Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июлу № 480
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдарынын жана кенже тейлөөчү персоналдарынын кызматтык маянасына төмөнкүдөй өлчөмдөрдө коэффициенттер белгиленсин:
- 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып - 1,2;
- 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып - 1,35;
- 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып - 1,5.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Т.А.Сариев
|
| 1-тиркеме "1-тиркеме |
Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маянасы (сом менен) |
1 | Жабдуу боюнча агент | 3000 |
2 | Архивариус(*), иш кагаздарын жүргүзүүчү(*), катчы (катчы-машинистка, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист) | 2700 |
3 | Атайын үн сигналы бар медициналык тез жардам автомобилдеринин, санитардык жеңил жана атайын автомобилдердин айдоочулары: |
|
- өзгөчө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см чейин) | 3800 | |
- орто автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб.см чейин) | 4200 | |
- чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб.см ашык) | 4400 | |
4 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 3800 |
5 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 4200 |
6 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист-машинист, тракторист | 3000 |
7 | Режим боюнча нөөмөтчү, жатакана боюнча нөөмөтчү | 3000 |
8 | Дизайнер | 3800 |
9 | Зал боюнча нөөмөтчү, портье | 2700 |
10 | Диспетчер | 3800 |
11 | Архив башчысы, канцелярия башчысы | 4400 |
12 | Сактоочу жайдын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампа башчы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы | 3800 |
13 | Кир жуучу жайдын башчысы | 3800 |
14 | Эмгек боюнча инструктор | 3000 |
15 | Кассир, билет саткан кассир | 3000 |
16 | 1, 2, 3-категориядагы киномеханик | 3800 |
17 | Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар тобунун, имараттардын жана курулмалардын) | 3800 |
18 | Корректор | 3800 |
19 | Костюмер | 3000 |
20 | Лаборант(*) | 3800 |
21 | Механик, спорт кемелердин механиги, курал-жарак ондоо боюнча механик | 3800 |
22 | Откананын оператору, машинист | 3800 |
23 | Көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын оператору, электрондук-эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) оператору, жеке эсептөөчү машиналардын (ЖЭМ) оператору | 3000 |
24 | Официант | 3000 |
25 | Котормочу | 4200 |
26 | Нотаны көчүрүп жазуучу | 3800 |
27 | Документтерди сырттоочу | 2700 |
28 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер | 3000 |
29 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, сырдоочу, шыбакчы | 2500 |
30 | Радиомеханик, радиооператор, телефонист | 3800 |
31 | Редактор | 4000 |
32 | Музыкалык аспаптарды оңдоочу-күүлөөчү | 4000 |
33 | Өтүкчү (бут кийим оңдогуч) | 2700 |
34 | Чарбачы айым, кенже медициналык айым | 3800 |
35 | Музейди кароочу | 3000 |
36 | Угууну текшерүү кабинетинин техник-инструктору, ортопедия аппараттарын оңдоо боюнча техник, техник | 4000 |
37 | Фильмди текшерүүчү | 4000 |
38 | Шеф-ашпозчу(*) | 4200 |
39 | Ашпозчу(*) | 3800 |
40 | Кайышчы | 2500 |
41 | Экспедитор, эсепчи | 3000 |
42 | Электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү | 3000 |
Эскертүү:
- техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун кесиптик билимди, билгичтикти жана көндүмдү талап кылган татаалдык деңгээлине жараша, мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен белгиленди;
- автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумушчу күн үчүн айдоочу катары иштеген убактысына жараша кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт;
- кесиптик чебердиги үчүн дифференцияланган үстөк акылар тийиштүү кызматтык маянадан: 2-разряддагы жумушчу үчүн - 5 пайыз, 3-разрядга - 10 пайыз, 4-разрядга - 15 пайыз, 5-разрядга - 20 пайыз, 6-разрядга - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
- кассирдин кызматтык маянасы саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жободо белгиленген;
- чарба башчынын, кампа башчынын, эмгек боюнча инструктордун кызматтык маяналары социалдык коргоо системасында иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен белгиленген;
- (*) белгиси менен белгиленген билим берүү уюмдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.".
| 2-тиркеме "2-тиркеме |
Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маянасы (сом менен) |
1 | Ассенизатор | 3000 |
2 | Гардеробчу, лифтчи, кароолчу (вахтер, кароолчу), өткөрмө пункттун контролеру | 2500 |
3 | Короо тазалагыч, багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч | 2700 |
4 | От жаккыч (кочегар) | 2500 |
5 | Кубовщик, ташыгыч, мончочу | 2700 |
6 | Кампачы, кастелянша, чабарман | 2500 |
7 | Ашкана кызматкери | 2500 |
8 | Атчы, кошчу | 2700 |
9 | Көмөкчү жумушчу | 2500 |
10 | Сцена боюнча кызматкер | 3000 |
11 | Жаныбарларды багуу боюнча жумушчу | 3000 |
12 | Үтүкчү, кийимдерди, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч, кир (атайын кийимди) жууш боюнча машинист | 2700 |
13 | Санитарка, санитарка-буфетчица, санитарка-ванначы, санитарка-няня, коштоочу санитарка, санитарка-тазалоочу, палаталык санитарка, жуугуч, таңгактагыч, башка кенже медициналык персонал | 3000 |
14 | Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды тазалоочу (таштандыларды чыгаруу) | 2500 |
15 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 3000 |
Эскертүү:
- кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун татаалдык даражасына жараша белгиленди;
- хирургиялык жана стоматологиялык бөлүмдөрдө иштеген санитаркаларга кызматтык маянасы 10 процентке көбөйтүлөт;
- кызматтык жана маданий-тиричилик жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга, кир (атайын кийим) жуугуч машинисттерге, кир жуугучтарга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегени үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк акылар белгиленет.".