Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 7-июлу № 88
Энергияны үнөмдөө жөнүндө
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96, 2013-жылдын 30 июлундагы № 175, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Энергияны үнөмдөө ишин мамлекеттик башкаруунун негиздери
III бөлүм. Энергияны үнөмдөө жагындагы стандартташтыруу
IV бөлүм. Энергияны үнөмдөөнүн экономикалык жана каржылык жол жоболору
V бөлүм. Энергияны үнөмдөө жагындагы ишти жүзөгө ашыруу
VI бөлүм. Эл аралык кызматташтык жана инвестициялык иш
VII бөлүм. Энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үгүттөө
VIII бөлүм. Энергияны үнөмдөө тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
IX бөлүм. Корутунду жоболор
I бөлүм Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун укуктук ченемдерин, ошондой эле бул саясатты ишке ашыруунун институттук, экономикалык жана маалыматтык жол-жоболорун түзүүнүн жана иштетүүнүн укуктук ченемдерин белгилейт.
1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары
Ушул Мыйзамдын максаттары - отун-энергетика ресурстарын казып алууда, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, берүүдө (ташууда), сактоодо, бөлүштүрүүдө, керектөөдө (кайра өзгөртүүдө) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттар түзүү, чарбакер субъекттердин ортосундагы, ошондой эле мамлекет менен юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы энергия үнөмдөө жагындагы мамилелерин жөнгө салуунун эсебинен отун-энергетика ресурстарын керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо болуп эсептелет.
2-статья. Терминдердин аныктамалары
Ушул Мыйзамда саналып өткөн терминдер төмөндөгүдөй маанилерге ээ:
энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу - продукциянын сапатын жана чыгарылган санын төмөндөтпөстөн, продукциянын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигин сактоого, бул продукция үчүн зарыл болгон энергиянын санын кыскартууга багытталган иш;
энергияны үнөмдөө - энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, энергияны өндүрүүдө, кайра түзүүдө, ташып барууда жана керектөөдө коромжулукту азайтууга багытталган жана чарбалык жүгүртүүгө энергиянын кайталанма булактары тартылган укуктук; уюштуруучулук, илимий, өндүрүштүк, техникалык жана экономикалык чараларды жүзөгө ашыруу;
мамлекеттин энергияны үнөмдөө саясаты - энергияны үнөмдөө жагындагы ишти укуктук, уюштуруучулук жана финансылык-экономикалык жактан жөнгө салуу;
энергетикалык ресурс - азыркы кезде пайдаланылып жаткан же келечекте пайдаланылышы мүмкүн болгон энергияны камтыган нерсе;
(абзац КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
энергетикалык калдык ресурс - негизги өндүрүштүн көмөкчү продуктусу түрүндө алынуучу же ушундай продукт болуп эсептелүүчү энергетикалык ресурс;
энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу - техника менен технологиялардын учурдагы өнүгүү деңгээлинде жана курчап турган чөйрөнү коргоого коюлуучу талаптарды сактоодо энергетикалык ресурстарды пайдалануунун кайтарымдуу натыйжалуулугуна жетишүү;
энергиянын натыйжалуулугунун көрсөткүчү - ар кандай продукция үчүн мамлекеттик стандарттар, ар кандай ченемдик укуктук актылар, колдонулуучу жабдуулар үчүн технологиялык регламенттер жана паспорттук сын-сыпаттар тарабынан белгиленген энергетикалык ресурстарды керектөөнүн же жумшоонун абсолюттук же салыштырма чен-өлчөмү;
энергетикалык ресурстардын өндүрүмсүз чыгымы - мамлекеттик стандарттар тарабынан белгиленген талаптарды сактабоо, ошондой эле башка ченемдик актыларда, колдонулган жабдуулар үчүн технологиялык регламенттерде паспорттук сын-сыпаттарда белгиленген талаптарды бузуу менен шартталган энергетикалык ресурстардын чыгымы;
энергетикалык ресурстардын коромжулугу - энергетикалык ресурстардын жалпы жана алымдуу пайдаланылган санынын ортосундагы айырма;
энергиянын кайталанма булактары - күндүн, шамалдын, суунун, жердин жылуулугунун, суу агымдарынын табигый кыймылынын энергиясы;
отундун альтернативалуу түрлөрү - колдонулушу кыйла кымбат же таңсык энергетикалык ресурстарды керектөөнү алмаштыруучу отундун түрлөрү (кысылган жана суюлтулган газ, биогаз, генератордук газ, биомассаны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар жана башкалар);
энергияны үнөмдөөчү технологиялар, жабдуу жана материалдар - жетишкен деңгээлге салыштырмалуу отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү технологиялар, жабдуу жана материалдар;
энергияны үнөмдөө тармагындагы субъекттер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте энергетикалык ресурстарды, отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн пайдалануу боюнча натыйжалуулугун жана сарамжалдуугун жогорулатууга багытталган ишти жүзөгө ашыруучу, жана казып алуу, кайра иштетүү, ташып баруу, өндүрүү, сактоо менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар;
энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис - энергетикалык натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө мамлекеттик квалификациялык сертификат алган жеке адам;
энергетикалык иликтөө (энергетикалык аудит) - энергетикалык ресурстарды пайдалануу, пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын көлөмү, энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө топтоо жана иштеп чыгуу, алынган натыйжаларды имараттын энергетикалык сертификатында, энергетикалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө техникалык отчетто, энергетикалык ресурстарды керектөөгө чыгымдарды азайтуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамаларда чагылдыруу менен энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу;
энергетикалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө техникалык отчет - менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана уюмдарга жүргүзүлгөн энергетикалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча сертификацияланган адис тарабынан түзүлгөн, энергетикалык ресурстарды өндүрүү, өткөрүп берүү, керектөө, объекттердин эсепке алуу приборлору менен жабдылышы, энергетикалык тутумдарда болгон жоготуулар жана энергия ресурстарын керектөөгө кеткен чыгымдарды азайтуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамалар жөнүндө маалыматты камтыган документ;
баштапкы энергия - табигый жана (же) өндүрүштүк энергия алып жүрүүчүлөрдө камтылган энергия;
энергияны тейлөө келишимдери (контракттар) - келишим (контракт, анын предмети керектөөчүнүн энергияны үнөмдөөгө жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-аракеттерди аткаруучу тарабынан жүзөгө ашыруу болуп саналат;
энергияны тейлөө уюму - келишим (контракт) боюнча иш-аракеттердин аткаруучусу болуп саналган, энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу чөйрөсүндө энергияны тейлөө келишиминин алкагында өзүнүн жана (же) тартылган каражаттардын эсебинен иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарган юридикалык жак;
энергетикалык натыйжалуулук - продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге карата мындай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстардын чыгымдарына карата энергетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган пайдалуу натыйжанын катышын чагылдыруучу мүнөздөмөлөр;
электр энергиясын керектөөчү түзүлүштүн энергетикалык натыйжалуулугунун классы - электр энергиясын керектөөчү түзүлүштүн энергияны керектөө үнөмдүүлүгүнүн деңгээли, бул пайдалануу баскычында анын энергиялык натыйжалуулугун мүнөздөп турат;
ички дүң продуктунун энергетикалык сыйымдуулугу - ички дүң продуктунун бирдигине сарпталуучу баштапкы энергетикалык ресурстардын (көмүр, мунай, газ) жалпы көлөмү;
энергиянын натыйжалуулугунун максаттуу көрсөткүчү - жетишилүүгө тийиш болгон энергетикалык ресурстарды керектөөнүн белгиленген салыштырмалуу деңгээли.";
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө тууралу мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө тууралу мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу ченемдик-укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу тармак
Энергияны үнөмдөө тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун объектиси болуп иш жүрүмүндө келип чыккан мамилелер саналат, алар төмөнкүлөргө багытталган:
- энергетикалык ресурстарды казып алууга, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, ташып барууга, сактоого жана керектөөдө аларды натыйжалуу пайдаланууга;
- энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына жана энергетикалык натыйжалуулук чөйрөсүндөгү иштин сапатына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
- энергетикалык ресурстардын алда канча кымбат жана тартыш түрлөрүн алмаштырууга жөндөмдүү отундун теңтайлаш түрлөрүн казып алууну жана өндүрүүнү өнүктүрүүгө;
- энергонатыйжалуу технологияларды, отун-энергия керектөөчү жана диагностикалык жабдууларды, конструкциялык жана изоляциялык материалдарды, энергетикалык ресурстардын чыгымдалышын эсепке алуунун жана алардын пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн приборлорду, энергиянын керектелишин автоматташтырылган башкаруу тутумдарын түзүүгө жана пайдаланууга;
- берилген жана керектелген энергетикалык ресурстарды эсепке алуу бөлүгүндө өлчөөнүн тактыгын, шексиздигин жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга;
- энергияны үнөмдөө боюнча, энергиянын жаңы булактары менен отун түрлөрүн, өлчөө каражаттарын пайдалануу боюнча маалыматтык камсыз кылууга жана энергетикалык ресурстардын чыгымдарын жөнгө салууга жана контролдоого;
- энергияны үнөмдөө объекттерин техникалык ченемдөөнү жана метрологиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырууга.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм Энергияны үнөмдөө ишин мамлекеттик башкаруунун негиздери
5-статья. Энергияны натыйжалуу пайдалануу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясат:
энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөрдүн, жабдып туруучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштыруунун негизинде, анын ичинде өндүрүшкө дем берүүнүн жана , энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуучу техникаларды жана технологияларды, энергетикалык ресурстарды чыгымдалышын эсептөөчү жана контролдоочу приборлорду колдонуунун жардамы менен юридикалык жана жеке жактардын энергия үнөмдөөгө кызыкдарлыгынын экономикалык жана укуктук шарттарын түзүү;
энергияны үнөмдөөчү мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана энергиянын кайталанма булактарын, отундун альтернативалуу түрлөрүн жана энергетикалык калдык ресурстарды, ошондой эле отунэнергетикалык ресурстардын пайдалануу жүрүмүндө калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кыла турган мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды пайдалануу;
отун-энергетикалык ресурстарды казып алуу, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, өндүрүү жана пайдалануу менен байланышкан чарбалык, башкаруучулук жана башка кандай гана болбосун иштерди жүргүзүүдө энергияны үнөмдөө талаптарынын артыкчылыгы;
энергияны үнөмдөө жагындагы иштин экономикалык, маалыматтык, билим берүүчү жана башка багыттарын ишке ашыруу;
энергетикалык ресурстардын өндүрүлүшүн жана чыгымдалышын эсептөө боюнча ар кандай түрдөгү бирдиктүү программаларды түзүү жана пайдалануу;
энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында натыйжалуу ведомстволор аралык коммуникация жана эл аралык кызматташтык;
экологиялык талаптарды эске алуу менен үнөмдөө жана энергияны үнөмдөө маселелерин комплекстүү чечүүнүн энергияны үнөмдөөчү түзүмүн түзүү, энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири жайылтуу;
энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик энергетикалык экспертизасын милдеттүү түрдө пайдалануу;
башкаруунун экономикалык, ченемдик-техникалык усулдарын колдонуунун негизинде энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;
энергияны тейлөө уюмдарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана энергияны тейлөө келишимдерин киргизүү.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруудагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- энергияны үнөмдөө жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү;
- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик тутумунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмдөрүн аныктоону;
- (КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- компетенциясынын чектеринде энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну;
- энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын бекитүүнү.
(КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
61-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отунду жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максаттарында инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү;
- энергияны үнөмдөө боюнча илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди координациялоону;
- ушул жагындагы энергиянын натыйжалуу техникасын жана продукциясын, алдыңкы технологияны, башкаруу ыкмаларын жана илимий изилдөөлөрдү ишке киргизүүнү, энергиянын калдык ресурстарын жана таштандыларды утилдештирүүнү, ошондой эле күндүн, шамалдын, суунун энергиясын жана энергиянын башка булактарын пайдалануучу технологияларды киргизүү боюнча долбоорлордун жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүүнү;
- өнөр жайлык базаны өнүктүрүүгө жана энергияны эсептөө, контролдоо жана башкаруу приборлорунун, энергиялык жактан натыйжалуу жана экологиялык жактан коопсуз энергетикалык орнотмолорду, курулуш материалдарын жана буюмдарды чыгарууга көмөк көрсөтүүнү;
- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;
- кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө сунуш кылуу менен энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын иштеп чыгууну координациялоону;
- энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-укуктук, усулдук жана экономикалык механизмдерин иштеп чыгууну жана кайта жаңылануучу энергетикалык ресурстарды пайдаланууга түрткү берүүнү;
- энергияны үнөмдөө жагында илимий изилдөөлөрдү уюштурууну;
- эл аралык кызматташууга катышууну.
Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отун-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн техникалык көзөмөлдү уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;
- электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөрдүн энергия менен жабдуучу уюмдардын тармагына кирүүсүн камсыз кылуу жана тармактардын иш режиминин зарыл болгон техникалык жана башка ченемдерин сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну.
(КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын энергияны үнөмдөө жагындагы ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык:
- тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин чектеринде энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын ишке ашырат;
- энергияны үнөмдөө жагында илимий изилдөөлөрдү уюштурат;
- алардын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын энергияны үнөмдөө программаларын аткаруу боюнча иштерин координациялайт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында алардын тескөөсүндө турган имараттарда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну, анын ичинде жогорку натыйжалуу энергияны керектөөчү приборлорду жана жабдууларды пайдалануунун эсебинен милдеттүү түрдө камсыз кылуу үчүн жооптуу.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл
Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
Мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн объектиси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, отунду жана энергияны алуу, кайра иштетүү, өзгөртүү, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жагындагы бардык уюмдарды камтыган энергетикалык чарба болуп эсептелет.
Энергиянын үнөмдөө жагында мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана республикада отундун жана энергиянын, отун - энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган ыйгарым укуктарын аткарылышы үчүн керектүү шарттарды түзүшөт.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Энергетикалык иликтөө
Менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана ишканаларды энергетикалык иликтөө пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын көлөмү жөнүндө объективдүү маалыматтарды алуу, энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн аныктоо жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында, ошондой эле керектөөчүлөрдүн чыгымдарын азайтуу үчүн энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис тарабынан жүргүзүлөт.
Энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик сертификациялоодон өтөт.
Энергетикалык иликтөө милдеттүү болуп саналат. Энергияны тейлөө келишиминин (контракттын) максаттары, колдонуу чөйрөсү, сапатына мониторинг жүргүзүү, мезгилдүүлүгү жана аны бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
(КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Энергетикалык экспертиза
Энергетикалык натыйжалуулукту мамлекеттик экспертизалоо энергияны натыйжалуу пайдаланууну ачык көрсөтүү, энергиянын эсебин алууну жана отун-энергетикалык комплексинин энергетикалык жабдууларынын коопсуздугун уюштуруу максатында жүргүзүлөт.
Энергетикалык натыйжалуулук боюнча мамлекеттик экспертизанын негизги милдеттери болуп долбоордук чечимдердин энергияны керектөө ченемдерине, стандартташтыруу боюнча ченемдик документтердин жана энергетикалык натыйжалуулук боюнча башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүсүнө баа берүү, ошондой эле энергияны үнөмдөө боюнча каралуучу чаралардын ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүн аныктоо болуп саналат.
Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасына төмөнкүлөр жатат:
- экономиканын тармактарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлору, администрациялык аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды энергия менен жабдуунун схемасы;
- жаңы курулуштарга жана иштеп жаткан ишканаларды, имараттарды, курулмаларды кеңейтүүгө (кайра жаңыртып курууга, техникалык кайра жабдууга, модернизациялоого) техникалык-экономикалык негиздөөнүн жана долбоорлоо - пландоочу документациялардын энерготехнологиялык бөлүгү.
Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасын жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Отундун жана энергиянын эсеби
Казылып алынуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана керектелүүчү энергетикалык ресурстардын бардык көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш.
Жаратылыш газы, жылуулук жана электр энергиясы менен жабдууну же аларды берүүнү жүзөгө ашыруучу жана пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлору менен жабдылууга тийиш болгон объекттердин инженердик-техникалык жабдууларынын курамына кирген тармактарга түздөн-түз кошулган, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары бар уюмдар аларды жабдууну же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун орнотуу, алмаштыруу, эксплуатациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга милдеттүү.
Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдар аларга кайрылган адамдар менен алар менен жабдууну же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун орнотуунун, алмаштыруунун жана (же) эксплуатациялоонун шарттарын жөнгө салуучу келишимдерди түзүүгө милдеттүү. Келишимдин баасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
Бардык жылуулук менен камсыздоо тутумдары, анын ичинде энергетикалык реновация жүргүзүлгөн жаңылары, милдеттүү түрдө аба ырайын автоматтык жөнгө салуу тутумдары жана долбоордук-сметалык документтерге ылайык жылытуу приборлорундагы жөнгө салуучу арматуралар менен жабдылат.
Керектелген отун-энергетикалык ресурстар үчүн төлөө эсептери керектөөчүлөр үчүн анык маалыматтарды берүү менен, объекттерге орнотулган эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнө негизделүүгө тийиш.
Пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун керектөөчүлөрдү ушул ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюмдарга орнотконго чейин эсептешүүлөрдү керектөөнүн колдонуудагы ченемдеринин негизинде жүргүзүүгө жол берилет.
Керектелүүчү энергетикалык ресурстарды эсепке алуу жана энергияны үнөмдөө жана парник газдарынын чыгарылышын кыскартуунун потенциалын аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
Энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана керектөө жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
Энергетикалык ресурстарды керектөөнүн чоңдугуна жана түзүмүнө жана алардын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүнү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статистика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюштурат жана жүргүзөт.
(КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III бөлүм Энергияны үнөмдөө жагындагы стандартташтыруу
12-статья. Стандартташтыруу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган жана энергияны керектөөчү продукция маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын энергиялык жактан натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү киргизилет.
Энергетикалык ресурстарды алуу, чыгаруу, кайра иштетүү, ташуу, сактоо жана керектөө учурунда аларды натыйжалуу пайдалануунун көрсөткүчтөрү, ошондой эле энергиянын имараттарды жылытууга, желдетүүгө, ысык суу менен жабдууга жана жарык кылууга кеткен чыгымдарынын көрсөткүчтөрү, өндүрүш процесстеринде энергияны пайдалануунун дагы башка көрсөткүчтөрү белгиленген тартипте тиешелүү ченемдик-техникалык документтерге киргизилет.
(Үчүнчү бөлүк КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Стандартташтыруунун объекттери жана предметтери
Энергияны натыйжалуу пайдалануу жагындагы стандартташтыруунун объекттери отундун жана энергиянын бардык түрлөрү, отун же энергия өндүрүүчү же керектөөчү же анын бир түрүн башка түрүнө айлантуучу жабдуу жана продукция болуп эсептелет.
Стандартташтыруунун предметтери энергия жана продукция өндүрүүгө, технологиялык процесстерге жана иштер жүргүзүүгө жумшалган энергия номенклатурасы жана көрсөткүчтөрдүн маанилери болуп эсептелет.
14-статья. Чыгарылуучу жана ташылып келинүүчү жабдуулардын жана приборлордун энергия жагынан натыйжалуулугунун
көрсөткүчтөрүн сактоого мамлекеттик контроль жана көзөмөл
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15-статья. Энергияны керектөөнүн ченемдери
Энергияны керектөөчү продукциялар жана кандай болбосун багыттагы объекттер үчүн энергияны керектөө ченемдери, анын ичинде имараттардын энергетикалык натыйжалуулугуна болгон минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Энергетикалык ресурстарды керектөөнүн стандарттарынын тутумдары ишке киргизилгенге чейин энергетикалык ресурстарды жумшоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерин менен ченемдиктерин колдонууга жол берилет.
Отунду жана энергияны керектөөнүн ченемдеринин сакталышына контролду энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
(КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Продукциянын энергиялык натыйжалуулугунун шайкештигин белгилөө
Кандай болбосун арналыштагы энергия керектөөчү продукция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алган ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Метрология
Энергияны өндүрүүдө жана керектөөдө, ошондой эле аны сертификациялоодо милдеттүү түрдө мамлекеттик метрологиялык контроль жана көзөмөл жүргүзүлөт.
Энергияны сарамжалдуу пайдаланууну мамлекеттик метрологиялык жактан камсыз кылуу метрология жана стандартташтыруу жаатындагы көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат жана аны өндүрүүдө жана керектөөдө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга багытталган чаралардын комплексин жана ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгууну карайт.
Метрологиялык ченемдер жана эрежелер колдонулуучу объекттер мамлекеттик метрологиялык контролго жана көзөмөлгө алынат.
(КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV бөлүм Энергияны үнөмдөөнүн экономикалык жана каржылык жол-жоболору
18-статья. Энергияны үнөмдөөнү камсыздоонун экономикалык чаралары
Энергияны үнөмдөөнү камсыздоонун экономикалык чаралары уюмдардын башкаруучулук жана чарбалык ишин энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана үнөмдөөгө багыттоого арналат жана атап айтканда төмөндөгүлөрдү:
энергияны үнөмдөөчү программаларды жана долбоорлорду каржылоонун жол-жоболорун жана тартибин аныктоону;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды ысырап пайдалануу үчүн экономикалык санкцияларды колдонууну камтыйт.
19-статья. Энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды жана программаларды каржылоо
Энергияны үнөмдөөчү программалар, анын ичинде илимий изилдөөлөр, тажрыйбалык-конструкторлук иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген энергетикалык натыйжалуулук боюнча долбоорлор Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруучу уюмдардын өздөрүнүн жана тартылган каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээ болгон жарандыгы жок жеке жактардын жана юридикалык жактардын каражаттарынын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондунун каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каржыланат.
Энергияны үнөмдөөгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фонду
Энергияны сарамжал пайдалануу жагында мамлекеттик саясатка каржылык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттен тышкары Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фонду (мындан ары - Энергия үнөмдөө фонду) түзүлөт.
Атайын Энергия үнөмдөө фонду энергия үнөмдөө программаларын жана Кыргыз Республикасынын энергия иштеп чыгаруучу, ташып баруучу, бөлүштүрүүчү жана башка энергокомпаниялардын чегерүүлөрүнүн аткаруунун эсебинен алынган каражаттардын эсебинен түзүлөт.
Ошондой эле, Энергия үнөмдөө фондунун булактары:
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн ыктыярдуу максаттуу кошумчалары;
- Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы компанияларынын акцияларын сатуудан түшкөн Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинети тарабынан өткөрүлүп берилген акча каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген дагы башка кирешелер болушу мүмкүн.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Энергия үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары
Энергия үнөмдөө фондунун каражаттары:
турак-жай имараттарында, өнөр жай ишканаларында жана транспорт секторунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөө максатында инвестициялоо;
- отунду жана энергияны алууда, чыгарууда жана ташууда энергиянын натыйжалуулугун жана энергия үнөмдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн инвестициялоо;
- энергиянын натыйжалуулугу боюнча изилдөөчүлүк иш;
- энергетикалык сектордо жаңы энергетикалык технологияларды же жаңы уюштуруучулук чечимдерин иликтөө жана текшерүү максатында көргөзмөлүү долбоорлорду уюштуруу;
- энергияны үнөмдөөнүн потенциалына анализ жүргүзүү жана аны пайдалануунун артыкчылыктуу тармактарын тандоо;
- тиешелүү долбоорлорго, биринчи кезекте отундун жана энергиянын чыгымдалышын эсепке алуучу, контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлорду жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү жагындагыларга колдоо көрсөтүү жолу менен отунду жана энергияны сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу максатында илимий-техникалык жана өндүрүштүк базаны өнүктүрүү;
- энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-техникалык базасын иштеп чыгуу;
- энергияны үнөмдөө, жаңы техниканы жана технологияны иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү жагында илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструкторлук иштерди каржылоого катышуу;
- энергияны үнөмдөө тармагында укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик жана укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- энергияны үнөмдөө боюнча кароо-конкурстарды өткөрүү;
- тажрыйба алмашуулар боюнча семинарларды өткөрүү үчүн пайдаланылат.
22-статья. Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондун тескөөчүлөр
Энергияны үнөмдөө фондусун тескөөчүлөрдүн Энергияны үнөмдөө фондусунун каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жана иш-милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 , 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья. Энергияны үнөмдөөгө түрткү берүү
Энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- долбоорду каржылоонун жалпы көлөмүндөгү максималдуу үлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган социалдык маанилүү долбоорлорго Энергияны үнөмдөө фондунан гранттарды жана жаңы энергетикалык техниканы берүү;
- энергетикалык ресурстарга бааларды, энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды киргизүүгө чыгымдарды, анын ичинде энергияны керектөөнү жогорулатуу боюнча мамлекеттик программалардын (долбоорлордун) алкагында курулуучу кайра жаралуучу булактарды пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорго капиталдык чыгымдарды эсепке алуу;
- кайтарымсыз каржылык, техникалык жана башка салымдар же энергияны үнөмдөө жаатындагы субъекттердин энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды ишке ашырууга катышуусу.
Энергетикалык ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюмдар өздөрүнүн керектөөчүлөрүнө энергетикалык ресурстарды үнөмдөөнүн жана аларды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун бардык жеткиликтүү ыкмалар менен жогорулатуунун ыкмалары жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турууга милдеттүү.
Көп батирлүү үйдү энергетикалык ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюм жылына бир жолудан кем эмес көп батирлүү үй, көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн көп батирлүү үйдөгү орун жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкү сыяктуу эле, ошондой эле көп батирлүү үйдөгү орун жайларга карата да иш-чаралардын тизмегин сунуш кылууга милдеттүү, иш-чараларды өткөрүү бул уюм тарабынан көп батирлүү үйгө берилүүчү энергетикалык ресурстарды энергияны үнөмдөөгө жана аларды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу даражада өбөлгө түзөт. Бул иш-чаралардын тизмегинде төмөнкүдөй көрсөтмө камтылууга тийиш:
- бул тизмек даректелген адамдардын мындай иш-чараларды өткөрүүсүнүн милдеттүү эместиги;
- жалпыга жеткиликтүү булактарга таянуу менен алар тарабынан өткөрүлбөгөн иш-чаралардын бул тизмегинин мүмкүн болуучу аткаруучуларына.
(КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Энергиянын кайталанма булактарын пайдалануу
Энергияны үнөмдөөчү уюмдарга кирбеген электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр энергияны үнөмдөөчү уюмдардын тармагына энергия берүүгө, ошондой эле ал тармактар аркылуу, энергия менен жабдуучу уюмдар жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган санак жана тармактардын жана борборлоштурулган энергия менен жабдуу булактарынын эң сарамжалдуу иш режимин камсыз кылуучу режимдерде энергия ташууга укуктуу болот. Энергия менен жабдуучу уюмдар көрсөтүлгөн энергия чыгаруучулардан өз тармактарына энергия кабыл алууну белгиленген тартипте коюлган баалар боюнча алууну камсыз кылууга милдеттүү.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-статья. Энергетикалык ресурстарды натыйжасыз керектөө үчүн жоопкерчилик
Энергетикалык ресурстарды алууда, кайра иштетүүдө, өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө натыйжасыз пайдалануу, ошондой эле энергетикалык жактан натыйжасыз жабдууларды жана материалдарды жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V бөлүм Энергияны үнөмдөө жагындагы ишти жүзөгө ашыруу
26-статья. Энергияны үнөмдөө жагындагы иштин субъекттери
Энергияны үнөмдөө жагындагы иштин субъекттери менчиктин жана иштин бардык түрлөрүндөгү, энергетикалык ресурстарды чыгаруучу жана керектөөчү уюмдар болуп эсептелет.
Бардык юридикалык жана жеке жактар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
Энергетикалык ресурстарды чалгындоо, казып алуу, чыгаруу, ташуу, сактоо, бөлүштүрүү жана керектөө ишин өнүктүрүү процесстерине дем берүү үчүн ушул Мыйзам тарабынан жеке менчиктик юридикалык же жеке жактардын энергияны үнөмдөөдөгү ролу таанылат жана аларга бирдей шарттар камсыз кылынат.
VI бөлүм Эл аралык кызматташтык жана инвестициялык иш
27-статья. Энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары:
чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен энергиялык жактан натыйжалуу технологияларды өз ара пайдалуу алмашуу;
энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык долбоорлорго катышуу болуп саналат.
VII бөлүм Энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үгүттөө
28-статья. Энергияны үнөмдөөнү маалыматтык жактан камсыздоо
Энергияны үнөмдөө маалыматтык жактан:
- энергияны үнөмдөө жагындагы Улуттук жана региондук программаларды талкуулоо;
- энергетикалык натыйжалуулугу жогору көргөзмөлүү долбоорлорду даярдоо боюнча иштерди координациялоо;
- энергиялык натыйжалуулугу жогору жабдуулардын жана технологиялардын көргөзмөлөрүн уюштуруу;
- энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө энергия үнөмдөө маселелери боюнча маалымат берүү;
- энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үгүттөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
28-1-статья. Билим берүү жана кадрларды даярдоо
Орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү мекемелери, ошондой эле билим берүү ишмердигин жүзөгө ашыруу укугу бар кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо мекемелери энергия менен камсыздоо тармагындагы кызматкерлерди окутуу жана даярдоо боюнча программаларда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун негиздерин, анын ичинде энергиянын кайталанма булактарын жана отундун теңтайлаш түрлөрүн натыйжалуу пайдалануунун негиздерин алдын ала кароого тийиш.
Энергетикалык иликтөө (анын ичинде имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча) боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VIII бөлүм Энергияны үнөмдөө тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
29-статья. Энергияны үнөмдөө тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
IX бөлүм Корутунду жоболор
30-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга шайкеш келтирилгенге чейин, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |