Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 609
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" чечимин жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө" чечимин ишке ашыруу, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык тартибин чыңдоо жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставында:
- 5-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) кызматкердин тартипти жана кызматтык милдеттерин аткаруу эрежелерин жана ага берилген укуктарды ишке ашырууну, ички иштер органынын (бөлүктөрдүн) ички тартибинин эрежелерин, ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө кызматкер менен түзүлгөн контракттын шарттарын, формалык кийимди кийүүнүн эрежелерин сактоосу;";
- 2-баптын аталышы "милдеттери" деген сөздөн кийин "жана укуктары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктунун "г" пунктчасындагы жана 7-пунктундагы "кызматтык жүрүм-турумга" деген сөздөр "кызматтык тартипке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
а) кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) корутундулары менен таанышууга;
б) ага тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн алууга.";
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Жетекчилерге (башчыларга) берилүүчү тартиптик укуктар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан белгиленген кызмат орундарын комплекттөө номенклатурасына ылайык, ушул Уставдын тиркемесине ылайык Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумунун жетекчилеринин (башчыларынын) жана тийиштүү тартиптик укуктардын тизмеси (мындан ары - Тизме) менен белгиленет. Башчы (командир) кызмат орду боюнча милдеттерин убактылуу аткарууда ошол кызмат орду боюнча тартиптик укуктарды пайдаланат.";
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Буйрук ар түрдүү чечмелөөгө жол берүүчү түшүндүрмөлөрдү колдонбостон түшүнүктүү, так жана кыска түзүлүшү керек.";
- 19 жана 20-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 35-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) бөлүктүн күжүрмөн туусунун жанынан сүрөткө түшүү.";
- 38-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 52-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Тартиптик жазасы бар кызматкер, ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү жана кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы үчүн ушул Уставдын 53-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен сыйланат.";
- 65-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 76-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чечими менен тартиптик жаза берилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясын же ички иштер органынын ыкчам жыйналышын өткөрүүнүн жүрүшүндө айтылган кызматкердин түшүндүрмөсү протоколго киргизилет же аталган кызматкер жазуу жүзүндө түшүнүк берет.";
- 77-79-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"77. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу чыгарылат же болгон тартиптик жазаларын эске алуу менен кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкат түзүлөт, андан кийин аны дайындаган башчы (командир) тарабынан бекитилет.
Кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкат мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулгандыгы боюнча фактылар ырасталбаган учурларда түзүлөт.
78. Кызматкердин тартиптик жорук жасаган фактысы боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу же кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкат Тизмеге ылайык тартиптик жаза берүү укугуна ээ болгон башчыга (командирге) берилет.
79. Кызматкердин кызматта жок болгон убактысын эсепке албастан, кызматкерге тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук ал чыккан күндөн тартып же болбосо кызматкердин иштеген жери боюнча аймактык ички иштер органына (бөлүгүнө) бул буйруктун көчүрмөсү келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ага кол койдуруу менен тааныштырылат.";
- 81-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун, кызматтык иликтөөнүн корутундусунун же кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкаттын көчүрмөлөрү кийинкиге калтырбастан же буйрукка кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен тиешелүү кадрлар бөлүгүнө жиберилет.";
- 82-пунктунда:
"текшерүү жүргүзүлгөн адамга анын жыйынтыгын жеткирүүгө," деген сөздөр алып салынсын;
"ошол ишти жүргүзгөн" деген сөздөр "кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 83-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча ички иштер органдарынын тергөө бөлүктөрүнүн кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнү (текшерүүнү) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери гана жүргүзөт.
Процесстик ишке байланышпаган тартиптик жоруктар боюнча кызматтык иликтөө (текшерүү) тергөө бөлүгүнүн түздөн-түз жетекчисинин милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.";
- 89-пункту "угуучуларга," деген сөздөн кийин "магистранттарга," деген сөз менен толукталсын;
- 94-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 100-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"100. Кызматкерге карата башчынын (командирдин) тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу зарыл болгон учурларда, ал жогору турган башчыга (командирге) ал жөнүндө өтүнөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 105-1-пункт менен толукталсын:
"105-1. Мурда төмөндөтүү менен кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жаза берилген жана ал жазасы алына элек, тартиптик жорук жасаган кызматкерге ушул Уставдын 102-пунктунда баяндалган жагдайлардан тышкары, ушул Уставдын 88-89-пункттарында каралган тартиптик жазанын бир аз катуу түрүнөн бир кыйла катуу түрдөгү тартиптик жаза берилет.";
113-пунктундагы ", угуучулар", "докторанттар" деген сөздөр алып салынсын;
"Курсанттар" деген сөздөн кийин "жана" деген сөз менен толукталсын;
"Курсанттар" деген сөз "Күндүзгү окуу формасындагы курсанттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 144-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 120-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"120. Жогору турган башчы (командир) төмөн турган башчы (командир) тарабынан берилген тартиптик жазаны, эгерде ал жумшактыгынан кызматкер жасаган тартиптик жоруктун оордугуна ылайык келбеген учурларда аны өзгөртүүгө жана кыйла катуу тартиптик жаза берүүгө же болбосо аны жеңилдетүүгө же негизсиз берилген катары алып салууга укуктуу.";
- 124, 133, 148-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 152-1-пункт менен толукталсын:
"152-1. Кызматкер анын даттануусу боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тартиптик комиссиясынын чечимине макул болбосо, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тартиптик комиссиясынын тиешелүү чечими менен кол коюп таанышкан күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аны соттук тартипте даттанууга укуктуу.";
- 154-пунктундагы "милдеттүү" деген сөз "укуктуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын тиркемеси |
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумунун жетекчилеринин (башчыларынын) жана тийиштүү тартиптик укуктардын ТИЗМЕСИ
№ | Кызмат орду | Чараларды көрүү боюнча тартиптик укуктар | |
сыйлоо | тартиптик таасир этүү | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри | Ички иштер органдарынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдагы тартиптик укуктарды толук көлөмдө колдонот. Кыргыз Республикасынын ички иштер органындагы өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизет | |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, орун басары | Алкыш жарыялайт. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет жана төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри белгилеген компетенциянын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
3 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемелеринин жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин Ардак грамотасы менен сыйлайт. Ардак китебине же Ардак тактага кызматкердин аты-жөнүн (анын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына, угуучуларына, адъюнкттарына карата) киргизет. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин карамагынан кезексиз (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемелеринин курсанттарына карата) бошотот. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызмат орундарын комплекттөө номенклатурасында белгиленген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктарынын чегинде) төмөндөтөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Нарядка кезексиз (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына карата) дайындайт. Билим берүү мекемесинин карамагынан кезектеги бошотууга (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына карата) уруксат бербейт. Билим берүү мекемесинен (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына, угуучуларына, адъюнкттарына, докторанттарына карата) окуудан чыгарат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
4 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук, түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана маалыматтык технология жана байланыш чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Мамлекеттик фельдъегерлик кызматтын жетекчилери (башчылары) (ички иштер органдарынын кызмат орундарына дайындоого жана андан бошотууга укугу барлар). | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Алар тарабынан мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде) төмөндөтөт. Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
5 | Аймактык ички иштер башкы башкармалыктарынын, ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Алар тарабынан мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот, ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктарынын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
6 | Райондук ички иштер башкармалыктарынын, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Түштүк башкармалыгынын жетекчилери (башчылары) жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын күзөт бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салат (компетенциясынын чегинде). Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат жана ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды (ички иштер органдарынын кызматкерлерин дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) ыйгарат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
7 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин күзөт кызматынын ведомстволук милициясынын полкунун командири, Бишкек ш. ИИББнын милиция кайгуул-күзөт кызматынын полкунун командири, Чүй облусунун ИИББнын кайгуул-күзөт кызматынын батальонунун командири | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Алар тарабынан мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салат. Кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат жана ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды (ички иштер органдарынын кызматкерлерин дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) ыйгарат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын адамдарын кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
8 | Бардык деңгээлдеги башка жетекчилер (башчылар, командирлер) | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
9 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө чөйрөсүндөгү бөлүгүнүн жетекчиси (башчысы) |
| Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын мүчөлөрүнөн тышкары, ички иштер органынын кызматкерлерине карата "эскертүү", "сөгүш" жана "катуу сөгүш" түрүндөгү тартиптик жазаларды берүү жөнүндө кызматтык иликтөөлөрдүн корутундусун бекитет |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ИИББ - Ички иштер башкы башкармалыгы".