Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 71
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Мамлекеттик аскерлештирилген уюм же атайын кызматтар төмөнкүлөргө укуктуу:
а) өзүнүн куралдануусунда болгон ок атуучу куралды жана анын ок дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды башка аскерлештирилген мамлекеттик уюмга же Кыргыз Республикасынын резиденти болуп эсептелген атайын кызматка өткөрүп берүүгө.
Ушуну менен бирге куралды жана ок-дарыларды өткөрүп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жана (же) атайын кызматтардын өкүлдөрү тарабынан түзүлүүчү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы боюнча ведомстволор аралык буйруктун негизинде жүргүзүлөт;
б) өзүнүн куралдануусунда болгон ок атуучу куралды жана анын ок дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен куралдын жана ок дарылардын тиешелүү түрлөрү менен соода кылууга белгиленген тартипте укук алган юридикалык жактарга сатууга;
в) куралды жана ок дарыларды өндүрүүгө жана (же) сатууга укуктуу юридикалык жактардан аларды белгиленген тартипте сатып алууга;
г) мыйзамдуу негизде куралга ээ болгон жеке жактардан аны сатып алууга;
д) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына ыктыярдуу түрдө куралды жана (же) ок-дарыларды өткөрүп берген жеке жактардан аларды кабыл алууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте сый акы берүү менен;
е) өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактарга мыйзамдардын негизинде аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айрым типтеги жана моделдеги согуштук атуучу кол куралдарын убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
ж) куралды сактоого жана алып жүрүүгө мыйзам менен уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын айрым категорияларына кыска найлуу куралды убактылуу берүүгө.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21 – 28-пункттар менен толукталсын:
“21. Ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында каралган тартипте куралды жана ок-дарыларды өткөрүп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өкүлүнүн катышуусунда тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жана (же) атайын кызматтардын өкүлдөрү тарабынан түзүлүүчү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы боюнча ведомстволор аралык буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
22. Ушул Эреженин 2-пунктунун “а”, “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте куралды жана ок-дарыларды өткөрүп берүүдө алар текшерилет, саны, комплекттүүлүгү, куралдын жана ок-дарылардын номерлери менен маркировкаларынын актыда берилген маалыматтарга шайкештиги текшерилет.
23. Кызматтык милдеттерин аткарууда же болбосо үйрөтүүчү атуулардын жүрүшүндө сарпталган ок-дарыларды толуктоо өзгөчө уставдык милдеттери менен юридикалык жактын же курал убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
24. Өзгөчө уставдык милдеттери менен юридикалык жак же курал убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген мамлекеттик орган тарабынан куралды колдонуунун же пайдалануунун жана ок-дарыларды сарптоонун ар бир учуру боюнча ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте акт түзүлүп, анын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана куралдын менчик ээси болуп эсептелген мамлекеттик аскерлештирилген уюмга же атайын кызматка жиберилет.
25. Зарылдыгына жараша убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген курал ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде дароо кайтарып берилүүгө тийиш.
26. Ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген куралды сактоонун, алып жүрүүнүн, пайдалануунун жана колдонуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Эрежеде белгиленген тартибин бузуу фактысы аныкталган учурда аталган курал менчик ээсине дароо кайтарып берилүүгө тийиш.
27. Ушул Эреженин 2-пунктунун “б” пунктчасында аныкталган тартипте куралды жана ок-дарыларды сатуу орто рыноктук баалардын же болбосо көз карандысыз баалоонун жыйынтыктарынын негизинде комиссия тарабынан аныкталган баа боюнча жүзөгө ашырылат.
Ушуну менен бирге комиссия ведомстволор аралык буйрук менен түзүлөт, анын курамына тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жана (же) атайын кызматтардын, ошондой эле мамлекеттик мүлк, ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнүн арасынан 5тен кем эмес адам кирет.
28. Ушул Эреженин 2-пунктунун “б” пунктчасында аныкталган тартипте куралды жана ок-дарыларды сатуудан келип түшкөн акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан башкача тартип белгиленбеген учурдан тышкары республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиш.”.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- үч айлык мөөнөттө куралды жүгүртүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзсүн жана аларды өркүндөтүү менен аныкталган коллизияларды четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |