Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
Социалдык өнүгүүгө бирдиктүү курсту өткөрүү, Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээлин жакшыртуу жана жогорулатуу максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы (мындан ары – Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2016-2017-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча Иш-чаралар планы, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын аткаруунун Финансылык планы, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын мониторингдөө үчүн Негизги индикаторлордун матрицасы, 4-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- тейлеген багыттары боюнча Программаны аткаруу үчүн Иш-чаралардын ведомстволук социалдык-экономикалык пландарын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгында, отчеттук мезгилден кийин 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине Программаны аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгында, отчеттук мезгилден кийин 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңешинин Катчылыгына Программаны аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту берсин;
- Программаны аткарууга жыл сайын өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен зарылдыкка жараша Программага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды берсин.
4. Программанын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |