ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 547 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө«токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция24.09.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-сентябры № 547

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

- 11-пункту "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөрдөн мурда "социалдык өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 14-пунктунда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Премьер-министринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Дж.К. Оторбаев