Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-июня № 332
Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жолжоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-июну № 359 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-июну № 359 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
2. «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнундө жобонун II, III, IV, V бөлүмдөрү күчүн жоготту деп табылсын.
3. «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобонун III, V, VI, VII бөлүмдөрү күчүн жоготту деп табылсын.
4. «Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 68-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтому менен бекитилген |
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 15-июну № 359 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (мындан ары - паспорт) жолжоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун (мындан ары - жалпы жарандык паспорт) жекелештирүү тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын калкын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) паспортту даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алат, паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү, паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүүнү камсыз кылат, берилген паспорттор жөнүндө маалыматтардын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт.
3. Жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу, ошондой эле жалпы жарандык паспортту берүү Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан ишке ашырылат.
4. Паспортту даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн документтерди, даярдалган паспортторду жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду жеткирүүнү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде - Кыргыз Республикасынын тышкы саясый чөйрөдө ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - тышкы саясый чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу орган) аткарат.
5. Жаран паспортун же жалпы жарандык паспортун жоготуп алган учурда жоголгон паспортту же жалпы жарандык паспортту калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Калкты каттоо департаментинин тийиштүү аймактык паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө (мындан ары - паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмү) кайрылат.
6. Табылган паспорт же жалпы жарандык паспорт аларды ээсине берүү үчүн тийиштүү паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын даректик-сурап-билүү бөлүмүнө берилет.
7. Талап кылынбаган, жараксыз паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор, алмаштырылууга тийиш паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор, колдонуу мөөнөтү бүтүп калган жана колдонуу үчүн жараксыз (химиялык, механикалык бузулуулар) паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда белгиленген тартипте жок кылынат. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жок кылынган паспортторду жана жалпы жарандык паспортторду белгиленген тартипте эсепке алат.
8. Паспортту жолжоболоштуруу үчүн зарыл документтердин тизмеси:
- №1 формадагы арыз;
- паспорт алууга (алмаштырууга) арыз (мындан ары - анкета-арыз);
- 4x6 см өлчөмүндөгү жылмакай кагазда, беттин так сүрөтү берилген ак фондогу түстүү 2 (эки) сүрөт;
- анкета-арыздын бланкына төлөнгөндүгү тууралуу квитанция;
- паспортту даярдоо үчүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанция;
- мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция (16 жашка чыккандыгына байланыштуу паспорт алып жаткан жарандар үчүн талап кылынбайт);
- паспортту шашылыш жолжоболоштуруу жана даярдоо, шашылыш жеткирүү жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанция (акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте паспортун жолжоболоштуруп жаткан жарандар үчүн анкета-арыздын бланкына жана паспортту даярдоо үчүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанциялар талап кылынбайт).
Кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
1) 16 жашка чыккан жаран үчүн:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) же ата-энесинин бирөөсүнүн (экинчиси жок болсо) паспорттору же Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу маалымкат;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
2) паспортту биринчи жолу алып жаткан жаран үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
- никеге тургандыгы же никеден чыккандыгы тууралуу күбөлүк;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга же аны калыбына келтирүүгө байланыштуу паспорт алып жаткан жаран үчүн:
- чет өлкөлүк паспорт;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү женүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
- никеге тургандыгы же никеден чыккандыгы тууралуу күбөлүк;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
4) аскер кызматчылары жана аскер кызматчысынын статусуна теңдештирилген адамдар үчүн:
- аскер кызматчысынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү күбөлүгү же аны алмаштыруучу документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
- никеге тургандыгы же никеден чыккандыгы тууралуу күбөлүк;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
5) үй-бүлөлүк абалынын, улутунун өзгөргөндүгүнө, фамилиясынын, атынын, атасынын атынын алмаштырылгандыгына, жашаган жеринин өзгөргөндүгүнө же паспорттогу так эмес жазууларды белгилөөгө байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жаран үчүн:
- алмаштырылууга тийиш паспорту;
- никеге тургандыгы же никеден чыккандыгы тууралуу күбөлүк (үй-бүлөлүк абалы жана фамилиясы өзгөргөн учурда);
- улутун өзгөрткөндүгү тууралуу корутунду (улутун өзгөрткөн учурда);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда);
6) колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө, колдонууга жараксыз болуп калгандыгына (химиялык, механикалык бузуулар) байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жаран үчүн:
- алмаштырылууга тийиш паспорту;
7) паспортун жоготкондугуна байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жаран үчүн:
- жоголгон паспортту калыбына келтирүү тууралуу дело (делону түзүү жана жүргүзүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
9. Жалпы жарандык паспортту жолжоболоштуруу үчүн зарыл документтердин тизмеси:
- №1 формадагы арыз;
- анкета-арыз;
- 4x6 см өлчөмүндөгү жылмакай кагазда, беттин так сүрөтү берилген ак фондогу түстүү 2 (эки) сүрөт;
- анкета-арыздын бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
-жалпы жарандык паспорттун бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- жалпы жарандык паспортту жекелештирүү боюнча кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция;
- жалпы жарандык паспортту шашылыш жолжоболоштуруу жана жекелештирүү, шашылыш жеткирүү жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанция (акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте жалпы жарандык паспортту жолжоболоштуруп жаткан жарандар үчүн арыздын бланкына жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанциялар талап кылынбайт).
Кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
1) 16 жашка чыккан жаран үчүн:
- паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
- эгерде паспорт берилбесе, социалдык коргоо күбөлүгү;
2) жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жаткан жаран үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту;
- эгерде паспорт берилбесе, социалдык коргоо күбөлүгү;
3) визалык беттердин бүтүшүнө, паспорттун колдонуу мөөнөтүнүн аякташына, жеке маалыматтардын өзгөрүшүнө жана жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран үчүн:
- алмаштырылууга тийиш жалпы жарандык паспорт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (бар болсо);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын өзгөрткөн учурда);
4) жалпы жарандык паспортту жоготкондугуна байланыштуу жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран үчүн:
- жоголгон жалпы жарандык паспортту калыбына келтирүү тууралуу дело;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (бар болсо);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
5) 16 жашка чыга элек жаран үчүн:
- ата-энесинин бири же жарандын мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби баяндалат);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болуп, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө же баланын ата-энесинин бири менен жашаган жерин аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдык күчүнө кирген чечими болгондо) же асырап алуучулардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, уюмдардын өкүлдөрүнүн жана көзөмөлдүгүндө 16 жашка чыга элек адам болгон адамдардын паспорттору;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болуп, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө же баланын ата-энесинин бири менен жашаган жерин аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдык күчүнө кирген чечими болгондо) же асырап алуучулардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, уюмдардын өкүлдөрүнүн жана көзөмөлдүгүндө 16 жашка жете элек адам болгон адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрдүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчү. Мыйзамдуу өкүлдөрдүн өтүнүчү жок болсо, Кыргыз Республикасынан өз алдынча чыгып кетүү зарыл болгон учурда 16 жашка жете элек жарандар үчүн жалпы жарандык паспортту жолжоболоштурууга соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;
- социалдык коргоо күбөлүгү.
10. Алмаштырылууга тийиш паспорттон же жалпы жарандык паспорттон жана төлөгөндүгү тууралуу квитанциялардан башкасы, анкета-арызды толтуруу үчүн берилген жеке документтер жаранга кайтарып берилет.
11. Анкета-арыз бир нускада жарандын жеке өзү же анын мыйзамдуу өкүлү же паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери тарабынан арыз ээси берген документтердин негизинде басма тамгалар менен мамлекеттик же расмий тилде толтурулат. Анкета-арызда анча маанилүү эмес оңдоолорго жол берилет, алар паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн мөөрү жана арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
12. Бузулган анкета-арыздар белгиленген тартипте жок кылынат.
13. Берилген документтердин жана анкета-арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгына жоокерчиликти жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартат.
14. Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын жана жаран берген документтердин шайкештигин текшерүү үчүн жоопкерчиликти паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартат.
15. Анкета-арызда аны толтурган күн көрсөтүлөт жана жарандын жеке колу коюлат. Жарандын колу алкактагы белгиленген чектен тышкары чыкпашы керек. Жаран колун кара түстөгү сыя же паста менен коет.
16. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адам паспорт же жалпы жарандык паспорт алууда (алмаштырууда) жана 16 жашка чыга элек жаран жалпы жарандык паспорт алууда (алмаштырууда) анкета-арызга анын мыйзамдуу өкүлү кол коюшу мүмкүн.
17. Анкета-арызды толтуруу тартиби:
«Аймактык бөлүмчө» деген 1-пункт паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери тарабынан толтурулат. Анда паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн цифралык коду, аталышы көрсөтүлөт.
2-пунктта жаран паспортту же жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жаткандыгы же алмаштырып жаткандыгы көрсөтүлөт.
«Паспорттун түрү» деген 3-пунктта Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун түрү көрсөтүлөт: «паспорт» же «жалпы жарандык паспорт».
«Мөөнөттүүлүгү» деген 4-пунктта мөөнөттүүлүктүн деңгээли көрсөтүлөт:
- «Адаттагыдай» - паспортту даярдоону камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө анкета-арыз түшкөн күндөн тартып 17 (он жети) календардык күндүн ичинде берүү үчүн паспорт паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө жөнөтүлөт.
Жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө анкета-арыз түшкөн күндөн тартып 27 (жыйырма жети) календардык күндүн ичинде жалпы жарандык паспорт паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө жөнөтүлөт.
«Шашылыш», «өзгөчө шашылыш» жана «өтө шашылыш» деңгээлдери ушул Нускаманын 4 бөлүмүндө каралат.
«Себептери» деген 5-пунктта паспортту же жалпы жарандык паспортту алуунун (алмаштыруунун) себеби көрсөтүлөт:
- арыз боюнча - паспортту же жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алууда же жалпы жарандык паспортто визалык беттердин бүтүшүнө байланыштуу алууда;
- жараксыз болуу - эгерде алмаштырылуучу паспорт же жалпы жарандык паспорт химиялык, механикалык бузулуулардын айынан колдонууга жараксыз болсо;
- жоготуу;
- жашаган жеринин өзгөрүшү (паспортту жолжоболоштурууда);
- паспорттун же жалпы жарандык паспорттун колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
- жеке маалыматтардын өзгөрүшү (фамилиясынын, атынын, атасынын атынын, үй-бүлөлүк абалынын, улутунун - паспорт үчүн, фамилиясынын жана атынын - жалпы жарандык паспорт үчүн);
- паспорттогу же жалпы жарандык паспорттогу жазуулардын так эместиги.
«Жеке маалыматтар» деген 6-пунктта туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же алмаштырылууга тийиш паспорттун негизинде арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты жана жынысы, ошондой эле социалдык коргоо күбөлүгүнүн же паспорттун же алмаштырылууга тийиш жалпы жарандык паспорттун негизинде жеке идентификациялык номери жазылат.
Жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) анкета-арызды толтурууда жаран себеби белгиленген арыз боюнча 6-пункттагы «Фамилиясы» жана «Аты» деген графаларда фамилиясын жана атын англис алфавитинин тамгалары менен жазууга укуктуу, алар кыргыз жана орус тилдердин улуттук белгилеринин транслитерация эрежелеринен айырмаланат.
«Мурдагы жеке маалыматтары» деген 7-пункт фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүктүн же никеге тургандыгы же никеден чыккандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде паспортту же жалпы жарандык паспортту алмаштырууда толтурулат.
«Туулган жери» деген 8-пунктта туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү же паспорттогу жазууларга ылайык өлкөнүн, облустун, райондун, шаардын (айылдын) анкета-арызды толтуруу учурунда колдонулуп жаткан аталыштары жазылат.
Мисалы:
Өлкөсү - Кыргыз Республикасы;
Облусу - Жалал-Абад;
Району - Сузак;
Шаары (айылы) - Сузак.
«Туулган күнү» деген 9-пунктта туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун негизинде туулган күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт.
Эгерде жарандын паспортунда туулган жылы эле көрсөтүлсө, анда туулган күнү жана айы «01» деп жазылат.
«Жашаган жери» деген 10-пунктта өлкөнүн, облустун, райондун, шаардын (айылдын), көчөнүн (кичи райондун) анкета-арызды толтуруу учурунда колдонулуп жаткан аталыштары, ошондой эле үйдүн, корпустун, квартиранын жана байланыш телефонунун номерлери жазылат. Бул пункт жарандын жашаган жери боюнча каттоосуна ылайык толтурулат.
Мисалы:
Өлкөсү - Кыргыз Республикасы;
Облусу - Жалал-Абад;
Району - Сузак;
Шаары (айылы) - Сузак;
Көчөсү (к/р) - Исанов;
Үйү-25;
Корпусу - А;
Квартирасы - 2;
Телефону-2-15-20.
«Ишмердүүлүгү» деген 11-пункт жарандын демилгеси боюнча толтурулат. Бул пунктта анкета-арыз толтурулган күнгө карата маалыматтар берилет (иштеген жери жана кызмат орду же «ЖОЖдун студенти», «мектеп окуучусу», «пенсионер», «үй кызматчысы» ж.б.). Студенттер окуган жайын, окуучулар мектебинин номерин жазат.
«Аскердик кызматка тиешеси» деген 12-пункт жарандын демилгеси боюнча толтурулат. Маалыматтар аскердик каттоо күбөлүгүнө, офицердин күбөлүгүнө, аскердик билетке же аны алмаштыра турган башка документке ылайык толтурулат.
«Үй-бүлөлүк абалы» деген 13-пункт никеге тургандыгы (никеден чыккандыгы) тууралуу күбөлүктүн же жубайынын биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн же паспорттун негизинде толтурулат.
«Билими» деген 14-пункт билими тууралуу документтердин негизинде жарандын демилгеси боюнча толтурулат.
«Улуту» деген 15-пунктта арыз ээсинин улуту көрсөтүлөт. «Паспортто көрсөтүү» деген позицияда жаран улутун көрсөтүүнү же көрсөтпөөнү өзү билет.
«Жарандыгы» деген 16-пунктта Кыргыз Республикасынын жарандыгы көрсөтүлөт.
«Жакын туугандары» деген 17-пункт жарандын демилгеси боюнча толтурулат. Ата-энесинин, жубайынын, балдарынын биринин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, айы, күнү жана жеке идентификациялык номери (эгерде болсо) көрсөтүлөт.
«Кызмат адамдары» деген 18-пунктта паспортту же жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) документтерди кабыл алган паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкеринин, паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн начальнигинин фамилиясы жана инициалдары жазылат жана алардын колу коюлат. Мөөр басуу үчүн орунга паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн белгиленген үлгүдөгү мөөрү коюлат. Мөөрдүн изи даана болуп, паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн цифралык коду эркин окулгудай болушу керек.
19-пункт толтурулбайт.
19 жана 20-пункттардын ортосунда паспортту же жалпы жарандык паспортту алууга айырма квитанция (мындан ары - квитанция) жайгаштырылган. Квитанцияда жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, арыз берген күнү, паспортту же жалпы жарандык паспортту алган күнү көрсөтүлөт жана жарандын же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн кол колу коюлат. Квитанцияга ошондой эле анкета-арызды кабыл алган паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкеринин фамилиясы жана инициалдары жазылып, колу коюлат. Айырма квитанция паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу үчүн негиз катары жаранга берилет.
«Берилген документтердин тизмеси» деген 20-пунктта ушул Нускаманын 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин сериясы, номери, берилген күнү жана аларды берген орган көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандыгына же кайра калыбына келтиргендигине байланыштуу паспорт алып жаткан жаран үчүн 20-пунктта Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыгынын номери жана күнү көрсөтүлөт.
«Арызда жазылган маалыматтарды ырастайм» деген 21-пунктта жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат.
«Арызды киргизүү жөнүндө белги» деген 22-пунктта паспорт алууга (алмаштырууга) анкета-арыз берген жарандын маалыматтарын мамлекеттик жекелештирилген документтердин реестрине киргизүүгө жооптуу болгон, калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн кызматкеринин колу коюлат.
«Өзгөчө белгилер» деген 23-пункт жарандын маалыматтарын мамлекеттик жекелештирилген документтердин реестрине киргизүүдө толтурулат.
18. Анкета-арыздын жогорку оң бурчуна жарандын түстүү сүрөтү чапталат.
Эгерде арыз ээсинде кандайдыр бир табигый же башка өзгөчө белгилери (тырык, тубаса мең ж.б.) болуп, ал сүрөттө чагылдырылган учурда жаран арызда бул жөнүндө өз колу менен эркин формада көрсөтүшү керек.
19. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдын жана 16 жашка чыга элек жарандын анкета-арызы ушул жарандын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан толтурулат.
20. Анкета-арыз ушул Нускаманын 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бергенден кийин гана кароого кабыл алынат.
21. Документтерди кабыл алган паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- арыз ээсинин кебетесин сүрөттү карап салыштырууга;
- берилген документтерде оңдоолордун жана жасалма белгилеринин жоктугун текшерүүгө;
- анткени-арызда жазылган маалыматтарды жаран берген документтер менен салыштырып текшерүүгө;
- анкета-арызды толтуруунун тууралыгын текшерүүгө;
- анкета-арызды берилген документтерге ылайык арыз ээсинин катышуусунда жана анын макулдугу менен толтурууга;
- жалпы жарандык паспортту алууга анкета-арызды толтурууда фамилиянын жана атынын транслитерация эрежелери менен арыз ээсин тааныштырууга;
- анкета-арыздын 1 жана 18-пункттарын толтурууга, колун жана паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн мөөрүн коюуга;
- анкета-арыздын айырма квитанциясында арызды кабыл алуу күнүн жана паспортту же жалпы жарандык паспортту алган күнүн көрсөтүүгө, аны өзүнүн жеке колу жана паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүүгө, квитанцияны жаранга берүүгө;
- анкета-арызды каттоо журналына анкета-арызды каттоого;
- №1 формадагы арызды жарандын толтурушун камсыздоого же өзү толтурууга. Паспортту же жалпы жарандык паспортту бергенден кийин №1 формадагы арыз паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүндө сакталат.
22. Паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн документтерди кабыл алуучу кызматкери берилген документтерде оңдоолорду жана жасалмалоо белгилерин аныктаган учурда паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн жетекчилигине дароо билдирет, 2 нускада акты түзөт, анын бири паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жиберилет, экинчиси паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүндө калат.
23. Паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмү тарабынан кароого кабыл алынган анкета-арыз толтурулган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнүнүн ичинде ушул Нускаманын 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн квитанциялар жана паспорттун типтери боюнча өз-өзүнчө заказдын реестринин 2 нускасы (3-нускасы паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүндө калат) менен бирге паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө жиберилет.
24. Эгерде жаран жалпы жарандык паспортту алууга анкета-арызы менен кошо паспорт алууга анкета-арыз берсе, анда документти кайтарып бербеш үчүн жалпы жарандык паспортту алууга анкета-арыздын оң жактагы жогорку бурчундагы сүрөттүн үстүнө төмөнкүдөй белги коюлат: «Бир эле учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алууга арыз берилди.».
25. Анкета-арызды алгачкы иштетүүнү жүргүзүүдө паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмү брак тапкан учурда анкета-арызды толуктап иштеп чыгуу үчүн паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө кайтарып берет.
Анкета-арыз төмөнкү учурларда брак деп таанылат жана паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө кайта берилет:
- арыз ээсинин колу алкактагы белгиленген чектен чыгып кеткенде;
- анкета-арыздын айрым толтурулган пункттары ушул пункттардын талап кылынган мазмунуна шайкеш келбегенде (мисалы, «Жарандык» пунктунда жаңылыштык менен арыз ээсинин фамилиясы көрсөтүлгөндө);
- арыздын пункттары түшүнүксүз кол жазма менен толтурулганда;
- ушул Нускамага ылайык арыз ээси тарабынан белгиленген өзгөчө белгилерди кошпогондо сүрөттө бүктөлүү, тактар, сүрөт даана эмес, башка кемчиликтер болгондо;
- анкета-арыздын айрым пункттары толтурулбаганда (мисалы, «Жашаган жери» деген 10-пунктта көчөнүн аталышы же үйдүн номери көрсөтүлбөсө, «Кызмат адамдары» деген 18-пунктта паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкерлеринин фамилиялары жана инициалдары көрсөтүлбөсө, колу коюлбаса). Маалыматтардын объективдүү жок болгон учурлары кирбейт;
- идентификацияланган жеке номер туура эмес жазылса;
- квитанция жок болсо же болбосо төлөмдөр туура эмес төлөнсө;
- анкета-арызда жана төлөм боюнча тиркелген квитанцияларда көрсөтүлгөн арыз ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты дал келбесе;
- заказдын реестри туура эмес жолжоболоштурулса.
26. Паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмү анкета-арыз түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде аларды иштетүүнү жана өндүрүшкө берүүнү жүргүзөт.
Даярдоочу ишкана 10 (он) календардык күндүн ичинде паспортту даярдайт жана 20 (жыйырма) календардык күндүн ичинде жалпы жарандык паспортту жекелештирет. Даярдоочу ишканадан паспортту же жалпы жарандык паспортту алгандан кийин паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмү 2 (эки) жумуш күнүнүн ичинде аларды иштеп чыгат, эки нускада жөнөтүү реестрин тариздейт, анын бирөөсүн заказдын реетринин бир нускасы менен, паспорт жана жалпы жарандык паспорт менен паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө жөнөтөт.
27. Жарандын жүйөлүү арызы же мамлекеттик органдардын, коомдук жана башка уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүч каты боюнча паспортту же жалпы жарандык паспортту берүү тиешелүү паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн макулдугунан кийин паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Бул учурда жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өз колу менен белгиленген формадагы тилкатты толтурат, ал паспорттун же жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү менен бирге анкета-арыз толтурулган жердеги паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө жиберилет.
28. Жарандын жүйөлүү жеке арызы же мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана башка уюмдардын өтүнүч каты боюнча паспорт же жалпы жарандык паспорт жарандын жеке арызы же өтүнүч каты калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын паспортту даярдоону же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу бөлүмүнө түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде шашылыш тартипте даярдалышы жана жекелештирилиши мүмкүн.
Эгер Кыргыз Республикасынан чыгуу медициналык маалымкаты болгондо шашылыш дарылануусуна, кетип жаткан жарандын катуу оорусуна же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу болсо, паспортту даярдоону же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө жеке арыз келип түшкөн күндөн тартып 2 (эки) жумуш күнүнүн ичинде паспорт даярдалат же жалпы жарандык паспорт жекелештирилет.
29. Толтурулган анкета-арыздар паспорт даярдалгандан же жалпы жарандык паспорт жекелештирилгенден кийин паспортту даярдоону же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүндө сакталат.
30. Айырма квитанцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө жаран паспорт же жалпы жарандык паспортту алуу үчүн паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө айырма квитанция менен жеке өзү кайрылат. Айырма квитанцияны жоготуп алган учурда жаран тиешелүү паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн начальнигинин атына айырма квитанцияны жоготкондугу жөнүндө арыз жазат, анын уруксаты менен паспорт же жалпы жарандык паспорт арыз ээсине берилет.
31. 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспорт үч жыл мөөнөткө же 16 жашка жеткенге чейин жолжоболоштурулат. Жаран 15 жашка чыкса жана чет өлкөдө болгон мезгилинде 16 жашка толсо паспорт 18 жашка чейин жолжоболоштурулат, ал жөнүндө анкета-арыздын жогору жагындагы сол бурчуна «18 жашка чейин» деген белги коюлат.
32. Паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. Мында мыйзамдуу өкүл өзүнүн паспортун жана өзүнүн мыйзамдуу өкүл статусун ырастоочу документин көрсөтөт.
33. Жаранга паспорт же жалпы жарандык паспортту берүүдө паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- паспорт алып жаткан адамдын паспорт даярдалган же жалпы жарандык паспорт жекелештирилген арыз ээси экенине ишенүүгө, атап айтканда: өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын атоону, аларды паспорттун же жалпы жарандык паспорттун маалыматтары менен салыштырып текшерүүгө, паспорттогу же жалпы жарандык паспорттогу сүрөттү алуучунун кебетеси менен салыштырып текшерүүгө;
- алуучуга паспортко же жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого. Паспортто же жалпы жарандык паспортто так эместиктер аныкталганда үч нускада акты түзүлөт, мында кандай так эместик кетирилгени көрсөтүлөт. Актынын бир нускасы 48 сааттын ичинде жарандын анкета-арызы менен бирге же ансыз эле паспортту кайталап даярдоого же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө жөнөтүлөт, ал паспортту даярдоону же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө акт түшкөн учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнүнүн ичинде жасалат. Актынын экинчи нускасы акты түзүлгөн жерде калат, ал эми үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. Паспортту кайталап даярдоо же жалпы жарандык паспортту жекелештирүү, эгерде так эместиктерге калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан жол берилсе ушул органдын эсебинен же так эместиктерге арыз ээси өзү жол берсе арыз ээсинин эсебинен жүргүзүлөт;
- паспорт же жалпы жарандык паспортту алууга айырма квитанцияга жеке колун коюуну алуучуга сунуштоого;
- жоголгон боюнча жолжоболоштуруу учурларын кошпогондо алмаштырылуучу паспортту же жалпы жарандык паспортту алып коюуга;
- жаранга паспортту же жалпы жарандык паспортту берүүгө.
34. Паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери паспорт же жалпы жарандык паспортту берүүдө айырма квитанцияга жаранга берилген паспорттун же жалпы жарандык паспорттун сериясын, номерин, берилген күнүн жана паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн цифралык кодун коет. Ушундай эле жазуулар айырма квитанцияны жоготкон боюнча арызда жазылат.
35. Эгер жаран айырма квитанцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө келбесе паспорт же жалпы жарандык паспорт 6 (алты) ай өткөндөн кийин 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө андан ары сактоо үчүн паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн даректик-сурап-билүү бөлүмүнө же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын даректик-сурап-билүү бөлүмүнө жөнөтүлөт. Аталган мөөнөт бүткөндөн кийин ээси келбеген паспорт же жалпы жарандык паспорт калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат.
36. Паспорт же жалпы жарандык паспорт арыз ээсине берилгенден кийин айырма квитанциялар паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө эсепке алуу үчүн салып жиберилет.
37. Эки нускада толтурулган заказдын реестри жана төлөө жөнүндө квитанция менен бирге толтурулган анкета-арыз акы төлөмө негизде шашылыш тартипте паспортту жана жалпы жарандык паспортту жолжоболоштурган паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмү тарабынан паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө 2 (эки) жумуш күнүнүн ичинде - «шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 1 (бир) күндүн ичинде - «өзгөчө шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 4 (төрт) сааттын ичинде - «өтө шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо жиберилет.
38. Толтурулган анкета-арыздарды жеткирүү 2 (эки) жумуш күнүнүн ичинде - «шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 1 (бир) күндүн ичинде - «өзгөчө шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 4 (төрт) сааттын ичинде - «өтө шашылыш» деген мөөнөтгүүлүк деңгээли болгондо жүргүзүлөт.
39. Паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмү даярдоочу ишкананын ортомчулугу менен паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылат, даярдалган паспортту жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортту паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө заказ реестринин бир нускасы менен жиберүү реестри боюнча 2 (эки) жумуш күнүнүн ичинде - «шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 1 (бир) күндүн ичинде - «өзгөчө шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 24 (жыйырма төрт) сааттын ичинде - «өтө шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо жиберет.
40. Даярдалган паспортторду жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду акы төлөмө негизде шашылыш тартипте паспортту жана жалпы жарандык паспортту жолжоболоштуруучу паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө жеткирүү 2 (эки) жумуш күнүнүн ичинде - «шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 1 (бир) күндүн ичинде - «өзгөчө шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо, 4 (төрт) сааттын ичинде - «өтө шашылыш» деген мөөнөттүүлүк деңгээли болгондо жүргүзүлөт.
41. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоого чыгып кеткен же консулдук каттоодо турган жарандардан жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алуу, ошондой эле жалпы жарандык паспортту берүү Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде (мындан ары - чет өлкөлүк мекемелер) ишке ашырылат.
42. Чет өлкөлүк мекемелерден жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө анкета-арыздар түшкөн күндөн тартып жалпы жарандык паспортту жекелештирүү жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортту жөнөтүү мөөнөтү 25 (жыйырма беш) календардык күндөн ашпайт.
43. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоого чыгып кеткен же консулдук каттоодо турган жарандар чет өлкөлүк мекемеде жүргөн мезгилде жалпы жарандык паспорт жоголуп же жараксыз болуп калган учурда Кыргыз Республикасында документтерди кабыл алууну, анкета-арыздарды толтурууну жана жалпы жарандык паспортторду берүүнү тышкы саясый чөйрөдө ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызмат департаменти жүргүзөт.
44. Чет өлкөлүк мекемелерде жалпы жарандык паспортту жолжоболоштуруу үчүн зарыл документтердин тизмеси:
- №1 формадагы арыз;
- анкета-арыз;
- 4x6 см өлчөмүндөгү жылмакай кагазда, беттин так сүрөтү берилген ак фондогу түстүү 2 (эки) сүрөт;
- анкета-арыздын бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
Кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
1) жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жаткан жаран үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
2) жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран үчүн:
- алмаштырылууга тийиш жалпы жарандык паспорт;
- никеге тургандыгы (никеден чыккандыгы) тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын өзгөрткөн учурда);
3) жалпы жарандык паспортту жоготкондугуна байланыштуу жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран үчүн:
- социалдык коргоо күбөлүгү (бар болсо);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жоголгон жагдайды баяндоо менен түшүнүк-арыз;
- келген өлкөнүн укук коргоо органдарынын жоголгон фактыны тастыктоочу документи;
4) 16 жашка жете элек жарандарга жалпы жарандык паспортту жолжоболоштурууда:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ата-энесинин никесинин катталышы (бузулушу) тууралуу күбөлүк;
- ата-энесинин жалпы жарандык паспорттору;
- социалдык коргоо күбөлүгү.
45. Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бирөөсү чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту жолжоболоштурууга анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилиши керек.
46. Жаран жаңы жалпы жарандык паспортту алганда мурдагы жалпы жарандык паспорту алып салынат. Жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жатканда Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту алынбайт, мында бул паспорт мукабасы менен бирге чет өлкөлүк беттерди көзөп салуу жолу аркылуу керектен чыгарылат.
47. Чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлери анкета-арыздар жана жекелештирилген жалпы жарандык паспорттор менен иштөөдө ушул Нускаманын 10, 11, 13, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 23, 25, 27, 30, 31, 32, 33 жана 34-пункттарын жетекчиликке алат.
48. «Аймактык бөлүмчө» деген 1-пунктта анкета-арызды толтурууда чет өлкөлүк мекеменин цифралык коду көрсөтүлөт жана «МFА» (Ministry of Foreign Affairs) деген аббревиатура жазылат.
«Жашаган жери» деген 10-пунктта Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жүргөн, туруктуу жашап калууну каалаган жана Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоодон чыга элек жаран ушул Нускаманын 17-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасында жашаган жеринин дарегин көрсөтөт. Чет өлкөдө туруктуу негизде жашаган жаран иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин көрсөтөт, мисалы:
Өлкөсү - Вundesrepublik Deutschland
Облусу -
Району -
Шаары, айылы - 61352 Вad Homburg
Көчөсү - Еlse-Kroner-Strasse
Үйү - 3
Корпусу -
Квартирасы -
Телефону - 6172 21520 (коду көрсөтүлбөйт).
«Кызмат адамдары» деген 18-пунктта паспортту же жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) документтерди кабыл алган кызматкердин фамилиясы жана инициалдары жазылат, анын жана чет өлкөлүк мекеменин жетекчисинин колу коюлат. Мөөр басуу үчүн жерде чет өлкөлүк мекеменин белгиленген үлгүдөгү мөөрү коюлат. Мөөрдүн изи даана жана эркин окулгудай болушу керек.
49. Бузулган анкета-арыздар тизмеси боюнча анкета-арыздын бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция менен жок кылуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
50. Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын жана жаран берген документтердин шайкештигин текшерүү үчүн жоопкерчиликти чет өлкөлүк мекеменин кызматкери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартат.
51. Эгерде жалпы жарандык паспортун жоготкондугу жөнүндө билдирген жаран аны таап алса, анда чет өлкөлүк мекеменин кызматкери жарандын каалоосу боюнча паспортту жекелештирүүнү токтотуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга кабар берет же жарандын таап алган паспортун алып коет. Эгерде жоголгон жалпы жарандык паспорт жаңы жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин табылып калса, табылган жалпы жарандык паспортту жаран чет өлкөлүк мекемеге берет, ал жок кылуу үчүн андан ары калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
52. Документтерди кабыл алуучу чет өлкөлүк мекеменин кызматкери берилген документтерде оңдоолорду жана жасалмалоо белгилерин аныктаган учурда чет өлкөлүк мекеменин жетекчилигине дароо билдирет, 3 нускада акты түзөт, анын бири Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берүү үчүн тышкы саясый чөйрөдө ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт, экинчиси акты түзүлгөн жерде калат, үчүнчүсү документтин ээсине берилет.
53. Жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмү жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду тышкы саясый чөйрөдө ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аркылуу тиешелүү чет өлкөлүк мекемеге заказ реестринин бир нускасын тиркөө менен жиберүү реестри боюнча жөнөтөт.
54. Эгерде жаран көрсөтүлгөн мөөнөттө жалпы жарандык паспортту алганга келбесе, чет өлкөлүк мекеменин кызматкери жарандын келбей коюусунун себебин аныктайт же ага жазуу жүзүндө билдирме жөнөтөт. 6 (алты) ай өткөндөн кийин чет өлкөлүк мекеменин кызматкери жалпы жарандык паспортту 3 (үч) жылдан көп эмес мөөнөткө андан ары сактоо үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин талап кылынбаган жалпы жарандык паспорттор жок кылынат.
6. Анкета-арыздардын бланктарын кабыл алуу-берүү тартиби. Анкета-арыздардын бланктарын, паспортторду жана жалпы жарандык паспортторду эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу
55. Паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн анкета-арыздарды кабыл алуучу кызматкери анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө анкета-арыздардын бланктарын алууга билдирме берет. Билдирмеге паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн начальниги жана кызматкери кол коюшат, колдор паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
56. Анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери анкета-арыздардын бланктарын берүүгө эки нускада накладной жазат жана анкета-арыздардын бланктарын накладной менен бирге паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө жиберет. Паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн анкета-арыздардын бланктарын кабыл алууга жооптуу кызматкери накладнойдо көрсөтүлгөн, алынган бланктардын номерлеринин жана санынын туура келишин текшерет, андан кийин анкета-арыздарды так отчеттуулук бланктарын эсепке алуу журналына каттайт.
57. Паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери накладнойдун бардык нускаларына өзүнүн фамилиясын жана инициалын жазат, кол коет жана мөөрү менен күбөлөндүрөт. Накладнойдун бир нускасы паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүндө калат, экинчи нускасы анкета арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыздоочу калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө кайтарылат.
58. Анкета-арыздардын бланктарынын ашыкчасы, жетпей калганы же бузулгандыгы аныкталган учурда эки нускада акты түзүлөт. Кемчиликтери бар же ашыкча бланктары бар актынын биринчи нускасы анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыз кылуучу калкты катоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө жиберилет, экинчи нускасы паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүндө калат.
59. Анкета-арыздардын бланктары, даярдалган паспорттор жана жекелештирилген жалпы жарандык паспорттор так отчеттуулук бланктары болуп эсептелет.
60. Так отчеттуулук бланктары атайын жабдылган жайда өзүнчө мөөр басылып, күйбөс сейфтерде же күйбөс шкафтарда аталыштары, сериясы, номерлери боюнча сакталат. Анкета-арыздардын бланктары паспорттордун бланктарынан өзүнчө сакталат.
61. Анкета-арыздардын бузулган бланктары жок кылынганга чейин өзүнчө сейфтерде сакталат.
62. Даярдалган паспорттор жана жекелештирилген жалпы жарандык паспорттор жарандарга берилгенге чейин паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмдөрүндө алардын сакталышын камсыз кылуучу өзүнчө сейфтерде сакталат.
63. Так отчеттуулук бланктарын сактоого арналган жай төмөнкүдөй болууга тийиш:
- кургак жана атайын жабдылган, терезелеринде металл торчолору бар жана каалгаларында ишенимдүү кулпулары бар;
- кайтаруучу-өрткө каршы сигнализация менен камсыз кылынат.
Сактоочу жайга кирүүгө так отчеттуулук бланктарын эсепке алууга жана сактоого жооптуу адамдар жана бланктарды эсепке алуунун жана сактоонун абалын текшерүүчү начальник гана укуктуу.
64. Жараксыз, талап кылынбаган, ошондой эле алмашууга тийиш паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмү тарабынан тизме боюнча коштомо кат менен паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу бөлүмгө жок кылуу үчүн жиберилет.
65. Жарандык абалдын актыларын каттоо органына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тапшырылган каза болгондордун паспорттору же жалпы жарандык паспорттору айына бир жолудан кем эмес тизме боюнча паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу бөлүмдө эсепке алуу жана андан ары жок кылуу үчүн тиешелүү паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнө жиберилет.
66. Паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу бөлүмгө жок кылуу үчүн жиберилген паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор жок кылынганга чейин сакталышын камсыз кылуучу өзүнчө күйбөс сейфтерде сакталат.
67. Жараксыз, бузулган жана талап кылынбаган паспорттор, анкета-арыздардын бузулган бланктары, паспорттордун жана жалпы жарандык паспорттордун бузулган бланктары калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү комиссиясы тарабынан өрттөө же кесүү жолу менен жок кылынат.
68. Анкета-арыздардын бланктарын кабыл алуу-өткөрүү, чет өлкөлүк мекемелер үчүн анкета-арыздардын, паспорттордун жана жалпы жарандык паспорттордун бланктарын эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу тартиби бул Нускаманын ушул бөлүмүндө аныкталат.
69. Анкета-арыздардын бланктарын алуу үчүн тышкы саясый чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызмат департаменти анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө тышкы саясый чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызмат департаментинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анкета-арыздардын бланктарын кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колдорунун үлгүлөрүн берет.
70. Жоголгон паспортту калыбына келтирүү жөнүндө делонун, №1 формадагы арыздын, паспорт алууга (алмаштырууга) арыздын, айырма талонду жоготкондугу жөнүндө арыздын, заказ реестринин, жиберүү реестринин, анкета-арыздардын бланктарын берүүгө накладнойдун формалары калкты каттгоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
71. Форс-мажордук жагдайлардан жана алуучу өзү келбей койгон учурлардан башка, акы төлөмө негизде шашылыш тартипте жолжоболоштурулган паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу мөөнөттөрү бузулган учурда жаранга же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн паспортту же жалпы жарандык паспортту шашылыш жолжоболоштуруу боюнча кызматы үчүн төлөнгөн акынын өлчөмүнөн 20 пайыз өлчөмүндө акчалай сумма кайтарылып берилет.
72. Форс-мажордук жагдайлар деп жеңе алгыс күчтүн аракети, табигый мүнөздөгү кырсыктар (өрт, жер титирөө, сел, суу ташкыны, кар көчкүнүн түшүшү, бороон-чапкын) жана паспортту же жалпы жарандык паспортту даярдоо, ошондой эле аны шашылыш берүү үчүн документтерди шашылыш текшерүүнү жана жеткирүүнү толук же жарым-жартылай жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей турган согуштук аракеттер түшүнүлөт.