Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 549
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2014-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17 жана 31-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2014-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын планы боюнча жана аны менен өз ара аракеттешүүдө:
- 2014-жылдын октябрь-декабрында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укуктарынан ажырашкан эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурушсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзүшсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттарын камсыз кылышсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн жана зарыл учурда аларды автоунаа менен жеткирүүнү уюштурушсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда аскер комиссариаттарына көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздашсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль унаасы, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын өтүнмөлөрү боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөөр алдында, аларды контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы жана Талас шаарларындагы жыйноо пункттарын адис-дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү жарандарынын чакыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү маселеси чечилмейинче Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектесин.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 549 токтомуна тиркеме |
Керималиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Сатыбалдыев Э.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын адиси; |
Карабаев Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын аскердик-мобилизациялык иштерди жана жарандык коргоону уюштуруу бөлүмчөсүнүн улук инспектору; |
Абакиров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын 2-башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүм начальниги; |
Кутуев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын бөлүм (чакыруу) начальнигинин орун басары; |
Калмурзаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын бөлүмүнүн (чакыруу) улук офицери; |
Жапар уулу Асылбек | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын аскерге чакырууга чейинки даярдык бөлүмчөсүнүн начальниги; |
Мураталиев Б.О. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын бөлүмүнүн (чакыруу) улук офицери; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын бөлүмүнүн (чакыруу) башкы адиси, улук дарыгер (Республикалык жыйноо пунктунда); |
Усупканов Ш.О. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясынын дарыгер-эксперти; |
Стамалиев Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясынын катчысы; |
Абыкеев И.К. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясынын аскердик-дарыгердик экспертиза бөлүмүнүн начальниги; |
Мамытов К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскердик медициналык башкармалыгынын улук офицери. |