Загрузка документа…
Кыргыг Республикасынын 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 514 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борбору (мындан ары - Борбор) жогорку технологиялык жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медицина кадрларын тартуу менен гематология жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам берүүчү саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөөчү уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат.
3. Борбордун уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, саламаттык сактоонун илимий уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жетекчиликке алат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга жатат.
6. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, финансылык-насыялык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы жана фирмалык бланктары бар.
7. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген чектерде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырган мүлктү ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
8. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. Борбор дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө ишин жүргүзүүдө Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик, эл аралык жана жеке менчик уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
10. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борбору";
- расмий тилде: "Кыргызский научный центр гематологии Министерства здравоохранения Кыргызской Республики";
Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ССМ КГИБ";
- расмий тилде: "КНЦГ МЗ КР".
11. Борбордун юридикалык дареги: 720055, Бишкек шаары, Шакиров көчөсү, 4.
12. Борбордун ишинин максаттары болуп калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардамдарын көрсөтүү, ошондой эле ушул Уставга ылайык Борбордун профили боюнча илимий-изилдөө ишин жүргүзүү саналат.
13. Борбор төмөнкү милдеттерди аткарат:
- калкка гематология, сөөк кемигин алмаштыруу жана бийик тоолуу климатта дарылоо жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу чукул, пландоо, стационардык жана консультациялык-диагностикалык иштери боюнча жардамдарды көрсөтүү;
- гематология, сөөк кемигин алмаштыруу жана бийик тоолуу климатта дарылоо боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана координациялоо;
- кан тутумунун ооруларын биринчи жана экинчи профилактикалоонун натыйжалуу тутумун түзүүгө илимий-практикалык жардам берүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү.
14. Борбор жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын калкынын кан тутумуна байланышкан ооруларга чалдыгуусун, каза болуусун жана майып болушун азайтууга багытталган саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу боюнча жооптуу уюм болуп саналат;
- кан тутумуна байланышкан орууларды өз убагында диагностикалоону жүргүзөт, калкка жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу гематологиялык жогорку адистештирилген жардам көрсөтөт;
- гематология, сөөк кемигин алмаштыруу жана бийик тоолуу климатта дарылоо жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат;
- гематология, сөөк кемигин алмаштыруу, бийик тоолуу климатта дарылоо боюнча илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык басма ишин жүзөгө ашырат;
- калктын саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык келишимдик негизде тапшырыктарды аткарат;
- Борбордун максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.
15. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам алууга кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш алып барган башка кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, оорунун баянынан көчүрмө бөлүктүн, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- Борбордун тематикасы менен байланышкан айрым илимий милдеттерди аткаруу же иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен дагы) түзүүгө;
- саламаттык сактоо тутумунун бириктирилген бюджетин түзүүгө жана аткарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды, дары-дармек каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга;
- Борбордун багыты боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражатына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам катары келүүчү дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
- дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө жана инновациялык иштердин багытын аныктоого;
- эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууну, кесиптик кызматташууларды, өлкөлөрдүн жана региондордун ортосунда адистерди жиберишүүнү өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана түшкөн кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдөрдү күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
- башка саламаттык сактоо уюмдары менен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү келишимдерди түзүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун филиалдарын, илим-изилдөө, консультативдик, дарылоо-дарт аныктоо бөлүнүштөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Борбордун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды маанилүү илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартууга;
- эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- гематология, сөөк кемигин алмаштыруу боюнча окууларды, анын ичинде диплом алгандан кийинки окууларды өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, фундаменталдык жана прикладдык илимдердин калктын саламаттыгын сактоо, гематология, сөөк кемигин алмаштыруу, бийик тоолуу климатта дарылоо жаатындагы маселелер боюнча контракттык жана бюджеттик негизде максаттуу тапшырыктарын аткаруу;
- гематология жаатында программаларды, долбоорлорду, илим-изилдөө иштерин илимий түрдө текшерүүгө катышуу;
- дары каражаттарын жана приборлорду практикалык саламаттык сактоо ишине жайылтуу мүмкүнчүлүгү тууралуу мыйзам боюнча аныкталган тартипте келишимдик түрдө клиникалык сыноодон өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
16. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- калкка Борбордун багыты жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
- экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана кооптуу шарттарда) иштөөгө даяр болууга;
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
- калкка сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана санитардык-гигиеналык тарбия берүү иш-чараларын жүргүзүүгө;
- келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
- бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаргандыгы үчүн эсептешүүлөр боюнча бирдиктүү төлөөчүнүн агенти болгон банктагы учурдагы бирдиктүү эсепти пайдаланууга;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды ишке ашырууга.
17. Борбордун жоопкерчилиги.
Борбор Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
18. Борбордун түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордун окумуштуулар кеңешинин чечими менен Борбордун директору тарабынан бекитилет.
19. Борбор Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүндө турат.
20. Борбордун медициналык иши Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү иши - Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жөнгө салынат, координацияланат, ошондой эле контролго алынат.
21. Борбордун ишин директор жетектейт.
22. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Борбордун директорунун ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын кеминде үчтөн экиси тарабынан демилгеленип чакыртып алуунун негизинде;
- оорусунан улам кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калганда;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- каза болгон учурда.
24. Борбордун директорунун кызмат орду бош болгон учурда анын милдетин аткаруу Борбордун директорунун орун басарына алтымыш календардык күндөн ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.
25. Борбордун директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башчылык принциптеринде Борборду башкарат жана Борбордун максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышы, финансылык тартиптин сакталышы, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун жүргүзүлүшү, Борбордун ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын, Борбордун кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Борбордун милдеттеринин, функцияларынын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
26. Борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми клиникалык иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
27. Борбордо "Ардактуу директор" кызмат орду ачылат. Ардактуу директор Борборду түзүүгө жана өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон мурунку директорлордун арасынан Борбордун окумуштуулар кеңешинин жыйынында шайланат.
Ардактуу директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Борбордун максатын жана милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү;
- улуттук жана дүйнөлүк илимий-билим берүү коомчулуктарында Борбордун аброюн чыңдоо;
- кеңешүүчү добуш берүү укугу менен Борбордун окумуштуулар кеңешинин жыйындарына катышуу;
- Борбордун кызматкерлерине дарылоо-диагностикалык, илимий, методикалык жана башка консультацияларды берүү.
28. Борбордун окумуштуулар кеңеши сунуштама берүүчү коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет.
Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин, адистердин кызмат орундарын ээлеген жамаатынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда Борбордун директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Борбордо иштебеген көрүнүктүү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
29. Окумуштуулар кеңеши эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин чечими, эгерде аларга добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
30. Борбордун директору окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
31. Борборду каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
- кошо төлөөдөн түшкөн каражаттардын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
32. Борбордун илимий-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- Борбор тарабынан жүргүзүлгөн фундаменталдык изилдөөлөрдү колдоо каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар тутуму боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
33. Илимий-изилдөө иштери, гранттар аркылуу алынган финансылык каражаттарды Борбордун директору тескейт.
34. Мамлекеттер жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде кызыкдар тараптар жүргүзүшү мүмкүн.
35. Борбордун ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
36. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
Борборду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
37. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.