Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 89
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарынын аталыштарын, текшерүү мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ченөө каражаттарын текшерүү - эксперименттин негизинде аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөргө ылайык ченөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун белгилөө жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же өндүрүүчү-заводдун коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо.";
- 9-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"9-1. "Сыноо жана калибрлөө лабораторияларында метрологиялык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу ченөө каражаттары калибрленет.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
"3-тиркеме
№ | Ченөө каражаттарынын аталышы | Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү | Эскертүү |
1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө | |||
1 | Сүт, вино жана виноматериалдар үчүн автоцистерналар | 1 жылда бир жолу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык |
2 | Мунай өнүмдөрү үчүн автоцистерналар | 1 жылда бир жолу | |
3 | Отун жана май таркатуучу колонкалар | Жарым жылда бир жолу | |
4 | Мунай, мунай өнүмдөрү үчүн эсептегичтер | 1 жылда бир ЖОЛУ | |
5 | Мунай өнүмдөрү үчүн резервуарлар | 5 жылда бир жолу | |
6 | Суюктуктун жана газдын чыгым ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
7 | Ротаметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
8 | Өлчөмдөр: | 1 жылда бир жолу |
|
пипеткалык |
|
| |
поршендик | 1 жылда бир жолу |
| |
9 | Сүт өлчөгүчтөр | 1 жылда бир жолу |
|
10 | Суусундуктарды сатуу үчүн чендер (айнектен) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
11 | Суюк азыктардын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары | Жарым жылда бир жолу |
|
12 | Спирт жана башка өнөр жай суюктуктары жана азыктар үчүн эсептегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
13 | Аспираторлор | 1 жылда бир жолу |
|
14 | Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык) | 1 жылда бир жолу |
|
15 | Суюктукту сатуу үчүн чендер (металлдан) | 1 жылда бир жолу |
|
16 | Сыйымдуулук чендери (айнектен) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
17 | Көчмө чендер | 1 жылда бир жолу |
|
18 | 1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык) | 2 жылда бир жолу |
|
19 | Өнөр жай суу эсептегичтери | 1 жылда бир жолу |
|
20 | Тиричиликтик суу эсептегичтери | Паспорттогу маалыматка ылайык |
|
21 | Өнөр жай жылуулук эсептегичтери | 1 жылда бир жолу |
|
22 | Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери | Паспорттогу маалыматка ылайык |
|
23 | Өнөр жай газ эсептегичтери | 1 жылда бир жолу |
|
24 | Тиричиликтик газ эсептегичтери | Паспорттогу маалыматка ылайык |
|
25 | Түтүгү жука суу агызгычтар: |
|
|
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат | 5 жылда бир жолу, | ||
3 жылда бир жолу | |||
| - тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бирок каналдын бьефинин төмөнкү жагындагы шартка жараша (тунма, чөп басып кеткен) кийин алар суунун алдында калышы мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат | 3 жылда бир жолу |
|
| |||
2 жылда бир жолу | |||
26 | Түп босоголуу суу агызгычтар: - тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат | 4 жылда бир жолу |
|
| |||
3 жылда бир жолу | |||
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бирок каналдын бьефинин төмөнкү жагындагы шартка жараша (тунма, чөп басып кеткен) кийин алар 0,75тен жогору болушу мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат | 3 жылда бир жолу |
| |
| |||
2 жылда бир жолу | |||
27 | Чыгым ченегич ноолор: - тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат | 3 жылда бир жолу |
|
| |||
2 жылда бир жолу | |||
28 | Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер - бьефтин жогору жагында суунун агымынын режими - жай, кошумча коюлган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суунун агымы суунун астынан өтөт, курулманын айланасында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт | 3 жылда бир жолу |
|
29 | "Белгиленген нук" тибиндеги чыгым эсептегичтер: - каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат | 5 жылда бир жолу |
|
| |||
3 жылда бир жолу | |||
- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шартына жараша (тунма, чөп басып кеткен) болот, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат | 3 жылда бир жолу |
| |
| |||
2 жылда бир жолу | |||
30 | Кол, табак анемометрлери (бардык типтери) | 1 жылда бир жолу |
|
31 | Индукциялык анемометрлер (бардык типтери) | 1 жылда бир жолу |
|
32 | Канатчалуу анемометрлер (бардык типтери) | 1 жылда бир жолу |
|
33 | Метроштоктор | 1 жылда бир жолу |
|
34 | Лоту бар рулеткалар | 1 жылда бир жолу |
|
35 | Узундуктун штрихтүү, анын ичинде брустуу чендери | 1 жылда бир жолу |
|
36 | Шахта интерферометрлери | Жарым жылда бир жолу |
|
37 | Деңгээл чендери | 1 жылда бир жолу |
|
38 | Тери ченөөчү машинелер (тери калыптын жана үлгүсүнүн аянтын ченөө үчүн машинелер) | 1 жылда бир жолу |
|
39 | Тери ченөөчү калыптар | 1 жылда бир жолу |
|
40 | Кездеменин узундугун ченөөчү машинелер жана үстөлдөр | 1 жылда бир жолу |
|
41 | Контролдук элек | 1 жылда бир жолу |
|
42 | Контролдук жол калыптар | 1 жылда бир жолу |
|
43 | Теодолиттер | 1 жылда бир жолу |
|
44 | Камералуу жана камерасыз диафрагмалар | 1 жылда бир жолу |
|
45 | Суу агымынын ылдамдыгын ченөөчүлөр | 1 жылда бир жолу |
|
46 | Суу агымынын ылдамдыгын ченөөчүнү текшергич түзүлүштөр | 2 жылда бир жолу |
|
47 | Суунун чыгым ченегичтери үчүн текшерүүчү түзүлүштөр | Паспорттогу маалыматка ылайык |
|
2. Механикалык чоңдуктарды ченөө | |||
48 | Илээшкектин деформациясын ченегич | 1 жылда бир жолу |
|
49 | Маятниктүү копрлар | 1 жылда бир жолу |
|
50 | Салмак ченөөчү алеттер, түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
51 | Гирялар | 1 жылда бир жолу |
|
52 | Бардык типтеги динамометрлер | 1 жылда бир жолу |
|
53 | Динамометрлик ачкычтар | 1 жылда бир жолу |
|
54 | Сыноочу машинелер | 1 жылда бир жолу |
|
55 | Гидравликалык пресстер | 1 жылда бир жолу |
|
56 | Бардык типтеги катуулукту ченөө алеттери | 1 жылда бир жолу |
|
57 | Пуркалар | 1 жылда бир жолу |
|
58 | Секунда ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
59 | Саат, механикалык, электр, санарип тахметрлер (бардык типтери) | 1 жылда бир жолу |
|
60 | Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар | 2 жылда бир жолу |
|
61 | Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
62 | Таксометрлер | 1 жылда бир жолу |
|
63 | Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери | 1 жылда бир жолу |
|
3. Басымды, вакуумду ченөө | |||
64 | Суюктуктар, буу жана газ үчүн чыгым ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчилик алеттер) | Ченөө каражаттарын текшерүү мөөнөтүндө |
|
65 | Шахтанын компрессометрлери жана тягмерлери | 2 жылда бир жолу |
|
66 | Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралыктык манометрлер (бардык типтери) | 1 жылда бир жолу |
|
67 | Сфигмоманометрлер, тонметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
68 | Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер | 2 жылда бир жолу |
|
69 | Микроманометрлер | 2 жылда бир жолу |
|
70 | Эңкейиш түтүктүү микроманометрлер | 1 жылда бир жолу |
|
71 | Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
72 | Суюктук манметрлери, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | 2 жылда бир жолу |
|
73 | Төмөнкү абсолюттук басымдагы манметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
74 | "Сапфир", "Метран", ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр | 1 жылда бир жолу |
|
75 | Текшерүү үчүн алып жүрүүчү алеттер дифманметрлер - чыгым ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
76 | Барметр-анероид | 1 жылда бир жолу |
|
77 | Ашыкча басым датчиктери | Паспорттук маалыматтарга ылайык |
|
4. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин ченөө | |||
78 | Металл спирт ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
79 | Мунай өнүмдөрүнүн күйүү температурасын аныктоо үчүн алеттер | 2 жылда бир жолу |
|
80 | рН-метрлердин себили (бардык типтеги) | 1 жылда бир жолу |
|
81 | рН-метрлерге, нитратмерлерге жана анализаторлорго электроддор | 1 жылда бир жолу |
|
82 | Тыгыздык ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
83 | Май ченегичтер | Өндүрүштөн чыкканда |
|
84 | Вольтамперметрдик полярографтар жана анализаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
85 | Кондуктметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
86 | ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору | Жарым жылда бир жолу |
|
87 | АН-7529, ГОУ тибиндеги лабораториялык анализаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
88 | Уулуу, күйүүчү, жардырылуучу газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана анализаторлору | Жарым жылда бир жолу |
|
89 | УГ-2 тибиндеги газанализаторго сынам алуучу түзүлүштөр | 2 жылда бир жолу |
|
90 | ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык эксплозиметрлер (көчмө) | Жарым жылда бир жолу |
|
91 | Түтүн ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
92 | Абада чаңдын концентрациясын ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
93 | Электрохимикалык сенсорлуу уулуу газдын сигнализаторлору жана газанализаторлору | 3 айда бир жолу |
|
94 | Хроматографтар | 1 жылда бир жолу |
|
95 | Бардык типтеги материалдардын жана каражаттардын нымдуулугун ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
96 | Бардык типтеги ион ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
97 | Бардык типтеги ареметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
98 | Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери | 1 жылда бир жолу |
|
99 | Капиллярдуу вискозиметрлер | 2 жылда бир жолу |
|
100 | Заттардын жана материалдардын курамын 1 жана касиетин текшерүүчү анализаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
101 | Биохимиялык анализаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
102 | Коагулметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
103 | Иммуноферменттик анализаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
104 | Гематологиялык анализаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
105 | Медициналык багыттагы глюкметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
106 | Кондуктметрлик анапизаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
5. Жылуулук-физикалык жана температуралык ченөөлөр | |||
107 | Температуралык лампалар | 1 жылда бир жолу |
|
108 | Термоэлектрдик температураны өзгөргүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери | 1 жылда бир жолу |
|
109 | Газ калориметрлери | Жарым жылда бир жолу |
|
110 | Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлер (В-08М, В-08МА тибиндеги) | 1 жылда бир жолу |
|
111 | Медициналык термометрлер | Өндүрүштөн чыкканда |
|
112 | Метастатикадан башка лабораториялык айнек термметрлер | 2 жылда бир жолу |
|
113 | Метастатикалык термметрлер | 2 жылда бир жолу |
|
114 | Айнек суюктук термметрлери | 2 жылда бир жолу |
|
115 | Бардык типтеги термметрлер (суюктуктан башка), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчилик алеттер | 1 жылда бир жолу |
|
116 | УВПТ, УТТ жана окшош түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
117 | Оптикалык пирметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
118 | Радиациялык пирметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
119 | Психрметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
120 | Психрметрикалык гигрметр (ВИТ-1, ВИТ-2 тибиндеги) | 2 жылда бир жолу |
|
6. Электр жана магниттик чоңдуктарды туруктуу жана өзгөрүү тогунда ченөө | |||
121 | Электр энергиянын үч фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери | 4 жылда бир жолу |
|
122 | Электр энергиянын бир фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери | 8 жылда бир жолу |
|
123 | Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери | Чыгаруучу-завод берген паспорттогу маалыматка ылайык |
|
124 | а) 1000 В чейинки токтун жана чыналуунун трансформаторлору | Электр энергиянын бир фазалуу жана үч фазалуу эсептегичтерин текшерүү мөөнөттөрүнө ылайык |
|
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Оңдолгондон кийин жана өндүрүүдөн чыгаруу учурунда |
| |
125 | Обочонун электрдин бекемдигин жана жердетүүнү сыноо үчүн алеттер | 1 жылда бир жолу |
|
126 | Туруктуу жана алмашма талаанын магниттик индукциясын ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
127 | Токтун обочодон өтүүсүн жана жоготуу бурчунун тангенсин өлчөө жана ченөө | 1 жылда бир жолу |
|
128 | Ф1-2, Ф1-4 жана ушул сыяктуу типтеги фазанын калибраторлору | 1 жылда бир жолу |
|
129 | Туруктуу жана. туруктуу-алмашма тогунун вольтметрлери | 1 жылда бир жолу | 1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары |
130 | Амперметрлер | 1 жылда бир жолу | 1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары |
131 | Туруктуу жана туруктуу-алмашма тогунун амперметрлери | 1 жылда бир жолу | 1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары |
132 | Туруктуу жана туруктуу-алмашма тогунун ваттметрлери | 1 жылда бир жолу | 1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары |
133 | Киловольтметрлер | 1 жылда бир жолу | 1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары |
134 | Фазаметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
135 | Каршылык магазиндери | 1 жылда бир жолу |
|
136 | Идиштин чени жана магазиндин сыйымдуулугу | 1 жылда бир жолу |
|
137 | Токтун жана чыңалуунун эталондук ченөө трансформаторлору | 8 жылда бир жолу |
|
138 | Электр энергиянын эталондук эсептегичтери | 2 жылда бир жолу |
|
7. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук ченегичтер | |||
139 | Электр талаасынын чыңалуусун ченөө үчүн алеттер | 1 жылда бир жолу |
|
140 | Энергиянын агымынын тыгыздыгын ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
141 | Кубаттуулукту ченегич жана ченөөчү бөрктөр | 1 жылда бир жолу |
|
142 | Бошоңдукту өлчөөчү түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
143 | Аттенюаторлор | 1 жылда бир жолу |
|
144 | Вольтметрлер | 1 жылда бир жолу | 1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары |
145 | Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык) | 1 жылда бир жолу |
|
146 | Импульстук генераторлорду текшерүү үчүн түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
147 | Тоскоолдуктардын ченегичтерин текшерүү үчүн түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
148 | Талаанын чыңалуусун ченегичтерин текшерүү үчүн түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
149 | Ченөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды ченөө үчүн башка алеттерди текшерүү үчүн ченегичтер жана алеттер | 1 жылда бир жолу |
|
150 | Сапаттуулуктун өлчөмдөрү жана ченегичтери | 1 жылда бир жолу |
|
151 | Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы ченөө алеттерин текшерүү үчүн алеттер жана түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
152 | Электрстатикалык талаалардын деңгээлдерин ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
153 | ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги видеого тарткычы менен транспорт каражатынын ылдамдыгын ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
8. Убакытты жана жыштыкты ченөө | |||
154 | ЧI-50, ЧI-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери | 1 жылда бир жолу |
|
155 | Ч4-13 типтеги жана ушул сыяктуу убакыт жана жыштыктын эталондуу сигналын кабыл алгычтары | 1 жылда бир жолу |
|
156 | Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 типтеги жана ушул сыяктуу жыштыктын өзгөрткүчтөрү, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр | 1 жылда бир жолу |
|
157 | Механикалык жана электр секунда ченегичтер, хронометрлер, хроноскоптор жана убакыттын аралыгын ченөөчү алеттер жана түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
158 | АУПМЧ, АКПЧ-1 жана башка типтеги жыштык ченөөчү түзүлүштөр | 1 жылда бир жолу |
|
159 | Туташтыруу узактыгын ченөө тутуму | 1 жылда бир жолу |
|
9. Оптикалык жана оптика-физикалык ченөөлөр | |||
160 | Диоптриметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
161 | Поляриметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
162 | Рефрактметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
163 | Фотоэлектрколориметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
164 | Спектрофотметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
165 | Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферметрлер | Жарым жылда бир жолу |
|
166 | Көз айнектердин сынак топтому | Өндүрүштөн чыкканда |
|
167 | Люксметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
168 | Кант ченегичтер | 1 жылда бир жолу |
|
169 | Нефелметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
10. Виброакустикалык ченөөлөр | |||
170 | Ызы-чуу ченегичтери | 1 жылда бир жолу |
|
171 | Ченөөчү микрофондор | 1 жылда бир жолу |
|
172 | Октава, третьеоктава, ичке чиймелүү электр чыпкалар | 1 жылда бир жолу |
|
173 | Акустикалык калибраторлор | 1 жылда бир жолу |
|
174 | Вибрметр жана вибрметрдик өлчөгүчтөртөр | 1 жылда бир жолу |
|
11. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтын мүнөздөмөлөрүн ченөө | |||
175 | Иондоштуруучу нурлануунун дозиметрлери | 1 жылда бир жолу |
|
176 | Жеке дозиметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
177 | Иондоштуруучу нурланууну ченөө үчүн универсалдык алеттер | 1 жылда бир жолу |
|
178 | Рентгенметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
179 | Радиметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
180 | Лазердик дозиметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
181 | Селектикасыз радиметрлер | 1 жылда бир жолу |
|
12. Медициналык багыттагы ченөө каражаттары | |||
182 | Кардиографтар | 1 жылда бир жолу |
|
183 | УЖЖ | 1 жылда бир жолу |
|
184 | Электрофорез | 1 жылда бир жолу |
|
185 | Төмөн жыштыктагы терапевттик аппараттар | 1 жылда бир жолу |
|
13. Бузбаган контролдоо үчүн ченөө каражаттары | |||
186 | Ультраүндүү калыңдыкты ченегичтер жана дефектоскоптор | 1 жылда бир жолу |
|
187 | Дефектоскоптордун бардык түрлөрү | 1 жылда бир жолу |
|