Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 552
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын (мындан ары - Программа) мындан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле иштин жетишилген жыйынтыктарын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2015" деген цифралар "2016" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасында:
19-пунктунун сегизинчи абзацы, 28 жана 39-пункттары, 42-пунктунун онунчу абзацы, 44-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
45-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Программанын коюлган милдеттерин чечүү үчүн ишке ашырылуучу конкреттүү чаралар жана иш-аракеттер Иш-чаралар планында келтирилген.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын мониторингдөө үчүн индикаторлор матрицасында:
бүткүл тексти боюнча "СӨМ" жана "ЭМЖМ" аббревиатуралары "ЭСӨМ" аббревиатурасы менен алмаштырылсын;
4-пунктунун "Индикатордун аталышы" графасындагы "базалык" деген сөз "мурунку" деген сөз менен алмаштырылсын;
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Майыптуулуктун алдын алуу жана болтурбоо | Төрөлгөндөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны | % | Иш жүзүндөгү динамика | Иш жүзүндөгү динамика | Иш жүзүндөгү динамика | 2% төмөн деген | УСК, ССМ | ССМ, ЭСӨМ |
Өндүрүштө майыптуулукту алган адамдардын саны | Адам | 20 | 20 | 17 | 12 | УСК, ЭСӨМ | ЭСӨМ, Экотехинспекция |
";
6-пунктунун "Индикатордун аталышы" графасындагы "муктаж болгондордон" деген сөздөр "кайрылгандардан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2016-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Ишке ашыруу формасы/иш-аракеттер | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстар | Күтүлгөн жыйынтык |
1. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо | ||||||
1-милдет. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү өз убагында аныктоо жана коштоо механизмдерин күчөтүү | ||||||
1 | Турмуштук оор кырдаалды (ТОК) болтурбоо боюнча алдын ала иштерди жүргүзүү | ТОКтогу балдарды жана үй-бүлөлөрдү өз убагында аныктоо жана коштоо боюнча чараларды көрүү | ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Ар кварталдык отчеттор |
ТОКтогу балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо жана социалдык коштоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу | ЭСӨМ | 2016-жыл | РБ | Методикалык көрсөтмөлөр | ||
2 | Райондук (шаардык) социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында (РШСӨБ) функционалдык талдоо жүргүзүү | РШСӨБдүн функционалдык жүктөмү жана штаттык саны, ТОКтогу үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо жана социалдык коштоо боюнча функцияларды эске алуу менен командировкалык, транспорттук жана башка операциялык чыгымдар боюнча сунуштарды киргизүү | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Функционалдык талдоонун жыйынтыгы жөнүндө отчет |
ТОКтогу үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо жана социалдык коштоо боюнча функцияларды эске алуу менен РШСӨБдүн функционалдык милдеттерин жана штаттык санын карап чыгууну караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ | 2017-жыл | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
3 | Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) кабылган балдар үчүн кызматтардын сапаты жана коопсуздугуна карата талаптарды аныктоо | Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) кабылган балдарга социалдык, психологиялык жана укуктук кызматтарды көрсөтүү боюнча минималдуу стандарттарды бекитүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому |
Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) кабылган балдарга социалдык, психологиялык жана укуктук кызматтарды көрсөтүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Методикалык нускама | ||
4 | Таасир этүүнүн колдонулуудагы системасына үй-бүлөлүк зомбулук учурларына кечиктирилгис/тез таасир этүүнүн механизмдерин интеграциялоо | Таасир этүүнүн колдонулуудагы системасына үй-бүлөлүк зомбулук учурларына кечиктирилгис/тез таасир этүүнүн механизмдерин интеграциялоо боюнча изилдөө жана сунуш киргизүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим |
Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) кабылган балдарды социалдык коштоо боюнча нускаманын долбоорун иштеп чыгуу | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Бекитилген нускама | ||
5 | Жетим балдар жана ата-энесинин кароосуз калган балдар, анын ичинде интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн билим берүү уюмдарында окууга шарттарды түзүү | Жетим балдарды жана ата-энесинин кароосуз калган балдарды, анын ичинде интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим берүү уюмдарында окутуу үчүн квотаны көбөйтүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | БИМ, ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому |
6 | Жетим балдарды Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүндө турмуштук көнүмдөрдү калыптандыруу | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн социалдык коштоо, анын ичинде турак жай менен камсыздоо боюнча эл аралык жана улуттук практикасын изилдөө | ЭСӨМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Рекомендациялар жана сунуштар |
Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн турмуштук көнүмдөрүн калыптандыруу жана өз алдынча жашоого даярдоо боюнча программа иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) |
| РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн программа | ||
Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен камсыздоо механизмдерин бекитүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ССМ, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
7 | Балдардын эмгегинин эң начар түрлөрүн жоюу | Гендердик аспекттерди эске алуу менен балдардын эмгегинин эң начар түрлөрүнүн таркалышы жөнүндө изилдөө жүргүзүү | ЭСӨМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча), БИМ, ССМ, Экотехинспекция, КПФ (макулдашуу боюнча), Иш берүүчүлөр конфедерациясы (макулдашуу боюнча), ЭЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча сунуштамалары менен аналитикалык маалымат |
Балдардын эмгегинин эң начар түрлөрүнө балдарды тартууну алдын алуу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү | ЭСӨМ | 2016-жыл | РБ | Бекитилген Иш-чаралар планы | ||
2-милдет. Үй-бүлөлүк чөйрөгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу | ||||||
8 | Калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү | "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ССМ, БИМ | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому |
Социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин, борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын аныктоо методикасын бекитүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ФМ,КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
9 | ТОКтогу балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча уюмдардын ишин жөнгө салуу | Балдарды баккан уюмдарды аккредитациялоо боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү | ЭСӨМ | 2016-2017- жылдар | РБ | Аккредита- цияланган уюмдардын тизмеси |
Балдарды баккан уюмдарды аккредитациялоо боюнча адистер үчүн окутуу семинарларын өткөрүү | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Окутулган адистердин саны | ||
Балдарды баккан уюмдарды аккредитациялоо жөнүндө маалыматты министрликтердин сайттарына жайгаштыруу | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Маалымат сайттарга жайгаштырылат | ||
10 | Калк арасында үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана ата-энелик жоопкерчиликти күчөтүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды үй-бүлөнүн курчоосунда болууну камсыздоо жана башка маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Сурамжылоо-маалыматтык бюллетендерди, эстеткичтерди, плакаттарды иштеп чыгуу жана калк арасында жайылтуу: - үй-бүлөлүк баалуулуктардын жана ата-энелик жоопкерчиликтин ролун күчөтүү жөнүндө; - үй-бүлөдөгү зомбулукка бөгөт коюу жөнүндө; - жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жайгаштыруунун үй-бүлөлүк формасы жөнүндө; - ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асыроо, камкордукка жана көзөмөлдүккө алууну белгилөө жол-жоболору жөнүндө; - мектепте тамактанууну уюштуруу жөнүндө; - документтерди өз убагында тариздөө жөнүндө (туулгандыгы жөнүндө маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт); - ТОКтогу балдарга жана үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар жөнүндө. Телекөрсөтүүдө жана радиодо сүйлөөнү уюштуруу, ЖМКда, интернет-сайттарда макалаларды жарыялоо | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ММТМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЖМКга жарыялоолордун, теле жана радиого чыгуулардын саны. Таркатылган маалыматтык материалдардын саны |
3-милдет. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун калыптандыруу процессинде муниципалдык социалдык заказдар механизмдерин ишке киргизүү | ||||||
11 | Интернаттык мекемелерге альтернативдуү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн муниципалдык социалдык заказдардын механизмдерин киргизүү | Бишкек шаарында, анын ичинде интернаттык мекемелерде, кризистик борборлордо, башпаанектерде көрсөтүлгөн муниципалдык социалдык кызматтарды инвентаризациядан өткөрүү | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Аналитикалык отчет |
Бишкек шаарында жашаган, ТОКтогу үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоо | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | |||||
"Бишкек шаарында муниципалдык заказ программасы жөнүндө" Бишкек ш. мэриясынын чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | Бекитилген программа | |||
4-милдет. АҮСЖ системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
12 | АҮСЖга үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоо жана аны дайындоо бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | КЭТК жаңыртылган формуласын киргизүүнү эске алуу менен ЧУА долбоорлорун иштен чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому |
КЭТКнын өлчөмүн жана АҮСЖнын белгиленген өлчөмүн жогорулатууну караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
13 | Даректүүлүгүн жакшыртуу максатында АҮСЖ системасынын натыйжалуулугун изилдөө | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жыл сайын өткөргөн үй чарбаларын интеграцияланган текшерүүнүн базасында АҮСЖ системасынын натыйжалуулугун баалоо индикаторлорун аныктоо | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча), ДБ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | АҮСЖ натыйжалуулугунун индикаторлорун жарыялоо |
АҮСЖнын өркүндөтүлгөн моделин пилоттоштурууну караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ДБ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
АҮСЖнын өркүндөтүлгөн моделин пилоттоштурууну өткөрүү | ЭСӨМ, ДБ (макулдашуу боюнча), БУУДАТП (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Апробациянын жыйынтыктары боюнча сунуштамалар | ||
Кедейликти жеңилдетүүгө багытталган социалдык коргоонун кошумча чараларынын механизмдерин (тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу) изилдөө | ЭСӨМ, БУУ ДАТП (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Рекомендациялар жана сунуштар | ||
14 | АҮСЖны дайындоо системасын автоматташтыруу | Жөлөкпулдарды администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү | ЭСӨМ, ДБ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Негизсиз дайындалган АҮСЖ санын кыскартуу |
15 | Бюджеттен орто мөөнөттүк долбоорун (ОМД) даярдоо | АҮСЖга чыгымдардын үлүшүн жыл сайын көбөйтүүнү караштырган (мамлекеттик чыгымдардан 2%дан кем эмес) ОМДны бекитүү жөнүндө ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ФМ, ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому |
5-милдет. Багуучусунүн биринен/экөөнөн ажыраган балдарды социалдык колдоону күчөтүү | ||||||
16 | Багуучусунун биринен/экөөнөн ажыраган балдарды социалдык камсыз-доо системасын жакшыртуу | Багуучусунан ажыраган учурдагы пенсиянын өлчөмдөрүн жыл сайын индексациялоону караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | Соцфонд, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому |
Багуучусунун биринен/экөөнөн ажыраган, пенсиялык камсыздоого укугу болбогон балдарды ар айлык социалдык жөлөкпул менен камсыздоо | ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Пенсиялык камсыздоого укугу болбогон жетим балдар социалдык жөлөкпулдар менен камсыздалды | ||
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо | ||||||
1-милдет. Майыптуулуктун алдын алуу жана профилактикалоо | ||||||
17 | Мектепке чейинки курактагы балдарда психофизикалык өнүгүүнүн бузулушун жана өнүгүүнүн тубаса кемтиктерин эрте аныктоо жолу менен майыптуулуктун жаңы учурларынын өсүшүн профилактикалоо | Баланы эрте куракта комплекстүү эрте диагностикалоонун жана реабилитациялоонун инновациялык методикасын жана технологиясын киргизүү | ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АРДИ (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Гендердик аспектилерди эске алуу менен ДМЧ балдарды реабилитациялоонун жеке программаларын киргизүүнүн жыйынтыгы жөнүндө аналитикалык маалымат |
ДМЧ балдары бар үй-бүлөлөр менен иштөөдө эрте кийлигишүү боюнча концепциялык документтин долбоорун иштеп чыгуу | ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АРДИ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Концепциялык документтин долбоору | ||
18 | Өндүрүштө майыптуулук учурларын алдын алуу | Кооптуулуктун жогорку деңгээли бар ишканаларда эмгекти коргоо боюнча мыйзамдарын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү | Экотехинспекция | 2016-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Өндүрүштүк жаракат алуу учурларын кыскартууга көрүлгөн чаралардын таасири жөнүндө аналитикалык маалымат |
Санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан өндүрүштө системалык көзөмөлдөөнү киргизүү тууралуу ЧУА долбоорун иштеп чыгуу | ССМ, Экотехинспекция | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
Өндүрүштө медициналык текшерүүнү өз убагында өткөрүү үчүн контролдоону камсыз кылуу | ССМ, Экотехинспекция, ЖМК (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Медициналык текшерүүдөн өтүүгө туруктуу контролдоо жана көзөмөлдөө системасы киргизилди | ||
Эмгекти коргоонун жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактабагандыгы үчүн айып санкцияларын көбөйтүү жөнүндө ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | Экотехинспекция, ЭСӨМ, ССМ | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
Эл аралык стандарттарды жана гендердик аспектилерди эске алуу менен коопсуздук техникасы боюнча инженерлердин жана мамлекеттик эмгек инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу | Экотехинспекция | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Эмгекти коргоо боюнча окутулган кызматкерлерди саны | ||
Калктын экологиялык жана санитардык-гигиеналык маданиятын жогорулатуу боюнча маалыматтык иш жүргүзүү | Токой агенттиги, ССМ, АЧТММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЖМКда жарыялоолордун, телеге жана радиого чыгып сүйлөөлөрдүн саны | ||
19 | Психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңеш берүү ишин жөнгө салган ЧУАларды балдар майыптуулугун эрте аныктоонун негизи катары өркүндөтүү | Облустук борборлордо психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларды түзүү | БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | 3 консультация түзүлдү. Кайрылган ДМЧ балдардын жалпы санынан инклюзивдик билим берүүгө камтылган ДМЧ балдардын үлүшү |
Мектептерде психологиялык-педагогикалык кызмат жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ,ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Бекитилген жобо | ||
Республиканын 2 пилоттук районунда психологиялык-педагогикалык кызмат жөнүндө жобону сыноодон өткөрүү | БИМ | 2016-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчет | ||
2-милдет. Медициналык, билим берүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн санатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | ||||||
20 | Кыргыз Республикасы үчүн ыңгайлашкан майыптуулукту аныктоонун эл аралык стандарттарын киргизүү үчүн медициналык-социалдык экспертиза системасын мындан ары реформалоо | Майыптуулукту күбөлөндүрүүнүн методикасын ден-соолуктун жана тиричилик аракетин чектөөнүн, иштешинин Эл аралык классификациясынын айрым жоболорун этап-этабы менен киргизүү аркылуу жакшыртуу | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Методиканын 5 МСЭКте сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыктары, 2018-жылга 27 аймактык МСЭКте |
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлерин жаңыртылган методиканы колдонуу көндүмдөрүнө окутуу | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Окутуунун натыйжалары тууралуу отчет | ||
МСЭ кызматынын оптималдуу уюштуруучулук-функционалдуу моделин иштеп чыгуу | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Моделди сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалымат | ||
МСЭнин 5 пилоттук кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу | ЭСӨМ, ФМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Отчет | ||
21 | Социалдык кызматтарды көрсөткөн реабилитациялоо борборлорун түзүү | ЖӨБОнун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен реабилитациялоо кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга социалдык заказды ишке ашыруу | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Жыйынтыктар тууралуу отчет |
22 | Эл аралык тажрыйбанын негизинде ДМЧ балдары бар ата-энелерге социалдык колдоо көрсөтүү | Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга үстөк белгилөөнү кошууну караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, Соцфонд, ФМ, ММКФ | 2017-жыл | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому |
23 | ДМЧА үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоону өркүндөтүү | Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу | ЭСӨМ, ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Окутулган кызматкерлердин саны |
ДМЧА үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоонун жаңы технологияларын киргизүү | ЭСӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Протездик-ортопедиялык буюмдардын жаңы түрлөрүнүн саны | ||
24 | ДМЧАга социалдык кызматтарды көрсөткөн социалдык тейлөөнүн коммерциялык эмес уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоо механизмдерин киргизүү | Социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарды жана мекемелерди аккредитациялоо механизмдерин киргизүүнү караштырган ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ФМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому |
25 | ДМЧ балдарды инклюзивдик билим берүү менен камсыздоо | Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | БИМ, ССМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому |
Жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды профилактикалык медициналык текшерүүнү киргизүү | ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Окуучулардын жалпы санынан профилактикалык медициналык текшерүүгө камтылган балдардын үлүшү | ||
Медициналык реабилитациялоо кызматтарына ДМЧАнын жетишин жакшыртуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү | ССМ, БИМ, ЭСӨМ, КЭУ, (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Кайрылган ДМЧАнын жалпы санынан саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык реабилитация алган ДМЧАнын үлүшү | ||
3-милдет. ДМЧА үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүндүктөрдү камсыздоо | ||||||
26 | ДМЧАнын иш менен камсыз болуусуна шарттарды түзүү | Квоталанган жумушчу орундарга ДМЧАны ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, БИМ, ССМ, МКК | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Отчеттор |
Жыл сайын ДМЧА үчүн бош кызмат орундар жарманкесин өткөрүү. ДМЧА үчүн бош орундар тууралуу маалымдоо | ЭСӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Бош кызмат орундарына өткөрүлгөн жарманкелердин саны. Жумушка орноштуруу кызматына кайрылгандардын ичинен ишке орношкон ДМЧА үлүшү | ||
27 | Эмгек рыногунда талап кылынган адистиктерге окутууга ДМЧА үчүн шарттарды түзүү | Эмгек рыногунда талап кылынган адистиктерге ДМЧАны окутууну камсыздоо | ЭСӨМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Окутуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет |
ДМЧА реабилитациялоо топторун түзүү | БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Түзүлгөн ДМЧА үчүн реабилитациялоо топторунун саны | ||
28 | ДМЧАлардын маданий жана туристтик объекттерге жетүү шарттарын түзүү | Маданий-оюн-зоок мекемелерине (музей, театр, кинотеатр, китепкана) атайын шаймандарды (пандустар жана тосмолор) орнотуу | ММТМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Атайын шаймандар орнотулган мекемелердин саны |
ДМЧА үчүн маданий жана туристтик иш-чараларды уюштуруу | ММТМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | ||
29 | ДМЧА өкүлдөрүн имараттарды, курулмаларды пайдаланууга кабыл алуу жана ишке киргизүү боюнча комиссиялардын курамына кошуу | ДМЧАнын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн комиссиялардын кура-мына киргизүүнү караган чечим-дерге өзгөртүүлөрдү жана толук- тоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү | Экотехинспекция, Курулуш агенттиги, ЭСӨМ | 2016-жыл | РБ | Кабыл алынган чечим |
30 | Сот акыйкаттыгына ДМЧАнын жетүүсүн кеңейтүү | Кирешесинин деңгээлине карабай акысыз юридикалык жардам алууга укугу бар адамдардын чөйрөсүн аныктоочу "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЮМ, ЭСӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча), БУУ ӨП (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому |
4-милдет. ДМЧАны пенсия менен камсыздоо системасын күчөтүү, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген төлөөлөрдү камсыздоо | ||||||
31 | ДМЧАны пенсия менен камсыздоо системасын жакшыртуу, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген төлөөлөрдү камсыздоо | ДМЧАнын пенсияларынын камсыздандыруу бөлүктөрүн жыл сайын индексациялоону караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | Соцфонд, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ | КР Өкмөтүнүн токтому |
Пенсия менен камсыздоого укугу жок ДМЧАны ар айлык социалдык жөлөкпулдар менен камсыздоо | ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Пенсиялык камсыздоого укугу болбогон ДМЧА социалдык жөлөкпулдар менен колдоого алынган | ||
3-бөлүм. Улгайган жарандарды социалдык коргоо | ||||||
1-милдет. Улгайган жарандардын сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн жогорулатуу | ||||||
32 | Жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөргө улгайган жарандардын керектөөсүн аныктоо | 2 пилоттук облуста жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүнө улгайган жарандардын керектөөсүн аныктоо максатында кырдаалды талдоо | ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Улгайган жарандардын керектөөсүн аныктоо тууралуу отчет |
Гендердик аспектилерди эске алуу менен кызыкчылыктар боюнча өз алдынча жардам топторунун жана клубдардын ишин колдоо | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Кызыкчылыктар боюнча өз ара жардам топторунун жана клубдарынын иштеши камсыздалды | ||
33 | Социалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу | Социалдык кызматкерлерди дайыма окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын киргизүү | ЭСӨМ, КРПБА, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Окутуунун натыйжалары жөнүндө отчет |
34 | Улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөткөн социалдык тейлөө мекемелерин жана коммерциялык эмес уюмдарды аккредитациялоо механизмин киргизүү | Социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарды жана мекемелерди аккредитациялоо механизмин киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ФМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому |
35 | Мамлекеттик социалдык заказ боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоорун жылдыруу боюнча чараларды көрүү | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Мыйзамы |
Мамлекеттик социалдык заказды киргизүү боюнча ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому | ||
36 | Улгайган жарандарга акы төлөнүүчү социалдык кызматтарды көрсөтүү механизмин киргизүү | Акы төлөнүүчү социалдык кызматтардын тизмесин бекитүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому |
Акы төлөнүүчү социалдык кызмат-тарды көрсөтүү механизмин иштеп чыгуу | ||||||
37 | Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо методикасын иштеп чыгуу | Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоонун эл аралык тажрыйбасын изилдөө | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сунуштамалары менен аналитикалык отчет |
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоонун методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | 2017-жыл | РБ | Бекитилген методика | ||
38 | Демографиялык кырдаалды жана гендердик аспектилерди эске алуу менен калктын улгаюусун тал-доо жана божомолдоо | Улгаюу процессинин маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу менен), ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сунуштар менен аналитикалык отчет |
2-милдет. Экономиканын уюштурулбаган секторунда иштеген адамдарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында тарифтик саясатты өркүндөтүү | ||||||
39 | Айыл чарбасында жана жеке эмгектенген адамдар үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин өркүндөтүү | Айыл чарбасында жана жеке эмгектенген жарандарга камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү тарифтерин жана механизмдерин кайра карап чыгууну караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | Соцфонд, АЧТММ, ЭМ | 2016-жыл | Соцфонддун каражаттары | КР Өкмөтүнүн токтому |
Пенсиялык камсыздоо маселелерин калкка түшүндүрүү боюнча маалыматтык кампания өткөрүү | Соцфонд, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Соцфонддун каражаттары | Жүргүзүлгөн маалыматтык кампаниянын жыйынтыктары жөнүндө отчет | ||
3-милдет. Улгайган жарандардын ден соолугун чыңдоо, байгерчилигин жогорулатуу | ||||||
40 | Оорулардын алдын алуу | Улгайган жарандардын жеңилдетилген шарттардагы медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетишин жакшыртуу | ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алган улгайган жарандардын саны |
Жашоого маанилүү каражаттардын тизмесин эске алуу менен дары-дармектер менен камсыздоонун мамлекеттик программалары боюнча орду толтурулган дары каражаттарынын тизмесине толуктоо киргизүү | ССМ, ММКФ | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Керектөөлөрдү эске алуу менен улгайган жарандардын дары-дармектерге жетиши жакшырды | ||
41 | Улгайган жарандарды социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу | Пенсия менен камсыздоого укугу болбогон улгайган жарандарды ай сайын социалдык жөлөкпул менен камсыздоо | ЭСӨМ, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Социалдык жөлөкпул алышкан улгайган жарандардын саны |
4-милдет. Улгайган жарандардын квалификациясын жогорулатуу, кайра квалификациялоо, билим алышы жана ишке орноштуруу үчүн шарттарды түзүү | ||||||
42 | Улгайган жарандарды ишке орноштуруу үчүн мүмкүндүктөрдү түзүү | Улгайган жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү | ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Аналитикалык отчеттор |
4. Социалдык коргоонун кошумча чаралары | ||||||
1-милдет. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарын чектөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | ||||||
43 | Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды чектөө системасын өркүндөтүү | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чектөө системасына талдоо (изилдөө) жүргүзүү жана сунуш киргизүү | ЭСӨМ, ФМ, Соцфонд, ССМ, КПФ (макулдашуу боюнча), Иш берүүчүлөр конфедерациясы (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сунуштамалары менен отчет |
2-милдет. Расымдык жөлөкпулду чектөөнү жана төлөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | ||||||
44 | Расымдык жөлөкпулду чектөө системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды изилдөө жана иштеп чыгуу | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жөлөкпул чектөө системасына талдоо (изилдөө) жүргүзүү жана сунуш киргизүү | ЭСӨМ, ФМ, Соцфонд, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КПФ (макулдашуу боюнча), Иш берүүчүлөр конфедерациясы (макулдашуу боюнча), ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сунуштамалары менен отчет |
3-милдет. Тарифтерди жогорулатуу шарттарында турак-жай субсидияларын берүү механизмдерин өркүндөтүү | ||||||
45 | Электр энергиясына тарифтер жогорулаган шарттарда жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын даректүү колдоо чараларын өркүндөтүү | Электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу шарттарында турак жай субсидияларын берүүнүн, ошондой эле социалдык колдоонун даректүү чараларынын системасын изилдөө | ОЭКМА, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭСӨМ, Соцфонд, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сунуштамалары менен отчет |
Электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу шарттарында турак-жай субсидияларын берүү системасын, ошондой эле социалдык колдоонун даректүү чараларын өркүндөтүүнү жана киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун иштеп чыгуу | 2017-жыл | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КР Өкмөтүнүн токтому | |||
4-милдет. Жумушсуз жарандарды кесиптик окутууну, квалификациясын жогорулатууну жана кайра окутууну уюштуруу | ||||||
46 | Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чараларын изилдөө жана сунуштарды киргизүү | Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүнүн жаңы элементтерин киргизүү боюнча чараларды ишке ашыруу | ЭСӨМ, ФМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы жөнүндө аналитикалык маалымат |
5-милдет. Өлкө үчүн жогорку социалдык мааниси бар чөйрөлөрдө акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурууну стимулдаштыруу | ||||||
47 | Жумушсуз жарандар үчүн акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жол-жобосун кайра карап чыгуу | Жумушсуз жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү | ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | РБ | Жумушсуздардын санынан акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышууга жиберилген жарандардын саны |
Акы төлөнүүчү коомдук иштер аркылуу социалдык маанилүү объекттердин түрлөрүнүн болжолдуу тизмесин даярдоо маселесин иштеп чыгуу | Бишкек ш. мэриясы, Ош ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | МБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сунуштар жана рекомендациялар | ||
6-милдет. Социалдык чакан кредит берүү системасын институтташтыруу | ||||||
48 | Чакан кредиттөөгө жетүүнү жакшыртуу | Жеке ишкердикти уюштуруу үчүн жумушсуз жарандарга финансылык жардам көрсөтүү | ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Жумушсуздардын санынан чакан кредит алган жумушсуз жарандардын саны |
Жумушсуз жарандардын арасында ишкердикти уюштуруу маселеси боюнча маалыматтык-консультациялык иштерди жүргүзүү | ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, ЖБ | Отчеттор | ||
7-милдет. Калкты социалдык коргоо абалын баалоого негизделген улуттук диалогду өткөрүү аркылуу социалдык коргоонун минималдуу ченемдерин аныктоо | ||||||
49 | ЭЭУнун № 202 сунуштамаларынын жоболорун колдонуу мүмкүндүгүн аныктоо | Калкты социалдык коргоо абалынын ЭЭУнун № 102 "Социалдык камсыздоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" конвенциясына жана ЭЭУнун № 202 "Социалдык коргоонун минималдуу ченемдери жөнүндө" сунуштамаларына шайкеш келишин баалоо | ЭСӨМ, ЭМ, ФМ, Соцфонд, ССМ, Экотехинспекция, ММКФ, КПФ (макулдашуу боюнча), Иш берүүчүлөр конфедерациясы (макулдашуу боюнча), ЭЭУ (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сунуштары жана рекомендациялары менен аналитикалык отчет |
Социалдык коргоо абалын баалоо жөнүндө акыркы отчетун презентациясы | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Отчет | |||
8-милдет. Социалдык коргоо чөйрөсүндө ведомстволор аралык маалымат алмашууну жакшыртуу | ||||||
50 | Маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүү максатында мамлекеттик органдардын маалыматтарынын электрондук базаларынын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү | Мамлекеттик органдардын маалыматтарынын электрондук базаларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу маселеси боюнча маалыматтык системаны талдоо | МКК, Соцфонд, МСК, ММКФ, ССМ, ЭСӨМ, БИМ | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Аналитикалык отчет |
Мамлекеттик органдардын маалыматтарынын электрондук базаларынын өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу | 2016-2017-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Өз ара аракеттенүү механизминин болушу | |||