Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-августу № 469
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо жана орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн милдеттерин ырааттуу чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорунун болжолун түзүүдө Кыргыз Республикасын 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн негиз кылып алсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- Кыргыз Республикасын 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын мониторингин ай сайын жүргүзүшсүн;
- Кыргыз Республикасын 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын мониторингинин натыйжаларын квартал сайын жалпыласын жана Кыргыз Республикасын 2015-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндө маалыматты отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө берсин;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолун Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин расмий веб-сайтында жарыяласын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |