон жалдоочуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жетим баланы жана ата-энесинен кароосуз калган баланы интернаттык мекемеге тарбиялоого жайгаштырганда, туугандарыныкына, камкорчунукуна же көзөмөлчүлүккө алуучуга бергенде; балдар чыгып кеткен турак жай башпаанасында үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү жашап калбаса; жетим баланы жана ата-энесинен кароосуз калган бала камакка алынганда же эркиндигинен ажыратылганда турак жай убактылуу жок болгон жалдоочуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө сакталат.
Ошону менен бирге белгилей кетсек, жогоруда аталган толуктоолор киргизилүүчү Турак жай кодексинин 6-главасы мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайларды пайдаланууга (анын ичинде турак жайды мүлктүк жалдоо келишимин, турак жайды жалдоого берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин, турак жайды жалдоочунун укуктарын жана милдеттерин, турак жайды пайдаланганы жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн) жоболорду регламенттейт.
Мында бул глава турак жай жалдоочуга сакталуучу учурларды аныктабайт, буга байланыштуу долбоордун 2-беренесинде каралган жалдоочуга турак жай кандай узак мөөнөттөргө сакталаары жөнүндө сөз жүрүп жатканы түшүнүксүз.
Мындан тышкары, толукталуучу 53-1-беренесинин 2-пунктунун мазмуну убактылуу жок адамга турак жайын сактоо учурларын аныктабайт, турак жай башпаанасын кезексиз берүү негиздерин карайт, бул болсо жогоруда аталган Кодекстин 44-беренесинде аныкталган.
Долбоордун Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) толуктоолорду караштырган 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
«42. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан алардын мүлктөрүн башкаруу боюнча бүтүмдөрдөн алынган жетим балдардын кирешелери;».
Мында белгилей кетсек, Салык кодексинин 167-беренеси салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын киреше салыгы салынбаган кирешелеринин түрлөрүн белгилейт.
Долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгү менен аталган Кодекстин 330-беренесин жетим балдарды 1 жана 4-топтогу мүлктөрдүн объектилери боюнча салыктан бошотууну караштырган пункт менен толуктоо сунушталган.
Ошону менен бирге, Салык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мүлк салыгын төлөөдөн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдар, Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары, баатыр энелер, үч даражадагы Даңк жана Эмгек даңкы ордендери менен сыйлангандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчылары, же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо майданда болушуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен майыптар, аскер кызматчыларынын аталган категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген башка майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери, ошондой эле I жана II топтогу майыптар - салык салуу объектиси болуп эсептелген бирден гана 1 жана/же 4-топтогу мүлк объектиси же мүлккө салыктан бошотулган адамдын менчик үлүшүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура келүүчү мүлк объектисинин бөлүгү боюнча бошотулат.
Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар мүлктүн тиешелүү салык салынуучу объектиси боюнча төлөөгө эсептелген мүлк салыгынын суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө 1 жана/же 4-топтогу мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат;
Мотоколяскасы же кол менен башкарылуучу автомобили бар майыптар, - ушул автотранспорт каражаты боюнча салыктан бошотулат.
Ушул баяндалгандарды эске алып, 1 жана 4-топтогу мүлктөргө карата салыктарды төлөө боюнча жеӊилдиктерди берүүнү ылайыксыз деп ойлойбуз.
Мындан тышкары, аталган Кодекстин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ушул объекттин менчик ээсине таандык, белгиленген өлчөмдөн ашпаган 1-топтогу бир мүлк объектисинин аянты (үй, квартира) салык салууга жатпайт деген жобо бар.
Долбоордун 5-беренесинин 3-бөлүгү менен Граждандык кодекстин 1156-статьясын жашы жете элек мураскор мурастан баш тартууга укугу жок деген ченем менен толуктоо сунушталууда.
Ошондой болсо да, аталган Кодекске ылайык ар бир мураскор мурастан баш тартууга укугу бар экенин эске алып, бул укукту чектөөнү негизсиз деп эсептейбиз. Мында мурастын курамына жалаӊ гана укуктар эле эмес, мурас ачылган учурдан тартып мураскорго тиешелүү болгон, анын өлүмү менен токтотулбай турган милдеттери дагы кирерин көӊүлгө алуу керек.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 1-бөлүгү менен «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 7-пунктун «д» пунктчасы менен толуктоо сунуш кылынган.
Мында аталган Мыйзамдын 18-беренесинин 7-пункту өзүнүн маанисинде эскертүү мүнөзү бар (өзгөчө учурларды белгилейт) экендигин эске алып, 18-беренеге сунушталган толуктоону өз алдынча төмөнкү мазмундагы «6-1» пункт менен тариздөөнү максатка ылайык деп эсептейбиз:
«6.1. Жашы жете электерге катталган укуктун өткөрүлүп берилишин, өзгөртүлүшүн, токтотулушун же ага чектөө коюлушун талап кылуу менен байланышкан документтер мүлктүн жайгашкан жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармасынын жазуу түрүндөгү макулдугусуз кабыл алынбайт.».
Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына тиешелүү оӊдоолорду киргизүүнү сунуш кылабыз.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын көңүлгө алып, Мыйзамдын долбоорун 6-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «ж» пунктун «з» пунктуна алмаштырууну сунуш кылабыз.
«Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасы социалдык кызматтардын түрлөрүн, ошондой эле социалдык кызматкердин аталган кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттерин аныктаган бир катар беренелер менен толукталууда.
Буга байланыштуу төмөнкүлөрдү белгилөө зарыл:
Жогоруда аталган Мыйзам жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү жана материалдык жактан жардам берүү, социалдык адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча социалдык кызматтардын ишин билдирген калкты социалдык жактан тейлөө тармагындагы укуктук жөнгө салуунун негиздерин аныктайт.
Аталган Мыйзамдын социалдык жактан тейлөөнүн стандарттарына тиешелүү болгон 6-беренеси калкты социалдык жактан тейлөө социалдык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына, аларды көрсөтүүнүн тартибине жана шарттарына талаптарды белгилөөчү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылаарын, ошондой эле социалдык жактан тейлөө маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилерин аныктайт.
Атап айтканда, социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарында, жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде (күндүз болуучу борборлордо же бөлүмдөрдө), жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана түнөк мекемелеринде туруктуу жашоо орду жок жарандарга, жалгыз бой улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйлөрүндө социалдык-турмуш-тиричилик, социалдык-психологиялык, социалдык-педагогикалык, социалдык-укуктук жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн белгилеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү Кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси бекитилген.
Долбоор менен сунушталган кызматтардын тизмеги белгиленген социалдык кызматтардын тизмегин бир топ кыскартат, ошондой эле аларды көрсөтүүдө социалдык кызматкерлердин милдеттеринин көлөмүн азайтат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, көрсөтүлүүчү кызматтардын жана социалдык кызматкерлердин функциялык милдеттерин мыйзам деңгээлинде бекитүүнү максатка ылайыксыз деп ойлойбуз.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган толукталуучу 24-2-беренеси «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбейт, ал Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга жылдык кирешеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минимум кирешенин деңгээлине жетпеген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жашы жетпегендер, майыптыктын 1 жана 2-тобундагы адамдар, сүйлөө, угуу, көрүү функциялары олуттуу бузулган, психикалык оорулардан жапа чеккен адамдар, өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелген, айыпталган адамдар, жумушка орноштуруу кызматында эсепте турган жумушсуздар, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары укуктуу.
Долбоордун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацын алып салууну сунуш кылабыз. Мында белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 640 токтому менен белгилүү бир жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттары бекитилген.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы «Минималдык» деген сөздү «Мамлекеттик минималдык» деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча:
Мыйзам долбоору менен «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына аталган адамдарды жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) катарында чыгуу укуктарын караган берене менен толуктоо сунушталган.
Буга байланыштуу белгилей кетсек, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды коргоо менен байланышкан укуктук мамилелер, анын ичинде ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды табуу жана орноштуруу, балдарды асыроого берүү, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгилөө атайын ченемдик укуктук акт болуп саналган, ушул чөйрөдөгү укуктук мамилелерди жөнгө салган жана жогоруда аталган Мыйзамга салыштырмалуу жогорку юридикалык күчкө ээ Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси менен жөнгө салынат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун ушул корутундуда айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайык деп эсептейт, ал эми «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.